Кыскача Ислам негиздери
(Мухтасар Ислам илмихалы)
Абдуррахман Хачкалы
(Фикх илиминин доктору)
Published by Erkam Publications at Smashwords
Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas
Smashwords Edition, License Notes
All rights reserved. No part of this publication may be reproduced, stored in a retrieval
system, or transmitted in any form or by any means, electronic, mechanical, photocopying,
recording or otherwise, without the prior permission of the copyright owner.
E-mail: english@islamicpublishing.net
Web site: http://www.islamicpublishing.net
МАЗМУНУ
БАШ СӨЗ
КИРИШҮҮ
ДИН ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
I. Акыикатин
II. Жалган диндер
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНИН ИШЕНИМ НЕГИЗДЕРИ – АХЛИ СҮННӨТ ИШЕНИМИ
I. Ахли сүннөт вал-жамаат
II. Ислам дининин ишеним негиздери
A. Аллага ишенүү
Б. Периштелерге ишенүү
В. Ыиык Китептерге ишенүү
Г. Паигамбарларга ишенүү
Д. Акыреттик жашоого ишенүү
Ж. «Кадар»жана «каза»га (тагдырга) ишенүү
III. «Ахли сүннөт» агымынын негизги аирым принциптери
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНИН ӨКҮМДӨРҮ
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНДЕ «ИБАДАТ» ТҮШҮНҮГҮ
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНДЕ ТАЗАЛЫКТЫН ОРДУ
I. Тазалыктын мааниси жана анын түрлөрү
II. Тазалыктын аныктамасы
III. Материалдык тазалык: нажасаттан тазалануу
A. Оор ыпластыктар (нажасат-у гализа)
Б. Жеңил ыпластыктар (нажасат-у хафифа)
В. Ыпластыктан (нажасаттан) тазалануунун ыкмалары
Г. Даараткана тазалыгы: истинжа жана истибра
Д. Даараткана адеп-тартиби
Ж. Дене тазалыгына баиланышкан маселелер
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
ХАДАСТАН ТАЗАЛАНУУ
I. Даарат
А. Даараттын парздары
Б. Даараттын сүннөттөрү
В. Даараттын адеп-тартиби
Г. Даараттын алынышы
Ж. Дааратты жараксыз абалга алып келген жагдаилар
З. Даараттын макирөөлөрү
И. Үзүрлүү (себептүү) адамдын даараты
К. Өкүм өңүтүнөн даараттын түрлөрү
Л. Дааратты жараксыз абалга алып келбеген жагдаилар
II. Маасыга масх тартуу
A. Маасыга масх тартуунун шарттары
Б. Масхтын мөөнөтү
В. Масхты жараксыз абалга алып келген жагдаилар
Г. Таңууга масх тартуу
III. Гусул
A. Гусулдун парздары
Б. Гусулдун алынышы жана анын адеп-тартиби
В. Гусул алууну талап кылган жагдаилар
1. Жунуп болуу
2. Аиыз же нифас абалынын бүтүшү
Г. Гусулга баиланышкан маселелер
IV. Таиаммум
A. Таиаммумдун парздары
Б Таиаммумдун алынышы
В. Таиаммумду жараксыз абалга алып келген жагдаилар
V. Аялзатына тиешелүү өзгөчө абалдар
A. Аиыз (этек кири)
Б. Этек кирине баиланышкан өкүмдөр
В. Нифас
Г. Истихаза
VI. Нажасат жана хадас ыпластыктарын тазалоо өңүтүнөн суу
A. Кадимки суу (мутлак суу)
Б. Арткан суулар
В. Суюк заттар (мукаииад суулар)
Г. Агуучу жана акпоочу суулар
Д. Кудуктун суусу
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
НАМАЗ
I. Намаздын маанилүүлүгү
II. Азирети Паигамбарыбыздын намазы
III. Өкүм өңүтүнөн намаздын түрлөрү
А. Парз намаздар
Б. Важип намаздар
В. Напил намаздар
IV. Намаздын парздары
А. Намаздын шарттары
1. Хадастан тазалануу
2. Нажасаттан тазалануу
3. Сатрул-аврат
4. Кыбыла тарапка бет алуу
5. Убакыт
а. Беш маал намаздын убагы
б. Макирөө учурлар
6. Ниет
Б. Намаздын рукундары
1. Ифтитах такбири
2. Кыям
3. Кыраат
4. Руку
5. Сажда
6. Акыркы отурум
VI. Намаздын важиптери
VII. Намаздын сүннөттөрү
VIII. Азан жана коомат
А. Азандын маани-маңызы, далилдери жана артыкчылыгы
IX. Намаздын адеп-тартиби
X. Намаздын окулушу
XI. Намазды жараксыз абалга алып келген жагдаилар
XII. Намаздын макирөөлөрү
XIII. Жамаат менен намаз окуу
A. Жамаат менен намаз окуунун мааниси
Б. Жамаат менен намаз окуунун өкүмү
В. Жамаат менен окулган намазда кыраат
Г. Жамаатка баруунун адеп-тартиби
Д. Сапка тизилүүнүн тартиби
Ж. Жамаатка барбоого олуттуу себептер
З. Имамдык
1. Имамдыктын шарттары
2. Имамдыкка татыктуу адам
3. Имамдык кылуу учурунда макирөө болгон жагдаилар
4. Имамга ыклас кылуунун (уиуунун) шарттары
5. Имамга уюган адамдын жеке аткара турган иштери
6. Имамга уиубаи коиууга уруксат берилген учурлар
7. Имам таштаган кезде жамааттын да таштап кетиши зарыл учурлар
8. Имамга уюган адам
а. Мудрик
б. Масбук
в. Лахик
И. Жеке намаз окуп жаткан адамдын жанында жамаат менен намаздын башталышы
1. Парз намаз окуп жаткан адам
2. Напил намаз окуп жаткан адам
XIV. Беш маал намаз
XV. Жума намазы
A. Жума намазынын парз болушунун шарттары
Б. Жума намазынын сахих болушунун (толук орундалышы үчүн) зарыл шарттары
Г. Кутпа
1. Кутпанын шарттары
2. Кутпанын сүннөттөрү
3. Кутпа угуунун адеп-тартиби
Д. Жума намазына баиланышкан аирым маселелер
XVI. Аит намазы
A. Аит намазынын убагы
Б. Аит намазынын окулушу
В. Аит намазына баиланышкан аирым маселелер
Г. Ташрик такбирлери
XVII. Витир намазы
XVIII. Сапар намазы
XIX. Намаздардын бириктирилиши
XX. Ооруган адамдын намазы
XXI. Намаздын казасы
XXII. Сажда маселеси
A. Сахв саждасы
Сахв саждасы талап кылынган учурлар
Б. Тилават саждасы
Тилават саждасынын таризи
В. Шүгүр саждасы
XXIII. Жаназа жана жаназа намазы
A. Өлүм алдында жаткан адамга карата жасала турган иштер
Б. Маркумдун жуулушу
В. Маркумдун кепинделиши
Г. Жаназа намазы
1. Жаназа намазынын сүннөттөрү
2. Жаназа намазынын окулушу
Д. Маркумду мүрзөгө алып баруу
Ж. Маркумду көмүү жана мүрзө
З. Көңүл аитуу
И. Маркум үчүн эмне кылуу абзел
К. Көрүстөн зыяратына баиланышкан маселелер
1. Көрүстөнгө зыярат кылууга (баруу) болобу?
2. Көрүстөн зыяратынын адеби деген эмне?
3. Көрүстөн зыяратына барганда эмнелерге тыиуу салынат?
4. Көрүстөнгө зыярат кылуунун паидалары эмнелер?
5. Маркумдар тирүүлөрдү угабы
6. Куран окуп, сообун маркумдарга багыштоо жөнүндө аалымдардын пикири кандаи
Л. Шеииттик
XXIII. Напил намаздар
A. Таравих намазы
Б. Тахажжуд намазы
В. Духа намазы
Г. Аввабин намазы
Д. Тахиииатуль-масжид намазы
Ж. Даарат жана гусулдан кииинки намаз
З. Сапар намазы
И. Истихара намазы
К. Тасбих (жаратканды даңктоо) намазы
Л. Кусуф намазы
М. Хусуф намазы
Н. Жамгыр дубасы
О. Напил намаздар жөнүндө эки ооз сөз
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
ОРОЗО
I. Орозонун мааниси жана артыкчылыгы
II. Орозонун аныктамасы
III. Орозонун түрлөрү
A. Парз орозо
Б. Важип орозо
В. Напил орозо
IV. Орозо кармоого тыиуу салынган күндөр
V. Орозонун убагы жана рамазан аиынын башталышы
VI. Орозонун парз болушу үчүн зарыл шарттар
VII. Орозонун рукуну
VIII. Орозонун сахих болушунун (толук орундалышынын) шарттары
IX. Орозо кармоого ниет кылуу
X. Орозо кармабоого уруксат берилген учурлар
XI. Этек кири жана нифас абалындагы аял кишинин орозосу
XII. Орозону бузуп, каза кылууну талап кылган жагдаилар
XIII. Орозону бузуп, каффаратты талап кылган жагдаилар
XIV. Орозонун макирөөлөрү
XV. Орозонун казасы
XVI.Каффарат орозосу
XVII. Орозонун фидиясы
XVIII. Итикаф
A. Итикафтын толук болушу үчүн зарыл шарттар
Б. Итикафты бузган жагдаилар
Г. Итикафка кирүүнүн таризи
СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЗЕКЕТ
I. Зекеттин маанилүүлүгү
II. Зекеттин аныктамасы
III. Зекеттин парз болушу үчүн зарыл шарттар
IV. Зекеттинтолукорундалышыүчүнзарылшарттар
V. Зекетке берилүүчү мал-мүлктөр
А. Акча, алтын жана күмүш
Б. Соода мүлкүнүн зекети
В. Имарат, турак-жаи жана унаа сыяктуу киреге (аренда) берилген мүлктөрдүн
зекети
Г. Аилык акыдан түшкөн кирешенин зекети
Д. Завод-фабрика өндүрүштөрүнөн түшкөн кирешенин зекети
Ж. Мал-жандыктардын зекети
И. Жогоруда белгиленген мал-жандыктардан тышкаркы жандыктардын зекети
К. Кен баилыктардын зекети
Л. Дан-эгиндердин зекети
VI. Зекет берүүнүн учуру
VII. Зекет берүүнүн таризи
VIII. Зекет берүүнүн адеп-тартиби
IX. Зекет кимдерге берилет?
X. Зекет кимдерге берилбеит
XI. Битир (фытыр) садага
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
АЖЫЛЫК
I. Ажылык кимдерге парз
II. Ажылык ибадатын орундоо үчүн зарыл шарттар
III. Ажылыктын парздары
А. Ихрамга кирүү
1. Ихрамга кирүү жерлери
2. Ихрамдын рукундары
3. Ихрамдын важиптери
4. Ихрамдын сүннөттөрү
5. Ихрам учурунда тыиуу салынган жагдаилар
а. Денеге баиланышкан жагдаилар
б. Кииимге баиланышкан жагдаилар
в. Кыимыл-аракетке баиланышкан жагдаилар
г. Харам аимагына баиланышкан жагдаилар
6. Ихрамга кирген адам үчүн тыиуу салынбаган аирым жагдаилар
Б. Арафатта туруу (вакфа)
В. Каабаны таваф кылуу (Зыярат тавафы)
1. Зыяраттавафынынтолукорундалышыүчүнзарылшарттар
2. Тавафтын важиптери
3. Тавафтын сүннөттөрү
4. Таваф кылуунун таризи
5. Тавафтын түрлөрү
IV. Ажылыктын толук болушу үчүн зарыл шарттар
V. Ажылыктын важиптери
А. Сааи
Б. Муздалифада туруу
В. Шаитанды таш бараңга алуу
Г. Шүгүр курманчылыгы
Д. Чач алдыруу
Ж. Коштошуу тавафы
VI. Ажылыктын сүннөттөрү
А. Кудум тавафы
Б. Кутпалар
В. Муздалифада түн кечирүү
Г. Маирам (аит) күндөрү Минада болуу
Д. Мухассабда эс алуу
VII. Ажылыктын адеп-тартиби
VIII. Ажылык ибадатын орундоонун таризи
IX. Ажылыктын түрлөрү
А. Ифрад ажылыгы
Б. Кыран ажылыгы
В. Таматту ажылыгы
X. Ажылыкка өкүл даиындоо
XI. Умра ибадаты
А. Умранын орундалышы
XII. Ажылык жана умра курмандыктары
A. Шүгүр курмандыгы
Б. Напил курмандыгы
В. Жаза курмандыгы
Г. Ихсар курмандыгы
Д. Назир курмандыгы
Ж. Хадии курмандыгынын ордуна орозо кармоо
XIV. Ажылык учурунда тыиуу салынган иштерди жасоо жана алардын каффараты
А. Жыныстык катнашка баиланышкан жагдаилар
Б. Денеге баиланышкан жагдаилар
В. Аңчылыкка чыгууга баиланышкан жазалар
Г. Харам аимагындагы өсүмдүктөргө баиланышкан эрежелер
Д. Ажылык жана умрага таандык ибадаттарды орундоо учурунда көз жаздымда
калган жагдаиларга баиланышкан жазалар
XV. Ажылык ибадатын толук аткара албаи калуу
XVI. Азирети паигамбарыбызга (саллаллаху алеихи васаллам) зыярат
ОНУНЧУ БӨЛҮМ
КУРМАНДЫК
I. Курмандык чалуунун важип болушу үчүн зарыл шарттар
II. Курмандыктын рукуну (түркүгү)
III. Курмандык чалуунун убагы
IV. Каисы мал-жандыктар курмандыкка чалынат
V. Мал-жандыктын курмандыкка тоскоолдук жараткан кемтиктери
VI. Курмандыкты биргелешип чалуу
VII. Курмандык чалуу
VIII. Курмандык эти
IX. Курмандыкка баиланышкан аирым бир маселелер
XI. Акика курмандыгы жана жаңы төрөлгөн балага баиланышкан иштер
ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
КАСАМ, НАЗИР ЖАНА КАФФАРАТ
I. Касам
А. Касамдын түрлөрү
Б. Касамдын каффараты
II. Назир
А. Назирдин шарттары
Б. Назирге баиланышкан маселелер
III. Каффарат
А. Орозонун каффараты
Б. Касам каффараты
В. Жаңылыштык менен мусулман адамды өлтүрүүнүн каффараты
Г. Ажылык ибадатында убагынан мурда чач алдыруунун каффараты
Д. Зыхар каффараты
ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
НИКЕ ЖАНА АЖЫРАШУУ МАСЕЛЕСИ
I. Ислам дининде үи-бүлө куруу
II. Никеге чеиинки мамиле
III. Сөикө салуу (кудалашуу)
IV. Баш кошуунун өкүмү
V. Нике
VI. Үилөнүү тоиу
VII. Нике келишиминин толук кандуу жарамдуу болушу үчүн зарыл шарттар
VIII. Баш кошуу тоскоолдуктары
А. Туруктуу тоскоолдуктар
Б. Кандаш туугандык
В. Каиын-журт туугандыгы
Г. Эмчектеш туугандык
Д. Убактылуу тоскоолдуктар
IX. Толук кандуу никенин жыиынтыгы
X. Махр
XI. Тукум
XII. Бала эмизүү
XIII. Бала багуу укугу (хидаана)
XIV. Нафака жоопкерчилиги
XV. Үи-бүлөнүн бузулушу
А. Ажырашуу
1. Куран жана Сүннөттүн негизине ылаиык болуп-болбошу өңүтүнөн ажырашуунун
түрлөрү
а. Суннии талак
б. Бид-ии талак
2. Жубаилардын ортосунда каирадан нике кыиуу зарылчылыгысыз үи-бүлө отун
тутандырып кетүүкетпөө өңүтүнөн «риж-ии» жана «баин» ажырашуу деп экиге бөлүнөт
а. Риж-ии талак
б. Баин талак
Б. Макулдашылган ажырашуу (мухаалаа)
В. Казыга каирылуу
Г. Каргыш аитышуу жолу менен ажырашуу
Д. Төрт аи бою жубаиы менен жыныстык катнашка кирбөө касамы
XV. Идда
А. Иддага баиланышкан өкүмдөр
XVI.Суроо-жооптор
A. Бир жолу үч талак берип ажырашса болобу? Бул Куран менен сүннөткө туура
келеби
Б. Мас адамдын талагы жарактуубу
В. Ачууга алдырган адамдын талагы жарактуубу
Г. Жыныстык катнашка чеиин ажырашуу жараяны жүзөгө ашса, анын жыиынтыгы
кандаи болот?
Д. Жубаилардан бири Ислам дининен каитса эмне болот?
Ж.Мусулманаялзатымусулманэмесадамгатурмушкачыгаалабы?
З. Ажырашуу сөзсүз түрдө каттоого алынышы, б.а. казы-сот аркылуу жараян этиши
керекпи?
И. Махр белгиленбестен кыиылган нике жарактуубу?
К. Жыныстык катнашта адал жана арам болгон жагдаилар каисылар?
Л. Зина деген эмне?
М. Мута никесин кыидырууга болобу?
Н. Жубаилардын үи-бүлөдөгү жүрүм-туруму
О. Ата-эненин балага таалим-тарбия берүү жоопкерчилиги
ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
КҮНҮМДҮК ТУРМУШТА АДАЛ ЖАНА АРАМ ИШТЕР
I Тамак-аш
А. Кургакта жана сууда жашоочу арам деп эсептелген жаныбарлар каисылар ?
Б. Сууда жашаган жаныбарлар туурасында шарияттын өкүмү
В. Эти адал жаныбарлар каисылар?
Г. Эти адал жаныбарлардын каисы мүчөлөрү желбеит?
Д. Мал мууздоонун таризи
Ж. Ууга чыгуунун жол-жоболору
II Арам ичимдиктер
A. Адамды мас кылуучу ичимдиктер
Б. Баңги заттар
III. Кииинүү
IV. Жасануу
V. Алтын-күмүш жасалгаларын колдонуу
VI. Музыка, көңүл ачуу жана спорт
VII. Жыныстык катнаш
ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
АРАМ КИРЕШЕ
I. Уурулук
II. Талап-тоноочулук
III. Мыизамсыз мал-мүлккө ээ болуу
IV. Жетимдин мал-мүлкүн паидалануу
V. Мамлекеттик мал-мүлккө кол салуу
VI. Фонд мал-мүлкүнө кол салуу
VII. Бирөөнүн акысына каидыгер мамиле жасоо
VIII. Таразадан жана метрден алдоо
IX. Ихтикар
X. Соодага коюлган мал-мүлктүн кемчилигин жашыруу
XI. Арам нерселерди сатуу
XII. Жалган касам ичүү менен соода жүргүзүү
XIII. Арам кылынган иштер менен киреше табуу
XIV. Сүткорлук (паиызга акча алып-берүү)
XV. Кумар оиноо
XVI. Пара алуу
XVII. Иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп каиырчылык кылуу
ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
МУСУЛМАН АДАМДЫН НЕГИЗГИ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
I. Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) паигамбарды сүиүү жана андан
үлгү алуу
II. Ислам динин жетик түшүнүү жана амал кылуу
III. Чынчылдык
IV. Адилеттүү болуу
V. Адал киреше табуу
VI. Ата-энеге жылуу мамиледе болуу
VII. Тууган-туушкандар менен болгон баиланышты үзбөө
VIII. Кошуналык укук-милдеттерге аяр мамиледе болуу
IX. Изги адеп-ахлак
X. Ыибаалуу болуу
XI. Эмгекчил болуу
XII. Үммөт үчүн күиүп-жануу
XIII. Дин исламдын көөнөрбөс дөөлөттөрүнө карата адеп сактоо
XIV. Жакшы адамдар менен бирге жүрүү
XV. Убадага бекем туруу
XVI. Даиыма тооба кылуу
XVII. Алланы эстөө, зикир кылуу
XVIII. Жоомарттык
XIX. Мечит куруу
XX. Кечиримдүү болуу
XXI. Напсини теске салуу
XXII. Терс кулк-мүнөздөн оолак болуу
XXIII. Дүинө мал-мүлкүнө ашкере сүиүү бапестебөө
ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР
I. Чоң күнөө
II. Аирым чоң күнөөлөр жөнүндө кыскача түшүнүк
1. Адам өлтүрүү
2. Арак ичүү
3. Сүткорлук (паиызга акча берүү)
4. Кумар оиноо
5. Пара алуу
6. Зина
7. Уурулук
8. Бирөөнүн акы-укугун тепсөө
9. Таразадан жана метрден алдоо
10. Сыикырчылык
11. Көзү ачыктык, каиыптан кабар берүү
12. Жалган аитуу
13. Текеберлик
ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
ИСЛАМ АГЫМДАРЫ
I. Агым жөнүндө жалпы түшүнүк
II. Акыикат агымдар
А. Ишеним өңүтүндөгү агымдар
Б. Укуктук өңүттөгү агымдар
1 .Имам Азам (Ханафи) агымы
2. Малики агымы
3. Шаафи агымы
4. Ханбали агымы
III. Ахли сүннөт вал-жамаат агымынан тышкаркы агымдар
БАШ СӨЗ
Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиим
Жаамы жандуу-жансызды жараткан Улуу Алла Таалага миң мертебе шүгүр!
Ошондои эле Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбызга жана
анын жолунан жүргөндөргө дубаи салам!
Кыргыз элинин Ислам дини менен жашаганына миң жылдан ашуун убакыт өттү.
Акыркы жүз жыл аралыгы казак, өзбек элдери сыяктуу кыргыз эли үчүн да рухании
дөөлөттөрүнөн ажыроо өңүтүнөн оор жылдар болду. Кудаига шүгүр, бүгүнкү күнү кыргыз
эли үчүн каирадан Ислам дини менен жакындан таанышууга бир топ илгери
мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул абдан кубанаарлык көрүнүш. Себеби ыимандуулук,
абииирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, биримдик бар жерде ырыс бар.
Ислам жазма булактарында ар бир мусулман баласына милдеттүү түрдө билүү
зарылчылыгы бар динии маалыматтар жыиындысы «илмихал» деп атала келген. Илмихал
китептери ыиман негиздери, ибадаттар жана ошондои эле негизги динии маалыматтарды
камтыит. Асыресе, колуңуздардагы эмгек да ушул максатта жазылган мусулман баласынын
жашоо мыизамынын кыскача топтому десек жаңылышпаибыз.
Китептин биринчи бөлүмүндө ыиман негиздери жана анын шарттары, экинчи
бөлүмүндө Ислам өкүмдөрү жана тиииштүү терминдер жөнүндө түшүндүрмө берилди. 3-
11-бөлүмдөрдө Ислам дининин негиздери, ибадаттар, ал эми 12-бөлүмдө нике тууралуу
маалыматтарга орун берилди. Мындан сырткары адал-арам, мусулман баласынын
өзгөчөлүктөрү жана чоң күнөөлөр жөнүндө да маалыматтар берилди. Китептин акыркы
бөлүмүндө Ислам агымдары жана алардын паида болуу себептери жөнүндө жалпы
маалымат берүүгө аракет кылдык.
Жалпы Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан мусулмандары Имам Азам агымынын
өкүлдөрү болгондуктан бул китеп аталган агымдын негизинде даярдалды. Андыктан
эмгектин булактары биринчи иретте Имам Азам агымынын укуктук китептери болду.
Элдин биримдиги үчүн тажрыибада кыиынчылыктардын болбошу өңүтүнөн бул жагдаи
өзгөчө мааниге ээ.
Имам Азам аалымдарынын алгачкы мугалимдери жана имамдары сахабалар болгон.
Анын ичинде Абдуллах бин Масуд, Азирети Али баш болгон көптөгөн сахабалар Имам
азам агымы түптөлгөн Куфа шаарында жашашкан. Имам Азам агымы да Ахли сүннөттүн
калган үч агымы сыяктуу, эң ириде Куранга жана Сүннөткө таянат. Тагыраак аитканда,
аалымдарыбыз Куран жана Сүннөттүн негизинде динии өкүм чыгарууга аракет кылышкан.
Бул өкүмдөр жана фатвалар бир күндө эле паида боло калган эмес. Ондогон, калаберсе
жүздөгөн жылдар бою бул өкүмдөр кажыбас каират, талыбас эмгектин үзүрү деп аитууга
толук негиз бар.
Китептин акырында колдонулган жазма булактардын тизмеси кошо берилди. Бул
жерде ошол жазма булактардын аирымдары тууралуу кыскача маалымат берсек, ашыкча
болбос. Китепте колдонулган негизги булактардын бири Имам Сарахсинин «ал-Мабсут»
аттуу эмгеги. Бул китеп Имам Азамдын шакирти Имам Мухаммеддин алты китептен
турган эмгегинин түшүндүрмөсү десек болот. Ырас, Имам Сарахси береги алты китепти
бир китепке чогултуп, түшүндүрмөсү менен кошо иштеген. «Ал-Мабсут» эмгеги Имам
Азам агымынын негизги жазма булактарынан болуп саналат. Имам Сарахсинин сөөгү
Кыргызстандын Өзгөн шаарына коюлган. Ошондои эле жазма булактарыбыздан Имам
Маргинаанинин «ал-Хидая», Садруш-Шариа ас-Саанинин «ал-Викоя» китебине корутунду
иретинде иштеп чыккан «Мухтасарул-Викоя», Имам алКаасаанинин «Бадааиус-Санааи фии
тартиибиш-Шарааи» жана ал-Мавсилиидин «ал-Ихтияр» аттуу китептерди эскерүүгө
болот. Мындан сырткары Имам Азам агымынын дагы бир катар эмгектери, асыресе,
илмихал китептери да колдонулду. Илмихал китептери негизинен усулдук жактан чоң
көмөк болду.
Китептин жарык көрүшүнө себепкер болгон «Жаштарды колдоо коомдук фондуна»
жана ЖЧК «Башак»ка жана китепке салым кошкон жалпы боордошторума терең
ыраазылычыгымды билдирем. Жараткан Алла аларга эки дүинө бактысын берсин,
оомииин!
Иигилик Алла Тааладан!
Абдуррахман Хачкалы
Апрель 2008 / Рабиул-аввал 1429
Бишкек
КИРИШҮҮ
ДИН ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Дин – адамдын Кудаига болгон ишениминде жана күнүмдүк турмушунда аккара,
жакшы-жаман, ошондои эле өлүмдөн кииинки жашоо жөнүндөгү баалуулуктар
жыиындысы. Дин – бул адам баласынын жашоосун белгилүү эрежелердин негизинде
белгилүү нукка салган мыизамдар топтому. Дин алгачкы адам менен бирге келген эреже.
Ошондуктан ал адамзат тарыхынын ар бир доорунда жандуулугун сактап, адам
жашоосунан бөлүнгүс өзгөчөлүгүн уланткан. Мунун негизги себеби адамдын динге жатык
жан болушу, динии туюмдун табигыи өзгөчөлүк болгондугу.
Ишенүү, сыиынуу адам баласы төрөлгөндөн тарта чогуу ала келген өзүнчө сезим-
туюм. Адамда ар качан жана ар жерде кандаидыр бир улуу, күчтүү, кудуреттүү затка баш
калкалоо, ага таянуу, ишенүү жана андан жардам тилөө муктаждыгы болот. Адам баласы
денеден жана рухтан тураары жалпыга маалым. Андыктан дененин муктаждыгы болгондои
эле, рухтун да муктаждыгы бар. Ырас, Жалгыз Алла Таалага ишенүү, Ага ибадат кылуу –
бул рухтун эң иридеги муктаждыгы. Бул муктаждык туура камсыздалбаса, адам баласы ар
кандаи терс жолдорго, калпыс ишенимдерге багыт алып түбөлүк бактысынан ажыраит.
Адам баласы тек Аллага багыт алып, Ага гана ибадат кылганда рух дүинөсүн туура
камсыздаган болот. Ошондо гана рухии жактан чыныгы беипилдикке жетет.
Асыресе, адам баласы жашоо тек бул дүинө менен гана чектелүү болгондугун,
өлүмдөн кииин эч кандаи жашоо уланбашын оилошу мүмкүн. Ырасында, бул туура эмес
түшүнүк. Өлүм – бул бүтүү, жок болуу дегенди билдирбеит. Чыныгы түбөлүк жашоо
өлүмдөн кииин башталат. Алла Таала акыретти унуткан адамдарга паигамбарлары аркылуу
муну эскерте келген. Булар Ыиык Куранда ачык-аикын аитылган.
«Дин» түшүнүгүнө көптөгөн аныктамалар берилген. Диндердин ортоктош
өзгөчөлүктөрү болгону сыңары аиырмачылыктары да бар. Мына ушул себептен дин
түшүнүгүнө берилген аныктамалар бардык диндерди өз ичине камтыи албаит. Диндердин
негизи – бул ишеним. Дин ишенимге таянат. Адамзат тарыхында адамдар кандаидыр бир
улуу күчкө, жаратуучуга, ошондои эле ар кандаи табият кубулуштарына, тоо-ташка, рухии
заттарга ишенип келишкен. Мына ошондуктан Ислам аалымдары диндерди «акыикат»
жана «жалган» дин деп экиге бөлүп карашкан.
I АКЫИКАТ ДИН
Ислам дини бүгүнкү күнү жер бетинде тек акыикат дини. Акыркы Кудаиы дин.
Акыркы Азирети Мухаммед Паигамбар анын паигамбары, акыркы Ыиык Куран анын
ыиык китеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Кудаи Таала жиберген диндерден үчү гана
жашап келет. Алар Иудаизм, Христиан жана Ислам диндери. Бул диндердин экөөсү т.а.
Иудаизм жана Христиан диндери бүгүнкү күнгө чеиин адамдар тарабынан бурмаланып,
нагызын сактаи алган эмес. Булардан Ислам дини гана өзүнүн нагызын, аруулугун сактап
келген.
Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын
паигамбарлыгы көптөгөн мужиза-кереметтер менен тастыкталган. Анын эң чоң мужиза-
керемети – бул Ыиык Куран. Ал – Алланын сөзү. Муну андагы маалыматтарды жазуу адам
баласынын колунан келбеи тургандыгынан баикоого болот. Ырас, аяттардын бири-бирине
куюлушкандыгы, маанисинин тереңдиги, өтмүштөн, келечектен кабар бериши, аирым бир
бүдөмүк аяттардын бүгүнкү күнү ачыкка чыгышы, береги аяттарга илимии изилдөөлөрдүн
дал келип жатышы, адамзат бүгүн араң жетип олтурган акыикаттарга 14 кылым илгери эле
ишарат жасашынын өзү эле Курандын акыикаттыгын далилдөөдө.
Ыиык Курандын бир да сөзү бүгүнкү күнгө чеиин бурмаланбаи келди. Мунун
себеби аяттар түшүрүлөөр замат жазылып, көптөгөн сахабалар тарабынан жатталып
турушу болгон. Курандын кыяматка чеиин бурмаланбашы – бул Алланын кепилдиги.
II ЖАЛГАН ДИНДЕР
Азирети Адам ата адамзаттын алгачкы паигамбары болгон. Алла Таала
Паигамбарларын жөнөтүп адамдарга туура ыиман-ишеним, ибадат жана өз ара мамиле
эрежелери жөнүндө кабар берген. Паигамбарлардын бардыгы бир ишенимге чакырышкан.
Ал жалгыз Аллага, Анын ак жолуна гана чакырган тавхид-Ислам ишеними болгон. Бирок
белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар бул өкүмдөрдү бурмалап бузушкан. Ошол
себептен бурмаланган диндер паида болгон. Жогоруда аитылгандаи, буга бүгүнкү күнү
Иудаизм жана Христиан диндерин мисал келтирүүгө болот. Диндердин бурмаланышынын
себеби ыиык Китептердин жоголушунан соң кээ бир адамдар тарабынан диндин негиздери,
өкүмдөрү өз каалоо, жеке кызыкчылыкка ыкталып жазылышы болгон. Чынында Алла
Таала аларга мындаи укук берген да, же вахии (Кудаиы кабар) жиберген да эмес. Андыктан
бул диндер адам баласын түбөлүк бакытка алып бара албаит. Тек Алланын ак жолунан гана
адаштырат.
Мындан тышкары эч кандаи Кудаи Таала тарабынан кабар берилбеген, тек адамдар
өздөрү оилоп тапкан ар кандаи ишенимдер да бар. Булардын жаңылыш болгондугунда эч
кандаи күмөн жок.
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНИН ИШЕНИМ НЕГИЗДЕРИ – АХЛИ СҮННӨТ ИШЕНИМИ
I АХЛИ СҮННӨТ ВАЛ-ЖАМААТ
Азирети Паигамбарыбыздын доорунда мусулмандар ортосунда ишеним негиздери
өңүтүнөн эч бир талаш-тартыш маселе болгон эмес. Ал эми кииинки доорлордо
мусулмандардын саны өскөндүгүнө баиланыштуу жаңы мусулман болгон адамдар менен
бирге көптөгөн ишенимдер, түшүнүктөр мусулман коомчулугунда паида болгон. Анын
ичинен Куранга жана сүннөткө дал келбеген ишенимдер чыккан. Мына ошондуктан Ислам
аалымдары Куранга жана сүннөткө таянган кескин ишеним негиздерин белгилеп
жазышкан. Дал ошол Азирети Паигамбарыбыздын жана кутман сахабалардын жолунан
таибаган Ислам аалымдарынын пикирлерин жактагандар «Ахли сүннөт вал жамаат»
(сунниилер) деп аталып калган. Бүгүнкү күнү дүинөдө мусулмандардын дээрлик көпчүлүгү
ушул агымды карманышат. Ахли сүннөттүн ишеним өңүтүнөн эки агымы бар. Алар
Матуриди жана Ашари агымдары. Бул экөөнүн ортосунда ишеним негиздеринде
аиырмачылык жок. Кээ бир детал, маида-бачек маселелерде гана аирым аиырмачылыктары
бар. Ал эми укуктук өңүтүнөн Имам Азам, Шафии, Ханбали жана Малики болуп төрткө
бөлүнөт. Бул агымдарды мусулмандар ортосунда кандаидыр бир бөлүнүп-жарылуучулук
катары эмес, мусулмандар үчүн өзүнчө даңгыр жол, өзгөчө ыраиымдуулуктун,
биримдиктин, ынтымактын жолу катары кабылдоо дурус.
Ахли сүннөт «ахли хак – акыикат жамааты» деп да аитылат. Ахли сүннөт агымы
боюнча, кескин далилге таянбаган жагдаиларды Ислам дининин негиздерине, аят-
хадистерге карама-каршы келбеген таризде жоромолдоп чечмелөөгө болот. Мындаи
чечмелөөлөр эч кимди дин Исламдан чыгарбаит. Куранда жана сүннөттө ачык-аикын түрдө
белгиленбеген жагдаилар ыиман негиздерине кирбеит. Мына ошондуктан бул жагдаиларды
ыиман негиздерине кошуу «бидат» (динге жаңылык киргизүү) болуп эсептелет. Мындаи
көз караштагы агымдар «бидат агымдары» делет.
Ахли сүннөт агымынын аалымдары ыиман негиздери жана жалпы укуктук негиздер
өңүтүнөн баары бир көз карашта. Жалпы негиздер өңүтүнөн эч бир талаш-тартыш маселе
жок. Жогоруда белгиленгендеи, булагымдардын ортосунда Ислам дининин өзөгүнө доо
кетирбеген кээ бир маида-бачек маселелерде гана аирым аиырмачылыктар бар. Ахли
сүннөт Куранга жана сүннөткө таянат. Куранда жана сүннөттө кандаи буюрулган болсо,
ахли сүннөт дал ошондои ишенип, дал ошондои кадам таштаит.
Негизинен укуктук өңүттөн Имам Азам (Ханафи) агымындагылар Матуриди
агымын карманышат. Имам Матуриди өзү укуктук өңүттөн Имам Азамдын жолу менен
жүргөн.
II ИСЛАМ ДИНИНИН ИШЕНИМ НЕГИЗДЕРИ
Ислам дини же мусулманчылык делген чакта Алланын акыркы элчиси Азирети
Мухаммед паигамбар чакырган динди түшүнө келебиз. Ырасында Азирети Адам атадан
бери Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн диндердин бардыгы негизинен Ислам дини болуп
эсептелет. Алар белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар тарабынан бурмаланып келген.
Ал эми ардактуу Паигамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) үндөгөн Ислам
дини кыяматка чеиин аруулугун сактаит. Бул Жараткан Алла Тааланын кепилдиги,
асыресе, мусулмандарга болгон өзгөчө ыроосу.
Ислам дининин өзүнө таандык ишеним негиздери бар. Бул ишеним негиздеринин
жалпы аты «Тавхид ишеними» деп аталат. Тавхид – бул Жараткан Кудуреттин ар тараптан
жалгыздыгын, теңдешсиздигин, окшошсуздугун, улуулугун тастыктаган ишеним. Тавхид
ишениминин өзөгүн «Алла Тааланын тек, жалгыз болушу» түзөт. Бул деген сөз жер-
асманда, аи-ааламда, аитоор, эч бир жерде Андан башка кудаи жок дегенди каңкуулаит.
Адам баласынан же жин дүинөсүнөн же периштелер дүинөсүнөн эч ким Ага тең келе
албаит. Тавхид ишеними келмеде (калма-и тавхид) жана шахадат (күбөлүк) келмесинде
корутундуланат. Келме төмөнкүчө аитылат: «Лаа илааха иллаллаах, Мухаммадур-
Расуулуллаах». Ал эми күбөлүк келмеси: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах, ва ашхаду
анна Мухаммадан абдуху ва расуулух» (Алладан башка кудаи болбогонуна жана Мухаммед
Анын кулу жана элчиси болгондугуна күбөгө өтөм (ишенем)) деп аитылат. Тигил же бул
адам ушул сөздү аитып, Ислам динин жалпысынан тастыктап кабылдашы «Ижмаалии
ыиман» деп аталат. Мына ушундаи таризде ыиман келтирген адам Ислам дининин ыиман
негиздерин, Азирети Паигамбарыбыз алып келген бардык мыизам-эрежелерди кабыл алган
болуп эсептелет. Алла Таалага ишенүү – Анын жаамы жандуу-жансызды жараткандыгын,
адам баласына жакшыжаманды, адал-арамды билдирүү менен жападан жалгыз Өкүм
жүргүзүүчү болгондугун кабылдоо дегенди түшүндүрөт. Азирети Мухаммеддин
(саллаллаху алеихи васаллам) паигамбарлыгын кабылдоо – бул Алланын элчиси
болгондугун жана ал алып келген мыизам-эрежелердин акыикат, туура болгондугун кабыл
кылуу дегендик.
Ислам дининин ишеним жана ибадат негиздерине өз-өзүнчө ишенүү «Тафсилии
ыиман» деп аталат. Мусулман баласы ар бир ыиман негизине, Паигамбарыбыз алып
келген жолдун туура болгондугуна толук ишенет. Булардан бирин кабыл албаган адам
Азирети Паигамбарды жалганчы катары көрүп, Алланын өкүмүн четке каккан болот.
Ошондуктан ал адам мусулманчылыктан четтеп калат. Ислам дининин бир негизин кабыл
албоо – анын бардык негиздерин, өкүмдөрүн четке кагууга тете. Ыиык Куранда жана
куттуу хадистерде ачык-аикын көрсөтүлгөн нерселерди четке кагуу каапырлыкты талап
кылат. Демек, ыиман негиздеринен, парз өкүмүндөгү иштерден бирин четке каккан жана
ачык-аикын түрдө арам болгондугу билдирилген нерсени арам катары кабыл албаган адам
ыимандан чыгып калат, Кудаи өзү сактасын!
Ислам дининин ишеним негиздерин төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
A. АЛЛАГА ИШЕНҮҮ
Алла Таала бар жана жалгыз. Анын эч жерде теңдеши жок. Төрөгөн да, төрөлгөн да
эмес. Ал эч бир нерсеге окшобогондои эле, эч нерсе Ага окшобоит. Алланын сыпаттарына
Куранда жана сүннөттө белгиленген таризде ишенүү Ислам дининин талабы. Ибадат, дуба,
кулчулук жалгыз Өзүнө гана кылынат. Ал жаамы жандуу-жансызды жараткан жалгыз
Жаратуучу.
Куранда ааламдын, адамдын турган турпаты Жараткан Алланын бар экендигине,
ааламдагы кынтыксыз чеберчиликтин эң кичинесинен эң алпына чеиинбардык жандуу-
жансыз мүлдө мүчүлүш-кемчиликтерден такыр оолак улуу АллаТаала тарабынан гана
жаратылгандыгына ишарат жасаган көптөгөн аяттар бар.Бул багыттагы аяттардын
аирымдары төмөнкүчө: «Чындыгында, асман-жердинжаралуусунда, түн менен күндүн
алмашуусунда, адамдарга паидалуу болупдеңиздерде сүзүп жүргөн кемеде, Алла асмандан
суу түшүрүп, жерди өлгөндөнкииин (каира) тирилтүүсүндө, андагы (жер бетиндеги) ар
түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамал багыттарынын өзгөрүшүндө, жер менен
асмандын ортосунда буирукка даиым даяр турган булуттарда акыл-эстүү адамдарүчүн
Алланын белгилери бар» (Бакара сүрөсү, 164) «Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап
көрсүнчү! Ал атылып чыгуучу суудан жаралган. (Ал суу) бел жанакөкүрөк арасынан
чыгат. Акыикатта, Ал (Алла Таала) аны өзүнө каитарыптирилтүүгө кудуреттүү!»
(Таарик сүрөсү, 5-8) «Ырасында, силер үчүн мал-жандыктарда да үлгү-сабак бар.
Силерге малдын ичиндеги (курсагындагы) каныменен жининин арасынан чыккан ичкенге
жагымдуу нагыз сүт ичирүүдөбүз»(Нахл сүрөсү, 66).
Алла ишениминде ар бир адам үчүн өтө кылдат мамиле жасашы зарыл маанилүү
жагдаилар бар. Аларга Аллага ишенүү менен бирге Ага шерик кошуу, Алла Таалага
каисыдыр бир адамды же нерсени теңөө, аларды Кудаи деп билүү, асыресе, бүгүнкү күнү
христиандар жана иудеилер жаңылган жагдаилар кирет.
Тавхид ишениминин негиздери төмөнкүчө:
Алла Тааланы заты жагынан тек деп билүү: Алла Таала заты жагынан тек,
жалгыз. Ар түрдүү кемчиликтерден аруу. Бул багытта Куранда төмөнкүчө буюрулат:
«Эгер (жети кат) асманда жана жерде Алладан башка кудаилар болсо, анда ааламдын
тартиби (мыизамы) бузулуп кетмек» (Анбия сүрөсү, 22) Бул аят Алланын уулу
болбостугун, идолдор Ага тең болалбашын билдирет. Христиандардын Иса паигамбарды
Кудаидын уулу катары кабылдашы Ислам дининин Алла ишенимине дал келбеит. Бул
Аллага шерик кошуу (ширк) деп аталат.
Алла Тааланы сыпаттары жагынан жалгыз кабылдоо: Сыпаттары жагынан да
Ага эч ким тең келе албаит. Алла Таала эзелии, түбөлүктүү, билүүчү, угуучу жана көрүүчү.
Бул сыпаттардын аирымдары ысым иретинде адамдарга ыроолонсо да, Алланын
сыпаттарына такыр окшобоит. Маселен, Ал эзелтен беркинин баарын билүүчү, түбөлүктү
да билүүчү. Ал эми адам баласы белгилүү гана нерселерди билет. Бул Алла Тааланын ага
ыроологон өзүнчө ыроосу.
Тек Алла Таалага гана кулчулук кылуу: Тавхид (Жараткан Алланы жалгыз деп
билүү) ишеними тек Аллага гана ибадат кылуу, Ага гана алакан жая дуба кылуу
зарылчылыгын талаптаит.
«Тавхид» жана «ширк» сөздөрү карама-каршы мааниде колдонулат. Ширк – бул
ибадатта, кулчулукта, Алланын затында, сыпаттарында Ага каисыдыр бир адамды же
нерсени теңөө, ортоктош кабылдоо. Башкача аитканда, Алладан башка нерселерге да бул
сыпаттарды ыигаруу. Тавхид ишеними болсо, Кудаи катары жалгыз Алланы гана кабылдоо
керектигин талап кылат. Ал бүтүндөи ааламдын Ээси, сыиынууга Ал гана татыктуу, Ал
бардык нерсеге кудуреттүү.
Ошентип, тавхид ишеними адамды көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн башка нерселердин
кулуна аиланбашына чакырат.
Инсанияттын алгачкы дини тавхид болгон. Ырас, алгачкы инсан Азирети Адам
паигамбар болгондуктан тавхид ишенимин тутунган. Андан кииинки паигамбарлардын
бардыгы өз үммөттөрүнө мына ушул тавхид ишенимин жеткизишкен. Алардын ичинен
Азирети Иса паигамбар да, Азирети Муса да элди тавхид ишенимине чакырган. Тилекке
каршы, адамдар белгилүү убакыттан кииин паигамбарлар апкелген тавхид ишенимин
бурмалап Алланын ак жолунан адашкан.
Тек Алла Таала гана биле турган каиып билгиликтерин башка бирөөнүн билээрин
аитуу, Алланын Жаратуучу болгондугун четке кагуу, Алладан башкага сыиынуу, табынуу,
Иса паигамбарды Кудаи Тааланын уулу катары кабылдоо ширк болуп эсептелет.
АЛЛАНЫН ЫСЫМДАРЫ
Алла Тааланын өзүнө таандык ысым-сыпаттары бар. Бул багытта аяттарда
төмөнкүчө буюрулат: «Ал – Аллах! Андан башка кудаи жок. Эң жакшы ысымдар ага
таандык!» (Таха сүрөсү, 8) «Эң көркөм ысымдар Аллага таандык. Ага ошол ысымдар
менен жалбаргыла!» (Аараф сүрөсү, 180)
Алла Тааланын затын жана бардык сыпаттарын камтыган ысым «Аллах» ысмы
болуп эсептелет. «Аллаh» ысмы жалгыз Жараткан үчүн гана колдонулгандыктан, анын
көптүк түрү жок. Бул ысым башка эч нерсе үчүн колдонулбаит, которулбаит да. Куранда
Алла Таала үчүн «Рабб», «илах» «мавлаа» сыяктуу ысымдар да колдонулган.
Кээ бир куттуу хадистерде «Исм-и азам» (Алланын эң улуу ысмы) жөнүндө кеп
салынат. Бул ысым менен дуба кылуу дубанын кабылданышына себеп болоору аитылган.
(Абу Давуд, Витр, 23; Тирмизи, Даават, 64, 65) Бирок бул Алланын каисы ысмы болгондугу
туурасында «Аллах» «Рахман», «Рахим», «ал-Хаииул-Каииуум», «зул-Жалаали вал-икром»
ысымдарынын болуу ыктымалы билдирилген.
Аяттарда буюрулгандаи, эң көркөм ысымдар Алла Таалага таандык. Булар «ал-
Асмаул-хуснаа» деп аитылат. Бир хадисте Алла Тааланын 99 ысмы болгондугу жөнүндө
маалымдалган. (Бухари, Даават, 68; Тирмизи, Зикр, 2)
АЛЛАНЫН СЫПАТТАРЫ
Алла Тааланын ысымдары менен бирге сыпаттары да бар. Алла Тааланын
сыпаттары «затии» жана «субутии» деп экиге бөлүнөт. Затии сыпаттары тек Өзүнө гана
таандык сыпаттар. Булар Анын затына түк жарашпаган нерселерден оолак болгондугун
аигинелеит.
1. Затии сыпаттары: 1
Вужуд: Алла Таала өзүнө гана таандык зат дегенди түшүндүрөт.
Кыдам: Алла «эзелии» б.а. абалкынын абалкысы, башталгычы жок. Ал ар даиым
бар болгон. Алладан башка жаамы жандуу-жансыздын баары жаратылган болумуштар.
Бакоо: Алла Таала түбөлүктүү дегенди туюнтат. Вахданият: Алла Тааланын
жалгыздыгы. Анын Кудаилыгында, сыпаттарында Ага эч ким теңдеш эмес.
Мухалафатун лил-хавадис: Алла Таала жаралган жандуу-жансыздын бирине да
окшобоит. Шууро сүрөсүнүн 11-аятында мындаи буюрулат: «Ага окшош эч нерсе жок.
(Анын затына, сыпаттарына эч нерсе теңдеше албаит жана окшобоит)».Мына
ошондуктан береги аяттын талабы катары Куранда өткөн «Алланын колу, жүзү» деген
түшүнүктөрдү «Алланын кудурети, Алланын заты» деп түшүнүү керек. Болбосо, Аны
жаралган нерселерге окшоштурган болобуз. Ушул себептен улам Аллага кандаидыр бир
орундук-жер таңуулоого болбоит. Алла Таала жаралган нерселер сыяктуу белгилүү бир
жерде эмес. Ал ар жерде. Андыктан «Алла Таала көк-асманда гана» деп ишенүү туура
эмес. Бул тавхид ишенимине дал келбеит. Ал бүт жерде, белгилүү жер-орундуктан такыр
оолак.
Кыям бинафсихи: Алла Таала эч бир нерсеге муктаж болбостон бар. Анын
барлыгы Өзүнөн. Ал эми жаамы жандуу-жансыздын жаралышы Ага гана таандык.
Тагыраак аитканда, бүтүндөи аалам-атпаиды Алла өзү жараткан.
2. Субутии сыпаттары
Алла Тааланын бардык кемчилик-мүчүлүштүктөрдөн оолак болгондугун
аигинелеген сыпаттары «субутии сыпаттар» деп аталат. Алар төмөнкүчө:
Хаиат: бул сыпат Алла Тааланын тирүүлүгүнө далалат кылат. Анын илим, кудурет
сыяктуу сыпаттары мына ушул сыпатка таянат. Алланын тирүү болушу башка жандуулар
сыяктуу эмес. Анын тирүүлүгү эзелии жана түбөлүктүү.
Илим: Билүү дегенди түшүндүрөт. Алла Таала бардык нерсени билүүчү. Ага
жашыруун эч бир нерсе жок.
Самии: Алланын угуучулук сыпаты. Ал эч бир нерсеге муктаж болбостон бүт
нерсени угуучу. Адамдар жана башка жандуулар белгиленген чектен тышкаркы
нерселерди уга алышпаит.
Басар: Анын көрүүчүлүк сыпаты. Бүт нерсени көрүүчү. Ал кандаидыр бир
жарыктыкка ж.б. нерселерге муктаж болбостон көрөт.
Кудурет: Алла Таала бардык нерсеге күчү жетет. Ал тигил же бул нерсени жаратуу
жана жок кылуу кудуретине ээ. Анын кудурети чексиз.
Ирада: Алланын эрк-каалоосу дегенди туюнтат. Ал каалаган нерсе сөзсүз түрдө
болот. Анын эрк-каалоосунан тышкары эч бир нерсе жаралбаит.
Калам: Алланын сүилөөчүлүк сыпаты. Алланын «калам» сыпаты кандаидыр бир
нерсеге муктаж эмес. Паигамбарларга келген ыиык Китептер Анын «калам» сыпатынын
көрнөгү.
Таквин: Алланын жаратуучулук сыпаты. Алла Таала бул сыпаты менен кандаидыр
бир нерсени жоктон жаратат. Анын тирилтүүсү, өлтүрүүсү, жашоо берүүсү, ырыскы
берүүсү ж.б. дал ушул «таквин» сыпатынын талабы.
Б. ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ИШЕНҮҮ
Периште – бул Алла Таала тарабынан жаратылган, Анын буирук-жарлыктарын
аткарган, эркек-ургаачысы болбогон жандык. Периштелерге ишенүү зарылчылыгы
жөнүндө Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Ким Аллага, периштелерине, китептерине,
элчилерине жана кыямат күнүнө ишенбесе, ал адашууда болот» (Ниса сүрөсү, 136).
Периште (малак) сөзү Куранда 87 жолу каиталанат. Периштелер нурдан жаралган. Алар
Алла Таалага эч качан баш көтөрбөит. Алар тек Алла билдирген нерселерди гана билишет.
Бизге маалымдалган периштелердин арасынан төртү чоң периштелер болуп эсептелет.
Алар төмөнкүлөр:
Жабраил: Вахии (Алланын кабары) алып келүүчү периште. Ал паигамбарларга
Алланын вахииин жеткизген.
Микаил: Табият кубулуш-жараяндарын жүзөгө ашыруучу (жамгыр, кар жаадыруу,
шамал жүргүзүү сыяктуу озуипаларды аркалаган) периште.
Исрафил: Кыямат күнү сурнаи тартуучу периште. Исрафил ысмы куттуу
хадистерде өтөт (Муслим, Мусафирин, 200; Абу Давуд, Солаат, 119)
Азраил: Жан алуучу периште.
Булардан сырткары Аллага кулчулук кылуу менен эң жакын «Мукаррибуун»
периштелери, адамдын оң жана сол иининде амал-иштерди жазып туруучу «Кирооман
Каатибиин» периштелери, беииш жана тозокто Алланын буиругун аткаруучу периштелер,
момун-мусулмандарга арка-жөлөк болуп согуш учурунда жардам берген периштелер бар.
Булар жөнүндө Куранда маалымат берилген (Аали Имран сүрөсү, 124; Анфал сүрөсү, 9).
Ошондои эле куттуу хадистерде көрүстөндө сурак алчу «Мункар жана Накир» аттуу
периштелер жөнүндө да кабар берилген (Тирмизи, Жанаиз, 70).
В. ЫИЫК КИТЕПТЕРГЕ ИШЕНҮҮ
Алла Таала паигамбарларына Китептерин түшүргөн. Бул ыиык Китептерден
бүгүнкү күнгө чеиин нагызын сактап калган тек Китеп – бул Ыиык Куран. Буга чеиинки
китептер адамдар тарабынан бурмалангандыктан ишеним, ибадат негиздери да бузулган.
Куран – бул Алланын сөзү. Куран кыяматка чеиин бурмаланбаи турганына кепилдик
берилген тек акыикат Китеп.
Куранда паигамбарларга түшүрүлгөндүгү маалымдалган китептер төмөнкүлөр:
Азирети Ибрахим паигамбарга баракчалар түшүрүлгөн. Азирети Мусага Таврат, Азирети
Давудка Забур,
Азирети Иса паигамбарга Инжил, Азирети Мухаммед паигамбарга Куран-ы Карим
түшүрүлгөн.
Жогоруда белгиленгендеи, Курандан сырткары бул китептердин бардыгы учурунда
бурмаланып, бүгүнкү күнгө чеиин нагызын, аруулугун сактаи албаи калган. Куран-ы
Карим Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын учурунда
жазылып, ошону менен бирге көптөгөн адамдар тарабынан ар бир сөзү жатталган. Ыиык
Куран бүтүндөи инсаниятка түбөлүк бакыттын ачкычы иретинде тартууланган. Анда эч
бир ача пикир, карама-каршылык жок. Инсаният менен жин ааламы биригишсе да, Куран
сыяктуу китеп жаза алышпаит. Куран мааниси жагынан да, сөздүн куюлушкандыгы
жагынан да өзгөчө мужиза-керемет китеп.
Куранга ишенбеген, же анын кандаидыр бир өкүмүн кабыл албаган адам ыиман
келтирген болуп эсептелбеит. Куран окуунун өзү да ибадат.
Кураны Карим Кудаиы китептердин эң акыркысы болуп, өзүнөн мурунку ыиык
китептердеги укуктук өкүмдөрдү жараксыз кылган.
Г. ПАИГАМБАРЛАРГА ИШЕНҮҮ
Паигамбар – бул Алла Тааланын кабарын, мыизам-эрежелерин инсаниятка
жеткирүүгө милдеттүү элчи дегенди түшүндүрөт. Алгачкы инсан Азирети Адам ата ошол
эле учурда биринчи паигамбар болгон. Алла Таала аны ата-энесиз жараткан. Инсаният
паигамбарлык менен, ырас, Алла үирөткөн нерселер менен башталган. Мусулман адам
Азирети Адам атадан баштап бардык паигамбарларга ишениши керек. Паигамбарлар элди
ыимандуулукка, Алланын ак жолуна үндөгөн. Акыркы паигамбар Мухаммед (саллаллаху
алеихи васаллам) болуп саналат. Инсаният паигамбарга жана ал апкелген туура жолдун
ачкычына ар качан муктаж. Ыиман негиздери, ибадаттар рухании маселелер болгондуктан
адамдар өздөрү тек акылдын жардамы менен буларды толук биле алышпаит. Ошондои эле
паигамбарлар адилеттүүлүктүн, акыикаттын жана коомдук тартиптин негиздерин да элге
жеткизишкен. Себеби бул багытта да адамдардын жаңылышы толук ыктымал.
Азирети Мухаммед Паигамбарыбыз бардык паигамбарлардын бир тууган
болгондугун маалымдаган. Алла Таала паигамбарларга Өзүнүн ак жолун элге жеткизүү
озуипасын жүктөгөн. Бардык паигамбарлар бир ишенимге үндөгөн.
Паигамбарлардын паигамбарлык далили мужиза-кереметтер болгон. Ар бир
паигамбар өз үммөтүнө Алланын элчиси экендигине карата мужиза көрсөткөн. Мужиза –
бул, паигамбардан башка адамдын колунан келбеи турган иш. Маселен, Азирети
Ибрахимдин алоолонгон от-жалынга жанбашы, Азирети Мусанын аса таягы менен деңизди
экиге бөлүшү, Азирети Иса паигамбардын баткактан чымчык жасап, Алланын уруксаты
менен жан киргизип учурушу сыяктуу.
Азирети Мухаммед Паигамбарыбыздын да көптөгөн мужизалары бар. Анын эң чоң
мужизасы – Куран болуп эсептелет. Анткени Куран бул Алланын сөзү. Адамдар жана жин
дүинөсү бириксе да, андаи китеп жаза албаит.
Паигамбарыбыздын дагы бир мужизасы түндүн өтө кыска мөөнөт аралыгында
Меккеден Кудус шаарына барышы болгон. Анын жансыз сыяктуу көрүнгөн нерселер
менен дил алышуусу, периштелер менен сүилөшүүсү, каисыдыр бир окуяны алдын-ала
аитышы сыяктуу көптөгөн мужизалары жараян эткен.
Куран-ы Каримде аты аталган паигамбарлар төмөнкүлөр: Адам (алеихис-салам),
Идрис (алеихис-салам), Нух (алеихис-салам), Худ (алеихиссалам), Салих (алеихис-салам),
Ибрахим (алеихис-салам), Лут (алеихиссалам), Исмаил (алеихис-салам), Исхак (алеихис-
салам), Якуб (алеихиссалам), Юсуф (алеихис-салам), Аииуб (алеихис-салам), Зулкифл
(алеихис-салам), Шуаиб (алеихис-салам), Муса (алеихис-салам), Харун (алеихис-салам),
Давуд (алеихис-салам), Сулаиман (алеихис-салам), Илияс (алеихис-салам), Алясаа
(алеихис-салам), Юнус (алеихис-салам), Закария (алеихис-салам), Яхия (алеихис-салам),
Иса (алеихис-салам), Мухаммед (алеихис-солаату вассалам).
Д. АКЫРЕТТИК ЖАШООГО ИШЕНҮҮ
Адамдар көз жумгандан кииин белгилүү убакыт өткөн соң каира жан берилип,
түбөлүктүү акыреттик жашоолорун улантат. Акырет жашоосу кыямат күнү менен
башталат. Кыямат күнү ар бир адам тутунган ишеними, жасаган иштери боюнча суракка
тартылат. Адилетсиздиктин баары жоюлуп, бардык адамдар өз акы-укуктарын алышат.
Өлүмдөн кииинки жашоо кабыр (көр) жашоосу менен башталат. Бул жашоо
кыяматка чеиин уланат. Кабыр жашоосу адамдын ишенимине, иш-амалдарына жараша же
беииш, же тозок сыяктуу өтөт (Бухари, Жанаиз, 89; Муслим, Жаннат, 65).
Бул дүинө утурумдук жашоо. Ал эми акырет жашоосу түбөлүктүү. Адам баласы бул
дүинөдө каисыл ишенимди тутунуп, эмне жасаган болсо, акыретте анын жакшы же жаман
акыбетин алмакчы.
Сур (сурнаи, наи, кернеи сыяктуу нерсе) эки жолу тартылат. Биринчисинде жер-
асмандагынын баары кыираит, көз жумат. Экинчисинде болсо, бардык адамдар денеси
менен тирилет. Андан кииин бардыгы сурак өтчү «махшар» маиданына чогултулуп, ар
кимге өз амал дептери колуна карматылат.
Сурак берүү учурунда адамга амал дептери менен бирге мүчөлөрү жана жер
бетиндеги жандуу-жансыздар (анын жакшы-жаман иштерине карата) күбөгө өтүшөт. Ал
күнү эч кимге ииненин көзүндөи да адилетсиз мамиле жасалбаит. Бирөөнүн акы-укугу
башка бирөөдө калбаит. Ар ким өз акы-укугун алат.
Амалдар «миизан» деп аталган таразада тартылат. Бул багытта Куранда төмөнкүчө
буюрулат: «Биз кыямат күнү туура таразаларды (адилеттүүлүктүнтаразасын)
жаигаштырабыз. Эч кимге адилетсиз чечим чыгарылбаит. Тигил же бул адамдын сары
кычынын данынчалык (ииненин көзүндөи жакшы-жаман) иши болсо да, аны таразага
коиобуз...» (Анбия сүрөсү, 47)
Куттуу хадистердин биринде ал күнү адамдан өзгөчө мынабул нерселер тууралуу
суралаары маалымдалат: Өмүрүн каисыл жерде, кантип өткөргөндүгү, жаштыгын кандаи
өткөргөндүгү, мал-мүлкүн кантип таап, каи жерлерге сарптагандыгы, билген нерселери
менен амал кылып-кылбагандыгы. (Тирмизи, Кыямат, 1)
Кыяматта бардык адамдар өтө турган «сырат» аттуу көпүрө бар. Сырат тозоктун
үстүнө салынган. Хадистерде жакшы адамдар ал жерден ылдам өтөөрү билдирилген.
(Муслим, Иман, 81.)
Акыреттик жашоонун негизги жери беииш жана тозок болмокчу. Бул экөөнүн
ортосунда «аараф» деген да жер бар. Бирок бул жерде кимдердин болоору туурасында так
маалыматтар жок. Аирым аяттардын маанисинен бул жердеги адамдар тозоктон Аллага
баш калкалагандыгы жана беиишке кирүүгө үмүт баилагандыгы маалымдалат. (Аараф
сүрөсү, 46-47.)
Мусулмандар же түз, же тозокто күнөөлөрүнүн өлчөмүнчө азабын тарткан соң
беиишке киришет.
Ж. «КАДАР» ЖАНА «КАЗА»ГА (тагдырга) ИШЕНҮҮ
Арап тилинде «кадар» сөзү «өлчөм, кандаидыр бир нерсени өз өлчөмү менен
өлчөө» сыяктуу маанилерди туюнтат. Ал эми терминологиялык мааниси төмөнкүчө:
«Кадар – бул Алла Таала бардык нерсени эзелтен бери билип, белгилеши жана бүт нерсени
белгилүү мыизам-эрежелердин негизинде жаратуусу»2. Ал белгилеген нерселердин (м:
окуялардын) өз учуру келгенде, белгиленген таризде жүзөгө ашышы «каза» деп аталат.
Куранда Алла Таала бардык нерсени өз чен-өлчөмү, тагдыры менен жараткандыгы
жөнүндө маалымдалат. «Чындыгында биз баарын өлчөм менен жараттык» (Камар сүрөсү,
49) «Анын алдында баарынын өлчөмү бар» (Раад сүрөсү, 8). Адам баласы өзүнө
ыигарылган эрк-каалоосу менен жасаган ар бир ишинен жооптуу. Алла Таала эзелки илими
менен бард ык нерсени Билүүчү. Бардык кубулуш-окуя Анын илими алкагында жараян
этет. Жаратуучулук сыпаты тек Аллага гана таандык. Жакшылыкты да, жамандыкты да Ал
жаратат. Ырас, адам уулу жакшылыкты да, жамандыкты да өз эрк-каалоосу менен тандоо
укугуна ээ. Ал мына ошондуктан жооптуу. Куранда Алла Тааланын эрк-каалоосу менен
тагдырды чиигендиги жөнүндө да, адам баласынын өз эрк-каалоосу менен жакшылык-
жамандыкты тандоо укугуна ээ болгондугу тууралуу да көптөгөн аяттар бар. Алардын
аирымдары төмөнкүлөр: «Калетсиз, Биз ага (адамга) туура жолду көргөздүк. Кааласа
шүгүрчүл, кааласа кесир пенде болсун» (Инсан сүрөсү, 3) «Бул акыикат (Куран) –
Эгеңерден (түшкөн!) – деп аит. Андан соң каалаганы (Аллага) ишенсин, каалаганы каапыр
болсун» (Кахф сүрөсү, 29) «Ар бир жан өзү жасаган иштин барымтасы (ар бир ишине
жооп берет)» (Муддассир сүрөсү, 38). Дагы бир топ аяттарда адам баласы тозокко өзүнүн
каапырлыгынан, зулумдугунан жана күнөөлөрүнөн улам түшөөрү тууралуу да аитылат.
Ошондои эле беииш ыиман келтирген, жакшылык иштерди жасаган адамдар үчүн
даярдалгандыгы жөнүндө да кабар берилет. Мына ушул аяттардын бардыгы адам баласы
бул дүинөдө жасаган ар бир ишине жооп бере тургандыгын, ар бир ишинин акыбетин көрө
тургандыгын аигинелеит.
Азирети Паигамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде мындаи деит:
«Ырасында ар бир наристе Исламга жатык, иикемдүү болуп төрөлөт. Кииин ал
ата-энесинин багыты менен Иудаизм, же Христиан, же Мажуси дининин өкүлү болот»
(Бухари, Жанаиз, 92; Муслим, Кадар, 25)
Тагдырга ишенүү – адамдын жасаган иштеринен жооптуу болушуна карама-каршы
эмес. Анткени Алла Таала адамга эрк-каалоо ыроологон. Адам баласы жакшылыкты же
жамандыкты өз каалоосу менен жасоо укугуна ээ. Алла Таала адамдын жакшы же жаман
ишинин жүзөгө ашышын жаратат. Ошондои эле Алла Таала кааласа, адамдын жасаи турган
ишин жүзөгө ашырбаи кое алат, Ал аны сөзсүз түрдө жүзөгө ашырууга мажбур эмес. Адам
өз каалоосу менен каисыдыр бир ишти жасашы «касб», ал эми Алла Тааланын жаратышы
«холк» делет. Бул эки нерсе бири-бирине карама-каршы келбеит. Алла Таала адам баласын
ар даиым жакшылыкка умтулуп, жамандыктан оолак болууга чакырган. Алланын чен-
өлчөмүн, чииген тагдырын адам биле албаит.
Адам көпчүлүк учурда жамандык иш кылса, аны тагдырга, ал эми жакшылык кылса
өзүнө таңуулап, «мен жасадым» деит. Бул абал күнөөкөрлүктөн алыс болуу үчүн адам өзү
оилогон психологиялык жагдаи. Бул туура эмес. Себеби ал жакшылыкка да, жамандыкка да
жөндөмдүү. Ар бир жасаган ишин өз эрк-каалоосу менен жасаит. Ал эрк-каалоосунан
тышкаркы иштерден жооптуу эмес.
Жогоруда белгиленген жагдаилар Исламдын ишеним негиздери. Буларды ар бир
мусулман баласы жетик түшүнүшү керек. Мусулман адам Куранда жана сүннөттө ачык-
аикын жана кескин түрдө билдирилген нерселерге ишенип, аларды кабыл алышы керек.
Булардан каисыдыр бир жагдаиына ишенбесе, Ислам дининен чыгып калат. Себеби ыиман
бөлүнчү нерсе эмес. Ырас, Курандын бир аятын же бир өкүмүн четке кагуу – Куранды
толугу менен четке кагуу дегендикке жатат.
III «АХЛИ СҮННӨТ» АГЫМЫНЫН АИРЫМ ПРИНЦИПТЕРИ
Ахли сүннөткө каршы кээ бир адашкан агымдар Ислам дини менен жакындан
тааныш эмес аирым бир адамдарды учурунда өздөрүнүн ишенимтүшүнүктөрүнө тарта
алышкан жана да тартууга жанүрөөдө. Мына ошондуктанАзирети Мухаммед (саллаллаху
алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын сүннөт жолуна бекем турууга аракет кылган бардык
мусулмандар мына ушундаи туура эмес бузукулукка карата өтө кылдат болуулары керек.
Анүчүн эң ириде Ислам дини менен жакындан таанышууга, Азирети Паигамбарыбыздын
өмүр таржымалын иине-жибине чеиин окууга, асыресе, «ахли сүннөт вал жамаат»тын
ишеним негиздерин жетик түшүнүүгө аракет кылуулары зарыл.
Ахли сүннөт агымын «бидат» агымдардан бөлүп турган аирым бир негиздер бар.
Алардын аирымдарын төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Ахли сүннөт аалымдары амалды ыимандын (ишеним) бир бөлүгү катары
эсептешпеит. Тагыраак аитканда, ыиман менен амал-иш экөө эки башка нерсе. Мына
ошондуктан өз моинундагы озуипасын же ибадаттарын аткарбаган, же чоң күнөө кылган
мусулман баласы Ислам дининен чыкпаит.3 Ал киши тек күнөөкөр болуп эсептелет. Ал
Алла Таалага тооба кылып (бул ишке экинчи жолобоо үчүн сөз берип) кечирим тилеши
керек. Бирөөнүн акысын жеген болсо, аны төлөп же ээсинин ыраазылыгын алып
адалдашуусу кажет.
Демек, кыбылага карап намаз окуган адамды кандаидыр бир күнөөсүнөн улам
каапырлыкка чыгарууга болбоит.
Ахли сүннөт агымы боюнча, «мен мусулманмын» деген адам жогору дагы ыиман
негиздерин кабыл алган чакта ыимандуу (момун-мусулман) болуп эсептелет. Мусулман
адам күнөө иш жасоо менен мусулманчылык тан чыкпаит. Азирети Паигамбарыбыздын
учурунда да арак ичкен, зина кылып чоң күнөө жасаган мусулмандар болгон.
Паигамбарыбыз аларды каапырлыкка чыгарган эмес, болгону өздөрүнө тиешелүү
жазаларын берген. Эгер чоң күнөө жасаган адам динден чыга турган болсо,
Паигамбарыбыз кескин түрдө аны каапырлыкка чыгармак. Ал эми Паигамбарыбыз аларга
мусулман катары мамиле жасаган. Ошондуктан мусулман адам кандаидыр бир күнөөсүнөн
улам каапыр болуп эсептелбеит. Каисыдыр бир мусулман ды ыиман негиздеринен бирин
четке какмаиынча «каапыр» деп атоого бол боит. Бүгүнкү күнү аирым бир дин
боордошторубуз тилекке каршы, мына ушул жагдаига каидыгер мамиле жасап, мусулман
адамдарды кээ бир ката ларынан улам «мушрик – Аллага шерик кошуучу» же «каапыр»
деп оңоиолтоң эле каапырлыкка чыгарып коигон учурлар кездешет. Ариине, бул көрүнүш
Ислам коомчулугуна залакасын тиигизип, мусулмандар ортосун дагы биримдиктин,
ынтымактын ыдырашына жол ачары бышык. Мындаи кадам мусулман баласына түк
жарашпаит. Ырас, Куран аяттарынын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Ариине, мен
мусулмандарданмын – деп (элди) Аллага (Анын ак жолуна) чакырып, өздөрү да жакшы
иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?» (Фуссилат сүрөсү, 33)
Асыресе, бул жерде эскерте кетчү жагдаи бар. Тигил же бул күнөөнү ар даиым
жасаган адам убакыттын өтүшү менен бул күнөөнү жөнөкөи иш катары кабылдашы
мүмкүн. Кудаи сактасын, чоң күнөөнү жөнөкөи иш катары кабылдоо каапырлыкты талап
кылаары анык. Маселен, даиыма арак ичкен адам «арак ичсе эмне болмок эле. Бул чоң
күнөө эмес» десе Ислам дининен чыгып калган болот.
2. Ахли сүннөт агымынын өкүлдөрү башка көз караштарга карата сыи мамиледе
болуп, адеп карманышат. Ислам дининин ачык-аикын белгилүү өкүмдөрүнөн тышкаркы
талаш маселелерден улам эч ким каапырлыкка чыгарылбаит. Маселен, тагдыр
маселесиндеги ар түрдүү көз караштар себептүү мусулман адамды «каапыр» деп атоого
болбоит. Себеби бул маселеде кескин түшүндүрмөлөр жок.
3. Ахли сүннөт аалымдары Алла Тааланын кээ бир сыпаттары тууралуу
түшүндүрмө берүү зарылчылыгын туура көрүшөт4. Мисалы, кээ бир аят-хадистерде өткөн
«ядуллах» б.а. «Алланын колу» деген сөздү аирым адамдардын туура эмес түшүнүп
алышына карата ага «Алланын күч-кудурети» деген таризде түшүндүрмө берүү керек.
Аяттардын биринде «Ага окшош эч нерсе жок. (Анын затына, сыпаттарына эч нерсе
теңдеше албаит жана окшобоит)» (Шууро, 11) деп буюрулат. Мына ошондуктан береги
аяттын талабы катары Куранда өткөн «Алланын колу, жүзү» сыяктуу түшүнүктөрдү
«Алланын кудурети, Алланын заты» деп түшүнүү зарыл. Болбосо, Аны жаралган
нерселерге окшоштурган болобуз. Ал эми Ал эч бир нерсеге окшобоит, дешет.
4. Ахли сүннөт аалымдары, Алла Тааланы кандаидыр бир жер-орундуктан оолак
деп билишет. Анын кандаидыр бир орундукка муктаж эместигин, ар качан бүт жерде
экендигин аитышат. Асыресе, Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам)
Паигамбарыбыз Алланын асманда болгондугун оилои баштаган аирым сахабаларга
эскертүү иретинде мындаи деген: «Эгер силер кимдир бирөөнү жипке баилап жердин
түбүнө түшүрсөңөр, ал Алланын үстүнө түшмөк. Алла Таала -Аввал (абалкынын
абалкысы), Ахир (түбөлүктүү), Захир (көрүнүүчү) жана Батын (жашыруун)» (Тирмизи,
Тафсир, 57). Ардактуу Паигамбарыбыз бул сөзү менен «Алла Тааланы тек асманда деп
оилобогула, жердин жети катмарына түшсөңөр да, Алла ошол жерде болот. Анткени Ал
кандаидыр бир жер-орундукка муктаж эмес. Ал ар жерде» деп аиткан.
5. Ахли сүннөт агымынын өкүлдөрү Азирети Паигамбарыбыздан кииинки Ислам
мамлекетинин тизгинин колго алган Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Осмон
жана Азирети Али баш болгон кутман сахабалардын бардыгына урмат-сыи мамиледе
болуп, аларга карата өзгөчө адеп карманышат. Алар тууралуу жаман сөз сүилөө туура
эмес.5 Себеби Алла Таала Паигамбарыбыздын кутман сахабаларына ыраазы болгондугун
билдирген. Бул багытта Куранда аяттар бар.
6. Ахли сүннөт аалымдарынын көпчүлүгү «бидат» (паигамбарыбыздын көзү
өткөндөн кииин динде паида болгон жаңылык) түшүнүгүн «жакшы бидат» жана «жаман
бидат» деп экиге бөлүшөт. Алар бул багытта да Паигамбарыбыздын сүннөтүнө таянышат.
Азирети Паигамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде мындаи деген: “Ким Исламда
жакшы жол (жаңы чыиыр, бидаты хасана) баштаган болсо, ал кишиге сооп жазылат, ал
ишти жасагандардын сообунан да насибин алат. Ал эми Исламда ким жаман жол
(зыяндуу жол, бидаты саиииа) баштаган болсо ага күнөө жазылат жана ошол жаман
ишти жасагандардын күнөөсүнөн да насибин алат” (Муслим, Илим, 15; Насаи, Зекет, 64).
Маселен, Азирети Паигамбарыбыздын учурунда динии илимдер мечитте окутулган. Ал
убакта өзүнчө мекептер болгон эмес. Убакыттын өтүшү менен мечиттер бул багытта
жетишпеи калгандыктан жаңы медресе-мектептер курула баштаган. Ошондои эле
баштапкы мечиттерде мунара болгон эмес. Учурга жараша шаарлар чоңоиуп, азан үнүн
элге жеткирүү үчүн бииик жерге чыгып азан чакыруу зарылчылыгы туулуп, мечиттер
мунарасы менен кошо салына баштаган. Мына ушул өңдүү мусулман коомчулугундагы
иштер «жакшы бидат» болуп эсептелет. Ал эми Ислам дининин ишеним жана ибадат
негиздерине дал келбеген жаңы иштер, же түшүнүктөр «бидат-ы саиииа –жаман бидат»
болуп, ага шариятта жол берилбеит. Бидат маселеси динии маселелерде гана өз күчүндө
болот. Ал эми мындан тышкаркы багыттарда, маселен, технологиялык багыттагы
жаңыланууларды, өркүндөп-өсүүлөрдү динии бидат менен аралаштырбоо кажет.
7. Ахли сүннөт аалымдары Алланын ак жолунан жүргөн олуя (олуя бул көзү ачык
эмес) пенделердин кереметтерине (кереметтин чындыгына) ишенишет.6 Кереметтин
акыикаттыгы Куран аяттары менен тастыкталган. Маселен, буга өз бөлмөсүндө жалгыз
Аллага сыиынып ибадат кылуу менен алек болгон Иса паигамбардын энеси Мариямга
кышкысын жаикы, жаикысын кышкы мөмө-жемиштердин келип калышын (Аали Имран
сүрөсү, 36-37), ошондои эле, Азирети Сулаиман паигамбарга Балкистин тактысын көз ачып
жумганча алып келген вазири Аасаф бин Бархия жөнүндөгү аятты (Намл сүрөсү, 38-40)
далил катары көрсөтүүгө болот. Ахли сүннөт аалымдары чыныгы тасаввуфту Ислам
дининин рухании өңүтү катары кабылдашат. Ал эми Ислам укугу (фикх) илимин мусулман
баласынын моинундагы негизги ибадаттардын таризин үирөтүүчү илим катары карашат.
Ошондуктан алар бул эки илимди бири-бирин толуктап туруучу илимдер катары
эсептешет.
8. Момун-мусулмандар беииште Алла Тааланы көрүшөт.7
9. Ахли сүннөт вал жамаат Алла Элчисинин акырет жөнүндө аиткан ар бир сөзүнө
кынтыксыз ишенет. Кабыр (көр) азабы да, андагы периштелердин сурагы да чындык. Ахли
сүннөт боюнча, көр мусулмандар үчүн беииш бакча, ыимансыздар үчүн тозок
чуңкурларынан бири болот.
10. Азирети Паигамбарыбыз көзү тирүүсүндө кээ бир сахабалардын беиишке
чыгары тууралуу куш кабар берген. Беиишке кирерине кепилдик берилген кутман
сахабаларга карата адеп сактабаи жаман сөз аитуу чоң күнөө болуп эсептелет.
Паигамбарыбыздын сүиүнчүсүнө туш болгон кутман сахабалар төмөнкүлөр эле: Абу
Бакир, Умар, Осмон, Али, Талха, Зубаир бин Аввам, Саад бин Абу Ваккас, Саид бин Заид,
Абдуррахман бин Авф, Абу Убаида бин Жаррах (Алла аларга ыраазы болсун!).
Береги кутман инсандар кажыбас каираты, талыбас аракети менен Исламдын
илгери кадам таштап, арыш созуусуна опол тоодои салымдарын кошушкан. Азирети
Паигамбарыбыз бир топ куттуу хадистеринде бул адамдарды алкоого алган. Мына
ошондуктан аларга карата адеп кармануу – Паигамбарга болгон сыи-урматтын белгиси
катары кабылданат.
11. Кыямат күнү Алланын уруксаты менен Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи
васаллам) Паигамбарыбыздын мусулмандарга шапаат кылаары чын.8
Ислам агымдары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн китептин акыркы
бөлүмүнө назар салсаңыздар болот.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНИН ӨКҮМДӨРҮ
Акыл-эси толук, балагатка жетип Ислам дининин өкүмдөрүнөн жооптуу болгон
мусулман адам «мукаллаф» деп аталат. Балагат жашы кыз балдардын этек кири, эркек
балдардын түшүркөөсү менен башталат. Эгер кыз да, эркек бала да 15 жашка чыгып
балагаттыктын белгилерин көрбөсө, алар балагатка жеткен болуп эсептелет. Бул жаштан
кииин ар бир мусулман баласы динии өкүмдөргө карата милдеттүү болуп эсептелет.
ДИНИИ ӨКҮМДӨР
Имам Азам агымы боюнча, динии өкүмдөр төмөнкүчө:
1. ПАРЗ: Ислам дини ачык-аикын кескин далилдер менен тастыктаган буируктар
«парз» деп аталат. Парздар ишеним-ибадат өңүттөрүнөн кескин далилдерге таянат.
Каисыдыр бир парзды четке каккан адам Ислам дининен чыгып калат. Каисыдыр бир парз
иштин парз болгондугуна ишенген, бирок аны аткарбаган адам чоң күнөө жасоо менен
бирге Исламдан чыкпаит. Маселен намаз, орозо, зекет, ажылык сыяктуу ибадаттар парз
болуп эсептелет.
Ислам дининде парздар «парз-ы аин» жана «парз-ы кифая» деп экиге бөлүнөт.
Парз-ы аин – бул ар бир мусулман баласынан талап кылынган амал-иштер. Намаз окуу,
орозо кармоо, мусулман баласы үчүн зарыл маалыматтарды билүү сыяктуу. Ал эми парз-ы
кифая коомчулуктун бир бөлүгү тарабынан орундалган чакта, бүтүндөи ошол элден түшчү
милдеттүү амалиштер. Буга жаназа намазын мисал келтирсек болот. Жаназа намазы ар бир
мусулмандан талап кылынбаит. Жаназа намазын элдин белгилүү бөлүгү гана окуса, жалпы
коомчулук жаназа намазынын жоопкерчилигинен кутулат. Ал эми жаназаны эч ким
окубаса, анда бардык мусулмандар андан жооптуу болуп саналат. Коомдук
муктаждыктарды камсыздоого багытталган билимдер да парз-ы кифаяга кирет.
Ошондои эле ибадаттардын ичинде да өзүнчө парздар бар. Мисалы, намаз
ибадатынын саждасы (башты жерге коиуу) сыяктуу. Мына ушул сыяктуу парздар
орундалбаса, ал ибадат жараксыз болуп саналат.
2. ВАЖИП: Бираз бүдөмүрөөк далил менен кескин түрдө талап кылынган иш
«важип» деп аталат. Важиптин далилинде аз да болсо ыктымал бар. Ошону менен бирге
Ислам дини мусулман баласынан важиптерди кескин түрдө талап кылат. Важипти
аткарбаган адам күнөө жасаган болуп эсептелет.
Имам Азам агымы боюнча, битир садага, аит намаздары, витир намазы, курмандык
сыяктуу ибадаттар важип болуп саналат.
Ибадаттардын ичиндеги важиптерди аткарбоо тахриман макирөө (макрух), күнөө.
Маселен, төрт ирекеттүү намаздын экинчи ирекетинде отурбаи туруп кетүү сыяктуу.
3. МАНДУП: Ислам дини үндөп сунуш кылган иштер «мандуп» деп аталат.
Мандуп мусулман баласынан кескин түрдө талап кылынбаит. Аны аткарган адам сооп
алып, аткарбаган адам эч кандаи күнөө кылган болбоит.
Имам Азам агымы боюнча, мандуптун даражалары бар. Алар сүннөт, мустахап
жана адабдар.
Сүннөт: Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын
динии өңүттө жасаган ар бир иши жана аиткан ар бир сөзү «сүннөт» деп аталат. Маселен,
беш маал парз намаз менен кошо окулган сүннөт намаздар сыяктуу.
Сүннөт негизинен өз ара экиге бөлүнөт:
а. Муаккад сүннөт: Азирети Паигамбарыбыз даиыма орундап, эч калтырбаи
аткарган сүннөттөр. Буга багымдат намазынын эки ирекет сүннөтүн, бешим намазынын
алгачкы төрт ирекет сүннөтүн мисал келтирүүгө болот. Азан чакыруу, намазды жамаат
менен окуу да муаккад сүннөт болуп саналат.
Бул жерде эскерте кетчү жагдаи, маселен азан, же жамаат менен намаз окуу сыяктуу
жеке адам өңүтүнөн сүннөт катары эсептелген жагдаиларга жалпы коом тарабынан
каидыгер мамиле жасалышы туура эмес, күнөө болуп саналат.
б. Гаири муаккад сүннөт: Паигамбарыбыздын кээ бир учурларда гана аткарбаи
калган сүннөттөрү. Асыр намазынын алгачкы төрт ирекет сүннөтү сыяктуу.
4. МУБАХ: кескин түрдө орундалып-орундалбашы талап кылынбаган жагдаилар
«мубах» деп аталат. Шариятта мубахты аткарууга же аткарбоого эч кандаи буирук берилген
эмес. Бирок кээ бир мубахтарды такыр таштап коиууга шарият уруксат бербеит. Маселен,
жеп-ичүү мубах. Эгер кимдир бирөө денсоолугуна зыян бере турганчалык жеп-ичүүдөн
баш тартса, ал күнөө жасаган болот. Мына ушундаи мубах иштердин өкүмү анын
жыиынтыгына жараша болот. Ислам дини буиурган иштер үчүн орундалган мубахтар
соопко себеп болот. Мисалы, басуу, жүрүү. Жакшылык иштер үчүн жүрүү, жаназаны
мүрзөгө көтөрүп баруу, же мечитке баруунун өзү мусулман адамга өзүнчө сооп алып келет.
Ошондои эле жеп-ичүүдөн баш тартуу же аша тоюнуу макирөө же арам болуп саналат.
Демек, мубахтын өкүмү жагдаига жараша өзгөрөт.
5. ТАНЗИХАН МАКИРӨӨ: орундалбашы орундалышынан абзел болгон
жагдаилар «танзихан макирөө» делет. Маселен, сарымсак (чеснок) жеп алып мечитке
баруу, даарат алууда сууну ысырап кылуу сыяктуу. Танзихан макирөө динии өңүттөн
кандаидыр бир жаза талап кылбаит. Бирок мындаи иштер менен жакшылык иштердин
изигиликтери, артыкчылыктары жүзөгө ашпаи калган болот.
6. ТАХРИМАН МАКИРӨӨ: орундалышы күнөө болуу менен бирге бүдөмүк
далилге таянган иштер «тахриман макирөө» делет. Тахриман макирөө күнөө болуп
эсептелет. Бирок мунун далили ачык-аикын болбогондуктан аны «арам» деи албаибыз.
Имам Азам агымынан сырткаркы үч агым боюнча, булар (б.а. Имам Азам агымы боюнча,
тахриман макирөө эсептелген нерселер) арам болуп саналат.
7. АРАМ: Кескин далилдер менен тыиуу салынган иштер «арам» деп аталат. Арам
иштерге тыиуу салынгандыгы үчүн аны аткаруу чоң күнөө болуп эсептелет. Аирыкча
Имам Азам агымынын аалымдары ачык-аикын далили болбогон жагдаига дароо эле
«арам» деп өкүм берүүдөн оолак болушкан. Кандаидыр бир арам ишти аткаруу чоң күнөө
болсо да, аны адал катары кабылдамаиынча эч бир мусулман адам динден чыкпаит.
Ислам дининде арам иштер адам баласына эки дүинөдө тең залакасын
тиигизгендиги үчүн арам кылынган. Ислам дининин эч бир буирук-жарлыгы себепсиз
эмес, анын көптөгөн себеп-сырлары бар. Паидасыз иштер зыянына жараша макирөө же
арам болот. Паидалуу иштер да даражасына жараша мандуп, важип же парз болот. Адамзат
бул дүинөдө жана акыретте өзү үчүн эмненин паидалуу-паидасыз болгондугун толук
билбегендиктен Алла Таала ага акыикат динин жиберген.
Арам иштер «харам ли-аинихи» жана «харам ли-гоирихи» деп экиге бөлүнөт.
«Харам ли-аинихи» бул турган турпаты менен зыяндуу болгондугу үчүн арам
болгон нерселер. Калп аитуу, адам өлтүрүү, арак ичүү, бирөөнүн малмүлкүнө кол салуу,
кумар оиноо сыяктуу. Ал эми «харам ли-гоирихи» бул зыяндуу иштерге, жат жосундарга
себеп болгондугу үчүн арам кылынган иштер, дегенди түшүндүрөт. Мисалы, орозо аит
күнү орозо кармоо сыяктуу. Себеби мындаи күндөр Алла Таала тарабынан мусулмандар
үчүн маирам катары белгиленген. Аит күндөрү мусулмандар маирамдык маанаида болуп,
бири-бирине зыярат кылуулары керек.
Жогоруда белгиленген өкүмдөр «таклифии өкүмдөр» деп аталат. Бул жерде береги
өкүмдөр менен бирге Ислам укугунда колдонулган аирым терминдер тууралуу түшүнүк
берсек, артыкбаш болбос:
СЕБЕП: Ислам дининин өкүмдөрү себептерге таянат. Анткени «себепсиз» өкүм
болбоит. Бул өңүттөн, себептин болуп-болбошу, өкүмдүн жарактуу-жараксыз болушун
талап кылат. Маселен, убакыт – бул намаздын себеби. Башкача аитканда, бешим убагынын
кириши бешим намазынын парз болушун талаптаит. Рамазан аиынын башталышы
орозонун парз болушунун себеби. Демек, себеп – бул каисыдыр бир ибадатты орундоо
үчүн зарыл талап. Мусулман адам себептер аркылуу аткара турган ишин билген болот.
Асыресе, мусулман адам күнүмдүк турмушунда өз эрк-каалоосу менен жүзөгө ашыра
турган себептер да бар. Маселен, уурулук кылуу уурулуктун жазасын талап кылганы
сыңары. ШАРТ: Тигил же бул өкүмдүн орундалышы үчүн сөзсүз түрдө талап кылынган
нерсе «шарт» делет. Буга ибадаттардан мисал келтирсек, даарат бул намаздын шарты.
Нике келишиминин толук кандуу жарамдуу болушу үчүн эки күбөнүн болушу да өзүнчө
шарт.
РУКУН: Кандаидыр бир өкүмдүн толук кандуу жарамдуу болушу үчүн талап
кылынган дагы бир жагдаи «рукун» деп аталат. Рукун менен шарттын өз ара аиырмасы бар.
Каисыдыр бир өкүмдүн орундалышы үчүн ал өкүмдөн тышкары талап кылынган жагдаи
«шарт», ал эми ошол өкүмдүн бир бөлүгү катары талап кылынган жагдаи «рукун» болуп
эсептелет. Маселен, даарат алуу намаздан тышкары болгондугу үчүн ал шарт, ал эми сажда
намаздын бир бөлүгү болгондугу үчүн ал рукунга кирет. Кандаидыр бир ибадаттын
шарттарынан же рукундарынан бири орундалбаса, ал ибадат жараксыз болуп калат.
Намаздын 6 шарты, 6 рукуну бар. Булар жалпысынан «намаздын парздары» делет.
МААНИИ: Каисыдыр бир өкүмдүн себеби болсо да, анын орундалышына тоскоол
болгон жагдаилар «маании» деп аталат. Мисалы Рамазан аиынын башталышы ар бир
мусулманга орозонун парз болушун талап кылат. Бирок этек кири абалындагы аял киши
Рамазан аиы кирсе да, орозо кармаи албаит. Бул учурда этек кири абалы «маании» болгон
болот.
САХИХ: тигил же бул ибадат же болбосо Ислам укуктук иштер шарт-рукундарына
ылаиык таризде орундалса, ал сахих (толук жарамдуу) болуп эсептелет. Мисалы, намаз
шарт-рукундары менен толук орундалган чакта ал сахих болот. Каисыдыр бир ибадаттын
сахих болушу бул анын кабылданышы, толук аткарылышы дегенди түшүндүрөт.
ФАСИТ – БАТЫЛ: тигил же бул ибадаттын шарт-рукундарынан бири аткарылбаи
калса, ал ибадат фасит (же батыл) б.а. жараксыз болуп саналат. Орозо кармоо учурунда
биле туруп жеп-ичүү орозонун жараксыз абалга келишине себеп болот. Намаздын
парздарынан бирин таштап кетүү да намазды жараксыз абалга алып келет.
Имам Азам агымы боюнча, ибадаттар өңүтүнөн «фасит» жана «батыл» сөздөрү бир
маанини туюнтат. Тагыраак аитканда, тигил же бул ибадат фасит же батыл болсо, аны
каирадан аткаруу зарылчылыгы күч. Ал эми укуктук келишимдер өңүтүнөн «фасит» жана
«батыл» сөздөрү өз-өзүнчө маанилерди туюндурат.
АЗИМАТ: Жөн учурларда талап кылынган шарият өкүмдөрү «азимат» деп аталат.
Буга намаз, орозо сыяктуу ибадаттарды, ошондои эле, адам өлтүрүү, арак ичүү, доңуз этин
жеөө, зина кылуу (никесиз катнаш) сыяктуу тыиуу салынган жагдаиларды да мисал
келтирүүгө болот.
РУХСАТ: Себептүү учурларда шариятта уруксат берилген өкүмдөр «рухсат» деп
аталат. Маселен, беитап абалда (оорулуу) болуу, сапар, согуш учурлары сыяктуу. Ырас,
Рамазан аиында орозо кармоо – бул парз. Бирок кандаидыр бир ооруга чалдыккан же
сапарга чыккан адам үчүн орозо кармабоого уруксат берилет. Жөн учурларда доңуз этин
жеш арам. Бирок ачарчылыктан улам көз жумуу коркунучунда болгон адам андан башка
эч нерсе таппаса, жесе болот. Шарият буга уруксат берет.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНДЕ «ИБАДАТ» ТҮШҮНҮГҮ
«Ибадат» сөзүн арап тилинен кыргыз тилине оодарсак, «моюн сунуу, баш ииүү,
элпектик, кичи пеиилдик, кулчулук, табынуу, сыиынуу» сыяктуу маанилерди туюнтат.
Ислам дининде «ибадат» түшүнүгүнүн жекелик жана жалпы маанилери бар. Пенденин
Алла Таалага карата бапестеген сүиүүсүн, берилгендигин далилдеген сезим-туюм, ои-
түшүнүк жана амал-иштеринин бардыгы, б.а. моинундагы милдеттерди аткарып, адал-
арамга кылдат мамиле жасоо менен Алланын ак жолунан жүрүшү жалпы мааниде
«ибадат» болуп саналат. Бул өңүттөн жекелик маанидеги ибадаттардан сырткары, «Алла
ыраазы боло турган» жалпы элдин жакшылыгы, ата-журттун паидасы үчүн аткарылчу
иштердин ар бири өзүнчө ибадат. Демек, мусулман баласы үчүн ниетине жараша ар бир
ишин ибадатка аилантуу мүмкүндүгү бар. Албетте, бул жерде шариятта тыиуу салынган
күнөө иштерди ибадат ниети менен жасоого уруксат берилбеит. Ырас, бул Алла Тааланын
буируктарына карама-каршы кадам таштоо дегендикке жатат.
Ал эми жекелик мааниси төмөнкүчө; ибадат – Алла Таала жана анын Паигамбары
жалгыз Аллага гана кулчулук кылуу үчүн мусулман баласына буюрган белгилүү таризи бар
иш-амалдар. Намаз, орозо, зекет, ажылык, каиыр-садага, итикаф, Алланы зикир кылуу
сыяктуу. Демек, ибадаттар жана аларды аткаруунун таризи тууралуу Алла Таала тарабынан
билдирилген. Муну мусулмандарга Азирети Мухаммед Паигамбарыбыз үирөткөн.
Ошондуктан ибадаттарды Паигамбарыбыз үирөткөн таризде орундоо зарыл (Бухари, Азан,
18; Насаи, Манасик, 220).
«Ибадат» түшүнүгүнүн жалпы жана жекелик маанилери негизи бири-бирин
толуктап турат. Мусулман адам моинундагы парз ибадаттарды орундап, шарияттын
негизинде арам-адалга этият мамиле жасоо менен өмүр кечирсе, -Кудаи буюрсаанын ар бир
иши ибадат өкүмүнө кирген болот. Парз намаздарын окуган, орозосун кармаган, зекетин
берген мусулман адамдын адал жолдо таштаган ар бир кадамы, ар бир иши ниетине
жараша ибадат болуп эсептелет. Ал эми кимдир бирөө «мен иштеп жатам. Намаз окуганга
убактым жок» деп парз ибадаттарды аткарбаса, чоң күнөө кылган болот. Андыктан
мусулман адам алгач парз ибадаттарды орундашы кажет.
Мусулман адам ибадаттарын орундоо үчүн эң ириде ден-соолугу чың болушу керек.
Анүчүн өзүнүн материалдык муктаждыгын камсыз кылышы шарт.Бул багытта кылган
аракети парз ибадатка себеп болгондугу үчүн ибадат болуп саналат. Үи-бүлөнү, бала-
бакыраны адал жол менен багуу, тууган-туушкандарга каралашуу да Паигамбарыбыздын
куттуу хадистеринде «ибадат» иретинде чечмеленген. Бирок жогоруда белгиленгендеи, ар
бир ишти ибадатка аилантуу үчүн эң ириде парз ибадаттарды аткаруу зарыл. Парз
ибадаттарды аткарган соң, үибүлөнүн, элдин кызматы үчүн жасаган ар бир иш ибадат
катары кабылданат.
Ибадат Ислам дининин негиздеринин бири болуп, ыимандын талабы. Ибадат адам
баласын жалгыз Аллага жакындатат. Жандүинөгө беипилдик тартуулаит. Адам баласы
ибадаттар менен гана бактылуу өмүр сүрөт. Ал ибадатсыз жашоо менен ар түркүн рухии
ыпластыктарга, рухии машакаттарга, бактысыздыкка, жандүинө жакырлыгына мажбур
болот. Ибадат мусулман адамды ар кандаи терс көрүнүштөрдөн, жат жосундардан оолак
кармаит. Ал адамды адамгерчиликтүүлүккө, адилеттүүлүккө, чынчылдыкка тарбиялаит.
Ырас, бүгүнкү күнү бир топ өлкөлөрдө ушул багытта жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн
жыиынтыгы, ибадат адам баласынын адамдык аруу сапаттарын өркүндөтүп-өстүргөнүн
көрсөткөн.
Асыресе, жандүинө чын ыклас менен орундалган ибадаттар аркылуу тазарат,
арууланат. Аяттардын биринде баса белгиленгендеи, кыямат күнү Алланын алдына таза
жүрөк, аруу жандүинө менен келгендер түбөлүк бакытка караи багыт алары бышык.
Жандүинөнү таза кармоо үчүн эң ириде бекем ыиман, чын ыклас менен орундалган ибадат
күч. Ошондои эле анүчүн терсаяктыктан, жат иштерден, напсинин терс арзууларынан алыс
болуу зарыл. Ошондо гана жүрөк кемелине келет.
Адам баласы ибадат аркылуу Улуу Жараткан Алла менен баиланыш курат, Ага
жалынып-жалбарат. Рухии жактан жогорулаит. Материалдык дүинөдөн чыгып, рухании
дүинөгө бет алат. Адам уулу ибадат менен жандүинөсүн тазалаит. Алла Таала буиурган
ибадаттардан сырткаркы нерселер адамга чыныгы беипилдик, түбөлүк бакыт тартуулаи
албаит. Алар убактылуу гана.
Ибадат тек Аллага гана кылынат. Көрсөтмөлүүлүк, элкөрсүн үчүн орундалган
ибадаттардын сообу болбоит. Азирети Паигамбарыбыз Алланын ыраазылыгы үчүн чын
ыклас менен орундалбаган ибадат ичи көңдөи аракет болуп эсептелерин аиткан (Бухари,
Иман, 41). Бул жерде дагы бир эскерте кетчү жагдаи, ибадаттарды ар жерде жана ар качан
орундоо зарылчылыгы. Мусулман адам балагатка жеткен күндөн тарта өмүрүнүн акырына
деире Алланын буирук-жарлыктарына карата жооптуу болуп эсептелет. Андыктан ар бир
мусулман баласы утурумдук бул жашоодо Алла Таала тарабынан коюлган түбөлүк
бакыттын даяр мыизам-эрежелери менен Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам)
Паигамбарыбыздын үлгүсүндө өмүр кечиргени дурус.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
ИСЛАМ ДИНИНДЕ ТАЗАЛЫКТЫН ОРДУ
I – ТАЗАЛЫКТЫН МААНИСИ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
Ислам дининин эң иридеги максаттарынын бири – бул адам баласынын ички жана
сырткы дүинөсүн тазалоо. Ислам дининде «тазалык» өзгөчө мааниге ээ. Ички дүинөнүн да,
сырткы дүинөнүн да тазалыгы жөнүндө Куранда жана Паигамбарыбыздын куттуу
хадистеринде кенен-кесири аитылган. Мусулман баласынын эң маанилүү милдеттеринен
болуп эсептелген ибадаттарды аткаруу үчүн рухании тазалык менен бирге материалдык
тазалык да талап кылынган. Анын тулку-бою, кииим-кечеси, аилана-чөирөсү таза болушу
кажет. Мына ошентип дин Исламда мусулман адамдын ар тараптан таза болушу максат
кылынган.
Ыиык Куранда тазалык тууралуу төмөнкүчө буюрулат:
«Чындыгында, Алла тообо кылуучуларды жана (ар түрдүү ыпластыктардан)
тазалангандарды сүиөт» (Бакара сүрөсү, 222)
«Ал жерде тазарууну (тазалыкты) жакшы көргөн адамдар бар. Алла Таала
(өздөрүн) таза алып жүргөн адамдарды сүиөт» (Тооба сүрөсү, 108)
«Напсини ыпластыктардан аруулаган адам сөзсүз түрдө иигиликке жетти. Ал эми
аны ыпластыктар менен «шөкөттөгөн» адам зыян тартты» (Шамс сүрөсү, 9-10).
Даарат алуунун таризи жөнүндө буюрулган аяттын аяк жагында: «Алла силерге
машакат кылууну каалабаит. Тескерисинче, силерди тазартууну жана шүгүр кылууңар
үчүн силерге болгон Өз жакшылыгынын толук болуусун каалаит» (Маида сүрөсү, 6) деп
буюрулат.
Азирети Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) Паигамбарыбыз да тазалыкка
өзгөчө маани берип, өтө кылдат мамиле жасаган. Ал куттуу хадистеринин биринде:
«Тазалык – ыимандын жарымы». (Муслим, Тахарат, 1) «Алла таза, аруу! Ал тазалыкты
сүиөт» (Тирмизи, Адаб, 41) деген. Ошондои эле Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва
саллам) денени таза кармоодон баштап жашаган жеринин, аилана-чөирөсүнүн тазалыгына
чеиин үммөтүнө ар тараптан эң сонун үлгү боло алган.
Ислам аалымдары тазалыкты өз ара төмөнкүчө үч топко бөлүп карашкан: 1.
Материалдык тазалык (конкреттүү түрдөгү тазалык) 2. Хукмии тазалык (абстрактуу
түрдөгү тазалык). 3. Рухании тазалык
Материалдык тазалык: Фикх (Ислам укугу) китептеринде материалдык тазалык
«нажасаттан тазалануу» деген темада иштелет. Бул темада конкреттүү ыпластыккирлер
жөнүндө сөз болот. Бул багытта төмөндө кененирээк маалымат берилет.
Хукмии тазалык: бул тазалык дааратсыздык жана жунуп абалдары жөнүндөгү
маселелерге каирылат. Хукмии тазалык «хадастан тазалануу» деп да аитылат.
Рухании тазалык: Рухании тазалык – бул күнөөлөрдөн, арам нерселерден, кул
акысынан б.а. бирөөнүн акысын жештен, аитоор, адамдын жан дүинөсүн карартып,
жакырланткан рухии илдеттерден оолак болуу.
Конкреттүү түрдөгү ыплас нерселер «нажас», же болбосо «нажасат» деп аталат.
Нажасаттан тазалануу – намаздын шарты болуп эсептелет. Тагыраак аитканда, намаз окуу
үчүн адамдын денеси, кииими жана намаз окуи турган жери таза болушу кажет. Андыктан
Ислам дининде ибадат кылуу максатында аткарылган тазалык менен кеңири маанидеги
тазалык өз ара тыгыз баиланышта. Мусулман адам кииими менен денесинин тазалыгына
маани бергени сыңары, рух дүинөсүнүн тазалыгына да маани бериши керек. Демек,
мусулман – бул ичи да, сырты да таза адам.
Адам баласы ички дүинөсүндөгү кирлерден, ар кандаи рухии илдеттерден арылууга
тиииш. Рухии ыпластыктар адам баласынын рухании жактан жогорулашына, баралына
келип жетик адам болушуна чоң тоскоол болот. Мындаи илдет-ыпыластыктардын башында
кек сактоо, көрө албастык, жек көрүүчүлүк, сараңдык, өзүмчүлдүк сыяктуу жат сапаттар
турат. Бул илдеттер адам баласынын дилин карартып, жандүинөсүн кирдетет, өзүнө да,
аилана-чөирөсүнө да, коомго да паидасыз болушун талаптаит. Мусулман адам мындаи жат
сапаттардан арылып, кичипеиилдик, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ыраиымдуулук,
боорукерлик, адилеттүүлүк сыяктуу асыл сапаттарга ээ болуусу зарыл. Даарат, намаз,
орозо, ажылык, зекет жана садака берүү сыяктуу шариатта көрсөтүлгөн ибадаттардын
артыкчылыктарынын бири дал ушул рухии илдеттерден, жандүинөнү жакырланткан
ыплас-кирлерден алыс кармашы болуп эсептелет.
Мусулман адам арам иштерден, Алланы жана акырет жашоосун унутуудан,
Алланын ак жолуна каидыгер мамиледе болуудан, напсилик арзуу-каалоолордун артынан
сая түшүүдөн, баилык-бииликтиын кулуна аилануудан, текеберчилик, менменсинүү
сыяктуу терс сапаттардан өзүн какас тутушу кажет. Ырас, арам жолдон киреше таап күн
көргөн адамдын жандүинөсү карарат. Жүрөк канчалык карарган болсо, күнөө иштер да
ошончолук оңои орундалат. Мына ошондуктан Ислам дини мусулмандарга даиыма
ибадаттарды аткарууну, арамкүнөө иштерден алыс болууну буируган. Мына ошондо гана
мусулман адамдын жандүинөсү аруу, таза болот. Бул багытта Алла Таала мындаи буюрат:
«Ал күнү мал-мүлк да, бала-бакыра да паида бере албаит. Тек Жараткан Аллага аруу
жүрөк (калб-и салим) менен келгендер гана (паида табат. Тозок отунан кутулуп, беиишке
кирет)» (Шуара сүрөсү, 88-89)
Алла Таала пенделерин мына ушундаи ыплас-илдеттерден арылтуу үчүн өз
паигамбарларын жиберген. Шариатта көрсөтүлгөн ибадаттардын түпкү максаты мына
ошондо жатат. Намаз ибадаты адам баласын күнөө, арам иштерден оолак кармаи
тургандыгы жөнүндө Ыиык Куранда төмөнкүчө буюрулат:
«(Мухаммад!) Китептен сага кабар берилгендерди (Куран аяттарын) окуп бер!
Намаз окугун! Анткени намаз бузукулуктан жана күнөө иштерден тосот. Алланы эстөө
бул, алибетте, ибадаттардын эң чоңу. Алла Таала жасаган ар бир ишиңерди билет».
(Анкабут сүрөсү, 45)
«Алла силерге машакат кылууну каалабаит. Тескерисинче, силерди тазартууну
жана шүгүр кылууңар үчүн силерге болгон Өз жакшылыгынын толук болуусун каалаит»
(Маида сүрөсү, 6). Азирети Мухаммад Паигамбар (саллаллааху алеихи ва саллам) даарат
тууралуу мындаи деген: «Бир мусулман адам даарат алып жүзүн жууганда жүзү (менен)
кылган бардык күнөөлөрү, колу-бутун жууганда колу-буту менен кылган бардык
катачылыктары суу тамчылары менен бирге агып кетет да, таптаза болот. А түгүл
кирпиктери менен тырмактарынын түбүндөгү күнөөлөрдөн да эч нерсе калбаит.
Даараттын адеп-шарттары менен даарат алып бүтүп, кыбылага карап: «Ашхаду ан лаа
илааха иллаллааху, лаа шариика лаху. Ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расуулуху»
деген адам үчүн беииштин эшиктери ачылат. Ал адам каалаган эшигинен беиишке
кирет». (Муслим, Тахарат, 32, 33; Тирмизи, Тахарат, 2)
Орозо ибадаты жөнүндөгү аятта да орозо рухании жактан тазалануу үчүн парз
кылынгандыгы баса белгиленет:
«О, ыимандуулар! Силерден мурдагыларга (мурунку элдерге) буирулгандаи эле,
силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо (парз кылынды)».
(Бакара сүрөсү, 183)
Зекет ибадаты да рухии илдеттерден арылууга, жандүинө тазалыгына багытталган.
Мал-мүлкүнүн белгилүү бир бөлүгүн муктаж адамдарга зекет катары берген адам эки
жактан тазаланган болот: зекет берүү жолу менен оболу мал-мүлкүн ар кандаи ашыкча
кирлерден, экинчиден, ал адам башка бирөөлөргө каирымдуулук кылуу менен дил-
жүрөгүн дүнүиөгө берилүүдөн, сараңдыктан жана зыкымдыктан арылтат.
Курандын көп жеринде буирук кылынган ибадаттардын бири – бул Алланы эстөө.
Ахзабсүрөсүнүн 41-42-аяттарында төмөнкүчө буюрулат: «О, ыимандуулар! Алланы көп-
көп эстегиле! Эртели-кеч Аны даңазалап-аруулагыла!» Чындыгында, Алланы эстөө дилди
ар кандаи ыпластыктардан тазалаган өзгөчө маанилүү ибадатболуп эсептелет. Куран окуу,
угуу да адамга рухании жактан өзүнчө күлазык. Куран аяттарында напсисин теске салган
адам эңсеген иигилигине жетээри, ал эми рухии илдеттердин сормо сазына белчеден
баткан адам зыян тартаары жөнүндө: «Напсини ыпластыктардан аруулаган адам сөзсүз
түрдө иигиликке жетти. Ал эми аны ыпластыктар менен «шөкөттөгөн» адам зыян
тартты» (Шамс сүрөсү, 9-10) деп буюрулат.
Демек, арам жана күнөө иштерден оолак болуу жана динии ибадаттарды ырааттуу
түрдө орундатуу адамды материалдык жактан да, рухании жактан да таза кармаит. Адам
баласы канчалык түз басып, астеидил жашоого умтулса да, жаза басып туура эмес кадам
шилтеп алышы толук мүмкүн. Мына ошондуктан Алла Таала кечирим тилеп тооба
кылууну буюрган. Асыресе, тооба да өзүнчө рухании жактан тазалануунун жолу. Курани
Каримде төмөндөгүдөи буюрулат: «Бирок, (күнөөлөрүнөн) кииин тооба кылып (амал-
иштерин) түзөп-оңдогондор мындан сырткары (б.а. Алла Таала алардын күнөөлөрүн
кечирет). Акыикатта Алла – Кечиримдүү, Боорукер». (Аали Имран сүрөсү, 89)
Жогоруда белгиленгендеи, адам баласынын ички (рухании) тазалыгы менен сырткы
тазалыгы өз ара тыгыз баиланышта. Мына ошондуктан адамга таза иштер адал, жаман
нерселер арам кылынган: «О, адамдар! Жер бетинде таза нерселер менен азыктангыла!
Шаитанга баш иибегиле! Ал силердин ачык-аикын душманыңар» (Бакара сүрөсү, 168) «О,
ыиман келтиргендер! Алланын Өзүнө гана ибадат кылгыңар келсе, Биз насип кылган таза
(адал) ырыскылардан паидалангыла! Аллага шүгүр келтиргиле!». (Бакара сүрөсү,
172)«(Мухаммад! Ыиман келтиргендер) сенден эмнелер адал кылынгандыгын сурашат.
«Силерге жакшы (таза) нерселер адал кылынды» деп аиткын». (Маида сүрөсү, 5/4)
Фикх китептеринде материалдык тазалык «нажасаттан тазалануу», хукмии тазалык
болсо «хадастан тазалануу» деген темада каралат9. Ал эми рухании тазалык жөнүндө адеп-
ахлактык эмгектерде, өзгөчө тасаввуф илиминде кененирээк маалымат берилет.
II ТАЗАЛЫКТЫН АНЫКТАМАСЫ
Фикх илиминде тазалыкка төмөнкүчө аныктама берилет: тазалык – бул
материалдык ыпластыктардан да, хукмииб ыпластыктардан да тазалануу.
III – МАТЕРИАЛДЫК ТАЗАЛЫК: НАЖАСАТТАН ТАЗАЛАНУУ
Нажасат – бул материалдык ыпластык.
Нажасат намаздын толук кандуу жарамдуу (сахих) болуп-болбошуна тиигизген
таасири өңүтүнөн оор жана жеңил ыпластык деп экиге бөлүнөт.
Негизи оор-жеңил ыпластыктын баарынан тазалануу кажет. Бирок аирым учурларда
канчалык этияттанууга аракет болсо да, өтө аз өлчөмдө ыпластык тииип калышы толук
ыктымал. Ошондуктан Имам Азам агымы бул багытта да Куран менен Сүннөттүн негизине
ылаиык өкүм чыгарууга аракет кылган. Ханафи (Имам Азам агымынын) аалымдары
нажасаттын эң аз өлчөмү жөнүндө төмөнкүчө жыиынтыкка келишкен.
Оор ыпластык катуу болуп, болжол менен 3 грамм өлчөмүнө жетсе, намаздын толук
кандуу жарамдуу болушуна тоскоолдук жаратат. Ал эми оор ыпластык суюктук түрүндө
болуп, алакан көлөмүнөн чоң жерге жаиылса, намаз жараксыз болуп эсептелет.
Жеңил ыпластык тигил же бул мүчөнүн же болбосо мүчөнү жаап турган кииимдин
төрттөн бирине жаиылса, намаздын жарамдуу болушуна терс таасирин тиигизет.
А. ООР ЫПЛАСТЫКТАР (НАЖАСАТ-У ГАЛИЗА).10
Адамдын заңы, заарасы, кан, жыныстык органдан чыкчу урук суюктугунун бардык
түрлөрү (м: сперм, мази ж.б.), денеден үзүлүп калган, же кесилип алынган эт же тери
бөлүктөрү, ооз толо кусунду.
Эти желбеген жаныбарлардын заарасы, шилекеилери, канаттуулардан башка
жаныбарлардын тезектери жана бардык жаныбарлардын каны. Шарият боюнча мууздалган
адал мал-жандыктын этинин арасында калган кандар таза болуп эсептелет
Тарп, т.а. шарият эрежесине ылаиык боюнча мууздалып союлбаган же өлтүрүлгөн
жаныбарлардын эттери.
Адамды мас кылган ичимдиктер.
Эти желген канаттуулардан тоок, каз жана өрдөктүн тезеги.
Эти желбеген жаныбарлардын эттери, чочконун эти жана териси. Чочконун териси
жууп тазаланып ашатылса да таза болбоит.
Б. ЖЕҢИЛ ЫПЛАСТЫКТАР (НАЖАСАТ-У ХАФИФА) :11
Эти желген жаныбарлардын заарасы, тезеги. Бирок тоок, каз сыяктуу үи
канаттууларынын тезектери жеңил эмес, оор ыпластыкка кирет.
Ителги, бүркүт жана көгүчкөн сыяктуу учуучу канаттуулардын тезектери.
Жеңил ыпластык тигил же бул мүчөнүн же болбосо мүчөнү жаап турган кииимдин
төрттөн бирине жаиылбаса, намаздын толук кандуу жарамдуу (сахих) болушуна терс
таасирин тиигизбеит.
Тазалануунун негизги максаты – ыплас нерселерден толук түрдө арылуу, тазалануу
болуп эсептелет. Ошентсе да, ар качан аз өлчөмдөгү ыпластыктардан (маселен, зааранын
чачырандысынан) сактануу оор. Ошондуктан ушундаи сактанууга аз өлчөмдөгү ыпластык
намазга зыян тиигизбеит.
Жогоруда белгиленгендеи, бул жерде ыпластыктарды намазга тоскоол болуп-болбоо
өңүтүнөн гана бөлүүгө туура келди. Болбосо, сууну ыплас кылуу жаатында ыпластыктын
(оор жана жеңил) түрлөрүнүн ортосунда эч кандаи аиырмачылык жок. Демек, оор болсун,
жеңил болсун, аитор, ыпластык түшкөн суу кир болуп эсептелет.
В. ЫПЛАСТЫКТАН (нажасаттан) ТАЗАЛАНУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Материалдык ыпластыктарды суу же тазалоочу суюк заттар менен тазалоого
мүмкүн.Көзгө көрүнгөн ыплас нерселерди өңү-түсү, жыты кеткенге чеиин тазалоо керек.
Эгер бир жолу жууганда эле өң-түсү, жыты кете турган болсо, анда бир жолу жууп
коюунун өзү эле жетиштүү болот. Эгерде ыпластыктын (мисалы, кандын) өңүн кетирүү
машакат туудурса, анда аны түсү толук чыкканга чеиин жуунун кажети жок.
Ыпластык тигил же бул нерсеге жугуп, бирок көзгө көрүнбөсө, анда аны үч жолу
жууп чаикоо кажет. Килем, таар сыяктуу сыкканга оор болгон нерселерге жукса, анда аны
үстүнө суу куюп жышуу жолу менен тазалоо керек. Бул учурда ыпластык чыккан соң
килемден таза суу чыга баштаган кезде гана ал таза болуп эсептелет.
Фикх китептеринде көрсөтүлгөн тазалоо ыкмалары төмөнкүлөр:12
1. Суу менен жуу: Тазалоонун табигыи жолу бул суу менен жуу.
2. Арчуу же сүртүү: аинек, бычак, табак ж.б.у.с. нерселерге ыпластык жукса, аны
топурак же кездеме менен тагы кеткенге чеиин сүртүү жолу аркылуу тазалоого болот.
3. Отко кактоо: Отко чыдамдуу (күибөгөн) нерсеге жуккан (отко күиүп, же ээрип
кете турган) ыпластыкты отко кактоо жолу тазалоого мүмкүн.
4. Кыруу же жышуу: Ыпластыкты өзүнө сиңирип албаган катуу нерселерге көзгө
көрүнгөн ыпластык жукса, аны кыруу, же жышуу жолу менен тазаласа болот. Ал эми ага
заара сыяктуу көзгө көрүнбөгөн ыпластык жукса, анда аны жууш керек.
5. Ыпластыктын турпат-курамынын өзгөрүшү: убакыттын өтүшү менен жерге
көмүлгөн тигил же бул ыплас нерсенин топуракка аиланышы.
6. Мууздоо жана ашатуу: Чочкодон тышкаркы жаныбарлардын терилери ал
жаныбарлар мууздалган соң таза болуп эсептелет. Эти желген мал-жандыктарды
шарияттын жол-жобосуна ылаиык мууздоо менен эти да таза болот. Ошондои эле ар
кандаи жолдор менен арам өлгөн жаныбарлардын терилерин ашатуу жолу менен тазалап
колдонсо болот. Ашатуу – бул терини иилөө, же болбосо күнгө кургатуу менен андагы кан,
эт жана маи калдыктарын тазалоо.
Г. ДААРАТКАНА ТАЗАЛЫГЫ: ИСТИНЖА ЖАНА ИСТИБРА13
Куттуу хадистердин биринде аитылгандаи, бекем ыиман толук кандуу жарамдуу
намазга, жарамдуу намаз толук алынган дааратка, толук алынган даарат «истинжага» жана
«истибрага» баиланыштуу. Ислам дини тазалыкка негизделген дин болгондугу үчүн эң
ириде тазалык маселесин дааратканадан (ажатканадан) баштап, ага өзгөчө көңүл бурган.
Адам өз табиятына жарашкан таризде таза жана аруу өмүр сүрүшү керек. Ошондуктан дин
Ислам мусулман баласынан алгач дене тазалыгын, асыресе, аилана-чөирө тазалыгын талап
кылган. Денени, кииим-кечени жана аилана-чөирөнү таза кармоо Ислам дининде
ибадаттардын алгачкы талабы болуп эсептелет. Ибадаттардын толук кандуу жарамдуу
болушу тазалыкка баиланыштуу. Мына ошондуктан Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи
ва саллам) бул багытта кутман сахабаларына терең маалымат берген. Ислам аалымдары да
тазалык темасына өзгөчө басым жасап, аны маида-чүидөсүнө чеиин иликтөөгө аракет
кылышкан.
Даараткана адамдын негизги муктаждыктарынын бири. Бул маселе адамдын ден-
соолугу жана тазалыгы менен тыгыз баиланышта болгондугу үчүн ал жөнүндө маалымат
алуу ар бир адам үчүн өзүнчө зарылдык.
Чоң же кичи даарат ушаткан соң тазалануу ден-соолук өңүтүнөн да, даарат жана
намаз ибадаты үчүн да өзгөчө мааниге ээ.
1. Истинжа 14: Кан, урук суюктугу (сперм, мази), заң, заара сыяктуу ыпластыктар
чыккан жерлерди тазалоо «истинжа» деп аталат. Адам чоң-кичине даарат ушаткан соң
ыплас жерлерин тазалашы кажет. Бул жерде эң ириде табигыи жол б.а. суу менен тазалануу
керек.15 Суу менен тазалануу (б.а. суу менен истинжа кылуу) Ыиык Куранда да,
Паигамбарыбыздын (саллаллааху алеихи ва саллам) сүннөтүндө да сунушталган. Суу
табылбаи калган учурда эң ыңгаилуу каражаттар менен тазалануу зарыл.
Кагаз билим алуу каражаты болгондугу үчүн Ислам маданиятында аны менен
тазалануу (истинжа кылуу) ылаиык көрүлгөн эмес. Учурубузда «даарат кагазы» деп
аталып, атаиын даараткана үчүн жасалган кагаздар кадимки кагаз талабына жооп бербеит.
Андыктан даарат кагазын истинжа-истибра үчүн колдонуу шарият боюнча да туура, абзел
болуп эсептелет. Анткени истибрадан кииинки суу тамчыларын кургатуу өзүнчө тазалыкка
кирет.
Даарат ушатуу учурунда заарадан этият болуу кажет. Азирети Паигамбарыбыз
(саллаллааху алеихи ва саллам) заарадан сактануу зарылчылыгын баса белгилеп, андан
сактанбаган (тазалыкка шалаакы мамиле жасаган) адамдар анүчүн өзүнчө азап тартаарын
билдирген. (Бухари, Вудуу, 55; Ибн Маажа, Тахарат, 26)
2. Истибра. Кичи даарат ушаткан (заара кылган) соң сиидик каналдарында калган
анча-мынча заара тамчыларын калтырбаи тазалоо «истибра» деп аталат. Кичи даарат
ушаткандан кииин сиидик каналдарында калган заара акырындап сарыгып чыгып кииимге
жугушу мүмкүн. Бул тазалыкка да, ден-соолукка да, намазга да терс таасирин тиигизет.
Мына ошондуктан заара ушаткан соң, аирыкча эркектер, зааранын толук боидон чыгышын
күтүшү кажет. Буга кылдат мамиле жасоо керек.
Эгер сиидик каналдарында калган заара даарат алгандан кииин чыкса, анда даарат
бузулган болот. Мына ошондуктан, эркектердин, аирыкча орто жаштан жогорку
курактагылар, кичи даарат ушаткан соң жакшылап тазаланышы керек. Керек болсо заара
кылган соң ары-бери басып, заараны толук чыгарууга аракет кылуу зарыл. Шашып-бушуп
заара кылып дароо даарат алуу туура эмес. Даарат алуу учурунда, же даарат алгандан
кииин чыккан бир эле тамчы заара дааратты бузат. Мындаи учурда окулган намаз албетте,
жараксыз болуп эсептелет.
Аирыкча, имамдыкка чыга турган адам бул жагдаига өзгөчө көңүл буруусу зарыл.
Д. ДААРАТКАНА АДЕП-ТАРТИБИ
Фикх жана хадис китептеринде маанилүү темалардын бири – бул даараткана адеби
болуп эсептелет.16
Бүгүнкү күнү көпчүлүк адамдар кичи дааратты негизинен тике туруп ушатышат. Ал
эми куттуу хадистерде Мухаммад Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) кичи-
чоң дааратты ар даиым олтурган абалда ушаткандыгы аитылат.
Ден-соолук жагынан да, сиидик каналдарында зааранын калбашы үчүн да, асыресе,
ибадаттардын толук кандуу жарамдуу болушу үчүн да олтуруп заара кылуу керек.
Истинжа жана истибра тазалыгы үчүн сол колду колдонуу керек. Дааратканадан
чыккандан кииин колду самын менен жуу зарыл.
Дааратканада себепсиз сөз сүилөбөө керек.
Дааратканага Алла Тааланын, же Паигамбарыбыздын (саллаллааху алеихи ва
саллам) аты, же аят-хадис жазылган нерселерди (шакек, кагаздарды) алып кирбөө кажет.
Зарыл учурларда мындаи нерселерди сумкага, же болбосо чөнтөккө салуу зарылчылыгы
күч.
Ачык талаада, же ачык жерде элдин көзүнөн далдоо жерде даарат ушатуу кажет.
Даараткананын адептерине көңүл буруу зарыл. Кыбылага бет алып (кыбыланы карап), же
кыбылага арка салып отурбоо керек. Бул багытта Мухаммад (саллаллааху алеихи ва
саллам) Паигамбарыбыздын эскертүүсү бар (Абу Давуд, Тахарат, 4; Тирмизи, Тахарат, 6)
Курт-кумурскалардын уюгуна, адамдар эс ала турган жана көпчүлүк жүрө турган
жерлерге, тынч турган жана агын сууларга даарат ушатпоо кажет. Паигамбарыбыз
(саллаллааху алеихи ва саллам) суунун башатына, тынч турган сууларга (көлмөлөргө/
авиздерге), жолго жана эс алуучу жерлерге даарат ушатууга тыюу салган.
Ж. ДЕНЕ ТАЗАЛЫГЫНА БАИЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР 17
Мусулман адам денесин, кииимин жана аилана-чөирөсүн таза кармап,
ыпластыктардан оолак болот.
Мусулман кулак, мурун, киндик, тырмак, чач, сакал сыяктуу кир чогулуучу
жерлердин тазалыгына кылдат мамиле жасаит.
Ар бир мусулман эң азынан аптасына бир жолу жуунуп-тазаланып турушу керек.
Жума күнү жуунуп-тазалануу мустахап болуп эсептелет. Ал тырмактарын алып, мурутун
кыскартып турушу дурус. Колтук же жыныстык мүчөлөрдүн кылдарын жумасына же он
күндө бир кыруу керек. Кырк күнгө чеиин кырынбоо тахриман макирөө болуп күнөөгө
кирет.
Мончолордо жуунуу учурунда эркектер аврат жерлерин сөзсүз түрдө жабуулары
кажет. Аялдар да аялдар мончосунда киндик менен тизесине чеиинки аралыгын жабык
алып жүрүүлөрү зарыл. Мончолордо бүгүнкү күндөгүдөи (эркектердин өз ара, аялдардын
да өз ара) жылаңач жуунушу кескин түрдө арам болуп саналат.
Жогоруда белгиленгендеи, хадас жана нажасат абалынан тышкары денеде чогулган
кирлерден, жагымсыз жыттардан жана буларга себеп болгон нерселерден тазалануу – бул
Ислам дининин буиругу, асыресе, Паигамбарыбыздын сүннөтү.
Азирети Паигамбарыбыз эң азынан аптада бир жолу, өзгөчө жума күнү жуунуу
керектигин сунуштаган.: «Ким жума күнү жунуп абалынан тазалангандаи жуунуп-
таранып алып жума намазына эрте барса, бир төө курмандыкка чалгандаи сооп
табат...» (Бухари, Жума, 4) деген.
Ардактуу Паигамбарыбыз күн саиын беш маал намаз үчүн алынган даараттан
сырткары, ар бир тамактануунун алдында жана тамактануудан кииин колду жуу
тазалыктын талабы экендигин баса белгилеген. (Тирмизи, Атима, 39)
Ошондои эле тырмак алуу, тиш жуу, сакал-мурутту кыскартып туруу мусулман
баласынан сөзсүз түрдө талап кылынчу иштер болуп саналат. Алланын Элчиси (саллаллаху
алеихи васаллам) мындаи деит: «Мынабул беш нерсе табигыи болуп, паигамбарлардын
сүннөтү: сүннөткө отуруу, колтук жана жыныстык мүчөнүн кылдарын алуу, тырмак
алуу, мурутту кыскартуу» (Бухари, Либас, 63-64)
1. Сүннөткө отуруу (Хитан): Сүннөткө отуруу мусулманчылыктын белгилеринен
бири. Баланы төрөлгөндөн кииин жетинчи күнүнөн тарта балагатка жеткенге чеиин
сүннөткө отургузса болот. Ошону менен бирге баланы «сүннөткө отуруу» түшүнүгүн биле
турган чагында сүннөткө отургузуу абзел. Балагатка жетсе да, сүннөткө отурбаган балдар
же адамдар да сүннөткө отуруулары керек.
Сүннөткө отуруу табигыи муктаждык болуу менен бирге ден-соолукка да паидалуу.
2. Тырмак алуу: Тырмакты манжага зыян бербеи турган таризде, эки жакка ыргып
кетишине этият болуп алуу керек. Тырмакты узарган саиын алып туруу зарыл. Алынган
тырмакты алынган жерине таштап салбоо керек.
Бүгүнкү күнү аиымдар ар кандаи себептер менен тырмактарын өстүрүп келет.
Мунун Ислам адебине дал келбеши ачык-аикын. Тырмактын алдына чогулган кирлер
адамдын ден-соолугуна зыяндуу болушу да жалпыга маалым. Ашканада тамак-аш жасаган
аял кишинин тырмак өстүрүшү өзүнө да, үи-бүлөсүнө да залакасын тиигизиши толук
ыктымал. Азирети Паигамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде мындаи деген:
«Силердин араңарда асман (Кудаиы) кабарлары менен алектенгендер бар. Алар
тырмактарын (жырткыч) канаттуулардын тырмактары сыяктуу өстүрүшөт.
Тырмактарынын түбүнө ыпластык, кир толуп калган» (Ибни Ханбал, V, 427)
3. Колтук кылдарын алуу: Колтук кылдарын сөзсүз түрдө алып туруу кажет.
Колтук кылдарын жулуу, кыруу же дары колдонуу жолдору менен алууга болот. Оң
колтуктан баштоо дурус.
4. Жыныстык мүчөнү тазалоо (Истихдад): Бул жердеги кылдардын узарышы
ыпластыктын себеби болуп саналат. Жогорудагы хадисте белгиленгендеи, бул нерсе да
адам табиятынын талабы.
5. Мурутту кыскартуу: Паигамбарыбыз мурутту үстүңкү эрин толук көрүнүп
турганчалык кыскартууну сунуш кылган. Мурутту оозду жаба тургандаи узартуу дурус
эмес. Ырас, тамактануу учурунда муруттун тамак-ашка аралашуусу терс көрүнүш.
Аалымдар сакал ашкере узарып жагымсыз көрүнүш тартууласа, аны капталынан
жана астынан кыскартуу керектигин аитышкан. Сүннөткө ылаиык сакалдын узундугу бир
тутам. Паигамбарыбыз сакалды бир тутамдан ашыкчасын алууну сунуш кылган
7. Тиш жуу: Алланын Элчиси бул багытта мындаи деген: «Үммөтүмө оор
келбегенде, аларга ар бир намаз убагында мисвак менен тиштерин тазалап турууларын
буиурмакмын» (Бухари, Жума, 8) «Мисвак колдонуу ооздун таза болушуна жана
Жараткандын ыраазылыгына себеп» (Ибни Маажа, Тахарат, 7)
Аиша (Алла ага ыраазы болсун!) мындаи деит:
«Биз Алла Элчисинин (саллаллаху алеихи васаллам) мисвагын жана даарат суусун
кечинде даярдап коер элек. Алла аны түн бир оокумда оиготор эле. Оигоноор замат
мисвак менен тишин тазалап, даарат алып намаз окуи турган» (Муслим, Мусафирин,
139)
Шураих бин Хаани мындаи деит: Азирети Аишадан:
Азирети Паигамбарыбыз үигө келгенде эң биринчи эмне кылаар эле?
– деп сурадым. Ал:
Мисвак менен тишин тазалаар эле – деп жооп каитарды (Муслим, Тахарат, 43-44)
Ариине, бул хадистер тишти таза алып жүрүүнүн канчалык зор мааниге ээ
экендигин ачык-аикын тастыктаит.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
ХАДАСТАН ТАЗАЛАНУУ
Хадастан тазалануу ибадаттарды орундоо үчүн дааратсыз болуу, жунуп, этек кири
жана нифас абалдарынан тазалануу дегенди түшүндүрөт. Жунуп абалы «чоң хадас», ал
эми дааратсыз болуу «кичи хадас» делет. Аял кишиге таандык өзгөчө абалдар (б.а. этек
кири, нифас абалдары) чоң хадаска кирет. Чоң хадастан гусул алуу менен, ал эми кичи
хадастан даарат алуу менен тазалануу керек. Бул «хадастан тазалануу» деп аталат. Суу
табылбаи калган учурларда таиаммум алуу зарыл.
I. ДААРАТ 18
Таза суу менен колду чыканак менен бирге, бетти, томук (кызыл ашык) менен
кошо бутту жуу жана башка масх тартуу түрүндө жүзөгө ашкан өзгөчө тазалык
«даарат» деп аталат.
Маида сүрөсүнүн 6-аятында намазга тураардан мурун даарат алуу зарылчылыгы
тууралуу төмөнкчө буюрулат: «О, ыиман келтиргендер! Намазга турганыңарда
жүзүңөрдү жана колуңарды чыканакка чеиин жуугула, башыңарга масх тарткыла (т.а.
сууланган ным колуңар менен сылагыла), бутуңарды томукка (кызыл ашыкка) чеиин
жуугула». (Маида сүрөсү, 5/6) Азирети Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам)
Паигамбарыбыз да дааратсыз окулган намаздын жараксыз болгондугу жөнүндө бир топ
куттуу хадистеринде аитып кеткен. Ислам аалымдары Куран менен Сүннөткө таянуу менен
намаз окуу үчүн даарат алуу ар бир мусулман адамга парз болгондугун бир пикирден
кабылдашкан.
Даарат – баарыдан мурда ар түрдүү материалдык жана рухании ыплас-кирлерден
оолак болуу үчүн Ислам дини талап кылган өзгөчө мааниге ээ тазалык болуп эсептелет.
Микроптордун көбөиүүсүнө өтө ыңгаилуу жер бул ооз. Ооздон баштап бети-колду жана
бутту күндө беш маал жуунун өзү эле дин Исламдын тазалыкка берген маанисин
аигинелеп турат. Ырас, даараттын негизги максаты – бул Аллага ибадат кылуу үчүн
пенденин рухании жактан даярданышында жатат. Даарат алган адам өзгөчө рухании
жактан өзүн таза жана сергек сезет. Ал мына ушундаи таза сезим менен Аллага ибадат
кылууга турат. Ибадат кылуу максатында жаралган адам баласы берегидеи тазалануу
менен Аллага ибадат кылуудан алган рухии жаназыкты, беипилдикти сөз менен
түшүндүрүү оголе оор.
Даарат алуу менен эки дүинө бактысы талап кылган көптөгөн
жакшылыкартыкчылыктарга ээ болууга болот. Ардактуу Мухаммад (саллаллааху алеихи ва
саллам) Паигамбарыбыз мындаи деит:
«Бир мусулман адам даарат алып жүзүн жууганда жүзү (менен) иштеген бардык
күнөөлөрү, колу-бутун жууганда колу-буту менен кылган бардык катачылыктары суу
тамчылары менен бирге агып кетет да, таптаза болот. А түгүл кирпиктери менен
тырмактарынын түбүндөгү күнөөлөрдөн да эч нерсе калбаит. Даараттын адеп-
шарттары менен даарат алып бүтүп, кыбылага карап: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах,
лаа шариика лаху. Ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расуулуху» деген адам үчүн
беииштин эшиктери ачылат. Ал адам каалаган эшигинен беиишке кирет». (Муслим,
Тахарат, 32, 33; Тирмизи, Тахарат, 2)
Азирети Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) даиыма даарат менен
жүрүүгө өзгөчө көңүл бөлө турган. Андыктан биз дагы Паигамбарыбыздын ак сүннөтүн
аткарып ар даиым даарат менен жүрүүгө аракет кылуубуз абзел.
А. ДААРАТТЫН ПАРЗДАРЫ :19
Даараттын парздары аятта көрсөтүлгөн. Даараттын парздарынан бири аткарылбаса,
анда ал даарат жараксыз болуп эсептелет. Даараттын парздары төртөө. Алар:
1. Бетти жуу. 2. Колду чыканак менен кошо жуу. 3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө
масх тартуу. 4. Бутту томук менен кошо жуу.
Бет: Чач чыккан жерден баштап ээктин астына чеиин жана кулактардын түбүнө
чеиинки аралык бет болуп эсептелет. Сакал менен кулактын ортосундагы түксүз аралык да
бетке кирет. Демек, ал жерди да жууш керек. Эгер сакал коюу болсо сакалды сылап коисо
жетиштүү болот. Мындаи учурда сакалдын астын (терини) жуу зарылчылыгы жок.
Кол чыканак менен кошо жуулат. Манжада шакек болсо, анын алдын жууш керек.
Бутту томук менен кошо жууш керек. Аятта «каабаин» деп эки томуктун аталышы
бутту томук менен кошо жууга ишарат жасаит. Паигамбарыбыз(саллаллааху алеихи ва
саллам) даарат алуу учрунда бутун кылдаттык менен жуубаган бир адамга: «эх-х, ошол
тозок отунда азап тарта турган томуктарга...» деп эскертүү берген (Бухари, Вудуу, 27, 29;
Муслим, Тахара, 25-28). Көптөгөн куттуу хадистерде Паигамбарыбыз даарат алганда
даиыма бутун томуктары менен кошо жуугандыгы аитылат. Мына ошондуктан төрт
укуктук агымдын (ахли сүннөт вал жамаат) аалымдары бутту жуу парз, ал эми жылаңаилак
бутка масх тартуу жараксыз болгондугун бир ооздон кабылдашкан.
Даарат алуу учурунда (жуулушу зарыл мүчөлөрдө) кургак жер калтырбоо кажет.
Сууну териге өткөрбөи турган нерселер дааратка терс таасирин тиигизет. Бирок,
кандаидыр бир үзүр-себептен улам сууну териге өткөзбөгөн нерселер дааратка зыян
бербеит. Маселен, иштеген жумушунан улам даарат алуу учурунда сууну териге
өктөрбөгөн нерселерди (м: боек) алгач мүмкүнчүлүктүн жетишинче кетирүүгө аракет
кылуу кажет. Эгер териге жабышып калган боек толук кетпесе, ашкере кыиналуунун
кажети жок. Буга малярларды (боекчулар), усталарды мисал келтирүүгө болот.
Б. ДААРАТТЫН СҮННӨТТӨРҮ:20
1. Дааратты «Бисмиллах» менен баштоо.
2. Даарат алууга ниет кылуу.
3. Колду билекке чеиин үч жолу жуу.
4. Мазмаза жана истиншак. Мазмаза – бул оозго суу алып чаикоо. Истиншак –
мурунга суу алуу.
5. (Мисвак менен) тишти жуу. 6. Даарат мүчөлөрүн аятта аитылган ирээти боюнча
жуу. 7. Дааратты оң жактан баштоо. 8. Даарат мүчөлөрүн үч жолудан жуу. 9. Колу-бутту
манжалардын учунан баштап жуу. 10. Манжаларды салаалоо. Манжалардын араларын
жышуу. 11. Сууну муруттун, каштын астына чеиин жеткирүү.
12. Башка толук масх тартуу. Эки кол суулангандан кииин үч манжаны (чыпалак,
аты жок жана ортон манжаларды) учма-уч келтирип, маңдаидан артты көздөи тартып,
алакан менен каира желке жактан астыга караи (баштын каптал тарабын) сылоо менен
башка толук масх тартылган болот.
13. Кулакка жана моюнга масх тартуу. Кээ бир жазма булактарда моюнга масх
тартуу мустахап болуп эсептелет.21
14. Даарат мүчөлөрүн жышып жуу. 15. Даарат мүчөлөрүн (биринен сала бирин)
үзгүлтүксүз жуу.
В. ДААРАТТЫН АДЕП-ТАРТИБИ :22
Даараттын парз-сүннөттөрүнүн дагы да толук болушу үчүн зарыл жагдаилар
«даараттын адептери» деп аталат. Даараттын негизги адептери төмөнкүлөр:
1. Мүмкүн болсо, даарат алуу учурунда кыбылага бет алуу.
2. Даарат учурунда сууну этият колдонуу. Сууну кииимге чачыратпоого аракет
кылуу.
3. Адам менен сүилөшпөө.
4. Даарат алууда (себепсиз) бирөөдөн жардам сурабоо.
5. Оозго оң кол менен суу алуу.
6. Мурунга оң кол менен суу алып, сол кол менен чимкирүү
6. Сууну ысырап кылбоо.
7. Даарат алгандан кииин «Ашхаду ан лаа илааха иллаллах, ва ашхаду анна
Мухаммадан абдуху ва расуулуху» деп шахадат келмесин аитуу.
8. Таза жерде даарат алуу.
Г. ДААРАТТЫН АЛЫНЫШЫ:
Даарат ала турган адам алгач даарат алууга ниет кылат. Андан соң «Бисмиллаахир-
Рахмаанир-Рахиим» деп, эки колун билекке чеиин жууит. Үч жолу оң колу менен менен
оозуна суу алып чаикап, каира түкүрөт. Андан кииин үч жолу оң колу менен мурунга суу
алып, сол колу менен чимкирет. Кииин үч жолу бетин жууит. Эгер сакалы болсо
манжаларын сакалынын арасына киргизип, сакалын салаалаит. Алгач оң, андан кииин сол
колун чыканактары менен кошо үч жолу жууит. Андан соң башына, кулактарына жана
моинуна масх тартат. Сол колу менен бутун манжаларынын учтарынан баштап томукту
кошо үч жолу жууит. Мында да алгач оң бут, анан сол бут жуулат. Бут манжаларынын
салааларында кургак жер калбашы керек. Анүчүн бут манжаларынын салааларын
жакшылап жуу зарыл. Даарат алып бүткөндөн кииин күбөлүк (шахадат) келмесин аитуу
абзел.
Д. ДААРАТТЫ ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА АЛЫП КЕЛГЕН ЖАГДАИЛАР:
Төмөнкү учурларда даарат бузулат:23
1. Заң, заара, урук суюктуктары (сперм, мази сыяктуу), кан жана башка ушул
нерселер сыяктуу ыплас нерселердин чыгышы дааратты жараксыз абалга алып келет.
Ошондои эле желдин чыгышы да дааратты бузат.
2. Дененин тигил же бул жеринен кан, ириң сыяктуу нерселердин чыгып
жаиылышы дааратты бузат. Мындаи нерселер чыккан жеринин тегерегине жаиылбаса
(тарабаса) даарат бузулбаит. Ооздон чыккан кан түкүрүк менен бирдеи, же түкүрүктөн көп
болсо дааратты бузат. Эгер андан аз болсо даарат бузулбаит.
3. Ооз толо кусуу. Аз-аздан болсо да удаама-удаа келген кусундулар ооз толо
турган өлчөмгө жетсе, дааратты бузат.
4. Эстен тануу, акылдан ажыроо, мас болуу жана уктоо. Мындаи абалдарда даарат
бузулат. Эч нерсе билбеи калгандаи уикуга кирбестен, бираз көзү илинип кеткен адам
даараты бузулбаганына кескин түрдө ишенсе, даараты бузулбаган болот. Ошондои эле
намаз учурундагы уикусуроолор да дааратты бузбаит. Анткени, намазда туруунун өзү эле
даараттын бузулбашына шарт түзөт. Бирок ошону менен катар өзүн билбеи кала турган
даражада уктап калган адамдын даараты бузулган болот.
5. Намаз учурунда жанындагы адамга угула тургандаи үн менен күлгөн адамдын
даараты бузулат. Куттуу хадистердин биринде, намазда күлгөн адамдын каирадан даарат
алып, намаз окушу талап кылынган.
6. Жыныстык катнашта болуу.
7. Дааратка тиешелүү үзүр абалдарынын аякташы. Демек, таиаммум алган адам суу
көрсө, же тапса, ошондои эле, маасыга тартылган масхтын мөөнөтү бүтсө, даарат бузулган
болот.
8. Аял кишинин көз жарышы (бала төрөшү).
Ж. ДААРАТТЫН МАКИРӨӨЛӨРҮ
Дааратты жараксыз кылбаса да, орундуу болбогон (жакшы эмес) нерселер
даараттын макирөөлөрү болуп саналат. Аларды төмөнкүчө тизмелөөгө болот (булар
«танзихан-жеңил» макирөөлөр):24
1. Даарат учурунда ашыкча суу колдонуу, сууну ысырап кылуу. 2. Сууну бетке чаап
жуу.
3. Даарат алуу учурунда муктаждык болбосо да, бирөөдөн жардам суроо. 4. Таза
эмес, ыплас жерлерде даарат алуу. 5. Орозо учурунда ооз-мурунга суу алууда этиятсыз
аракет кылуу
З. ҮЗҮРЛҮҮ (себептүү) АДАМДЫН ДААРАТЫ
Тигил же бул намаз убагынын аралыгында дааратты бузуучу нерселерден бири
үзгүлтүксүз келип турса, анда ал адам үзүрлүү болуп эсептелет. Маселен, буга зааранын
тез-тезден келиши, жаранын тез-тез канап турушу, аял кишиден аиыз (этек кири) жана
нифас (төрөттөн кииин келе турган кан) абалдарынан сырткаркы учурларда токтобои
келген суюктугу сыяктуу абалдарды мисал келтирүүгө болот. Мына ушундаи үзүрлүү адам
тигил же бул намаздын убагы киргенде даарат алса, ошол намаздын убагы чыкканга чеиин
даараттуу болуп эсептелет. Бул жерде эскерте кетчү жагдаи, ал адамдан үзүрүнөн (м:
заарадан) сырткары дааратты буза турган нерселер чыга турган болсо, даарат бузулган
болот.25
Үзүрлүү адам даарат алган соң (намаз убагы чыкканга чеиин) каалаганынча парз,
важип жана напил намаздарын окуса болот. Ошондои эле ал Каабаны таваф кыла да,
Куранды колго алып кармаи да алат.
И. ӨКҮМ ӨҢҮТҮНӨН ДААРАТТЫН ТҮРЛӨРҮ:
1. Парз болгон даарат:
Намаз окуи турган адам даараты жок болсо даарат алышы парз. Ошондои эле
тилават саждасына жыгыла турган адам үчүн даарат талап кылынат.
Ыиык Куранды колго алып кармаи турган адам үчүн да даарат алуу парз болуп
эсептелет.
2. Важип болгон даарат:
Каабаны таваф кылуу үчүн даарат алуу Имам Азам агымы боюнча, важип болуп
эсептелет.
3. Мандуп болгон даарат:
Даиыма даарат менен жүрүү
Ошондои эле азан жана коомат аитуу үчүн да даарат алуу
Даараты болсо да, ар бир намаз үчүн өзүнчө даарат алуу мандуп болуп эсептелет.
4. Даарат алгандан кииин ибадат кылбаи жана эч кандаи зарылчылыкболбои туруп
каирадан даарат алуу аалымдар тарабынан танзихан макирөө катары кабылданат.
5. Уурдалып, же каракталып алынган суу менен даарат алуу «арам» болоорун
аиткан аалымдар бар.
К.ДААРАТТЫ ЖАРАКСЫЗАБАЛГААЛЫПКЕЛБЕГЕН ЖАГДАИЛАР
Ыилаганда, же күлгөн кезде көздөн чыккан жаш Жарадан чыкпаган кан же ириң
Жаранын кургап калган кабыгынын түшүшү Ооз толо болбогон аз кусунду
Чиркеи, бит, бүргө сыяктуу маида жандыктардын чагышы
Эркек адам менен аялдын бири-бирине денелеринин тиииши дааратты бузбаит.
Тырмак алуу
Кырынуу (сакал-мурут алуу).
Жыныстык мүчөнү кармоо
Ооздо же мурунда калып калган уюган кандын түкүрөккө аралашып чыгышы.
II МААСЫГА МАСХ ТАРТУУ
Ислам дини даарат алууда мусулман баласына жеңилдик көрсөтүү максатында
белгилүү мөөнөт аралыгы үчүн маасыга масх тартууга уруксат берген.26
Масх – бул тигил же бул нерсени кол менен сылоо, аарчуу дегенди билдирет.
Маасы тери же тери сыяктуу нерселерден жасалган, асыресе, бутту томук менен
кошо жаап турган, суу өткөрбөгөн жана жерге коигон учурда өз алдынча тура алган бышык
бут кииим болуп эсептелет. Томук менен бирге бутту жаап турган өтүк, ботинка сыяктуу
бут кииимдер да маасы өкүмүнө кирет. Ырас, сыртта кииилчү өтүк сыяктуу бут
кииимдерге масх тартып, аны менен намаз окуу үчүн андагы ыпластыктарды шариятка
ылаиык келген таризде тазалоо кажет. Алибетте, андагы ыпластыктарды кетирбеи туруп
ага масх тартуу менен намаз окуу туура эмес.
Маасыны жана анын өкүмүндөгү бут кииимдерди даарат алган соң кииип ага
белгиленген убакытка чеиин масх тартууга болот.
Маасыга буттун учунан жогоруну көздөи (томуктардын тушуна чеиин) ным кол
менен сүртүү – «маасыга масх тартуу» деп аталат. Имам Азам аалымдарынын пикири
боюнча, масхтын эң аз өлчөмү эң кичине үч манжанын көлөмүнчөлүк жерди нымдоо
болуп эсептелет. Маасынын мына ушунчалык жерин нымдоо менен маасыга масх
тартуунун парзы орундалган болот.
Жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз эмес өлчөмдө маасынын үстүнө суу төгүү,
маасынын капталына масх тартуу, ошондои эле кол менен эмес, башка нерселер менен
масх тартуу мүмкүн болсо да, сүннөткө туура келбеит.
Маасынын таманына масх тарылбаит. Масх тартуу учурунда манжалардын ачык
болушу, масхты кол менен тартуу, маасыны буттун учунан жогоруну көздөи нымдоо
сүннөт болуп эсептелет.
А. МААСЫГА МАСХ ТАРТУУНУН ШАРТТАРЫ
1. Маасыны даарат алган соң кииүү. Кандаидыр бир үзүрдүн (мисалы, жаранын)
аиынан бутка таңуу таңылган болуп, ага (таңууга) масх тартылган болсо да, анын үстүнөн
маасы кииүүгө уруксат берилет.
2. Маасы бутту томук менен кошо жаап турушу керек.
3. Маасы же маасынын өкүмүндөгү буткииимдер бышык нерседен жасалган болушу
кажет. Бышык болушу аны менен жол жүргөндө эң азынан алты (6) километрге чеиин
чыдашы (жыртылбашы) менен өлчөнөт.
4. Маасы сууну өткөрбөөгө тиииш.
5. Маасыда буттун эң кичине үч манжасы бата турганчалык өлчөмдө тешик
болбошу керек. Тигил же бул маасынын ар каисы жериндеги тешиктерди кошкон учурда үч
манжа бата турганчалык өлчөмгө жетсе, ал маасыга масх тартууга уруксат берилбеит. Бул
учурда бир жуп маасынын (б.а. эки маасынын) тешиги бири-бирине кошулуп эсептелбеит.
6. Бир бутту жууп, ал эми экинчи бутка масх тартууга болбоит. Бир буту жок адам
бир бутуна маасы кииип, масх тартат.
7. Маасынын алды жагынан эң азынан колдун эң кичине үч манжасынчалык жери
бүтүн болушу зарыл. Алды жагы жок, бирок согончок тарабы бар (бүтүн) маасыларга масх
тартылбаит.
Б. МАСХТЫН МӨӨНӨТҮ
1. Жолоочу эмес (муким) адамдар үчүн маасыга тартылган масхтын мөөнөтү бир
сутка (24 саат).
2. Жолоочу адамдар үчүн маасыга тартылган масхтын мөөнөтү үч сутка (72 саат).
Береги мөөнөттөр маасы бутка кииилген учурдан башталбаит. Маасыны бутка
кииген соң даарат бузулган учурдан кииин башталат.
Муким адам сапарга чыкса, сапар өкүмүнө баш ииет, масх мөөнөтүн үч күнгө
узартат. Жолоочу адам үиүнө каиткан соң, маасысына масх тарткандан кииин 24 саат өтсө,
масхтын мөөнөтү бүткөн болот.
В. МАСХТЫ ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА АЛЫП КЕЛГЕН ЖАГДАИЛАР
1. Дааратты жараксыз абалга алып келген жагдаилар масхты да бузат. Бирок бул
учурда масхтын мөөнөтү бүтө элек болсо, жаңыдан даарат алган кезде маасыны чечпеи
(бутту жуубаи) туруп ага (маасыга) масх тартуу жетиштүү болот.
2. Масх тартылган маасыны чечүү масхты жараксыз абалга алып келет. Маасыга
масх тарткан адам даараты бар кезинде маасысын чечсе, жана эки бутун жууса, анын
даараты бузулбаит. Ал эми бул учурда бутун жуубаса, даараты жараксыз болуп эсептелет.
3. Масх мөөнөтүнүн аякташы. Бул учурда даарат алып, бутту жууп, каира маасыны
кииүүгө болот. Эгер масхтын мөөнөтү аяктаган кезде даарат болсо, тек гана эки бутту жууп
коисо, даарат бузулган болбоит.
4. Маасынын ичине кирген суу бир буттун жарымынан көбүн суу кылса, масх
жараксыз абалга келет.
Г. ТАҢУУГА МАСХ ТАРТУУ 27
Кандаидыр бир жаранын аиынан таңуу таңылган мүчөнү суу менен жууган кезде,
терс таасирин тиигизип, жараны ырбатып күчөтө турган болсо, анда даарат же гусул
алганда таңууга масх тартып коисо болот. Таңууга толук боидон эмес, көпчүлүк бөлүгүнө
масх тартуу жетиштүү. Эгер таңууга масх тартуу да жарага зыян алып келе турган болсо,
анда ага масх тартпаса да болот. Асыресе, үзүр абалы бүткөнгө (жара аиыкканга) чеиин
таңууга масх тартып жүрүүгө уруксат берилет. Таңууну даарат алган соң гана таңуу кажет
деген шарт жок. Жара аиыккан соң таңууну алуу менен масх да жараксыз абалга келет. Бул
учурда каирадан даарат алуу зарылчылыгы бар.
III. ГУСУЛ 28
«Гусул» сөзү «бир нерсени суу менен жуу» деген маанини туюндурат. Ал эми фикх
илиминде «гусул – бул ооз менен мурунга суу алып, тулку боиду толугу менен жуу»
дегенди түшүндүрөт.
Ыиык Куранда: «Эгер жунуп болсоңор, толук тазалангыла (жуунгула)!» (Маида
сүрөсү, 6) деп буюрулат. Бакара сүрөсүнүн 222-аятында аялдардын этек кири токтоп, таза
болмоюнча алар менен жыныстык катнашта болбоого буирук кылынган. Ошондои эле бул
аятта аял кишиге этек киринен кииин гусул алуу зарылчылыгы белгиленет.
А. ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ 29
1. Мазмаза: оозду тамакка чеиин чаикоо.
2. Истиншак: мурунга каңылжаарга чеиин суу алуу.
3. Тулку боиду бир да кургак жер калтырбаи жуу.
Гусул алууда суу чач, сакал, мурут жана каштын астына чеиин жетиши керек.
Аял киши да өрүлгөн чачынын түбүнө чеиин суу жеткириши керек. Өрүлгөн узун
чачты жандыруунун кажети жок.
Гусул алуу учурунда тигил же бул мүчөгө таңылган таңуу чечилген чакта, ооруга
(м: жарага) зыян алып келе турган болсо, таңууну чечпеи тазаланыпжуунууга уруксат
берилет. Б. ГУСУЛДУН АЛЫНЫШЫ ЖАНА АНЫН АДЕП-ТАРТИБИ
Тигил же бул ибадаттын толук кандуу кабылданышы үчүн аны адеп-тартибине
ылаиык аткаруу зарылчылыгы бар. Сүннөт-адептери менен аткарылган ибадаттарда кемтик
болбоит. Бул учурда мусулман адам ибадат милдетин так жана толук орундатып, анын
жоопкерчилигинен кутулган болот. Ал эми адептерине ылаиык аткарылбаган ибадаттардын
парз-важиптеринде кемчилик кетиши ыктымал. Ошондуктан ар бир ибадатты адептерине
ылаиык аткаруу абзел.
Гусул ниет кылуу менен башталат. Ниет кылган соң купуя (ичтен) «Бисмиллахир-
Рахмаанир-Рахиим» деп аитып, колду жана аврат (уяттуу) жерлерди жуу керек. Андан
кииин кадимкидеи даарат алып, андан соң башка, алгач оң, андан кииин сол ииинге суу
төгүп жуунуу зарыл. Дененин бир да жериндекургак жер калбашы кажет. Ошондуктан
өзгөчө буттун манжаларынын салааларын, киндикти, кулакты, аял киши кулакка тагылган
сөикө тешиктерин жакшылап жууганга аракет кылуу керек.
Гусул алуу учурунда сууну ысырап колдонбоо зарыл. Бул учурда аврат жерлерди
жабык тутуу дурус.
Мончо, көлмө, көл сыяктуу коомдук (адамдар көп жүрчү) жаиларда авратты жаап
жүрүү парз болуп эсептелет. Ошондуктан мындаи жаиларда авратты жаап, ачылып кетүү
ыктымалынан улам башка бирөөнүн аврат жерлерин карабоо кажет. Эгер бул жаиларда
адамдар жылаңач түшсө, ал жерге барбоо зарыл. Аирыкча эркек-аял аралаш жүргөн
пляждардан мусулман баласы оолак болууга тиииш. Мусулман адам арам ишке барбаганы
сыңары, арам иштер жүзөгө ашкан жерлерге да жакын жолобошу кажет.
Гусул алуу жери таза болушу керек. Мончо, көлмө сыяктуу жаилар санитардык
эрежелерге толук жооп бериши кажет. Сууну микропторго каршы дарылоо зарыл.
Жугуштуу оорусу бар адамдар мындаи жаиларга келбеши керек. Анткени эч ким башка
бирөөнүн ден-соолугуна зыян келтирүүгө укугу жок.
В. ГУСУЛ АЛУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАИЛАР
Төмөнкү жагдаилар гусул алуу зарылчылыгын талап кылат: жунуп болуу, этек кири
жана нифас абалдарынын аякташы.
1. Жунуп болуу
Жунуп болуу – бул жыныстык катнаш же дүүлүгүү менен бел суусунун (спермдин
атылып) чыгышы аркылуу паида болгон ыпластык абал болуп эсептелет. Мусулман адам
мындаи учурда аирым бир ибадаттарды аткара албаит. Шариятта жунуп болгон адамдын
денеси, оозу, түкүрүгү жана ал ичкенден кииин артып калган суу таза болуп эсептелет.
Жыныстык катнашта болгон аял-эркектен мани (б.а.сперм) келсе да, келбесе да
экөө тең жунуп болушат.
Эркектен же аялдан дүүлүгүү менен манинин (сперм) чыгышы аларды жунуп кылат.
Бул абал (дүүлүгүү менен спермдин чыгышы) уику маалында болсо да, оигоо учурда болсо
да жыиынтыкты өзгөртпөит.
Уикудан оигонгон кезде денесинен бел суу көргөн адам гусул алышы кажет.
Ошондои эле түшүндө жунуп болгонун көргөн адам оигонгон кезде денесинен бел суунун
эч кандаи белгисин (нымдуулук же так) көрбөсө, анда гусул алуунун кажети жок.
Жунуп болгон адамга уруксат берилбеген иштер :30
Жунуп болгон адамга парз же напил намаз окууга, тилават саждасына жыгылууга,
Куранды колго алууга, Куран окууга, себепсиз мечитке кирүүгө жана мечитте отурууга
уруксат берилбеит.
Жунуп болгон адам мүмкүнчүлүгүнүн болушунча эртерээк гусул алганы дурус.
Тигил же бул намаздын убагы чыкканга чеиин гусул албоо арам болуп эсептелет.
2. Аиыз же нифас абалынын бүтүшү.
Аиыз (этек кири) же нифас (төрөттөн кииинки) абалдарынын бүтүшү менен же
болбосо бул абалдар үчүн белгиленген эң узун мөөнөттүн аякташы менен аял киши гусул
алышы зарыл.
Имам Азам агымы боюнча, аиыздын эң узун мөөнөтү 10 күн, ал эми нифас
абалынын эң узун мөөнөтү 40 күн. Мына ушул мөөнөттөрдүн аякташы менен аял киши
үчүн гусул алуу парз болуп эсептелет. Бул мөөнөттөр аяктаса да, токтобогон кан
«истихаза» (ооруу, үзүрлүү) деп аталат. Мындаи абалдагы аял үзүрлүү адамга тиешелүү
болгон өкүмдөргө баш ииет.
Аиыз же нифас абалындагы аялга баиланышкан өкүмдөр жунуп болгон адамга
баиланышкан өкүмдөр менен бирдеи (окшош).
Аиыз же нифас абалында болгон аял намаз окуи албаит, орозо да кармабаит.
Аиыз же нифас маалында жыныстык катнашта болуу арам болуп эсептелет.
Аиыз жана нифас абалдары жөнүндө «таиаммум» темасынан кииин дагы
кененирээк токтолобуз.
Г. ГУСУЛГА БАИЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР
Шеииттерден сырткары көз жумган мусулман маркумдарды жуу парз-ы кифая
болуп эсептелет. Бул адам баласына көрсөтүлгөн урмат-сыидын белгиси.
Жаңы мусулман болгон адам эгер жунуп болсо, анын гусул алышы парз. Бул
багытта бардык Ислам аалымдары бир пикирде. Ал эми жунуп болбосо, анда Имам Азам
агымы боюнча, ал үчүн гусул алуу мандуп болсо да, ар кандаи күмөн-шектерге карата ал
адамдын гусул алышы керек.
Жума жана аит намаздарына гусул алып баруу, ошондои эле ажылыкка же умрага
ниет кылып ихрамга кирээрде жана Арафатта туруу (вакфа) үчүн гусул алуу сүннөт болуп
эсептелет.
Ыиык жерлерге барганда куттуу түндөрдү ибадат менен өткөрүү, тооба кылып
кечирим тилөө сыяктуу жакшы иштерден мурун гусул алуу мустахап.
Демек, береги мисалдардан баикалгандаи мусулман баласы гусул алуу талап
кылынбаган учурларда да гусул алып, жуунуп-тазаланып турушу керек.
IV. ТАИАММУМ
Таиаммум – бул даарат же гусул алуу үчүн суу табылбаган кезде, же суу болсо да
аны колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда таза топуракка урулган кол менен бетти
жана чыканакка чеиин эки колду сылоо жолу менен аткарылган тазалык.31
Таиаммум төмөнкү учурларда алынат: Даарат же гусул алуу үчүн суунун жок
болушу. Даарат же гусул алган кезде суунун ден-соолукка зыян бериши.
А. ТАИАММУМДУН ПАРЗДАРЫ
1. Таиаммум алууга ниет кылуу шарт. 2. Колду топуракка коюп, бетке масх тартуу.
3. Колду топуракка коюп, чыканак менен кошо эки колго масх тартуу.
Б. ТАИАММУМДУН АЛЫНЫШЫ
Алгач таяммум алууга ниет кылып «Бисмилла»ны аитуу керек. Колду топуракка
коюп, ары-бери сүрүп, колго жуккан ашыкча чаңды түшүрүү үчүн эки колду бир-бирине
акырын уруп бир жолу бетке масх тартуу (сылоо) керек. Андан кииин дагы бир жолу колду
топуракка коюп, сол колдун ичи менен оң колго, каира оң колдун ичи менен чыканакты
кошо сол колго масх тартуу зарыл. Манжалардын ортолоруна да масх тартуу керек.
Ошентип таяммум алынган болот.
Ханафи (Имам Азам) агымы боюнча, намаздын убагы киргенге чеиин таиаммум
алса болот.
Таиаммумду буза турган жагдаи болбосо, таиаммум алган адам каалаганынча намаз
окуи алат.
В. ТАИАММУМДУ ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА АЛЫП КЕЛГЕН ЖАГДАИЛАР:
1. Дааратты буза турган нерселер таиаммумду да жараксыз абалга алып келет.
2. Суу колдонууга тоскоол болгон үзүрдүн аякташы таиаммумду бузат.
3. Таиаммум алган киши намаз окуганга чеиин, же намаз окуу учурунда суу келсе,
же суу колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анда ал адамдын таиаммуму жараксыз абалга
келген болот.
V. АЯЛЗАТЫНА ТИЕШЕЛҮҮ ӨЗГӨЧӨ АБАЛДАР
Аялзаты физиологиялык жактан эркек адамдан бир катар аиырмачылыктары менен
өзгөчөлөнөт. Аялзатынын мына ошол физиологиялык аиырмачылыктары аял кишиден
аирым бир өзгөчө өкүмдөргө баш ииүүсүн талап кылат. Бул өкүмдөрдү ар бир мусулман
аялзаты билүүгө тиииш. Аялзатына таандык өзгөчө абалдар аиыз (этек кири), нифас жана
истихаза абалдары болуп эсептелет. Булар намаз, орозо, ажылык, Куран окуу, жыныстык
катнаш жана ажырашуу (талак) маселелери менен тыгыз баиланышта болгондуктан бул
маселелерге баиланышкан өкүмдөрдү билүү кажет.
А. АИЫЗ (ЭТЕК КИРИ) 32
Аиыз бул балагатка жеткен аялзатынан аи саиын белгилүү түрдө келип туруучу этек
кири. Бул абал балагат жашынан баштап климакс учуруна (этек киринин келбеи
калышына) чеиин уланат.
Аялзатынан этек кири келген учуру «аиыз абалы», ал эми мындан тышкаркы
учурлары «тазалык учуру» деп аталат.
Кыз бала эң эрте 9 жашынан баштап этек кирине тушугат. Ал негизинен 11-13 жаш
аралыгында аиыз көрөт. Этек кири болжолдуу түрдө 50 жаштардын тегерегинде келбеи
калат. Булар аял кишиге жараша өзгөрөт.
Этек кири келе баштаган кыз балагатка жеткен болуп эсептелет.
Имам Азамы агымы боюнча, этек киринин эң кыска мөөнөтү 3, ал эми эң узун
мөөнөтү 10 күн. Этек киринин мөөнөтү ар бир аялда ар башкача болот. Ошондуктан ар бир
аялзаты этек кири келген күндөрүн туура эсептөөгө кылдат мамиле жасашы кажет.
3 күнгө жетпеген, же 10 күндөн кииин келген кандар аиыз (этек кири)эмес,
«истихаза» (оору) каны болуп эсептелет. Мындаи абалдагы аял киши үзүрлүү адамга
тиешелүү өкүмдөргө баш ииет.
Б. ЭТЕК КИРИНЕ БАИЛАНЫШКАН ӨКҮМДӨР
Этек кири келген аял намаз окуганга болбоит жана орозо да кармаи албаит. Бул
маселе боюнча бардык Ислам аалымдары бир пикирде. Аял киши этек кири келген учурда
окубаган намаздарынын казасын окубаит. Бирок кармалбаи калган орозонун казасын
кармоого тиииш (парз).
Ажылык учурунда этек кири келген аял бир гана Каабаны таваф кыла албаит.
Ажылыктын рукуну (парзы) болуп эсептелген зыярат тавафын орундатуу үчүн этек кири
токтогонго чеиин Меккеде болушу керек. Имам Азам агымы боюнча, этек кири келген аял
парз болуп эсептелген зыярат тавафын орундата турган болсо, тавафы орундалган (сахих-
жарамдуу) болот. Бирок, мындаи учурда жаза иретинде бир бодо мал курмандыкка чалуу
зарылчылыгы туулат.
Этек кири келген аял Куранга кол тиигизе да, окуи да албаит. Бирок, Курандан сабак
алгандар аят сөздөрүн бир-бирден бөлүп аитып үирөнүшсө болот.
Эч бир себепсиз мечитке кире албаит.
Этек кири учурунда аял киши (жубаиы) менен жыныстык катнашта болуу арам. Аял
киши этек кири токтогон соң жуунуп тазаланганга чеиин же этек кири токтогондон кииин
бир намаздын убактысы өткөнгө чеиин жыныстык катнашка кирүүгө болбоит.
Этек кири токтогон аялдын гусул алуусу парз болуп эсептелет.
В. НИФАС
Нифас – бул төрөттөн кииин, же болбосо буту-колу сыяктуу органдары билинип
калган баласы боюнан түшүп калган аял кишиден келген кан. Бул «нифас абалы» деп
аталат.33
Имам Азам агымы боюнча, нифастын эң узун мөөнөтү 40 күн. Бул мөөнөттүн
аралыгында кан келбеи калган учурлар да нифас абалына кирет.
40 күнгө чеиин эле кан токтои турган болсо, нифас абалы соңуна чыккан болот.
Намаз, орозо сыяктуу маселелерде нифаска баиланышкан өкүмдөр этек киринин
өкүмдөрү менен бирдеи. Башкача аитканда, нифас абалындагы аял этек кири келген аял
кишиге тиешелүү өкүмдөргө баш ииет.
Г. ИСТИХАЗА 34
Этек кири жана нифас учурларынан сырткары аирым бир физиологиялык оору-
сыркоолордон улам келген кан «истихаза» деп аталат. Аял кишинин бул абалы мурундун
үзгүлтүксүз канашы же зааранын тез-тез келип турушу сыяктуу «үзүр» болуп эсептелет.
Истихаза абалындагы аял киши ар бир парз намаз үчүн өз-өзүнчө даарат алат. Ал даарат
алган соң кииинки парз намаздын убагы киргенге чеиин үзүр (истихаза) абалынан
сырткары дааратты буза турган жагдаи жүзөгө ашпаса, каалаганынча напил намаз окуп
ибадат кыла алат. Бул учурда үзүр абалынан сырткары дааратты буза турган жагдаи жүзөгө
ашса (маселен; муруну канаса), анда даараты бузулган болот.
VI. НАЖАСАТ ЖАНА ХАДАС ЫПЛАСТЫКТАРЫН ТАЗАЛОО ӨҢҮТҮНӨН
СУУ 35
Суу адам баласынын күнүмдүк турмушунда эң иридеги муктаждыгы болуу менен
бирге тазалыктын негизги каражаты экендигинде талаш жок. Ыиык Куранда суу Жараткан
Алланын киши баласына болгон өзгөчө жакшылыгы катары төмөнкүчө баса белгиленет:
«Ал (Жараткан Алла) силерге жерди төшөк-килем кылып төшөдү. Асманды куруп
(көтөрүп) коиду. Асмандан суу (жаан) жаадыруу менен силерге ырыскы болсун деп мөмө-
жемиштерди өстүрдү. (Ошондуктан) билип туруп өзгөлөрдү Аллага шерик кошпогула
(Ага теңебегиле!)». (Бакара сүрөсү, 22)
«Ал Өз ыракымынын (жамгырынын) алдынан (кубанычтуу) куш кабар кылып
шамалды жөнөтөт. Биз өлүк (эч нерсе өспөгөн) жерлерди тирилтүү үчүн, ошондои эле
Өзүбүз жараткан сан түркүн жаныбарларга жана адамдарга суу ыроолоо үчүн
асмандан таза суу (жаан) жаадырдык». (Фуркан сүрөсү, 48-49)
Суунун тазалоочу өзгөчөлүгүн куттуу хадистерден да баикоого болот. Хадистердин
биринде төмөнкү окуя баяндалат: «Деңиз суусуна даарат алса болобу?» деп сураган
сахабанын суроосуна Азирети Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам): «Деңиздин
суусу таза жана (деңизде жашаган балыктардын) өлүгү да адал» деп жооп берген.36
Суу таза жана тазалоочу өзгөчөлүккө ээ болуу өңүтүнөн эки топко бөлүнөт:
А. КАДИМКИ СУУ 37
Табигыи өзгөчөлүгүн сактаган жана эч нерсеге аралашпаган (аралашмасыз) суу
фикх китептеринде «ал-Мааул-мутлак» б.а. «таза суу» деп аталат. Буга жамгырдын,
деңиздин, көлдүн, дарыянын, булактын жана кудуктун суулары кирет.
Суунун өзүнө таандык үч өзгөчөлүгү, эки касиети (табияты) бар. Үч өзгөчөлүгү
булар түсү, жыты жана даамы. Ал эми суунун агуучулугу жана суюктугу анын касиетине
кирет.
Шариятта суунун таза болушу жана тазалоочу өзгөчөлүгү негизги ролду оиноит.
Суунун таза болушу бул анын тамак-аш жана материалдык тазалык үчүн колдонулушун
шарттаит. Ал эми тазалоочу өзгөчөлүккө ээ болушу даарат-гусулдун жарамдуулугуна шарт
түзөт.
Таза жана тазалоочу өзгөчөлүгүнө караи суу үч түргө бөлүнөт:
1. Таза жана тазалоочу суулар: Буга эч нерсе аралашпаган кадимки таза суулар
кирет. Маселен, дарыянын, кудуктун, жамгырдын суусу сыяктуу.
2. Кир суулар. Буга ичине ыплас нерселер түшкөн аз өлчөмдөгү суулар, асыресе,
ичине ыплас нерсе түшкөндүгү себептүү суунун түсү өзгөрүп, же жыттанып, же болбосо
даамы бузулган агын суулар жана көлмөлөр кирет. Ошондои эле шариат боюнча эти
желбеген (мисалы ит, карышкыр, чочко сыяктуу) жаныбалардын шилекеилери түшкөн суу
да ыплас болуп эсептелет. Кир суулар тазалоочу өзгөчөлүгүнө да ээ эмес.
3. Таза болсо да, даарат-гусул алууга болбои турган ( б.а. хадасты кетире албаган)
суулар. Буга даараттан же гусулдан калган суулар кирет. Мындаи суулар «ал-мааул-
мустамал» б.а. «колдонулган суу» деп аталат.
Б. АРТКАН СУУЛАР 38
Бул жерде «арткан суулар» дегенде адам же жаныбарлар ичкен суунун калдыгы
максат кылынат.
Адам ичкен суунун калдыгы таза болуп эсептелет. Ал эми жаныбар ичкен суунун
калдыгы менен даарат, же гусул алууга болуп-болбошу аалымдар ортосунда талаш маселе
болгон. Жаныбарлардан арткан суулар төмөнкү тартипте жаигаштырылган:
1. Ат, уи, төө, кои, эчки сыяктуу эти желген үи жаныбарларынан арткан суу таза
жана мындаи суулар менен даарат алса болот. Тоок булардын катарынакирбеит. Ошондои
эле бүркүт, ителги сыяктуу жырткыч куштардан сырткаркы канаттуулардан арткан суу да
таза жана аны менен даарат-гусул алууга болот.
2. Бүркүт, ителги, турумтаи сыяктуу жырткыч куштардан арткан сууга даарат алууга
мүмкүн болсо да, (ага даарат алуу) танзихан макирөө болуп эсептелет. Мышыктан,
чычкандан жана курт-кумурскалардан арткан суу таза жана тазалоочу суу болуп эсептелет.
Мындаи сууларды тазалык иштерине да, даарат-гусулга да колдонсо болот.
3. Эшек же качыр ичкен суунун калдыгы ыплас эмес. Бирок, мындаи сууну даарат-
гусулга колдонуу күмөндүү болуп эсептелет. Ошондуктан таза суу табылбаи калган учурда
мындаи сууга даарат же гусул алгандан кииин артынан таиаммум алуу керек.
4. Иттен жана эти желбеген жаныбарлардан арткан суу ыплас болуп эсептелет.
Мындаи суулар менен даарат да, гусул да алууга болбоит.
Тигил же бул жаныбардын эти кандаи өкүмгө ээ болсо, анын шилекеии да дал
ошондои өкүмгө ээ. Эти желбеи турган жаныбардын шилекеии ыплас, ал эми эти желген
жаныбарлардын шилекеии таза болуп эсептелет. Ошондуктан эти желбеи турган
жаныбарлардын шилекеии аралашкан суу да ыплас болуп саналат.
В. СУЮК ЗАТТАР (МУКАИИАД СУУ)
Мукаииад суу – бул мөмө-жемиштердин, гүлдөрдүн саркындысы сыяктуу кадимки
суудан тышкаркы, ошондои эле кандаидыр бир таза заттын аралашуусу менен агуучулук
жана суюктук (б.а.коиу эместик) касиетин жоготкон (демек, коюу болуп калган) суюк
заттар. Демек, мукаииад сууга өздүк сапат-касиетин жоготкон суулар кирет.
Кадимки таза сууга мукаииад суу аралашып, суунун түсүн өзгөртсө, же жытын,
даамын буза турган болсо, анда ал суу да мукаииад суунун катарына кирип калат. Эгер
мукаииад суу аз өлчөмдө гана аралашса, таза сууга зыян тиигизбеит.
Мукаииад суу менен даарат же гусул алууга болбоит. Бул багытта Ислам
аалымдарынын ортосунда эч кандаи ача пикир жок.
Эгер суу жок болсо, мукаииад суу менен кииим же дене кирлерин тазалоого болот.
Г. АГУУЧУ ЖАНА АКПООЧУ СУУЛАР
Суунун булганып-булганбашы анын аз же көп болушуна жараша өзгөрөт.
Имам Азам агымы боюнча, акпоочу (бир орунда туруучу) суунун аз же көп (кичине
же чоң) болушун эсептеп-билүү үчүн анын аянты эске алынат. Эгерде бир орунда турган
сууну кочуштаган кезде кол суунун түбүнө (жерге) тиибесе жана ал суунун аянты болжол
менен 50 метр квадратка жетсе, анда ал чоң суу болуп эсептелет.
Чоң суунун же агын суунун ыплас болуп эсептелиши үчүн ага аралашкан ыпластык
суунун түсүн өзгөртүшү, даамын же жытын бузушу кажет. Чоң сууга аралашкан ыпластык
береги үч өзгөчөлүктүн (суунун түсү, даамы жана жыты) бирин жоготсо, анда ал суу
ыплас болуп калат. Демек, ичине түшкөн ыпластыктан улам даамы же жыты бузулган, же
түсү өзгөрүп калган бир орунда турган суулар да, агын суулар да ыплас болуп саналат.
Ошондои эле, чоң суу деп эсептелген көлмөгө же дарыяга түшкөн ыпластык суунун
баарын ыплас кылбоо менен бирге ыпластык жаиылган жер (бөлүгү) ыплас деп эсептелет.
Шафи жана Ханбали агымдары боюнча, көлөмү болжол менен 206 литр же андан
көп суулар чоң сууга кирет. Андыктан ушундаи чоң сууларга түшкөн ыпластык суунун
бардыгын ыплас кылбаит, болгону түшкөн жерин гана ыплас кылат.
Ичине ыпластык түшкөн аз өлчөмдөгү суу ыплас болуп эсептелет.
Учурубузда өзгөчө шаар жергесинде көп кабаттуу үилөргө суулар тазаланып,
фильтрленип, дарыланып жөнөтүлөт. Андыктан мына ушундаи тазаланган сууларды
колдонууда эч кандаи коркунуч болбоит.
Д. КУДУКТУН СУУСУ 39
Учурубузда азаиып кеткени менен мурунку учурларда турмуш-тиричиликке
колдонулган суунун көпчүлүк бөлүгү кудуктарда сакталгандыктан кудуктарды таза
кармоо маселеси фикх китептеринде кеңири каралган.
Кудукка же көлмө сыяктуу сууларга түшкөн ыпластык анын бардык тарабына
жаиылып кеткен болсо, эгер андан (кудук же көлмөдөн) сууну толугу менен чыгарууга
мүмкүнчүлүк болсо, суунун баарын чыгаруу керек. Б.а. кудук же көлмө толук боидон
бошотулат. Эгер толук бошотконго мүмкүнчүлүк жок болсо, ыпластыкка жараша белгилүү
бир өлчөмдө суу алынган соң кииин кудукта калган суу таза болуп эсептелет. Азирети
Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) ыпластык түшкөн сууну тазалагандан
кииин калган суунун таза болоорун билдирген.40 Сахабалар чычкан жана тоок сыяктуу
жаныбарлар түшүп өлүп калган кудуктардан “таза болду” деген оиго (бүтүмгө) келгенге
чеиин суу чыгарышкан. Мына ошол себептен аалымдар кудук суусун тазалоодо бул иштин
көзүн билген адамдын пикири негиз катары кабылданышы керектигин аитышкан.
Ошондои эле элге оңои болушу үчүн ыпластыкка жарашакудуктан канча чака суу чыгаруу
зарылчылыгын да белгилешкен. Андыктан тигил же бул кудукка түшкөн ыплас нерсе же
жаныбар чыгарылган соң бул багытта адис адамдар кудуктун таза болгондугуна көзү
жеткенге чеиин кудуктан суу алып чыгуу керек. Сууну сөзсүз түрдө чака менен алып
чыгаруу керек деген эреже жок. Учурубузда мындаи тазалоо иштери соргуч, шланг, түтүк
сыяктуу каражаттар менен аткарылганы оң.
Жалпылап аита турган болсок, денесинде же киииминде ыплас нерсе болбогон адам
же эти желген жаныбар түшкөн суу (көлмө) ыплас болбоит. Бирок сууга түшкөн адамдан
же жаныбардан ыплас нерсе аралашса, анда ал суу ыплас болуп саналат.
Эти желбеген жаныбарлар түшкөн суу ыплас болуп эсептелет. Эгер кудукка чымчык
же чычкан сыяктуу кичине жаныбар түшүп өлгөндөн кииин тез аранын ичинде чыгарылса,
20 чакага жакын, ал эми тоок түшкөн болсо болжолдуу түрдө 40 чака суу чыгаруу керек.
Эгерде кудукка кан, шарап, заара ж.б.у.с. ыплас нерселер аралашса, же чочко
сыяктуу чоң жаныбар түшсө, ошондои эле кои, эчки сымал жаныбарлар түшүп өлсө,
асыресе чычкан, чымчык сыяктуу кичине жаныбарлар түшүп өлүп, өлүгү эзилип-ылжырап
кеткен болсо, анда кудуктагы суунун баарын чыгаруу зарылчылыгы туулат. Бул учурда
эгер суу кудукка астынан даиыма келип турса, анда ичиндеги суунун толук
чыгарылгандыгына көз жеткенге чеиин суу чыгаруу керек.
Ыплас кудуктун суусу соолуп, кургап бүткөндөн кииин суу каира чыккан кезде
кудуктан ыпластыктын белгилери баикалбаса (ыпластык көрүнбөсө жана суунун өңү, түсү,
жыты өзгөрбөсө), анда ал суу таза болуп эсептелет.
Ислам дининин тазалык маселесине өзгөчө басым жасашынын негизги
себептеринин бири – бул адамдын ден-соолугун жана саламаттыгын сактоо. Андыктан
фикх китептеринде белгиленбесе да, ден-соолукка зыяндуу сууларды колдонбоо
зарылчылыгы күч.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
НАМАЗ
I – НАМАЗДЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
Ислам дининде ибадаттардын туу чокусунда калетсиз намаз турат. Намаз бул
мусулман адамдын жашоосун белгилүү нукка салган эң маанилүү ибадаттардын бири.
Сүиүктүү Паигамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алеихи васаллам) куттуу хадистеринин
биринде: «Намаз – диндин тиреги» деп аиткан (Тирмизи, Иман, 8).
Намаз ибадаты Адам ата (алаихис-салаам) баш болгон бардык паигамбарларга
буирук кылынган ибадат (Бакара сүрөсү, 2/83). Демек, намаз бардык илахии (Алла
тарабынан билдирилген) диндерде болгон. Бирок белгилүү убакыт аралыгында диндердин
бурмаланышы менен кошо намаз ибадаты да чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп, биротоло
орду-түбү менен жок болгон.
Намаз ибадатынын өзгөчө мааниге ээ болушунун өзүнчө себеп-хикматтары бар:
Эң оболу намаз пендеге Алланын кулу экендигин, мына ошол себептен белгилүү
иш-аракеттерге карата жооптуу болгондугун эске салат. Адам күнүнө беш маал намаз окуу
менен рухдүинө жакырлыгынын алдын алган болот. Бул багытта Алла Таала Куранда
минтип буюрат: «Мени эстөө үчүн намаз оку!» (Тоха сүрөсү, 14).
Алла Таалага моюн сунуу
Намаз менен жандүинөнү аруулап Жараткан Алланын алдына жарык жүз менен
баруу ышкысы.
Алла Таалага жалынып-жалбаруу, дуба кылуу, кечирим тилөө менен Жараткан
жакын кулпенде болууга аракет кылуу
Намаз инсандын психологиясына өзүнүн олуттуу оң таасирин тиигизет. Аятта: «О,
ыиман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла!» (Бакара сүрөсү,
2/153) деп буюрулат.
Намаз жаман иштерге барууга бөгөт болот.
Соикулук, шылуунчулук, каракчылык, уурулук, алдамчылык сыяктуу бузуку
иштерден оолак кармаит.
Адамдын материалдык жана моралдык жактан таза жүрүүсүн камсыздаит. Намаз
адамды күнөөлөрүнөн да тазалаит. Бул багытта куттуу хадистердин биринде төмөнкүчө
буюрулат: Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) кутман
сахабаларына каирылып: «Бирөөңөрдүн эшигинин алдында бир дарыя агып турат деили.
Анан ал адам, күн саиын ошол дарыяга түшүп, тазаланып турса, анда кир калат деп
оилоисуңарбы?» деп суроо узатат. Анда сахабалар бир ооздон: Жок, о, Алланын Элчиси!
деп жооп беришет. Анда Паигамбарыбыз: «Беш маал намаз окуу да дал ушундаи. Суу
кирди кандаи жууп кеткен болсо, намаз да күнөөлөрдү ошондои жууп кетирет» деген
экен (Бухари, Мавакыт, 6)
Намаздын күнөөлөрдү жууп кетирерин эки өңүттөн кароого болот. Биринчиси,
хадистерде белгиленгендеи, тигил же бул эки намаздын ортосунда жүзөгө ашкан
күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болушу. Эскерте кетчү жагдаи, бул жерде кичине
күнөөлөр жөнүндө сөз болууда. Кичине күнөөлөрдү жууп кетирген намаздан башка дагы
нерселер бар. Төмөнкү аяттарда: «Эгер тыиуу салынган чоң күнөөлөрдөн оолак болсоңор,
кичине күнөөлөрүңөрдү жаап, силерди беиишке киргизебиз» (Ниса сүрөсү сүрөсү, 31)
«Алар оор күнөөлөрдөн, бузуку иштерден алыс турушат, ачуусу келгенде кечиримдүү
болушат» (Шууро, 37) «Оор күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан (соикулук сыяктуу
ыплас иштерден) сактангандардын кичине күнөөлөрү болсо да, аларга Жараткан Эгеңдин
кечирими кең!» (Нажм сүрөсү, 32)деп буюрулуп, чоң-кичине күнөөлөр менен катар чоң
күнөөлөрдөн оолак болуу кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болору жөнүндө
аитылууда. Намаздын аирым бир катачылыктарды жууп кетиришинин экинчи мааниси
мындаи; намаз күнөө иштерге барбоо зарылчылыгын талап кылуу менен мындаи иштерге
тоскоол болушу «күнөөлөрдү кетирүүгө» себеп болору аитылган. Намаздын бул өзгөчөлүгү
туурасында аяттардын биринде: «Намаз (адамды) ыплас иштерден, күнөөлөрдөн оолак
кармаит» (Анкабут сүрөсү, 45) деп буюрулат.
Намаз рухании ыпластыктар менен бирге материалдык кирлерди да тазалаит. Ырас,
намаз окуган адам даарат алган саиын бетин, колу-бутун жуушу кажет. Эгер зарыл болсо,
даараттан мурун жунуп абалынан жана нажасаттан тазалануу да намаздын талабы болуп
саналат. Демек, намаз окуган адам жунуп абалында жүрө албаит, денесинде, киииминде же
намаз окуи турган жеринде кандаидыр бир ыпластык болбоит. Ал буларга колдон
келишинче этият болууга мажбур. Болбосо намазы жараксыз абалга келип калышы толук
ыктымал. Ошондои эле ал үиүн, аилана-чөирөсүн да таза кармоого милдеттүү.
Ошондуктан намаз окуган адам тазалыкка материалдык жактан да, рухании жактан да
өзгөчө көңүл бөлүшү кажет.
Фикх (Ислам укугу) китептери негизинен ибадат-амалдардын сырткы өкүмдөрүн
камтып, анын ички (рухии) тарабы жөнүндө маалымат бербеит. Албетте, бул ибадаттын
орундалышында жандүинө, чын ыкластуулуктун орду жок дегенди билдирбеит. Ырас,
ибадатта эң негизги нерсе бул ниет, чын ыклас. Намаздын парз болуу себептеринин
башында Алла Тааланы эстөө тургандыктан намаз окуп жаткан адам даиыма Алланын
алдында тургандыгын жадынан чыгарбоосу, дилин толук боидон Аллага буруусу жана
андан башка нерселер тууралуу оилобоосу зарыл. Пенде Алланын алдында тургандыгын
билиши керек. «Мени эстөө үчүн намаз оку!» (Тоха сүрөсү, 14) деген аяттын буиругун
эстен чыгарбашы кажет.
Аятта мас адамдын намазга жакындабоо зарылчылыгы тууралуу: «О, ыиман
келтиргендер! Эмне деп жатканыңарды билгенге чеиин намазга жакындабагыла!» (Ниса
сүрөсү сүрөсү, 4/43) деп буюрулат. Намаздын маңызы Алланын кулу экендигин билдирүү,
ага жалбаруу, дуба кылуу жана ага жакындоо деген түшүнүктөргө такалат. Андыктан адам
намаз учурунда мас абалында болбошу, асыресе, мас сыяктуу эмне кылып жатканынан
кабарсыз капилетте болбошу кажет.
Адамзааданын эң иридеги жаралуу максаты ибадат кылуу болгондуктан жашоодогу
нерселердин бардыгы анын дагы да жакшы ибадат кылуусу үчүн жаратылган. Намаз
мусулмандын эң негизги милдети. Намаз негизги максат болсо, башка иштер анын
каражаты болуп эсептелет. Курани Каримде мусулман баласынын сыпаттары тууралуу
аитылганда даиыма намаз биринчи аитылат: «Аларды жер бетине жаигаштырсак, алар
намаз окуп, зекет беришип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыиышат» (Хаж
сүрөсү, 41)
Мусулман баласынын намаз окубашы чоң күнөө болуп эсептелет. Намаз окубаган
адам дароо тооба кылып Жараткан Алладан кечирим тилеп, окубаган намаздарынын
казаларын каитарып окуусу зарыл.
II. АЗИРЕТИ ПАИГАМБАРЫБЫЗДЫН НАМАЗЫ
Азирети Паигамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) куттуу
хадистеринин биринде «намаз – бул көзүмдүн нуру» деит. Паигамбарыбыз (саллаллааху
алеихи ва саллам) менен замандаш кутман сахабалар анын намазга өзгөчө маани
бергендигин аитышат. Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун): «Азирети Паигамбар
(саллаллааху алеихи ва саллам) биз менен маек кура турган. Бирок, намаздын убагы кирген
учурда ал бизди тааныбагандаи абалга келип, турган турпаты, бүт дили менен Аллага
бет алчу». «Алланын элчиси (саллаллааху алеихи ва саллам) намазга турган кезде
көөдөнүнөн казан каинап жаткандаи добуш келээр эле» (Абу Давуд, Солаат – 157). Бул
багытта Азирети Паигамбарыбыздын (саллаллааху алеихи ва саллам): «Намазга
турганыңарда эң акыркы намазыңар сыяктуу (чын ыкластан) окугула!» дегени бар (Ибн
Маажа, Зухд, 15).
Ал (саллаллааху алеихи ва саллам) парз намаздарынан сырткары чолосу тиигенде
напил намаз окуи турган. Ошондои эле жакшылык иштерге туш келипсүиүнгөн кезинде
Жаратканга шүгүр келтирип намаз окучу. Ал эми кандаидыр бир кыиынчылыкка туш
болгондо да дароо намазга туруп, Жараткан Аллага жалынып жалбара турган (Абу Давуд,
Татавву – 22, Жихад – 162).
Сүиүктүү Паигамбарыбыз «Намазыңарды мен окуган таризде окугула!» (Бухари,
Азан – 18) – деп аитып, намазды иине-жибине чеиин үирөткөн.
Ардактуу Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) түнкүсүн намазга көп
турчу. Үммөтүн да түнкү напил намазга үндөп: «Түнкүсүн турууга аракет кылгыла!
Анткени ал силерден мурунку асыл адамдардын адаты болгон. Түнкүсүн ибадатка туруу,
калетсиз, Аллага жакын болуунун талабы. (Бул ибадат) күнөөлөрдөн оолак кармап,
каталарга каффарат болот (жууп кетирет) жана дене дарттарын да кетирет»
(Тирмизи, Даават – 101).
Азирети Умар бин ал-Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) халифа болуп турган
учурунда өзүнүн аимактык башкаруучуларына жазган каттарынын биринде: «Өтө
маанилүү ишиңер – бул намаз. Ким аны үзбөи окуса, анда ал өз динин коргогон болот. Ал
эми ким намаз окубаса, анда ал динин тез ураткан болот» (Малик бин Анас, Муватта,
Вукуутус-солаат – 6).
Алланын элчиси (саллаллааху алеихи ва саллам) дүинө иштери менен алек болуудан
кыиналган учурда: «О, Билал! Бизди ыракатка бөлөчү!» дечү. Ал (саллаллааху алеихи ва
саллам) каисы жерде болбосун намазды убагы киргенде окучу (Бухарии, Солаат – 48).
Жараткан Алла намаз окуу маселесинде жалкоолук кылууну, аны оор көрүүнү
мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) сыпаттары катары: «Алар намазга турганда
жалкоолонушат, эл көрсүн дешет. Алланы аз эстешет» (Ниса сүрөсү сүрөсү, 142) деп
буюрган.
Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) катуу ооруган учурларда да
намазын таштап коигон эмес. Бул дүинөдөн өтөөрүнө жакын ооруусу аябаи күчөп, ал-
күчтөн таиган кезинде да бешим жана аср (дигер) намаздарында эки кишинин жөлөөсү
менен бөлмөсүнөн чыгып, мечитке келип, намазды жамаат менен бирге окуган. Өлүм
алдында кыиналып турган учурунда да үммөтүнө паидалуу маселелерди аитууга жан
үрөгөн. Ардактуу Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) соңку осуятында да:
«Намазды таштабагыла! Намазга бекем болгула! Ошондои эле кол алдыңардагылардын
(кул-күңүңөрдүн, жубаиыңардын жана балдарыңардын акысын бербөөдөн) Алладан
корккула!» деп аиткан (Абу Давуд, Адаб – 123-124).
Сүиүктүү Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) момундардын жаш
кезинен тартып эле намазга үирөнүүсү үчүн өзгөчө көңүл бурган. Балдар жети жашка
чыкканда аларга намаз окууну үирөтүүнү, ал эми он жашка келген кезде намаз окууга
үндөөнү, зарыл болсо бир аз мажбурлоону буируган. Куранда минтип аитылат: «Үи-бүлөңө
намаз окууну буиругун! Өзүң да аны сабырдуулук менен уланткын! Биз сенден кандаидыр
бир ырыскы сурабаибыз. Тескерисинче, сага ырыскыны Биз беребиз! Жакшы акыбет
такыбаларга» (Таха, 132)
III. ӨКҮМ ӨҢҮТҮНӨН НАМАЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
А. ПАРЗ НАМАЗДАР
Парз намаздар «парз-ы аин» жана «парз-ы кифая» болуп өз ара экиге бөлүнөт:
1. Парз-ы аин намаздар:
Парз-ы аин намаздар балагатка жеткен, акыл-эси жаиында болгон ар бир мусулман
адам үчүн парз.
а. Беш убак намаз: багымдат намазында 2, бешим намазында 4, аср (дигер)
намазында 4, шам намазында 3 жана куптан намазында 4 ирекет намаз парз-ы аин болуп
эсептелет. Бул намаздардын сүннөттөрү да бар. Тагыраак аитканда, беш убак намаз
парздары жана сүннөттөрү менен төмөнкүдөи окулат:
Багымдат намазы: Багымдат намазында биринчи эки ирекет сүннөт, андан соң эки
ирекет парз окулат.
Бешим намазы: Бешим намазында алгач төрт ирекет сүннөт окулат. Андан кииин
төрт ирекет парз, анан каира эки ирекет сүннөт окулат. Акыркы эки ирекет сүннөтүн төрт
ирекет болуп окулушу мустахаб.
Асыр намазы: Асыр намазында алгач төрт ирекет гаири муаккад сүннөт, андан соң
төрт ирекет парз окулат
Шам намазы: Шам намазында алгач үч ирекет парз, андан соң эки ирекет сүннөт
окулат.
Куптан намазы: Куптан намазында биринчи төрт ирекет гаири муаккад сүннөт,
андан кииин төрт ирекет парз, эки ирекет сүннөт окулат. Түндүн акырында турарына
ишене албаган адам куптан намазынын аркасынан же болбосо уктаганга чеиин витир
намазын окуит.
б. Жума намазы: Жума намазы анын шарттарына жооп берген мусулмандар үчүн
парз. Жума намазынын парзы эки ирекеттен турат. Жума намазы жума күнү бешим
намазынын убагында хутба аитуу менен бирге окулат. Жума намазын окугандар ал күнү
бешим намазын окушпаит. Ошондои эле, жума намазынан мурун 4, жума намазынан кииин
4 рекет намаз окуу сүннөт.
2. Парз-ы кифая намаздар:
Жаназа намазы мусулмандар үчүн парз-ы кифая намаз болуп саналат. Тагыраак
аитканда, бир нече (мусулман) адам жаназа намазын окушса, ал жетиштүү болуп, парз
орундалган болот. Жаназа намазы үчүн бардык мусулмандардын топтолушу кажет эмес.
Эгер жаназа намазын эч ким окубаса, анда бардык мусулмандар андан жооптуу болушат.
Б. ВАЖИП НАМАЗДАР
1. Аит намаздары: Ханафи (Имам Азам) агымы боюнча, орозо жана кур-
ман аит күндөрү окула турган аит намаздары важип болуп саналат.
2. Витир намазы: Имам Азам агымы боюнча витир намазы да важип.
3. Аягына чыкпаи калган напил намаздардын казасын окуу да ханафилер боюнча,
важип болуп эсептелет.
4. Назир намазы: Алланын ыраазылыгы үчүн каисыдыр бир напил намаз окууга
сөз берген адамга ал намазды окуу важип болот.
5. Негизинен өз алдынча намаз болбосо да, сахв жана тилават саждалары важип
болуп эсептелет.
Сахив саждасы: Намаз учурунда парздарынын бири кечиктирилсе, же
важиптеринин бири унутутулуп калса же кечиктирилген учурда намаздын акырында
орундала турган сажда.
Тилават саждасы: Курандын сажда аяттарынан кииин орундалышы важип болгон
сажда.
В. НАПИЛ НАМАЗДАР
Азирети Паигамбарыбыз окугандыгы үчүн сүннөт катары окулган жана парз важип
намаздарынан тышкаркы намаздар «напил» деп аталат.
Сүннөт намаздар: Азирети Паигамбарыбыздын (саллаллааху алеихи ва саллам)
беш маал парз намазга жалгап-жалгабаи окуган намаздарынын баары сүннөт намаздарга
кирет. Беш маал намаз менен бирге окулган сүннөттөр парзга даярдык өңүтүнөн өзгөчө
мааниге ээ. Булар «раватиб сүннөттөр» делет. Буларды таштабаи окуп жүрүү керек.
Паигамбарыбыз парз намаздарда кеткен аирым бир кемчиликтер дал ушул напил намаздар
менен толуктала тургандыгын баса белгилеген.
Беш маал намазга жалганбаи башка учурларда окулган сүннөт (напил) намаздар да
бар. Тахажжуд, духа, аввабин намаздары сыяктуу.
IV. НАМАЗДЫН ПАРЗДАРЫ
Намаздын он эки парзы бар. Он эки парздын алтоосу «шарт», алтоосу «рукун» деп
аталып, шарттар намазга чеиин, ал эми рукундар намаз учурунда орундалышы кажет.
НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ:
1. Хадастан тазалануу
2. Нажасаттан тазалануу
3. Сатрул-аврат
4. Истикбаалул-Кыбла (Кыбыла тарапка бет алуу)
5. Убакыт
6. Ниет.
НАМАЗДЫН РУКУНДАРЫ
1. Ифтитах такбири
2. Кыям
3. Кыраат
4. Руку
5. Сажда
6. Каада-и ахиро
А. НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ 41
1. Хадастан тазалануу
Жунуп, этек кири же нифас абалдары «оор хадас», ал эми дааратсыз болуу «жеңил
хадас» деп аталат. Дааратсыз адам даарат алуу менен, жунуб абалындагы адам гусул алуу
менен же суу болбосо таяммум алуу менен хадастан тазаланган болот.42
2. Нажасаттан тазалануу
Нажасат – бул сырткы ыпластык. Намаз окуи турган адамдын денесинде,
киииминде жана намаз окулчу ыпластыктар болбошу керек. Оор нажасаттын катуусунан
болжол менен 3 граммчалык же суюгунан алакандан кеңири жерге (кан, заара же спирттик
ичимдик) жаиылган ыпластыктар намазды жараксыз абалга алып келет. Ал эми жеңил
ыпластык дененин, кииимдин же намаз окулчу жердин төрттөн бир бөлүгүнө жукса, намаз
жараксыз болуп саналат. Оор жана жеңил ыпластыктар жөнүндө жогоруда маалымат
берилген.43
Ким унутуп калып ыплас кииим менен намаз окуп болгон соң жагдаиды түшүнсө,
намазды каира окушу керек.
3. Сатрул-Аврат 44
Кишинин аялуу жерлерин, б.а. чоочун адамдарга карата шариятта «арам»
эсептелген жерлер «аврат» деп аталат. Намаз учурунда эң азынан аврат жерлер жабык
болушу кажет. Аврат намазда жабык болгондои эле намаздан сырткары ар убак жабык
болушу зарыл. Эркектер менен аял кишилердин аврат эсептелген жерлери ар башка.
Имам Азам агымы боюнча, эркек үчүн киндиктен тизеге чеиинки аралык аврат
болуп эсептелет. Тизе авратка кирет.
Намаз үчүн аял кишинин бети-колу жана бутунан (томуктун төмөн жагынан)
тышкары денесинин бардык бөлүгү аврат болуп саналат. Азирети Паигамбарыбыз: «Алла
Таала балагатка жеткен кыз баланын намазын жоолуксуз (хижабсыз) кабылдабаит»
(Ибни Мажа, Тахара, 132; Тирмизи, Солаат, 160) «Кыз бала балагатка жеткенде колу-
жүзүнөн сырткаркы жерлерин чоочун бирөөгө көрсөтүшү адал болбоит» (Абу Давуд,
Либас, 31) деген. Ошондуктан аял киши жоолуксуз намаз окууга болбоит.
Дене баикала тургандаи жука кииим кииүү менен аврат мүчөлөр жабык деп
эсептелбеит. Ошондуктан мындаи кииим менен окулган намаз жараксыз. Калың болсо да,
мүчөлөр баикалгандаи таризде тар кииим менен намаз окуу макирөө. Намаз учурунда
аврат мүчөсүнүн төрттөн бир бөлүгү адамдын эркинен тышкары «Субхаана роббиял-
азиим» деп аитканчалык убакыт ачык болсо, намаз бузулат. Ал эми мындан аз убакыт
аралыгында ачык болсо, б.а. дароо ачылып жабылса, намаз бузулбаит.
Ошондои эле кимдир бирөө тигил же бул аврат мүчөсүнүн төрттөн бир бөлүгүн
атаиын ачса, намаз дароо жараксыз болуп саналат.
Намаз учурунда эч ким жок болсо да, аврат жерлер жабык болушу кажет. Бул
учурда каисыдыр бир аврат жер ачык болсо, намаз жараксыз болот.
4. Кыбыла тарапка бет алуу 45
Намазга турганда кыбыла тарапка, б.а. Мекке шаарындагы Кааба (Харам мечитине)
бет алыптуруу.
Каабаны көрүп турган адам Каабага бет алып турушу парз.
Алыс жерде жашаган адам Кааба тарапка бет алышы керек.
Намаз учурунда Кааба тарапка бурулбаган таризде оң-солго бет алып туруу
намазды жараксыз абалга алып келет.
Намаз учурунда көкүрөк (тулку бои) кыбыладан башка тарапка бурулса, намаз
бузулат.Намаз учурунда тек гана башты кыбыладан башка жакка буруу макирөө болуп,
намазды жараксыз абалга алып келбеит.
Каабанын каисы тарапта экенин билбеген адам ишеничтүү билген адамдан сурап же
бүгүнкү күндө компастын жардамы менен кыбыла тарапты табышы керек. Аиланасында
кыбыланы билген адам болсо да өзү оилогон тарапка бурулуп намаз окуган адам, эгер
жаңылыш тарапка бурулуп намаз окуган болсо, намазы жараксыз болуп эсептелет. Эгер ал
намаздан кииин туура эмес тарапка бурулуп окуганын билсе, намазын каирадан окуу
зарылчылыгы жок. Намаз окуп жатканда сырттан бирөө кыбыла тарапты көргөзсө, анын
көрсөтмөсү боюнча бурулуу кажет.
Кандаидыр бир оор дарттын аиынан кыбыла тарапка бурула албаган адам турган
жеринде намазын окуит.
Жөн учурларда мингич (ат, төө) үстүндө напил намаздарды гана окуса болот. Парз
намаздар окулбаит.
Зарылчылык учурда ат, машина, учак же кеме сыяктуу унааларда парз намаздарды
окууга болот. Бул учурда намазды унаадан түшүп окуу мүмкүн болбосо, отурган жерде эле
окууга уруксат берилет. Эгер кеме же учак (самолет) болсо, (мүмкүн болсо) кыбыла
тарапка бурулуп намаз окуу керек.
5. Убакыт
Ар бир намаздын белгилүү убагы бар. Намаздарды белгиленген убагында окуу
парз. Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Намаз ишенгендер үчүн убактысы белгиленген
парз...»
Парз намаздарга жалганып окулган сүннөттөр, витир намазы, аит намазы жана
таравих намазы үчүн да убакыт парз болуп саналат.
Каисыдыр бир намаздын өз убактысында окулушу «адаа», убагы өткөндөн кииин
окулушу «казаа» деп аталат.
Кандаидыр бир себептерден улам өз убагында окулбаи калган намаздын казасын
окуу – парз. Уктап же унутуп калып же болбосо жалкоолуктун аиынан окулбаган намаздын
казасы окулбаса, анын жоопкерчилиги мусулман адамдын моинунан түшпөит.
Жалкоолуктун аиынан намазды өз учурунда окубоо чоң күнөө болуп эсептелет.
-Беш маал намаздын жана витир намазынын казасы болот. Жума жана аит
намаздардын казасы болбоит.
а. Беш маал намаздын убагы 46
Бүгүнкү күнү Күндүн жылышы так жана даана эсептелип келет. Ошондуктан
учурубузда муфтият тарабынан тастыкталган мусулман жылсанактарынан паидалануу
дурус.
Багымдат намазынын убагы
Багымдат намазы экинчи таң шоокумдан тартып, күн чыкканга чеиинки маалда
окулат. Экинчи таң шоокум (фажр-ы саадык) жер бетине үрүл-бүрүл жарык түшө
баштагандагы мезгил. Бул убактын кириши менен куптан намазынын убактысы чыгып,
багымдат намазынын убагы кирет. Бул жерде эскерте кетчү жагдаи «фажри казиб-
жалганчы-биринчи шоола» деген дагы бир учур бар. Бул шоола эки тарабы караңгы, күн
чыгыштан жогоруну көздөи сызыктүрүндө жаиылган жарык. Жалганчы шоола кыска
убакыттын ичинде жоголуп кетет да, артынан коюу караңгылык өкүмүн сүрөт. Андан
кииин экинчи таң шооласы башталат. Биринчи шоола түндүн бөлүгү болуп саналат.
Багымдат намазын аилана-чөирөгө жарык түшкөн кезде окуу мустахаб. Ошону
менен бирге аиланага жарыктын түшүшүн күтүүдө күндүн чыгып кетпөөсүн да эске алуу
кажет.47
Багымдат намазын окуу учурунда күн чыкса, намаз жараксыз болуп, аны каза
кылуу зарылчылыгы туулат.
Бешим намазынын убагы
Бешим намазынын убактысы күн төбөдөн батышты көздөи бир аз багыт алгандан
баштап ар нерсенин көлөкөсү күн төбөдө тургандагы көлөкөсүнөн (фаи-и заваль) тышкары
өзү менен тең аралыкка жеткенге чеиин уланат. Арап тилинде бул учур «аср-ы авваль» деп
аитылат. Бул учур Абу Юсуф, Имам Мухаммеддин пикири боюнча. Ал эми Имам Азамдын
көз карашында, фаи-и завальдан тышкары ар нерсенин көлөкөсү эки эсе узун аралыкка
жеткенге чеиин бешим убактысы болуп эсептелет. Бешим убактысынын чыгышы менен
асыр намазынын убактысы кирген болот.
Аба ыраиы ысык аимактарда жаи аиларында бешим намазын убагы кирээри менен
эмес, күндүн аптабы бираз кеткен соң окуу абзел.
Асыр намазынын убагы
Асыр намазы бешим убагынын чыгышы менен башталып күн батканга чеиин
уланат. Асыр намазын күн батып баратканда окуу «тахриман макирөө» болуп эсептелет.
Күн батып бараткан кезде (болжол менен 40 мүнөт аралыгында) ошол күнкү асыр
намазынын парзынан башка эч бир намаз окулбаит.
Шам намазынын убагы
Шам намазынын убагы күн толугу менен баткан учурдан баштап, батыш тарапта
агыш түстөгү шоола жоголгонго чеиин уланат. Бул Имам Азамдын пикири. Ал эми Имам
Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, батыш тарапта кызгылт түстөгү шоола
жоголгонго чеиин уланат. Бул учур менен шам намазынын убагы чыгат.
Шам намазын убагы кирээри менен окуу мустахап болуп эсептелет
Куптан намазынын убагы
Куптан намазынын убагы шам убактысынын чыгышы менен башталып, экинчи таң
шоокумуна чеиин созулат. Куптан намазын түндүн алгачкы үчтөн бир бөлүгүнөн кииин
окуу мустахап.
б. Макирөө учурлар :48
Күн чыккандан тарта 40 мүнөт аралыгында намаз окууга болбоит.
Күн так төбөдө турган кезде да эч бир намаз окулбаиб т.
Күн батып баратканда ошол күнкү асыр намазынын парзы гана окулса болот.
Багымдат намазынын парзына чеиб ин тек эки ирекет сүннөт намаз гана окулат.
Багымдат намазынын парзынан кииб ин напил намаз окуу макирөө
Асыр намазынын парзынан кииин напил намаз окуу да макирөө.
Аит намаздарына чеиин напил намаз окуу макирөө.
Парз намаз үчүн каамат аиб тылып жаткан учурда напил намаз окуу макирөө.
6. Ниет 49
Намазга ниет кылуу – Алла ыраазылыгы үчүн тигил же бул намазды окууга дит
коиуу.
Ниетти чын дилден коиуу зарыл. Ниеттин тил менен аитылышы мустахап.
Ниет ифтитах такбирине чеиин же ифтитах такбири учурунда кылынат.
Парз жана важип намаздарга ниет кылууда намаздын түрүн белгилөө керек.
Маселен, «Алла ыраазылыгы үчүн бешим намазынын төрт ирекет парзын же болбосо үч
ирекет витир намазын окууга» деп ниет кылуу сыяктуу.
Напил намаздарда тек намаз окууга ниет кылуу жетиштүү. Ошону менен бирге
напил намаздын түрүн белгилөө дагы да абзел. «Бешим намазынын алгачкы төрт ирекет
сүннөтүн окууга ниет кылдым» деп аитуу сыяктуу.
Ниет кылууда «учурдагы же каза намаз» деп белгилөө шарт эмес. Имамга ыклас
кыла турган адам имамга уиууга ниет кылышы керек.
Б. НАМАЗДЫН РУКУНДАРЫ 50
1. Ифтитах такбири :51
Тигил же бул намазды баштоо үчүн «Аллаху акбар!» деп аитуу «ифтитах такбири»
же «тахрима» деп аталат.
Алла Тааланы даңазалаган сөздөр да ифтитах такбирине кирет. Мисалы «Аллаху
Азиим!» деп аитуу сыяктуу. Ал эми «астагфируллах-Алла Өзү кечирсин!» же «бисмиллах»
сыяктуу дуба өңүтүндөгү сөздөр менен ифтитах такбирин алууга болбоит.
Такбир алуу учурунда башты бираз төмөн ииип, адеп сактаган таризде эркектер
үчүн колду кулакка тиие тургандаи (баш бармак менен кулак кагуу) көтөрүү сүннөт. Ал
эми аял кишилер колун көкүрөгүнө чеиин көтөрүү менен ифтитах такбирин алышат.
Такбир алууда кол өз жаиында болушу керек. Тагыраак аитканда, манжалар ашкере ачык
да, жабык да болбоит.
Имам рукуга барган учурда жетишкен адам ифтитах такбирин өидө турган
калыбында алышы кажет. Рукуга баруу учурунда ифтитах такбири алынбаит.
2. Кыям
«Кыям» сөзү тике туруу, какаиуу, өидө турган калыпта болуу деген маанилерди
туюнтат.
«Кыям» сөзү дин терминологиясында, ифтитах такбирин алгандан тарта рукуга
чеиинки аралык учурунда, б.а. ар бир ирекетте Куран окулган чакта өидө турган калыпта
болуу дегенди түшүндүрөт.
Өидө турууга күчү жеткен мусулман үчүн парз же важип намазын отуруп окууга
уруксат берилбеит. Эч бир үзүр-себепсиз отуруп окулган парз же важип намазы жараксыз.
Кыям учурунда эки буттун ортосу өтө алыс, ошондои эле ашкере жакын да болбошу
керек. Имам Азам агымы боюнча, эки буттун ортосу төрт манжа бата турган аралыкта
болушу сүннөт.
Бир нерсеге жөлөнүп намаз окуган адам эгер жөлөнгөн нерсеси алынган кезде
жыгыла турган болсо, намазы жараксыз болуп эсептелет. Себеби бул учурда кыям
орундалган болбоит.
Өидө болууга күчү жетсе да напил намаздарды отуруп окууга болот.
Өидө турууга кудурети жетпеген адам отурган жеринде окуит. Отурууга да күчү
жетпесе, намазды ишаарат-ым менен окуит. Ым менен намаз окуу учурунда рукуга баруу
үчүн башты алдыны көздөи ииүү керек. Ал эми саждага баруу үчүн башты (рукуга
баргандан) дагы бираз төмөнүрөөк ииүү зарыл. Имам Азам агымы боюнча, көз ишараты
менен намаз окууга болбоит.
3. Кыраат 52
Бул жерде «кыраат» сөзү «намаз учурунда Куран окуу» деген маанини билдирет.
Намазда эң азынан үч кыска аят же ушул үч аятка тете бир узун аят окуу кажет.
Ошондуктан ар бир мусулман адам үчүн намазы толук жарамдуу боло турганчалык
өлчөмдө Куран жатташы парз болуп эсептелет.
Имам Азам агымы боюнча, ар бир ирекетте «Фатиха» сүрөсүн окуу важип.
«Фатиха» сүрөсү окулбаса, намаздын акырында «сахв» (жаңылуу) саждасы талап кылынат.
Напил намаздардын ар бир ирекетинде кыраат парз болуп эсептелет.
Парз намаздардын алгачкы эки ирекетинде кыраат парз, башка бир пикир боюнча,
калган ирекеттеринде важип. Үчүнчү же төртүнчү ирекеттерде кыраат кылбаган адам
намаздын акырында сахв саждасына жыгылышы зарыл.
Имам Азам агымы боюнча, имамга уюган адам кыраат кылбаит.
Парз намаздардын алгачкы эки ирекетинде «Фатиха» сүрөсүнөн кииин үч кыска же
узун бир аят окуу важип.
Бешим, асыр жана күндүз окулган напил намаздарында кыраатты ичтен окуу важип
болуп саналат.
-Багымдат, шам жана куптан, ошондои эле жума, аит, таравих жана витр (Рамазан
аиында) намаздарында имам кыраатты үнүн чыгарып окуит. Бул дагы важип.
Багымдат, шам жана куптан намаздарын жеке окуган адам үнүн чыгарып да,
чыгарбаи да ичинен окуса болот.
Үндү чыгарып окуу – тигил же бул адам уга тургандаи, ал эми ичтен окуу – бул тек
өзү уга турган таризде окуу дегенди түшүндүрөт.
Аяттарды тил менен окубаи, тек мээден өткөрүү кыраат болуп эсептелбеит. Демек,
ушундаи таризде окулган намаз жараксыз абалга келген болот. Кыраатты бир дем менен,
демди кысып шашып-пушуп окуу да туура эмес. Кыраатты дем алчу жерде дем алып,
кадыресе шашпаи окуу абзел.
Намаз учурунда «Субхаанака» дубасы, «Аузу-бисмилла» жана «Фатиха» сүрөсүнөн
кииин «аамииин» сөзү купуя (жашыруун, ичтен) аитылат.
Витир намазында «Кунут» дубасын окуу Имам Азам Абу Ханифанын пикиринде,
важип, ал эми анын шакирттери Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин көз карашы
боюнча, сүннөт болуп эсептелет.
-Намаз отурумдарында «Тахиииат» дубасын окуу важип.
Куран окуи албаган адам мүмкүн болсо жамаат менен, тагыраак аитканда, тигил же
бул имамга уиуу менен намазын окушу керек. Бул учурда ал адамга кыраат кылуу зарыл
эмес. Ырас, бул адам дароо «Фатиха» жана кыска сүрөлөрдү жаттаганга киришүүсү керек.
Куранды ката окуу
Намаздын кыраат шарты орундала турган өлчөмдө Куран жаттоо жана аны туура
окуу парз болуп эсептелет. Ырас, намаз учурунда Куран окуп жатканда аирым бир
катачылыктардын кетиши толук мүмкүн. Намазга терс таасир тиигизип-тиигизбеши
өңүтүнөн жаңылыш окуунун түрлөрүн төмөнкүчө тизмелөөгө болот.
Сөздүн акырындагы «араке»ни жаңылыш окуу менен намаз бузулбаит.
Тыбыштык окшоштуктардан улам намаз бузулбаит. Маселен, «син» тамгасын «сод»
тамгасы сыяктуу окуу.
Тигил же бул созулма сөздү, созбои окуп кетүү да намазды жараксыз абалга алып
келбеит.Созулуп окулчу сөздү созбои окуп кетүү, ташдиди бар сөздү ташдидсиз, ташдидсиз
сөздү ташдид менен окуу, идгам маселесинде ката кетирүү да намазды бузбаит
Жаңылыштык менен аяттагы тигил же бул сөздүн ордуна Курандагы болгон башка
сөз аитылып кетсе, намаз бузулбаит.
Ифтитах такбирин алуу учурунда суроо иретинде «а» арибин созуп «Аллаху акбар»
деп аитуу менен намаз башталган болбоит.
Мааниси бузулмаиынча аяттагы сөздөрдүн орду алмашса, намаз бузулбаит.
Намаз учурунда каисыдыр бир аятты туура эмес окуган соң аны каирадан оңдоп
окуу намазга терс таасирин тиигизбеит.
4. Руку
-«Руку» сөзү «кол тизеге жеткендеи даражада бел бүгүү, ииилүү» дегенди
түшүндүрөт.
Рукуда белгилүү мөөнөт («субхаана роббиял-азиим» деп аитканчалык) туруу парз.
Рукуда кол тизеге коиулуп, арка жана баш түз, жерге паралелл абалда болушу керек.
Башты аркага караи бүгүү же астыга караи созуу дурус эмес.
Рукуга барганда үч жолу «Субхаана роббиял-азиим» деп аитуу сүннөт, беш жолу же
андан көп аитуу мустахап болуп эсептелет.
5. Сажда:
«Сажда» сөзү «баш ииүү, моюн сунуу, ыклас кылуу, жана маңдаиды жерге коиуу»
деген маанилерди туюнтат. Сажда учурунда маңдаи-мурун, эки буттун учу, кол жана тизе
жерге тииип турат. Саждада кол бетке жакын коиулат. Баш бармак ачык, калган төрт манжа
жабык болот. Алакан толугу менен жерге тииип турушу зарыл. Саждада чыканак жерге да,
денеге да тиибеи турушу керек.
Ар бир ирекетте эки жолу саждага баруу парз.
Эч бир себепсиз маңдаиды жерге тиигизбеи, тек мурунду гана тиигизүү менен
сажда орундалган болбоит.
Саждада эки буттун учу жерге тииип турушу кажет.
6. Акыркы отурум
Акыркы отурум арап тилинде «Каада-и ахииро» деп аитылат.
Намаздын акырында «Тахиииат» дубасын окуу убагынчалык отуруу парз болуп
саналат. Эркек адам сол бутун жаткырып, оң бутун тик турган калыбында кармап отурушу
керек.
Ал эми аял киши сол бутун оң тарапка жаткырып жерге отурат.
Акыркы отурумда «Тахиииат» дубасынан кииин «солли-баарик» дубаларын окуу
жана кошумча дуба кылуу сүннөт. Ханафилер (Имам Азам) кошумча дуба катары
«Роббанаа аатинаа» дубасын окуу абзел дешет.
Эки ирекеттүү намазда экинчи, үч ирекеттүү намазда үчүнчү, ал эми төрт ирекеттүү
намазда төртүнчү ирекеттен кииинки отурум акыркы отурум деп аталат.
V. НАМАЗДЫН ВАЖИПТЕРИ 53
1. Намаздын ар бир ирекетинде «Фатиха» сүрөсүн окуу. Дагы бир пикир боюнча,
парз намаздардын үчүнчү-төртүнчү ирекеттеринде кыраат кылуу сүннөт болуп эсептелет.
2. Парз намаздын алгачкы эки ирекетинде, важип жана напил намаздардын ар бир
ирекетинде «Фатиха» сүрөсүнөн кииин кыраат кылуу (эң аз үч аят же узун бир аят окуу).
3. Намаз учурундагы парз болгон кыраатты алгачкы эки ирекетте кылуу
4. «Фатиха» сүрөсүн кошумча сүрө же аяттардан мурда окуу.
5. Жамаат менен окулган багымдат, шам, куптан намаздарынын алгачкы эки
ирекетинде, ошондои эле жума, аит, таравих жана (жамаат менен окулган) витир
намаздарынын ар бир ирекетинде үн чыгарып кыраат кылуу
6. Бешим жана асыр намаздарында, шам намазынын үчүнчү, куптан намазынын
акыркы эки ирекетинде жана күндүзүн окулган напил намаздарда купуя (үн чыгарбаи,)
кыраат кылуу. Купуя кыраат бул намаз окуган адамдын өзү гана уга тургандаи таризде
Куран окушу.
7. Саждага жыгылганда тек маңдаиды эмес, мурунду да жерге коиуу.
8. Үч же төрт ирекеттүү намаздардын экинчи ирекетинде отуруу (б.а. алгачкы
отурум).
9. Отурумдарда «Тахиииат» дубасын окуу.
10. Намаздын аягында салам берүү. Салам «Ассалааму алеикум ва рахматуллах» деп
берилет.
Бир көз караш боюнча, оң тарапка салам берүү важип, ал эми сол тарапка салам
берүү сүннөт.
11. Парз аракеттердин кезегине баш ииүү.
12. Намаздын рукундарын жана важиптерин өз маалында орундатуу, кечиктирбөө.
13. Намазда «тадил-и аркаан»га көңүл бөлүү. Тадил-и аркаан – бул намаздын
рукундарын өз орду менен аткаруу. Маселен рукудан толук туруу, белгилүү кыска
мөөнөттөн кииин саждага баруу сыяктуу. Бул пикир Имам Азам менен Имам Мухаммедке
таандык.
14. Витир намазынын акырында кунут такбирин алуу жана кунут дубасын окуу.
15. Аит намаздарынын ар бир ирекетинде кошумча үч такбир алуу.
16. Сахв саждасын талап кылган кандаидыр бир катачылык жүзөгө ашса, намаз
акырында сахв саждасына жыгылуу важип болуп эсептелет.
VI. НАМАЗДЫН СҮННӨТТӨРҮ
1. Беш маал намазга жана жума намазга азан чакыруу жана каамат аитуу.
2. Ифтитах такбирин алуу үчүн колду жогору көтөрүү. Ифтитах такбирин алуу
учурунда эркек киши баш бармагын кулакка тиигизсе, аял киши колун көкүрөккө чеиин
көтөрөт.
3. Ифтитах такбиринен кииин кол баилоо. Эркек адам киндиктин астынан, ал эми
аял киши көкүрөктүн үстүнөн кол баилаит. Кол баилоо төмөнкүчө: эркекадам оң колдун
баш бармагы жана чыпалагы менен сол колдун билегин кармаит. Ал эми аялзаты оң колун
сол колунун үстүнө коиот.
4. Имамдын такбирлерди үнүн чыгарып, ал эми жамааттын купуя аитышы.
Ошондои эле рукудан турган соң жамааттын «Аллахумма Роббанаа лакал-хамд» деп ичтен
аитышы. Намазды жеке окуган адамдын рукудан туруу учурунда «самиаллаху лиман
хамидах», ал эми тургандан кииин «Аллахумма Роббанаа лакал-хамд» деп аитышы да
сүннөт.
5. Жеке намаз окуу учурунда намаздын башында «Субхаанака» дубасын окуу, «аузу-
бисмилла»ны аитуу жана кииинки ирекеттердин башында «бисмилла»ны купуя аитуу,
«Фатиха» сүрөсүнөн кииин «аамииин» деп аитуу.
6. Руку-саждага баруу жана руку-саждадан башты көтөрүү учурунда алынган
такбирлер.
7. Руку учурунда үч жолу «Субхаана Роббияль-азиим», ал эми сажда учурунда да үч
ирет «Субхаана Роббияль-аалаа» деп аитуу.
8. Кыямда эки буттун ортосуна төрт манжа бата турганчалык аралык калтыруу.
9. Эркек киши рукуда манжасын ачык тутуп тизесин кармашы. Ал эми аял киши бу
учурда колун тизесинин үстүнө коиуусу. Ошондои эле эркек адам рукуда буту, аркасы түз
абалда турушу, аял кишинин тизеси бираз бүгүлгөн абалда болушу.
10. Саждага жыгылуу учурунда алгач тизени, колду, андан кииин маңдаиды жерге
коиуу, ал эми саждадан туруу учурунда алгач башты көтөрүп, андан соң колду тизеге коюп
өидө туруу. Кандаидыр бир үзүрү бар адам эгер бул боюнча саждага баралбаса, сүннөткө
эч кандаи залака тиигизбеит.
12. Эркек адам сол бутун жаткырып, оң бутун тик турган калыбында кармап
отурушу, ал эми аял киши сол бутун оң тарапка жаткырышы.
13. «Тахиииат» дубасын окуу учурунда «лаа илааха» деген кезде оң колдун
сөөмөиүн көтөрүп, «иллаллах» дегенде түшүрүү.
14. Намаздын акыркы отурумунда, «гаири муаккад» сүннөт жана напил
намаздардын ар бир отурумунда «солли-баарик» дубаларын окуу. Ошондои эле саламдан
мурда «Роббанаа аатинаа» дубасын окуу да абзел.
15. Намаздын акырында алгач оң, андан кииин сол тарапка салам берүү.
16. Намазда «сутра»54 коиуу.
17. Багымдат жана бешим намаздарында «тываалы муфассал» делген сүрөлөрдөн,
асыр жана куптан намаздарында «авсаты муфассал» делген сүрөөлөрдөн, ал эми шам
намазында «кысаары муфассал» делген сүрөлөрдөнокуу сүннөт болуп эсептелет.
«Хужурат» сүрөсүнөн «Буруж» сүрөөсүнө чеиинки сүрөөлөр «тываалы муфассал»
сүрөөлөр болуп, негизинен эки беттен турат. «Авсаты муфассал» сүрөөлөргө «Буруж»
сүрөсүнөн «Баииина» сүрөсүнө чеиинки сүрөөлөр кирет. Булар болжолдуу түрдө жарым
беттен. Ал эми «Баииина» сүрөсүнөн «Наас» сүрөсүнө чеиинки сүрөөлөр «кысары
муфассал» сүрөөлөр болуп эсептелет.55 Албетте, булардан башка узун сүрөөлөрдөн да
окуса болот. Жамаат менен намаз окуу учурунда имам жамааттын абалын эске алышы
керек.
VII. АЗАН ЖАНА КООМАТ
А. АЗАНДЫН МААНИ-МАҢЫЗЫ, ДАЛИЛДЕРИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ 56
«Азан» сөзү «кабар берүү, билдирүү, угузуу» дегенди түшүндүрөт. Ал эми Ислам
терминологиясында «парз намаздарга чакыруу үчүн белгилүү сөздөрдөн турган жарыя»
деген маанини туюнтат. Азан мусулманчылыктын маанилүү белгилеринин бири.
Алла Таала: «О, ыиман келтиргендер! Жума күнү намазга чакырылганыңарда (азан
аитылганда), дароо Алла Тааланы зикир кылууганамазга шашылгыла! Соода-сатыкты
токтотуп, таштаи тургула! Эгер билсеңер, мына ушул (тактап аитканда, Алланы зикир-
эстөө, жума намазын окууга шашылуу) силер үчүн дагы да жакшырак!» (Жума сүрөсү, 9)
деп буюрат.
Азирети Паигамбарыбыз азан жөнүндө көптөгөн хадистерин аиткан. Алардын
аирымдары төмөнкүчө: «Намаз убактысы кирген учурда араңардан бири азан аитсын, ал
эми эң улууңар имамдыкка өтсүн!» (Бухари, Азан, 17, 18, 49, 140. Ахад, 1, Адаб, 27,
Мегази, 53; Муслим, Масажид, 292, 293; Насаи, Азан, 8).
«Эгерде адамдар азандагы жана алгачкы сапта туруп намаз окуудагы артыкчылыкты
билгенде чучукулак тартканга чеиин барышар эле». «Кыямат күнү азан чакырган адамдар
элден өзгөчөлөнүп боилору узун болот» (Муслим, Салат, 14; Ибн Мажа, Азан, 5; Ибн
Ханбал, III, 169, 264, IV, 95, 98)
- Азан чакыруу менен элге намаз убактысынын киргендиги, намаздын тозок отуна
калкан болору, Ислам дининин өзөгү ааламга угузулат.
- Азан чакыруу важип даражасындагы сүннөт болуп эсептелет. Мусулман
коомчулугу жашаган аимакта азандын аитылбашы күнөө болуп саналат.
- Азан жана коомат аитуу эркектерге муаккад сүннөт, ал эми аялдарга макирөө.
- Азан жалпы мусулмандардын ортоктош белгиси болгондуктан арап тилинде
чакырылышы керек.
- Азан чакыруу үчүн намаз убагынын кириши шарт. Намаз убагы киргенге чеиин
чакырылып калган болсо да, намаз убагы киргенден кииин азан чакыруу керек.
- Азан жана кооматты жамаат уга тургандаи аитуу кажет. Жалгыз киши болсо өзү
уга тургандаи азан же коомат аитышы жетиштүү.
- Азан чакырган адамдын даараттуу болушу абзел. Азанды дааратсыз чакырууга
мүмкүн болсо да, макирөө болуп эсептелет.
- Азан чакыра турган кишинин эркек, акыл-эси жаиында жана такыбаа болушу
мандуп (жакшы). Наадандардын, балдардын жана аял кишилердин азан чакырышы
макирөө, жакшы эмес.
- Азан чакырган адамдын үнү мукам, укулуктуу болушу дурус. Бул
Паигамбарыбыздын чакырыгы.
- Азан ар бир намаз үчүн бир жолу чакырылат. Андыктан тигил же бул мечитте
каисыдыр бир намаз үчүн азан чакырылып коомат аитылган болсо, биринчи жамааттан
кииин келген адамдар анүчүн өзүнчө азан чакыруулары жана коомат аитуулары кажет
эмес.
- Тек жума намазы үчүн гана эки жолу азан чакырылат.
- Бирден ашыкча каза намаз окуи турган адам бир жолу азан чакырышы жетиштүү
болуп, ар бир намаз үчүн өзүнчө коомат аитышы керек.
- Азан Кыбыла тарапка бет алып, өидө турган абалда чакырылат. «Хаииа алас-
солаах» деп аитуу учурунда оң, ал эми «Хаииа алал-фалаах» деп аиткан кезде сол тарапка
бурулуу керек.
- Азан чакыруу учурунда сүилөмдөр ортосунда бираз тыныгуу керек.
- Азандан кииин кооматты бираз тыныгуудан соң аитуу дурус.
- Коомат аитууда тыныгууга болбоит. Кооматтан кииин намазга чеиин тамактануу
сыяктуу белгилүү убакыт аралыгы өтсө, кооматты каирадан аитуу керек. Намазга же
жамаатка карата аитылган сөздөрдөн улам кооматты каиталоонун кажети жок.
- Азан уккан адам азан сөздөрүн ичинен каиталашы абзел. Бул Азирети
Паигамбарыбыздын чакырыгы (Бухари, Азан, 7). Азан чакырып жаткан адам «Хаииа алас-
солаах», «Хаииа алал-фалаах» деген сөздөрдү каиталаган саиын «Лаа хавла ва лаа куввата
иллаа биллахил-алиииил-азиим» деп аитып туруу, ошондои эле багымдат намазына
чакырылган азанды угуу учурунда «ас-солаату хоирун минан-науум» делген кезде
«содакта ва барорта» деп аитуу да дурус.
- Ардактуу Паигамбарыбыз азандан кииин мынабул дубаны окууну сунуш кылып,
аны окуган адамга шапаат кыла тургандыгын (Бухари, Азан, 8) билдирген:
- «Аллахумма робба хаазихид-дааватит-тааммах, васолаатил-кооимах, аати
саииидинаа Мухаммадан ал-васиилата вал-фазиилах, вад-дарожатар-рофииах, ваб-асху
макоомам-махмуудан аллазии ва-адтах. Иннака лаа тухлифул-мииаад»
- Бирден көп азан аитылган жерлерде алгачкы азан менен аракет кылуу жетиштүү
болот.
- Жаңы төрөлгөн наристенин кулагына азан аитуу сүннөт болуп эсептелет.
VIII. НАМАЗДЫН АДЕП-ТАРТИБИ
Намаздын парз-важиптери, сүннөттөрү белгилүү адепке ылаиык таризде жүзөгө
ашышы керек. Алланын алдында адеп сактап, Ага таазим кылуу зарыл. Намазды
адептерине ылаиык окуу алдаканча паидалуу да, сооптуу. Намаздын адептерине кошкөңүл
мамиле жасоо намаздын сообун азаитат. Намаз учурунда Алланын алдында турганыбызды
унутпоо керек. Намазды шашып-пушуп окуп, эртерээк ылдам бүтүрүүнүн камын көрбөө
кажет. Мүмкүн болушунча кииимди оңдоп (маселен, даарат алгандагы түрүлгөн көинөк
жеңин, багалекти түшүрүп оңдоп) түз туруу абзел. Өидө турган учурда маңда коиулчу
жерди, руку учурунда бутту, сажда учурунда жерди, отурум учурунда тизени жана салам
берүү учурунда иииндин учун кароо да намаздын адеп-тартиптеринен болуп эсептелет.
Намазда эңсөө (оозду ачуу) учурунда оң колдун аркасы менен оозду жабуу да дурус.
IX. НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ
Намаз окуи турган адам алгач ниет кылып колду көтөрүп кулак кагып «Аллаху
акбар» деп такбир алат. Колду баилаган соң «Субхаанака» дубасын окуит. «Аузу-
бисмилла»ны аитып, «Фатиха» сүрөсүн окуп «аамииин» деген соң «бисмилланы» аитпаи
туруп дагы бир сүрөө окуит. Андан кииин «Аллаху акбар» деп рукуга барат. Рукуда үч
жолу «субхаана роббиял азиим» деп аитат. Үч жолудан ашыкча аитса да болот.
«Самиаллаху лиман хамидах» деп рукудан туруп «Роббанаа лакал-хамд» деит. Андан
кииин такбир алып саждага жыгылат. Саждада үч жолу «Субхаана раббил-аалаа» деп аитат.
Такбир аитып отуруп, каира такбир алып экинчи ирет саждага жыгылат. Андан соң такбир
алып өидө туруп тек «бисмилла»ны аитып «Фатиха» жана дагы бир кошумча сүрөө окуит.
Каира руку-саждага жыгылып, экинчи саждадан кииин такбир алып отурат. Бул жерде
«Тахиииат» «салли-баарик» дубаларын жана «Роббанаа аатина» дубасын окуит. Андан
соң салам берип намазды бүтүрөт. Ошентип ал эки ирекеттик намаз окуган болот.
Эгер үч же төрт ирекеттүү парз же важип намаз болсо же бешим намазынын
алгачкы сүннөтү болсо, алгачкы отурумда «тахиииат» дубасын гана окуп, үчүнчү
ирекетке турат. Парз намаз окуп жатса, тек «бисмилла» жана «Фатиха» сүрөсүн окуит.
Сүннөт намаз окуп жатса, Фатихадан кииин кошумча сүрөө окуп үчүнчү жана төртүнчү
ирекеттерин толуктаит. Төртүнчү ирекеттин акырында отуруп «Тахиииат», «салли-
баарик» жана «Роббанаа аатина» дубаларын окуп салам берет.
Эгер төрт ирекеттүү «гаири муаккад» сүннөт же напил намаздар болсо, же таравих
намазы болсо, ар бир отурумда «Тахиииат», «салли-баарик» дубалары окулат. Үчүнчү
ирекеттин башында «Субхаанака» дубасы окулуп «аузу-бисмилла» аитылат. Калгандары
баары окшош.
X. НАМАЗДЫ ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА АЛЫП КЕЛГЕН ЖАГДАИЛАР 57
Намаздын жогоруда берилген он эки парзынын бири орундалбаи калган учурда
намаз жараксыз болуп, аны каира баштан окууга туура келет. Мындан тышкары намазды
жараксыз абалга алып келчү жагдаилар төмөнкүлөр:
Намаз учурунда сүилөө: Намаз окуу учурунда билип-билбеи жаңылыштык кетирип,
сүилөп жиберүү намазды жараксыз абалга алып келет.
Намазга ылаиык келбеген же намаздын толук орундалышына залакасын тиигизген
кыимыл-аракеттерди жасоо (амал-и касир).
Кыбыла тараптан башка жакты көздөи бурулуу
Жеп-ичүү: сагыз чаиноо, намаздан мурун оозго салынган кантты соруу да намазды
бузат.
Эч себепсиз эле үн чыгаруу: кыңкыстоо, «өх», «ух» деп аитуу.
Күлүү: Намаз окуп жаткан адам өзү гана уга тургандаи үн менен күлсө, анын
намазы гана бузулат. Ал эми жанындагы адам да уга турган болсо, намазы да, даараты да
бузулган болот. Ал эми жылмаиуу намазды бузбаит.
Бешим намазын окуу учурунда жума намазында турганын оилоп экинчи ирекетте
салам берүү, ошондои эле куптан намазы учурунда таравих намазында турганын оилоп
экинчи ирекетте салам берүү да намазды жараксыз абалга алып келет. Ошондои эле
намазды төрт ирекет окуганын оилоп, экинчи ирекетте салам берген соң, эч нерсе кыла
элегинде дароо жаңылыштыгын эстесе, ошол замат өидө туруп намазын улантып кетсе
болот.
Үч жолу «Субхаана роббиял-азиим» деп аитканчалык убакыт аралыгында аврат жер
ачык болсо, намаз жараксыз болуп калат.
Багымдат намазын окуу учурунда күн чыкса, аит намазын окуу учурунда күн так
төбөгө келип калса, жума намазын окуп жатканда асыр намазынын убагы кирип калса, бул
намаздар жараксыз болуп эсептелет.
Таяммум менен намаз окуу учурунда суунун келгенин баамдоо.
Маасыга масх тартылган соң намаз учурунда масх убагынын чыгышы. Намазда
туруп маасыны чечүү намазды жараксыз абалга алып келет. Себеби бул учурда маасыны
чечүү менен даарат бузулган болот.
Даараттын бузулушу.
Кыраат каталары Куранга ылаиык келбеген таризде маанини бузса, намаз бузулат.
Жаназа намазынан тышкаркы намаздарда жамаат менен турганда эркектердин
арасында бир аял болсо, анын эки жагындагы жана аркасындагы адамдын намазы бузулган
болот. Бул болгону жамаат учурунда болот.
Себепсиз удаама-удаа үч кадам таштоо.
XI. НАМАЗДЫН МАКИРӨӨЛӨРҮ
Намаздын маңызына ылаиык келбеген, «хушуу» жана ибадат түшүнүктөрүнө төп
келбеген жагдаилар макирөө болуп саналат. Намаздын важиптеринен бирин аткарбоо
тахриман (оор) макирөө, ал эми сүннөтүн таштап кетүү танзихан макирөө катары каралат.
Тахриман макирөө ишти жасоо күнөө. Ошондуктан намазда важиптердин бирин атаиын
таштап кетүү намазды каирадан окууну талап кылат. Эгер унутуп калып же жаңылыштык
менен важиптердин бири орундалбаи калса, анда намаздын акырында сахв (жаңылуу)
саждасына баруу кажет. Танзихан макирөө болсо намаздын сообун азаитат. Мындан
сырткаркы намаздын макирөөлөрү төмөнкүлөр:58
Намаз учурунда орундалчу кыимыл-аракеттерди адеп-тартибине жараша аткарбоо.
Маселен, саждага жыгылуу учурунда жерге колду тизеден мурун коиуу, рукуга барган соң
такбир аитуу сыяктуу.
Себепсиз тигил же бул нерсеге (м: дубалга) жөлөнүү.
Себепсиз намазды бузбаи турган таризде (удаама-удаа үч кадамга чеиин) басуу.
Намаз учурунда кииим, дене же сакал менен алектенүү.
Саждага барганда эркектер үчүн чыканакты жерге тиигизүү.
Колду эки жакка керүү
Эч бир себепсиз атаиын жөтөлүү
-Жамаатмененнамазокууучурундаимамданмурунруку-саждагабарууже
рукусаждадан башты көтөрүү оор макирөө болуп, намазды жараксыз абалга алып келет.
Намаз убактысы кенен учурда кысталган даарат менен намазга туруу.
Таза кииим бар туруп намазга кир кииим менен туруу.
Азирети Паигамбарыбыз намазды даиыма баш кииим окугандыгы үчүн баш
кииимсиз намаз окуу танзихан макирөө.
Дубалдын кыбыла тарабында же шыпта же оң-сол жагында жандуунун сүрөтү бар
үидө намаз окуу тахриман (оор), ал эми арка тарапта сүрөтү бар үидө намаз окуу танзихан
макирөө болуп эсептелет.
Намазга ылаиыксыз жерлерде (мисалы, таштанды жерлерде) намаз окуу.
XII. ЖАМААТ МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ
А. ЖАМААТ МЕНЕН НАМАЗ ОКУУНУН МААНИСИ
Ислам дини мусулмандардын биримдигине, ынтымак-ырашкерлигинеөзгөчө маани
берет. Ошондуктан динибиз күндө беш маал намазды жамаат менен чогуу окууга үндөп,
аптада бир жолу жума намазын жамаат менен окуунупарз кылган. Жамаат менен окулган
намаз мусулман коомчулугунун биримдикте болушу үчүн өзүнчө жөлөк. Күнүгө беш жолу
бир мечитте намаз окуганжергиликтүү адамдар, аиылдаштар же кошуналар бири-биринен
кабардар болуп, ар даиым каигысын да, кубанчын да тең бөлүшүүгө даяр болушат.
Жамаатка өзгөчө көңүл бөлгөн жамаат коомдук биримдиктин, сыи-урматтын,
жардамкөрсөтүүнүн даамын тата алат. Кедеи-кембагалдарга, жарды-жалчыларга жардам
берүү менен бирге ибадаттарын дыкат орундоого аракет кылышат. Ырас,Азирети
Паигамбарыбыз жамаат менен окулган намаз жеке окулган намазданалдаканча паидалуу
да, сооптуу да болгондугун төгүн жерден аиткан эмес (Бухари, Намаз, 30; Муслим,
Масажид, 42).
Жамаат бул имам жана имамга ыклас кылып уюган адамдардын ортосундагы рухии
биримдик. Дин Ислам ибадаттар жана динии-социалдык баиланыштар аркылуу жаамы
момун-мусулмандардын биригип иш алып барышын, бири-бирине жөлөк-таяк болуп
ынтымакта жашашын көздөит. Күнүмдүк беш маал намазды, апталык жума намазды, бир
жылда эки жолу келчү аит намаздарын жамаат менен окуу жана мүмкүнчүлүгү барлардын
жылына бир жолу ажылыкка барып Арафат тоосунда биригиши биримдиктин,
ынтымактыктын жышаанасы. Мына ушул ибадаттардын баары шариятка ылаиык
орундалса, коомдогу көигөилөр чечилип, эл-журтка кут кирип, беипил жашоо болмок.
Коомдо кедеилер, жардылар азаимак, урмат-сыи, жылуу мамиле күчүнө кирмек.
Б. ЖАМААТ МЕНЕН НАМАЗ ОКУУНУН ӨКҮМҮ
Жума намазын жамаат менен окуу парз.
Жума намазынан сырткаркы парз намаздарды жамаат менен окуу Имам Азам агымы
боюнча, муаккад сүннөт. Ханбали агымы боюнча, эркектер үчүн парз-ы аин, Шафи агымы
боюнча, парз-ы кифая.
Имам Азам агымы боюнча, жамаат деп эсептелиш үчүн мечитте эң азынан имамдан
сырткары бир адам болушу керек. Балагатка жете элек баланын имамга ыклас кылып
уюшу жамаат болууга мүмкүндүк берет.59
В. ЖАМААТ МЕНЕН ОКУЛГАН НАМАЗДА КЫРААТ
Жамаат менен намаз окуу учурунда имам кыраат кылат (жамаат кыраат кылбаит).
«Субхаанака» дубасынан кииин жамаат унчукпаит. Имамга уюган жамааттын кыраат
кылышы тахриман макирөө. Ал эми Имам Мухаммеддин пикиринде, кырааты жашыруун
түрдө окулган намаздарда жамаат да кыраат кылса болот.
Г. ЖАМААТКА БАРУУНУН АДЕП-ТАРТИБИ
Жамаатка бара турган адам тазалыкка, киииминин, денесинин тазалыгына өзгөчө
көңүл бөлүшү керек. Азирети Паигамбарыбыз «Пияз, сарымсак (чеснок) жеген адам
үиүндө отурсун, бизден жана мечитибизден оолак болсун» деген (Муслим, Масажид, 73).
Жамаат менен жылуу мамиледе болуу керек. Мечиттерде намаз окугандардын
алдынан өтпөө керек.
Өзгөчө бүгүнкү күнү адамдарды мечиттен жана жамааттан ирээнжиткен
нерселерден алыс болуу кажет. Мечиттердин ичи, дааратканалар таза болушу зарыл.
Мусулман баласы ар даиым таза, тыкан болушу керек.
Д. САПКА ТИЗИЛҮҮНҮН ТАРТИБИ 60
Имамга уюган адам жалгыз болсо, имамдын оң тарабына турат. Ал эми
бир кишиден көп болсо, имамдын аркасына тизилишет. Имамга уюган адам аял
жалгыз болсо да, анын аркасына турат. Сап түз жана тыгыз болушу керек.
Жамаатта эркектер, аялдар жана балдар да болсо, катарга биринчи эркектер,
алардын аркасына балдар, андан соң аялдар кырка тизилиши керек. Бул Азирети
Паигамбарыбыздын буиругу. Асыресе, мындаи тизилиш ибадат түшүнүгүнүн маани-
маңызына да ылаиык келет.
Имам Азам агымы боюнча, жамаат менен намаз окуу учурунда эркек менен аял
жанаша турса, аялдын оң-солундагы жана аркасындагы адамдын намазы бузулган болот.
Алдыңкы сапта орун боло туруп, арка тарапка туруу макирөө.
Ж. ЖАМААТКА БАРБООГО ОЛУТТУУ СЕБЕПТЕР
Ооруп калуу
Коркунуч. Кимдир бирөө жамаат менен намаз окуу үчүн мечитке кетип калган
учурда эгер мал-мүлкүнө, жанына же ар-намысына зыян келүү коркунучу болсо, ал
адамдын жамаатка барбашына уруксат берилет.
Аба ыраиынын бузулушу: нөшөрлөп жамгырдын төгүшү, бороон-чапкын,
бурганактап жааган кар же мөндүр, катуу шамал.
Азиз-сокурлук, маиыптык, ашкере карылык.
Үидө жамаат менен намаз окуу мүмкүн болсо да, мечитке барып чоң жамаат менен
намаз окуу алдаканча сооптуу. Үидө жамаат менен намаз окууну адатка аиландырып,
мечиттерге барбаи коиуу туура эмес.
З. ИМАМДЫК
1. Имамдыктын шарттары 61
Имам ириде мусулман, акыл-эси жаиында, балагатка жеткен адам болушу керек.
Жамаатта аял кишилер болсо, имам намазга баштоо учурунда жалпы жамаатка
имамдык кылууга ниет коиушу зарыл.
Аялдар эркектерге имамдык кылууга болбоит. Аял киши аялдарга гана имам боло
алат.
Бул учурда имам аял биринчи катарда аялдардын катарында ортодо турушу керек.
Имам боло турган адам намазды жараксыз кылбаи турганчалык Куран окууну
өздөштүргөн болушу кажет.
Үзүрү бар (тез-тезден желдин чыгышы, зааранын тез-тез келип турушу ж.б.) адам
жөн адамга имам боло албаит.
Намаздын толук аткарылышы үчүн зарыл шарттардын бирин таштап кетүүсү
мүмкүн болгон адам береги шарттарды толук аткарган адамга имам боло албаит. Мисалы,
нажасаттан тазалык шартын орундаган адам бул шартты аткара албаган адамга ыклас
кылалбаит.
Имамга уюган адам башка адамдарга имамдык кыла албаит. Тагыраак аитканда,
имамга биринчи ирекеттен кииин жетишип калган адам орундалбаи калган ирекеттерин
толуктоо үчүн өидө турган кезде сырттан келген адам же жамаат ыклас кыла албаит.
Ишара т-ым (иимаа) менен намаз окуган адам ым менен намаз окугандарга гана
имамдык кыла алат.
2. Имамдыкка татыктуу адам 62
Намаздын өкүмүн, жол-жоболорун иине-жибине чеиин билген, Куранды туура
окуган киши имамдыкка эң ылаиыктуу адам болуп эсептелет. Мына ушундаи адам
турганда Куранды жаңылыш окуган адам имамдыкка өтө албаит. Имамдыкка татыктуу
адам көп болсо, алардын такыбалуулугуна, адамгерчилигине, адеп-ахлагына жараша эң
мыктысы имамдыкка өтүүсү ылаиык. Бул учурда жашка да көңүл бөлүү абзел.
Такыбалуулугу жагынан да, жашы жагынан да улуу адамдын имамдыкка өткөнү дурус. Ал
эми жашы улуу болсо да, жогорку сапаттарга жооп бере албаган адам имамдыкка өтпөшү
керек. Асыресе, имамдыкка өтүшү макирөө болуп эсептелген адамдар да бар. Аларды
төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
Фасык адам: Парз иштерге каидыгер мамиле жасап, арам иштерге барган адам арап
тилинде «фасык» деп аитылат. Мындаи адамдын имамдыкка өтүшү тахриман макирөө,
күнөө болуп саналат.
Ахли сүннөт ишенимине жана ибадаттарына коошпогон, ылаиык келбеген иштерди
жасаган (бидатчы) адам.
Жамаат каалабаган адам.
Сокур адамдын тазалык жаатында кемчилик кетирип коиуу мүмкүнчүлүгү жогору
болгондуктан имамдыкка өтүшү макирөө болуп эсептелет.
3. Имамдык кылуу учурунда макирөө болгон жагдаилар
Намазды көпкө созуу. Азирети Паигамбарыбыз мындаи деит: «Жамаатка
имамдыкка өткөн адам намазды көпкө созбосун! Анткени жамаатта ооруган, ал-күчтөн
таиган адамдар болот...» (Бухари, Азан, 62).
Руку-саждага барган учурда тасбихтерди жамаат жетишпеи тургандаи тез-тез аитуу,
намазды ылдам окуу.
Жамааттан бииик же төмөн жерде туруп имамдыкка өтүү. Аз болсо макирөө
болбоит.Жамаат жактырбаган таризде кыраат кылуу.
Али жакшы жаттала элек аяттарды окуу дурус эмес.
4. Имамга ыклас кылуунун (уиуунун) шарттары 63
Имамга уюган адам окуи турган намазына да, имамга уиууга да ниет кылышы
керек.
Имамга уюган адам имамдын катарында же алдына чыгып турбашы керек.
Парз намаз окуи турган адам напил намаз окуп жаткан адамга ыклас кыла албаит.
Парз намаз окуп жаткан адам ошол парз намазды окуи турган имамга ыклас кыла
алат.
Мисалы, бешим намазынын парзын окуп жаткан адам бешимди окуи турган имамга
уиуса болот. Ал эми каза намаз окуи турган адамга ыклас кыла албаит. Каза намазын
окуган адамга ошол каза намазын окуган адам гана ыклас кыла алат.
Имам менен жамаат бир жерде болушу керек. Эгер имамга уюган адам имам турган
жердин (мечиттин) сыртында болсо, ортодо жамаат болушу кажет.
Имамга уюган адам имам тигил же бул рукундан кииинки рукунга өткөнгө чеиин
ошол рукунду аткарышы керек.
Имамдан мурун аракет кылбоо зарыл.
Имамга уюган адам башка адамдарга имамдык кыла албаит.
Имам менен эркектердин ортосунда аялдар сапка турбашы керек. Үч аял киши бир
сап болуп эсептелет.
Имамга салам берүүгө чеиин уиуу керек. Сахв саждасына жыгылуу учурунда же
андан соң акыркы отурумда да имамга уиууга болот.
Бешим жана куптан намазын жалгыз окуган адам намазын окуп бүткөн соң жамаат
келип калса, ал адам жамаат менен каира окуса болот. Анын бул намазы напил болуп
эсептелет.
5. Имамга уюган адамдын жеке аткара турган иштери
Ниет кылуу
Ифтитах такбирин алуу
«Субхаанака» дубасын окуу
Руку жана сажда такбирлерин алуу
Руку жана сажда тасбихтерин аитуу
Рукудан туруу учурунда «самиаллаху лиман хамидах», өидө болгон соң
«Аллахумма Роббанаа лакал хамд» деп аитуу.
«Тахиииат» дубасын окуу
Эки тарапка салам берүү.
6. Имамга уиубаи коиууга уруксат берилген учурлар 64
Парз намаздардын акыркы отурумунан кииин имам жаңылыштык менен өидө
турууга камынса,
Напил намаздарда имам билип туруп намазга кошумча ирекет кошсо,
Имам аит намаздарында ашыкча такбир алса,
Имам жаназа намазынын такбирлерин ашыкча алса, жамаат ага уиубаи коиууга
укуктуу.
7. Имам таштаган кезде жамааттын да таштап кетиши зарыл учурлар
Аит намаздарынын такбирлери
Төрт жана үч ирекеттүү намаз учурунда биринчи отурум
Тилават саждасы
Сахв саждасы
Кунут дубасы
8. Имамга уюган адам
Имамга уюган адамдын абалы намазды баштан-аяк имам менен окуп-окубаганына
жараша өзгөрөт. Бул өңүттөн үч абалдагы адам бар:
а. Мудрик:
Намазды баштан-аяк имам менен бирге окуган адам арап тилинде «мудрик» деп
аитылат.
Бир адам намаз башталган соң келип ифтитах такбирин алып, имам алгачкы
ирекеттин рукусунда турган учурда рукуга барса, ал адам мудрик болуп саналат. Бул жерде
эскерте кетчү жагдаи, имам рукуда турган кезде келген адам ифтитах такбирин өидө турган
калыбында алышы керек. Шашылыш менен рукуга баратып ифтитах такбирин алуу
жарабаит.
б. Масбук:
Имамга биринчи ирекеттин рукусунан кииин же экинчи, үчүнчү, төртүнчү
ирекеттерде уюган адам «масбук» деп аитылат.
Имам эки жакка салам бергенден кииин масбук өидө болуп, окубаи калган
ирекеттерин толуктаит.
Масбук имам менен канча ирекет окубаи калган болсо, ошончо ирекетти толукташы
керек.
Кырааты жашыруун түрдө окулган намаздарда имамга биринчи ирекеттен кииин
уюган адам ифтитах такбиринен кииин «субхаанака» дубасын окуит. Ал эми ачык түрдө
окулган намаздарда бул учурда «субханака» дубасын окубаит. Ал адам жетишпеи калган
ирекеттерин толуктоо үчүн өидө турган кезде «субханака» дубасын окуит.
Шам намазынын үчүнчү ирекетинде имамга уюган адам, имам салам берген соң
өидө туруп бир ирекет дагы окуп отурат. Андан кииин дагы бир ирекет окуп салам берип
намазын толуктаит. Ал эми ортодо отурбастан эки ирекетти удаама-удаа окуса, сахв
саждасына баруунун кажети жок.
Төрт ирекеттүү намаздын акыркы ирекетинде имамга уюган адам төртүнчү
ирекеттин отурумунда имам эки жакка салам бергенден кииин өидө туруп «Субхаанака»
дубасын, андан кииин «Ауузу-бисмилла», «Фатиха» сүрөсү менен бирге бир сүрөө окуп,
руку-саждага барып отуруп, «Тахиииат» дубасын гана окуит. Андан соң калган эки
ирекетин толуктап коет.
Масбук имам салам бергенден кииин өидө турушу керек. Ошону менен бирге
даараттын кысталышы, жерге күн нурунун түшүшү же намаз убагынын чыгып кетүү
ыктымалы сыяктуу себептерден улам масбук «тахиииат» дубасын окуган соң имамдын
салам беришин күтпөи өидө туруп намазын толуктаса да болот.
в. Лахик:
Имам менен намазга туруп кандаидыр бир себептен улам намаздын бир рукунун
имам менен бирге окуи албаи калган адам «лахик» деп аитылат. Уикусуроо, уктап кетүү,
даарат бузулуп каира даарат алып келүү же имамдан мурда руку-саждага баруу сыяктуу
себептер менен намазды имам менен толук окубаи калган адам окулбаи калган ирекеттерин
каирадан окуган кезде имамдын аркасында турган таризде окуит. Башкача аитканда, кыям
учурунда кыраат кылбаит (Фатиха жана кошумча сүрөө окубаит).
Уикусуроонун аиынан имамга рукуда жетишпеи калган адам имамдын саждага
баратканын көрсө, дароо руку кылып саждада имамга жетишкенге аракет кылат. Бул
учурда имамга жетишпеи каларын аңдаса, дароо саждага барып имамга жетишет. Имам
салам берген соң аткара албаи калган рукундарды имамдын аркасында турган таризде
орундатат (өидө турган учурда кыраат кылбаит).
Жамаат менен намаз окуу учурунда даараты сынган адам эч ким менен
сүилөшпөстөн, тигил же бул иш менен алектенбестен тек гана даарат алып келип, окубаи
калган ирекеттерин имамга уюган таризде толуктаит.
Имам сахв саждасына барса, лахик ошол замат өидө туруп окубаи калган
ирекеттерин толуктап, акыркы отурумда сахв саждасына жыгылат.
Сапарда жүргөн адам имамдыкка өтүп төрт ирекеттүү намазды эки ирекет менен
толуктаган соң, ага уюган жергиликтүү адам калган эки ирекетин лахик сыяктуу окуит.
Тагыраак аитканда, кыраат кылбаит, руку-саждада гана тасбихтерди аитып, «Тахиииат»,
«салли-баарик» дубаларын окуп салам берет.
Жогорудагы эреже-жоболорду жакшы түшүнө албаган адам намазын башынан
баштап окуганы дурус.
9. Жеке намаз окуп жаткан адамдын жанында жамаат менен намаздын
башталышы 65
а. Парз намаз окуп жаткан адам:
Жеке парз намаз окуп жаткан адамдын жанында ошол парз намаз жамаат менен
окула баштаса, ал адам али биринчи ирекеттин саждасына бара элек болсо, намаздан
чыгып жамаатка кошулушу дурус. Бул мустахап иш.
Багымдат жана шам намаздарынын биринчи ирекетинин саждасана барган соң
жамаат келип калса, намаздан чыгып жамаатка кошулуу абзел. Ал эми ушул эле
намаздардын экинчи ирекетинин саждасына барган соң жамаат келип калса, жамаатка
кошулбаи эле намазды толуктоо дурус.
Бешим, асыр жана куптан намаздарынын биринчи ирекетинин саждасына баргандан
кииин жамаат келсе, экинчи ирекетти толуктап жамаатка кошулуу керек. Бул учурда жеке
окулган эки ирекет напил намаздын ордуна өткөн болот.
Бешим, асыр жана куптан намаздарынын үчүнчү ирекетине туруп саждага бара элек
кезде жамаат келсе, дароо эки тарапка салам берип, жамаатка кошулуу абзел. Ал эми
үчүнчү ирекеттин саждасына баргандан кииин жамаат келип калса, намазды жеке
толуктоого туура келет.
б. Напил намаз окуп жаткан адам:
Напил намаз учурунда өзү окуи турган парз намаз башталып калса, окуп жаткан
намаздын эки ирекетин толуктап, жамаатка кошулушу керек. Эгер үчүнчү ирекетке турган
болсо, намазын төртүнчү ирекет менен толуктап, андан соң жамаатка кошулат. Напил
намазда турган адам жаназа намазына жетишүү үчүн окуп жаткан намазынан дароо чыгып
кетсе болот.
Багымдат намазынын сүннөтүн окуп жамаатка жетишерине ишенген адам эки
ирекет сүннөттү ылдам окуп, жамаатка кошулушу керек.
Али бешим, асыр жана куптан намаздарынын сүннөттөрүн окуи элек кезде жамаат
парзга баштап калса, дароо жамаатка кошулуу керек. Намаздан кииин бешим намазынын
төрт ирекет сүннөтүн каза кылат (каира окуит). Асырдын сүннөтү парздан кииин каза
кылынбаит. Ал эми куптан намазынын алгы төрт ирекет сүннөтү «гаири муаккад сүннөт»
болгондугу үчүн аны каза кылууга да, каза кылбоого да болот. Бирок каза кылынганы
дурус.
XIII. БЕШ МААЛ НАМАЗ
А. БАГЫМДАТ НАМАЗЫ
Багымдат намазында биринчи эки ирекет сүннөт, андан соң эки ирекет парз окулат.
Б. БЕШИМ НАМАЗЫ
Бешим намазында алгач төрт ирекет сүннөт окулат. Андан кииин төрт ирекет парз,
анан каира эки ирекет сүннөт окулат. Акыркы эки ирекет сүннөтүн төрт ирекет болуп
окулушу мустахап.
В. АСЫР НАМАЗЫ
Асыр намазында алгач төрт ирекет гаири муаккад сүннөт, андан соң төрт ирекет
парз окулат
Г. ШАМ НАМАЗЫ
Шам намазында алгач үч ирекет парз, андан соң эки ирекет сүннөт окулат.
Д. КУПТАН НАМАЗЫ
Куптан намазында биринчи төрт ирекет гаири муаккад сүннөт, андан кииин төрт
ирекет парз, эки ирекет сүннөт окулат. Витир намазын түн бир оокумда турарына ишене
албаган адам куптан намазынын аркасынан же болбосо уктаганга чеиин окуит.
XIV ЖУМА НАМАЗЫ 66
Жума намазынын парз болгондугу Куран, Сүннөт жана Ижма далилдери менен
тастыкталган. Жума намазы Ислам дининде өзгөчө мааниге ээ болуп, Азирети
Паигамбарыбыздын заманынан бери мусулмандар тарабынан окулуп келет. Жума
намазынын парзы эки ирекеттен турат. Жуманын парзынан мурун, кутпага чеиин төрт
ирекет сүннөт окулат. Кутпадан кииин эки ирекет парз, андан соң дагы төрт ирекет сүннөт
окулат.
А. ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАРЗ БОЛУШУНУН ШАРТТАРЫ
Жума намазынын парз болушу үчүн беш маал намаздын парз болушунун
шарттарына кошумча төмөнкү шарттар да керек:
Эркек болуу. Жума намазы аял кишилер үчүн парз эмес. Жума намазынын аялдарга
парз болбогондугу Паигамбарыбыздын куттуу хадистеринде аитылган. Анын учурунда
аялдар жума намазына ар даиым эмес, кээде келип турган. Паигамбарыбыз аял кишилерди
жума намазына мажбурлаган эмес. Буга жума намазы аялдардан, балдардан, оорулуу жана
сапардагы адамдардан тышкары бардык мусулмандарга парз болгондугу жөнүндө
аитылган хадис далил боло алат.
-Намазга барууга тоскоол боло турган себептин болбошу. Маселен: оору, сокурлук,
аба ыраиынын бузулушу, жол шарттары, намазга барган чакта жанына, мал-мүлкүнө же
намысына зыян келүү коркунучу.
Эркиндик. Кулдарга, туткундарга, жума намазы парз эмес. Сапарда болбоо. Жума
намазы сапарда жүргөндөргө да парз эмес.
Б. ЖУМА НАМАЗЫНЫН САХИХ БОЛУШУНУН (толук орундалышы үчүн)
ЗАРЫЛ ШАРТТАРЫ
1. Убакыт: Жума намазы жума күнү бешим намазынын убагында окулат.
2. Жамаат: Имам Азам менен Имам Мухаммеддин пикиринде, жума намазы үчүн
имамдан сырткары эң азынан үч киши болушу керек. Имам Абу Юсуфтун пикиринде,
имамдан сырткары эки киши болушу зарыл.
3. Жума окулган жер эл отурукташкан жер болушу керек.
4. Мүмкүн болсо, жума намазынын бир мечитте окулушу. Эгер жамаат бир мечитке
батпаса, ар каисы мечиттерде окууга уруксат берилет.
5. Имам Азам (Ханафи) аалымдарынын пикиринде, саясии терс кырдаалга себеп
болбоо үчүн, мусулмандардын биримдигин, ынтымагын ыдыратпоо үчүн жума намазы
окулган жерге мамлекет тарабынан уруксат берилиши керек. Имам Азам агымынан
сырткаркы үч агым бул шартты кошпоит. Асыресе, жума намазы окулган жер элге ар
даиым ачык болушу керек. Жума намазы мусулмандардын биримдигинин жышааны
болгондугу үчүн кичи жамааттарга бөлүнүп, жеке үилөрдө окулушу туура эмес.
6. Кутпа: Жума намазынын сахих болушу үчүн кутпа окуу шарт.
В. КУТПА
1. Кутпанын шарттары
Кутпанын толук болушу үчүн да өзүнчө шарттар бар. Алар төмөнкүлөр:67
а. Кутпа өз учурунда,
б. Жума намазынын парзынан мурун,
в. Кутпа ниети менен,
г. Жамааттын алдында окулушу кажет. Кутпаны эң азынан бир киши угушу керек.
д. Кутпа учурунда, же кутпа менен намаздын ортосунда намазга ылаиык келбеген
иштерден оола болуу керек. Маселен, тамактануу сыяктуу.
2. Кутпанын сүннөттөрү
Кутпанын сүннөттөрү Азирети Паигамбарыбыздын кутпа окушунан алынган.
Андыктан буларга көңүл бөлүү керек.
а. Кутпа окуи турган адамдын (хатиб) минбарга жакын жерде болушу жана
жуманын алгачкы төрт ирекет сүннөтүн ушул жерде окушу
б. Хатиб ички (экинчи) азанды минбарга чыгып, жамаатка бет алган калыбында
угушу
в. Азанды хатибдин маңдаиында аитуу
г. Кутпаны өидө туруп окуу
д. Кутпаны ичтен «аузу-бисмилланы» аитып, Алла Таалага хамд (шүгүр) аитуу
менен баштоо. Кутпа учурунда шахадат келмесин келтирүү жана Азирети Мухаммед
(саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбызга салават аитуу, эң азынан бир аят окуу.
ж. Элге дин Исламдын асыл дөөлөттөрү жөнүндө кеп салуу.
з. Кутпаны эки бөлүккө бөлүү жана ортолорунда бираз отуруу.
и. Кутпанын экинчи бөлүгүн да Аллага хамд (шүгүр) жана Паигамбарыбызга
салават аитуу менен баштоо.
к. Кутпанын экинчи бөлүгүндө мусулмандар үчүн Жараткан Алладан кечирим
тилөө, аларга дуба кылуу
л. Кутпаны эл уга тургандаи үн менен окуу. Экинчи кутпаны биринчиден бираз
төмөн үн менен окуу
м. Хатибдин даараттуу болушу н. Жума намазында кутпаны окуган адамдын
имамдыкка өтүшү
3. Кутпа угуунун адеп-тартиби
Кутпа окулуп жатканда жамаат хатибге кулак төшөөсү керек. Бул учурда сүилөө
тахриман макирөө болуп эсептелет. Салам берүү, алик алуу, намаз окуу дагы дурус эмес.
Кутпаны жамааттын тынч отуруп угушуна тоскоол болгон аракеттерди кылуу туура эмес,
күнөө.
Г. ЖУМА НАМАЗЫНА БАИЛАНЫШКАН АИРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Имам Азам агымы боюнча, жума намазында имам салам бергенге чеиин ага уюган
адам жума намазына жетишкен болуп эсептелет.
Жума намазынан жооптуу болбогон адамдар (мисалы, аялдар) жума намазын
окуган болсо, алар үчүн да жума намазы бешим намазынын ордуна өткөн болот.
Жума намазы Паигамбарыбыздын учурунда бир мечитте окулгандыгы үчүн,
аалымдар эл отурукташкан жерде жума намазын бир мечитте окуу зарылдыгын аитышкан.
Тарыхта да, бүгүнкү күнү да бул шартка кошкөңүл мамиле жасалгандыктан жума
намазынын толук (сахих) болуп-болбоо ыктымалына баиланыштуу «зухри ахир» деген ат
менен бешим намазынын парзын окуу керектигине карата фатвалар чыгарылган. Бирок,
ошону менен катар бүгүнкү күнү шаар жергесинде жума намазын бир мечитте окуу
мүмкүн болбогондуктан бирден көп мечитте окуу зарылчылыгы бар. Мына ушундаи
зарылчылыктан улам жума намазын бирден көп мечитте окууга уруксат берилет.
Жума намазынан жооптуу болбогон адамдардын жума күнү жума намазы окулган
жерде бешим намазын жамаат менен окуулары макирөө болуп эсептелет.
Имам Азам агымы боюнча, жума намазына азан чакырылып жатканда же бүткөндө
соода-сатык менен алектенүү тахриман макирөө, күнөө. Ошону менен бирге бул учурдагы
соода-сатык «сахих» болуп эсептелет. Ал эми Шафи, Ханбали жана Малики агымдары
боюнча, бул учурда соода-сатык кылуу арам болуп эсептелет.
XV. АИТ НАМАЗЫ
Аит намазы орозо жана курман аит күндөрү жылына эки жолу окулат. Имам Азам
агымы боюнча, аит намазы жума намазын окууга милдеттүү адамдар үчүн важип болуп
эсептелет. Аит намазынын толук орундалышынын шарттары жума намазыныкы сыяктуу.
Ошону менен бирге аит намазында кутпа шарт эмес, сүннөт. Аит намазында кутпа
намаздан кииин окулат.68
А. АИТ НАМАЗЫНЫН УБАГЫ
Аит намазынын убагы аит күнү эртең менен макирөө убак чыккан соң (күн
чыккандан болжол менен 50 мүнөт өткөн соң) башталып, чак түшкө чеиин уланат (чак түш
буга кирбеит. Т.а. чак түштө намаз окулбаит). Маирамдын биринчи күнүн тактоодо
катачылык кетсе, же кандаидыр бир себептен улам аит намазы окулбаи калса, эртеси күнү
окулат. Курман аит намазын аиттын үчүнчү күнү да окууга болот.
Б. АИТ НАМАЗЫНЫН ОКУЛУШУ
Аит намазы эки ирекеттен туруп, жамаат менен окулат. Алгачкы ирекетте
«субханака» дубасынан кииин үч такбир жана экинчи ирекетте рукуга чеиин дагы үч
такбир алынат.
Аит намазы үчүн азан жана коомат аитылбаит.
Аит намазын баштоо учурунда эки ирекет орозо же курман аит намазын окууга ниет
кылынат. «Аллаху акбар!» деп иралды имам, андан соң жамаат ифтитах такбирин алат. Кол
баилап «субхаанака» дубасы окулат. Андан соң имам менен бирге үч ирет «Аллаху акбар»
деп үч такбир алынат. Ар бир такбирде кол кулактын тушуна чеиин көтөрүлөт. Үчүнчү
такбирден кииин кол киндиктин алдына баиланат. Имам «Фатиха» жана кошумча сүрөө
окуит. Руку-саждага барып, экинчи ирекетке турган соң, имам «Фатиха» жана кошумча
сүрөө окугандан кииин рукуга барганга чеиин дагы үч такбир алынат. Андан кииин
рукусаждага барып «Тахиииат» дубалары окулган соң эки тарапка салам берилет. Андан
кииин имам кутпа окуит. Имам кутпаны такбир менен баштаит.
В. АИТ НАМАЗЫНА БАИЛАНЫШКАН АИРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Аит намазында азан жана коомат аитылбаит.
Аит намазынын биринчи ирекетине жетишкен адам имам рукудан турганга чеиин
такбирлерди алалса алып, имамга ыклас кылат. Бул такбирлерди имамга уиуу үчүн рукуга
ииилгенде да алса болот. Такбирлерди алалбаса, каира такбир албаит.
Аит намазынын экинчи ирекетине жетишкен адам алгачкы ирекетин толуктоо
учурунда биринчи «Фатиха» андан кииин кошумча сүрөө окуп, андан кииин такбирлерди
алат да руку-саждага барып, «Тахиииат» «салли-баарик» дубаларын окуп намазын
толуктаит.
Имам биринчи ирекетте «субханака» дубасынан кииин такбир алууну унутуп
«Фатиха» сүрөсүн окуп жатканда же бүтүргөндөн кииин эстесе, дароо такбирлерди алып
«Фатиха» сүрөсүн каирадан окуит.
Курман аит намазын эрте, убагы кирери менен, ал эми орозо аит намазын убагы
киргенден бираз убакыттан кииин окуу мустахап.
Аит күндөрү эрте туруу, жуунуп-тазалануу, жаңы, таза кииим кииүү, садага берүү
маирамдык маанаида болуу жана аиттын түнүн Жаратканга ибадат кылуу менен өткөрүү
мустахап болуп эсептелет. Ошондои эле мусулмандардын бирибирине зыярат кылып,
куттуктоолору, бири-бирине дуба кылуулары абзел.
Курман аит намазына бара жатканда үндү чыгарып, ал эми орозо аит намазына
баратканда купуя такбир аитуу да мандуп.
Г. ТАШРИК ТАКБИРЛЕРИ
Курман аиттын арапа күнү (аиттын мурунку күнү) багымдат намазынан баштап,
аиттын үчүнчү күнү асыр намазына чеиин парздардан кииин Паигамбарыбыздын ташрик
такбирлерин аиткандыгы хадистерде аитылган. Бул күндөрү парз намаздардан кииин
ташрик такбирин аитуу аял-эркек, сапарда жүргөн бардык мусулмандарга важип болуп
саналат. Имам Азам агымында фатвага ушул пикир негиз болуп саналат.69
Ташрик такбирлери күндөрү намаз казага калса, ушул күндөрү окулса ташрик
такбирлери аитылат. Эгер кииинки күндөрү каза кылынса, ташрик такбирлери аитылбаит.
Ташрик такбири төмөнкүчө: «Аллаху акбар, Аллаху акбар. Лаа илааха иллаллаху
валлаху акбар. Аллаху акбару ва лиллахил-хамд»
XVI. ВИТИР НАМАЗЫ
Имам Азам агымы боюнча, витир намазы үч ирекеттен туруп, важип өкүмүндөгү
намаз болуп саналат. Үчүнчү ирекетте рукудан мурун такбир алып, кунут дубасын окуу да
важип.
Витир намазынын убагы куптан намазынан кииин башталып багымдат намазына
чеиин уланат. Витир намазын түндүн акыркы бөлүгүндө окуу абзел.
Витир намазы Рамазан аиында гана таравих намазынан кииин жамаат менен окулат.
Витир намазы жамаат менен окулган чакта имам ар бир ирекеттин кыраатын үнүн чыгарып
окуит. Витир намазында имам да, жамаат да кунут дубасын купуя (ар ким өз ичинен)
окуит.70
XVII. САПАР НАМАЗЫ 71
Ислам дини оор жагдаиларда ибадаттарды жеңилдетүүгө жол ачып, анын өзүнчө
жол-жоболорун, эрежелерин коигон. Мындаи оор учурлардын бири – сапар учуру. Сапар
намазы жөнүндө Ыиык Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Сапарга чыкканыңарда
каапырлардын силерге жамандык келтирүүсүнөн чочуласаңар, анда намазыңарды
кыскартып окусаңар болот, күнөө болбоит» (Ниса сүрөсү сүрөсү, 101). Ошону менен
бирге куттуу хадистерде Азирети Паигамбарыбыздын сапар учурунда намаздарын
кыскартып окугандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Адам каисыл учурда жолоочу болуп эсептелери туурасында эки көз караш бар.
Имам Азам агымында фатвага негиз катары каралган пикир боюнча, эң азынан 90 км.
аралык сапарга чыгуу шарт. Демек, мындан кыска аралыкка сапарга чыккан адам жолоочу
деп эсептелбеит. Экинчи көз караш боюнча, анүчүн үч күндүк аралык кажет. Бул боюнча,
бир күндүк жол арбытуу убактысы алты саат болсо, эң азынан 18 сааттык аралыкка бара
турган адам жолоочу деп эсептелет.
Жолоочу болуу үчүн отурукташкан чөлкөмдөн чыгуу кажет.
Жолоочу өкүмүндө болуу үчүн барган жерде 15 күндөн аз убакыт жүрүүгө ниет
коиуу керек. Эгер 15 күндөн ашык жүрө турган болсо, жергиликтүү адам сыяктуу эле
намазын кыскартпаи толук окуи берет.
Имам Азам агымы боюнча, жолоочулар үчүн төрт ирекеттүү намаздарды эки ирекет
кылып окуу парз. Эгер эки ирекеттен ашык окушса, окулган ашыкча ирекеттер напил
катары эсептелет. Калган үч агым боюнча, төрт ирекеттүү намаздардын эки ирекет болуп
окулушу сүннөт. Тагыраак аитканда, жолоочу адам бул учурда кааласа төрт ирекет, кааласа
эки ирекет окуит.
Сапар учурунда төрт ирекеттүү намаздар гана эки ирекет болуп окулат. Үч
ирекеттүү намаздар үч ирекет боюнча окулат.
Бул учурда мүмкүнчүлүк болсо, парз намаздар менен бирге муаккад сүннөттөрдү да
окуу керек.
Сапар учурунда казага калган төрт ирекеттүү намаз сапардан кииин сапар
учурундагыдаи, эки ирекет болуп окулат.
Жолоочу адам жергиликтүү адамга имам боло алат. Бул учурда төрт ирекеттүү
намазда жолоочу имам эки ирекетин толуктап эки жакка салам берген соң жергиликтүү
адам же жамаат салам бербестен өидө туруп, имамдын аркасында турган таризде кыраат
кылбаи толуктаит.
Жолоочу адам жергиликтүү имамга уюса, намазын имам менен бирге төрт ирекет
окуит.
Бул учурда эки ирекет окууга уруксат берилбеит.
Адамдын туулуп өскөн журту шариятта «асыл жер», он беш күндөн ашык жүрө
турган жери «икамат», ал эми он беш күнгө чеиин боло турган жери «сукна» деп аитылат.
«Асыл» жана «икамат» жерлеринде сапар учурундагы өкүмдөр аткарылбаит.
XVIII. НАМАЗДАРДЫН БИРИКТИРИЛИШИ
Намаздардын бириктирилиши бешим менен асыр, шам менен куптан намаздарын
бириктирип окуу дегенди түшүндүрөт.
Имам Азам агымы боюнча, ажылык учурунда гана Арафатта бешим жанаасыр
намаздары бешимдин убагында, шам жана куптан намаздары куптан убагында
Муздалифада окулат. Мындан сырткаркы намаздар бириктирилип окулбаит.72
Жаамы Ислам аалымдары намаздардын убагына кылдат мамиле жасоо
зарылдыгына өзгөчө маани беришет. Азирети Паигамбарыбыз эң каиырлуу амал
жөнүндөгү суроого «өз убагында окулган намаз» деп жооп каитарган. Ошондои эле, Имам
Азам агымынан тышкаркы үч агым боюнча, сапар, аба ыраиынын бузулушу жана ооруу
сыяктуу учурларда да намаздарды бириктирип окуса болот.
Намаздар бириктирилип окула турган чакта ага алдын ала ниет кылуу керек.
Башкача аитканда, бешим убагында бириктириле турган болсо бешим намазын баштаганга
чеиин, асыр убагында бириктириле турган болсо бешим намазынын убагы чыкканга чеиин
бириктирип окууга ниет кылуу зарыл.
Жазма булактарда Азирети Паигамбарыбыздын сапар сыяктуу өзгөчө учурларда
намаздарды бириктирип окугандыгы аитылат. Ошону менен бирге намаздарды даиыма же
көпчүлүк учурда бириктирип окуу аяттарга да (Бакара сүрөсү, 238; Ниса сүрөсү сүрөсү,
103) , хадистерге да төп келбеит. Андыктан намаздарды бириктирип окууну адатка
аиландыруу бул бидат, туура эмес иш.
Бириктирилген намаздарды удаама-удаа окуу зарыл.
XIX. ООРУГАН АДАМДЫН НАМАЗЫ 73
Кандаидыр бир оорудан улам өидө туруп намаз окуи албаган адам отуруп окуит.
Отурган жеринде руку-саждага барат. Эгер отуруп окуи албаса, намазын жаткан жеринде
башы менен ишарат кылып окуит. Ишарат (ым) менен намаз окуу учурунда руку үчүн
башты бираз, сажда үчүн андан төмөнүрөөк ииүү керек.
Намаз окууга кудурети жетпеи калган даражада ооруган адамдын намаздары казага
калган учурда аларды каза кылып-кылбоо жаатында эки көз караш бар. Биринчи көз караш
боюнча, бул учурда казага калган намаздарды кииин орундатуу зарыл. Экинчи көз караш
боюнча, беш убакыттан аз намазы казага калган болсо, каза кылат. Эгер андан көп калган
болсо, каза кылбаит.
Оорулуу адам акыл-эсинен ажыраган кезде бир же андан көп парз намаз өтүп кеткен
болсо, акыл-эсине келген соң ал намаздардын казасын окубаит.
XX. НАМАЗДЫН КАЗАСЫ 74
Намазды өз убагында окуу «адаа», убагы чыккан соң окуу «каза» деп аитылат.
Тахриман макирөө болуу менен бирге жараксыз абалга келбеи турган таризде окулган
намазды али убагы чыга электе каирадан окуу «иаада» делет.
Азирети Паигамбарыбыз мындаи деит: «Ким унутуп же уктап калып намазын окуи
албаи калса, эстегенинде окусун!» (Муслим, Масажид, 316).
Кандаидыр бир себептер менен убагында окулбаи калган намазды каза кылып окуу
дагы парз. Эч кандаи үзүр-себепсиз намазды өз убагында окубоо чоң күнөө болуп
эсептелет. Бул жерде себеп деп, согуш учурунда душман коркунучу, ишарат-ым менен дагы
окуи албаи калганчалык ооруга дуушар болуу, унутуу, мал-мүлккө, жанга келе турган
зыяндын алдын алууга аракет кылуу сыяктуу оор жагдаиларды түшүнүү керек.
Беш маал намаздын парздарын каза кылуу парз, витир намазын каза кылуу важип.
Намаз өз убагында кандаи окулса, казасы да дал ошондои окулат. Сапар учурунда
казага калган төрт ирекеттүү намаз эки ирекет иретинде каза кылынат.
Казага калган намаздар көп болсо, «өз убагында окуи албаи калган алгачкы бешим
же алгачкы шам намазынын казасын окууга ниет кылдым» деп ниет кылынат.
Канча намазы каза болгонун билбеген адам өз болжолуна жараша намаздарын каза
кылууга аракет кылат.
Каза намаз окуп жаткан адамдын жанында ошол учурдун намазы жамаат менен
окула баштаса, ал каза намазын толуктап, андан кииин жамаатка кошулат.
Сүннөт намаздар аирым учурларда каза кылынса болот. Маселен, багымдат
намазынын сүннөтү убагында окулбаи калса, күн чыккандан болжол менен 50 мүнөт
өткөндөн кииин күн төбөгө келгенге (макирөө убакыт киргенге) чеиин каза кылынса болот.
Бешим намазынын алгачкы сүннөтү жамаатка жетишүү үчүн окулбаи калса, парздан кииин
же акыркы эки ирекет сүннөттөн кииин каза кылууга мүмкүн. Жума намазынын алгачкы
сүннөтү да ушундаи таризде окулса болот.
Ошондои эле кандаидыр бир себептер менен напил намазынын акырына чыкпаи
калса, аны кииин каира каза кылуу важип болуп саналат.
Күн чыгып келе жатканда, так төбөдө турганда жана батып баратканда каза намаз
окулбаит.
Удаама-удаа алты намазы казага калбаган адамдын намазы казага калса, ал адам
биринчи казага калган намазын, андан кииин учурдагы парз намазын окушу керек.
XXI. САЖДА МАСЕЛЕСИ
А. САХВ САЖДАСЫ 75
«Сахв» сөзү «жаңылуу, унутта калтыруу» деген маанилерди туюнтат.
Намаз учурунда жаңылыштык менен унутта калган намаз рукундарынын же
важиптеринин бирин толуктоо үчүн намаздын акырында орундалчу сажда «жаңылуу
(сахв) саждасы» деп аталат. Жаңылуу саждасы төмөнкүчө орундалат:
Намаз рукундарынын бири унутта калып, намаз учурунда каза кылынбаса, ал намаз
жараксыз болуп, аны каирадан окууга туура келет.
Ал эми намаздын сүннөттөрүнөн бири орундалбаи калган учурда анүчүн сахв
саждасы талап кылынбаит.
Сахв саждасы намаздын акырында орундалат. Жеке намаз окуган адам намаздын
акыркы отурумунда «Тахиииат дубасын» окуп, эки тарапка салам берип эки жолу саждага
барып, «Тахиииат» «салли-баарик» «Роббанаа аатинаа» дубаларын окуп, эки тарапка салам
берип намазын толуктаит.
Ал эми имам адам «Тахиииат» дубасынан кииин оң тарабына гана салам берип сахв
саждасына барганы дурус. Бул Имам Мухаммеддин пикири. Имамдын эки тарапка тең
салам берип сахв саждасына барышына уруксат болсо да, бул учурда жамаат намаздын
бүткөнүн оилоп, туруп кетүү ыктымалы жогору.
Сахв саждасы имам үчүн да, жеке намаз окуган адам үчүн да зарыл. Имамга уюган
адам жаңылса, ал адам өзүнчө сахв саждасына барбаит. Ал эми имам жаңылса, өзү үчүн да,
жамаат үчүн да сахв саждасына жыгылышы кажет. Ошондои эле намаз убагынын чыгып
кетүүсүнөн чочулаган «масбук»(имамга намаздын биринчи ирекетинен кииин ыклас
кылган) адам «Тахиииат» дубасын окугандан кииин имамдын салам беришин күтпөи,
намазын толуктоо үчүн өидө тура берсе болот.
Сахв саждасы талап кылынган учурлар:
1. Намаз рукундарынан бирин кечиктирүү. Мисалы, рукуга барбаи туруп, дароо
саждага жыгылып, биринчи саждадан башты көтөргөнгө чеиин жаңылганын эстеген адам
ошол замат өидө туруп рукуга барса болот. Андан кииин каира саждаларын толуктаит. Бул
учурда парзды кечиктиргендиги үчүн намаздын акырында сахв саждасына жыгылышы
кажет. Ал эми ошол учурда биринчи саждадан башты көтөргөн соң эстеген адамдын
намазы жараксыз болуп калат. Себеби намаздын парзын аткарбоо (өз убагынан толук
өткөрүп жиберүү)анын жараксыз абалга келишин талаптаит. Буга дагы бир мисал берели:
кыраат кылууну унутуп, рукуга барып-тургандан кииин жаңылганын эстеген адам
кыраатты каза кылалбаи калат да, намазды каира башынан окууга туура келет.
2. Намаз учурунда көпкө унчукпаи туруу. Бул кандаидыр бир шектенүүдөн улам
болушу мүмкүн. Мындаи учурда намаздын парз-важиптери кечиккендиги үчүн сахв
саждасы талап кылынат.
3. Намаз важибдеринен бирин кечиктирүү же унутуп өткөрүп жиберүү. Алсак,
Имам Азам агымы боюнча, намазда «Фатиха» сүрөсүн окуу важип. Ошондуктан Фатиха
сүрөсүн толугу менен же бир бөлүгүн окубаи кетүү сахв саждасын талап кылат. Ошондои
эле парз намаздын алгачкы эки ирекетинде «Фатиха» сүрөсүнөн кииин эң азынан үч кыска
же бир узун аятты унутта калтыруу да сахв саждасына себеп болот.
4. Витр намазында «Кунут» дубасын унутта калтыруу.
5. Руку-саждада таадил-и аркаанга көңүл бөлбөө. Руку-сажданы таадил-и аркаанга
ылаиык аткарбаган адам сахв саждасына жыгылуусу керек.
6. Үч же төрт ирекеттүү намаздын алгачкы отурумунда «Тахиииат» дубасын
окубаган адам сахв саждасына жыгылышы керек.
7. Салам берүүнүн убагы келгенде, салам бербеи өидө туруп кеткен адам кошумча
дагы эки ирекет окуп, намаздын акырында сахв саждасына жыгылышы зарыл.
8. Канча ирекет окуганын унутуп калган адам эгер мындаи учурлары кээде гана
каиталанса, намазын каира башынан баштап окушу керек. Эгер намазын канча ирекет
окуганын тез-тез унутуп шектене берсе, болжолуна жараша бир чечимге келип,
намазынын акырында сахв саждасына жыгылышы керек. Бир же эки ирекет окуганын
унутуп калган адам бир ирекет окуганын кабылдап, намазын улантат. Үч же төрт ирекет
окуганын болжолдогон адам үч ирекет окуганын кабылдап, намазынын акырында сахв
саждасына жыгылат.
9. Имам үн чыгарып окулчу намаздарда купуя, үн чыгарбаи окулчу намаздарда үн
чыгарып окуса, сахв саждасына жыгылышы кажет.
Б. ТИЛАВАТ САЖДАСЫ 76
Ыиык Кураны Каримдин он төрт сажда аяты бар. Мына ушул Жараткан Аллага
сажда кылуу зарылчылыгына басым жасаган он төрт сажда аяттын бирин окуган же уккан
кезде саждага баруу кажет. Бул сажда «Тилават саждасы» деп аталат. Куттуу хадистерде
Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз сажда аятын окуган
кезде жанындагы кутман сахабалары менен бирге саждага жыгылганы аитылат.
Радиодон, кассета же дисктен, же теледен сажда аятын уккан адам саждага
жыгылышы керек. Анткени сажданын зарылчылыгын бул нерселер аркылуу да аңдоого
болот.
Сажда аятын окубаи, жөн гана көз менен кароо тилават саждасын талап кылбаит.
Тилават саждасын дароо өз учурунда орундатуу мустахап. Машинада бараткан
адам тилават саждасын ишарат-ым менен кылса болот.
Сажда аяты намаз учурунда окулса, дароо рукуга, андан кииин саждага жыгылуу
абзел. Бул учурда тилават саждасы үчүн өзүнчө саждага жыгылуунун кажети болбоит.
Намаздын өзү Аллага моюн сунуу болгондуктан намаз учурунда окулган сажда аятынан
улам өзүнчө саждага жыгылуу жамаатта башаламандыкка жол ача тургандыктан өзүнчө
саждага жыгылбоо дагы да жакшы.
Каисыдыр бир жыиында бир сажда аяты каира-каира окулса, анүчүн бир жолу гана
сажда кылуу зарыл. Ал эми бул учурда эки же андан көп сажда аяты окулса, ошончо жолу
тилават саждасы талап кылынат.
Тилават саждасынын таризи:
Тилават саждасына жыгылуунун таризи төмөнкүчө: Тилават саждасына жыгылуу
үчүн даарат, кииим-кеченин тазалыгы, авраттын жабык болушу шарт. Алгач кыбыла
тарапка бет алып тилават саждасына ниет кылуу керек. Андан соң колду көтөрбөи туруп
«Аллаху акбар» деп дароо саждага барып үч ирет «Субхаана Роббииал-ааляа» (Улуу
Жараткан Алла Тааланы бүтүндөи кемчилик-мүчүлүштүктөн аруу тутам!) деп аитылат.
Андан кииин каира «Аллаху акбар» деп саждадан өидө туруп «Гуфроонака Роббанаа ва
илаикаль-масиир» (Оо, Жараткан! Бизди кечиримиңе ала көр! Акыр-аягы сага гана
каитабыз!) делип, тилават саждасы орундалган болот.
Тилават саждасы үчүн бутту бүгүү, саждадан кииин өидө болуу, «Гуфроонака
Роббанаа ва илаикаль-масиир» деп аитуу жана тилават саждасына баруу жана өидө туруу
учурунда алынган «Аллаху акбар» такбирлери мустахап иш катары каралат.Бул сажданын
рукуну Жараткан Алла Тааланы алкоо, даңктоо үчүн маңдаиды жерге коиуу. Тилават
саждасынын өзү важип өкүмүндөгү иш болуп саналат.
Ыиык Кураны Каримдин он төрт жеринде өткөн сажда аяттары төмөнкүлөр:
Аараф сүрөсү, 7/206; Раад сүрөсү, 13/15; Нахл сүрөсү, 16/48; Исра сүрөсү, 17/107;
Мариям сүрөсү, 19/58; Хаж сүрөсү, 22/18; Фуркан сүрөсү, 25/60; Намл сүрөсү, 27/25;
Сажда сүрөсү, 32/15; Саад сүрөсү, 38/24; Фуссилат сүрөсү, 41/37; Нажм сүрөсү, 53/62;
Иншикак сүрөсү, 84/21; Алак сүрөсү, 96/19.
Г. ШҮГҮР САЖДАСЫ
Жараткан Алла тарабынан ыроолонгон жакшылык үчүн же кандаидыр бир оор
кырдаалдан чыккандыгы үчүн кыбылага бет алып саждага жыгылып Жаратканга шүгүр
келтирип, дуба кылуу сүннөт болуп эсептелет. Шүгүр саждасынын таризи тилават саждасы
сыңары. Макирөө учурларда шүгүр саждасына жыгылууга болбоит.
Азирети Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун!) мындаи деит: «Азирети Мухаммед
(саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз куш кабар алып сүиүнгөндө дароо саждага
жыгылар эле» (Ибни Мажа, Икама, 192)
XXII. ЖАНАЗА жана ЖАНАЗА НАМАЗЫ
Түбөлүктүү жалгыз Жараткан Алла Таала гана. Адам баласы да жаамы жандуу-
жансыз сыяктуу күндөрдүн биринде сөзсүз түрдө бул дүинө менен кош аитышат. Ислам
дининде тирүү адамга урмат кылуу канчалык мааниге ээ болсо, одүинө салган маркумга да
урмат кылуу ошондои мааниге ээ. Өлүм бул жок болуу эмес, түбөлүк жашоонун
башталышы. Чыныгы жашоо – бул акыреттик жашоо. Көз жумган мусулман маркумду
жуу, кепиндөө, ага дуба кылуу үчүн жаназа намазына туруу жана көмүү мусулмандар үчүн
«парз-ы кифая» болуп саналат.
А. ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЖАТКАН АДАМГА КАРАТА ЖАСАЛА ТУРГАН
ИШТЕР 77
Көз жумаар алдында жаткан адамды мүмкүн болсо, оң ыптасы менен кыбыла
тарапка буруп жаткыруу керек. Эгер мүмкүн болбосо, чалкасынан жаткырып жүзүн
кыбылага буруу абзел. Эгер бул да мүмкүн болбосо, өз жаиына коиуу дурус.
Бул учурда анын жанында келме келтирип туруу керек.
Мусулман адам бирөөнүн көз жумганын уккан кезде «Иннаа лиллахи ва иннаа
илаихи роожиуун» (Чындыгында баарыбыз Аллага гана таандыкпыз жана Ага каитабыз)
деит.
Адам одүинө салган соң көзүн жаап, ээгин баилап, колу-бутун түздөп коиуу керек.
Андан соң кииимин чечип, үстүн ылаиыктуу кездеме менен жабуу зарыл.
Көз жумган адамдын жакындары ашкере өкүрүп-бакырып, чачын жулуп, бети-
башын тытпашы керек. Бул туура эмес. Албетте, адам баласы болгон соң жакын тууганы
көз жуумп жатса, ыилабаи коибоит, ыилаит. Адам уулунда ыраиымдуулук, мээримдүүлүк,
сүиүү деген тунук сезимдер бар. Ыилоо мына ушундаи аруу сезимдердин талабы. Азирети
Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз да уулу көз жумганда көзүнө жаш
алган. Бирок жанагыдаи ашкере өкүрүү, бети-башын тытып ыилоо туура эмес. Ошондои
эле өлүк үчүн атаиын кошокчуларды алып келүү да туура эмес иш. Себеби өлүм дагы
Жараткан Алланын жазмышы. Ошондуктан Анын жазмыш-тагдырына ыраазы болбои, Ага
баш көтөрүү түшүнүгүн туюнткан иш-аракеттерден оолак болуу керек.
Маркум жуулганга чеиин маркумдун жанында Куран окулбаит. Башка бөлмөдө
окуса болот.
Б. МАРКУМДУН ЖУУЛУШУ 78
Маркумду болушунча эрте жуу, кепиндөө жана жерге берүү мустахап болуп саналат.
Азирети Паигамбарыбыз жаназаны тез арада коиууга буиурган (Бухари, Жанаиз, 52; Абу
Давуд, Жанаиз, 45, 46).
Имам Азам агымы боюнча, көз жумган адамдын башы менен бирге денесинин
көпчүлүк мүчөсү болсо, жуулат. Башсыз, денесинин жарымы жок маркум жуулбаит.
Ошондои эле башы, денесинин жарымынан аз мүчөсү бар маркум да жуулбаит,
кепинделбеит, жаназа намазы да окулбаит. Ал эми Имам Шафи менен Ахмад бин
Ханбалдын көз карашында, мусулман маркумдун денесинен аз гана мүчө болсо, аны жууп
кепиндеп, жаназа намазын окуса болот.
Маркумду жуу – бул ага гусул алдыруу дегенди түшүндүрөт. Андыктан гусул
алууну билген ар бир мусулман баласы маркумду жууса болот.
Маркум төмөнкүчө жуулат: алгач кииимдерин чечип, киндиктен тизеге чеиинки
аралыкты жаап, буту кыбыла тарапка келе турган таризде чалкасынан жаткыруу керек.
Маркумду жуугандар жууп жатканда «Гуфроонака иаа Рахмаан» (Оо, Мээримдүү
Жараткан Алла! Ушул маркумдун күнөөлөрүн кечире көр!) деп каира-каира каиталап
турушат. Маркумду жууи турган адам алгач (маркумду жууганга) ниет кылат. Андан соң
колуна кездеме ороп, маркумдун аврат жерин жууп тазалаит. Андан кииин ага даарат
алдырат. Бул учурда жаназанын оозумурдуна суу бербеит, ным манжасы менен гана
нымдап коет. Жүзүн, колун чыканагына чеиин жууп, башына масх тартып, буттарын
жууит. Көз жумган жаш балдарга даарат алдыруунун кажети жок. Андан соң маркумдун
башына суу куиуп, биринчи сол ыптасына жаткырып оң ыптасын, анан каира оң ыптасына
жаткырып сол ыптасын жууит. Андан кииин маркумду жууган адам аны отургузуп,
курсагын сылаит. Эгер ичеги карынынан бир нерсе келсе, аны тазалап жууит. Бул учурда
каира даарат-гусул алдыруунун кажети жок. Андан соң жаназаны сүлгү менен аарчып
кургатып, кепиндеит. Маркумдун чачын, сакалын алууга, тароого, ошондои эле
тырмактарын алууга да болбоит.
Маркумга жыпар жыттардан сээп коиуу абзел.
Маркум көпкө кармалып денеси бузула турган абалда болсо, жөн гана үстүнө суу
куиуп гусул алдырылат.
Суу табылбаи калса, маркумга таяммум алдырылат.
Эркек маркумду эркектер, аял маркумду аял кишилер жууит.
Аял киши күиөөсүн жууи алат. Имам Азам агымы боюнча, күиөөсү көз жумган
аялын жууи албаит. Бирок, таяммум алдырса болот. Калган үч агым боюнча, эркек киши
аялын жууса болот.
Маркумду мүмкүн болсо жууганды билген эң жакын адамдары жууганы дурус.
Көз жумган мусулман адамдын жакын туугандары мусулман эмес болсо, аны жууп-
кепиндөө мусулмандардын милдети болуп эсептелет. Аны туугандарына таштабоо керек.
В. МАРКУМДУН КЕПИНДЕЛИШИ 79
Маркум оролчу кездеме «кепин» деп аталат. Кепин пахтадан жасалган ак
кездемеден болгону дурус. Кепинди абдан кымбат баалуу кездеме менен бычуунун кажети
жок. Ошону менен бирге өтө эле сапатсыз кездемеден бычуудан да алыс болуу абзел.
Маркумду денесине жете турган кездеме менен кепиндөө парз. Бул эң ириде жакын
туугандарынын, андан соң мусулмандардын милдети.
Эркек адамдын кепини сүннөткө ылаиык үч бөлүк кездемеден турат. Анын
биринчиси маркумдун боюнан бираз узун болуп, «лифафа» деп аитылат. Маркум эң ириде
мына ушул кездемеге жаткырылат. Экинчиси мындан бираз кыска, бирок маркумду
башынан-аиагына чеиин жаба тургандаи кездеме болуп, «изар» делет. Ал эми үчүнчү
кездеме «камис» деп аталып, маркумдун моюнунан баштап тизесин кошо жаап турушу
керек.
Эркек адам төмөнкүчө кепинделет: алгач жерге лифафа, анын үстүнө изар жаиылат.
Андан кииин маркумга камис киигизип, изардын үстүнө жаткырып, биринчи изардын сол
ыптасын, андан соң оң ыптасын тыкан ороо керек. Андан соң маркумду лифафага ороп,
баш жана аяк жагынан баилап коиуу зарыл. Кепин ачылып кетпеши үчүн киндиктин
үстүнөн баилап коисо да болот.
Ал эми аял киши үчүн буга кошумча баш жана төш кездемеси зарыл. Аял кишини
кепиндөөдө камисти киигизген соң чачын экиге бөлүп, аны мүрүсүнө(төшүнө) жаткырып
коиуу керек. Баш кездемеси менен чачы, жүзү жабылат. Андан кииин аял маркумду изарга,
изардын сыртынан төш кездемесин орогон соң лифафага ороо менен кепиндөө иши бүтөт.
Үч бөлүктөн турган кепин табылбаса, эркек маркумду эки кездемеге, аял маркумду
да эки кездемеге кошо баш кездемеси менен үч кездемеге ороо керек. Эгер бул да болбосо,
маркум сөзсүз түрдө бир кездеме менен болсо да, кепинделиши керек.
Кепин каза болгон адамдын каражатынан сатып алынат. Мал-мүлкү жок болсо,
кепинин туугандары каржылаит. Эгер туугандары да жок болсо, анын кепинин
мусулмандар алышы керек. Каза болгон аялдын кепин каражатын күиөөсү каржылаит.
Г. ЖАНАЗА НАМАЗЫ 80
Жаназа намазы – мусулман маркумдарга дуба кылуу максатында окулган намаз.
Жаназа намазы парз-ы кифая. Жаназа намазында руку-сажда болбоит. Жаназа намазга
турган адам даарат алып кыбыла тарапка бурулуп турушу керек. Жаназа намазынын
рукуну кыям жана такбир болуп эсептелет. Дубанын да рукун болуп саналарын аиткан
аалымдар бар.
Жаназа намазын окуу үчүн алты шарт бар:
Маркумдун мусулман болушу. Мусулман эмес адамга жаназа намазы окулбаит.
Маркум жуулган же таяммум алдырылган болушу керек.
Маркум жамааттын алдында турушу зарыл.
Денесинин жарымынан көбү же башы менен бирге эң азынан жарымынын болушу
Маркум табыты менен жерге жаткырылышы керек
Жаназа намазын окуи турган адам өидө турган калыбында болушу керек.
1. Жаназа намазынын сүннөттөрү
Имамдын жаназанын баш тарабында турушу
Алгачкы такбирден кииин «субханака» дубасын окуу учурунда атаиын жаназа үчүн
окулчу «ва жалла санааук» сөзүн кошо окуу.
Экинчи такбирден кииин «салли-баарик» дубаларын окуу.
Үчүнчү такбирден кииин жаназага, өзүнө жана жаамы мусулмандарга дуба кылуу.
2. Жаназа намазынын окулушу
Жаназа намазы төмөнкүчө окулат: алгач «Алла ыраазылыгы үчүн береги эркек
кишинин (же аял же болбосо кыз же эркек баланын) жаназа намазын окууга ниет кылдым»
деп ниет кылынып, «Аллаху акбар» деп такбир алынып «субханака» дубасы окулат. Андан
кииин имам колун көтөрбөи туруп үндү бииик көтөрүп «Аллаху акбар» деп такбир алат,
жамаат да жашыруун үн чыгарбаи такбир алат. Андан соң «салли-баарик» дубалары
окулат. Имам дагы үн чыгарып такбир алган соң, жаназа дубасы окулат. Жаназа дубасын
билбегендер «Роббанаа аатина..» дубасын окушса болот. Андан кииин төртүнчү такбир
алынып, салам берилет.
Жаназа намазында жамааттын көп болушу мустахап. Асыресе, жаназа намазы бир
киши тарабынан окулушу менен парз орундалган болот. Аял кишилер да жаназа намазына
кошулушса болот. Аялдар эркектердин арка тарабынан сапка тизилүүлөрү абзел.
Жаназа намазы окулбаи көмүлгөн маркумдун жаназа намазын арадан көп убакыт
өтпөсө, окуса болот. Буга Паигамбарыбыз өзү үлгү болуп берген.
Жаназа намазына кеч келип калган адам дароо такбир алып, эч нерсе окубаи
калтырылган такбирлерди алуу менен жаназа намазын толуктаган болот.
Күн чыгып келатканда, төбөдө турганда жана батып баратканда жаназа намазы
окулбаит.
Имам Азам жана Имам Мухаммеддин пикиринде, өзүн-өзү өлтүргөн адамдын
жаназасы окулат.
Жаңы төрөлүп көз жумган ымыркаиды жууп, кепиндеп, ат коиуп, анын жаназа
намазын окуса да болот. Ал эми жансыз төрөлгөн ымыркаидын жаназасы окулбаит. Аны
жуунун да кажети жок, бир кездемеге ороп, көмүү керек.
Эч бир себепсиз атаиын ата-энесин өлтүргөн адамдын жана каракчылык учурунда
өлтүрүлгөн кылмышкердин жаназа намазы окулбаит.
Д. МАРКУМДУ МҮРЗӨГӨ АЛЫП БАРУУ 81
Маркумду мүрзөгө чеиин көтөрүп баруу өзүнчө сооп иш. Бул мусулмандардын
маркум боордошуна жасаган акыркы озуипасы. Табытты төрт жагынан төрт кишинин
көтөрүшү сүннөт болуп саналат. Жаназанын аркасынан баскан адамдар адеп сактап,
маркумга дуба кылышат. Бул учурда Куран окулбаит, зикир чалынбаит. Машина менен
баратканда сигнал басылбаит.
Ж. МАРКУМДУ КӨМҮҮ ЖАНА МҮРЗӨ 82
Маркумду мүрзөгө алып барып жерге коигондо эл да отурат. Бу учурда өидө турган
калыпта болуу дурус эмес.
Көр адамдын боюнчалык тереңдикте болушу жетиштүү. Көрдүн кыбыла ыптасы
адам бата турганчалык оиулат. Кыбыла ыптасы оиулган көргө маркумду жүзүн кыбылага
каратып коиуу учурунда «Бисмиллахи ва алаа миллати расуулиллахи» деп аитылат.
Кепиндин баш жана аяк жагынан баиланган боолор чечилет. Көргө топурактын киришине
бөгөт коиуу үчү маркумдун аркасынан таш, кыш же тактаи сыяктуу нерселерди тосуп
коиуу керек.
Зарыл учурларда маркумду табыт менен кошо көмсө болот. Көрдүн үстү бир эки
карыш чыгып турушу абзел. Маркумду көмгөндөн кииин дароо туруп кетпеи, ага дуба
кылуу сүннөт болуп саналат.
Маркумду узаткан күндүн эртесинен баштап, жети күн кедеи-кембагалдарга садага
берүү сүннөт. Буга мүмкүнчүлүк болбосо, эки ирекет намаз окуп сообун маркумга
багыштоо дурус.
З. КӨҢҮЛ АИТУУ
Маркумдун үи-бүлөсүнө, жакын туугандарына каигысын тең бөлүшүп көңүл аитуу
шариятта сооптуу иштердин бири болуп эсептелет. Көңүл аитуу маркумдун жакындарына
рухии жактан өтө чоң колдоо, өзүнчө көмөк. Ошондуктан «Арты каиырлуу болсун!»,
«Сабыр кылыңыз, Алла калгандарга өмүр берсин!» жана башка ушул сыяктуу сөздөр
менен көңүл жубатуу өзүнчө адамдык милдет.
Көңүл аитуунун убагы үч күн. Ошентсе да, алыста жүрүп учурунда келалбаи
калгандар кииин деле көңүл аитышса болот.
И. МАРКУМ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ АБЗЕЛ?
Ислам дини адам баласын бул жашоодо ыиман келтирип, жакшылык иштерди
жасаганга чакырат. Демек, ал жашоосунда өзүнүн моиунундагы Жаратканга болгон ибадат
милдеттерин орундап, эл менен болгон мамилесин жакшыртып адал-арамга өтө кылдат
мамиле жасашы керек. Ошону менен бирге адам баласы канчалык кылдат аракет кылса да,
бирде болбосо бирде катачылык кетире тургандыктан Алла Таала тооба (кечирим тилөө)
каалгасын ачып коигон. Тооба каалгасы ар даиым көз жумганга чеиин ачык. Андыктан
киши уулу жасаган күнөөлөрү, ибадатындагы кемчиликтери үчүн Жараткан Аллага алакан
жая кечирим тилеп, экинчи мындаи кадамга барбоого сөз бериши керек. Эгер бирөөнүн
акысын жеген болсо, ага акысын каитарып берип адалдашуусу зарыл.
Асыресе, адам баласы бу дүинөдө кылган адал эмгегинин үзүрүн, жасаган
жакшылыгынын акыбетин акыретте ашыгы менен алат. Куттуу хадистердин биринде, адам
көз жумган соң амал дептеринин жабылары, бирок бул дүинөдө жасаган аирым бир
жакшылыктарынын сооптору жетип турары жөнүндө аитылат. Бул хадисте Паигамбарыбыз
мындаи деген: «Адам баласы көз жумары менен амал дептери кошо жабылат. Бирок
мынабул үч жакшылык үчүн дептер ачык болот: Анын биринчиси «садака-и жария»
(элдин кызматындагы жакшылыгы. Маселен, көпүрө, мектеп, жол, оорукана салып коиуу
ж.б.), экинчиси паидалуу илим (алган илими менен манчыркабаи, элге ак кызматын өтөсө,
илими менен ириде өзү жашап үлгү болуп, аны элге жеткизсе), үчүнчүсү өзүнө дуба кылып
турчу уул (уулун Ислам менен ыимандуулукка тарбиялап өстүрсө)» (Муслим, Васият, 14).
Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз дагы бир хадисинде мындаи
деген экен: «Момун-мусулманга одүинө салган соң артынан сооп катары келе турган
жакшылык иштеринин аирымдары төмөнкүлөр: үирөткөн илими, ыиман жолу менен
тарбиялап чоңоиткон уулу, мураска калтырган Куран китеби, салдырган мечити, атаиын
жолоочулар үчүн салдырган кербен сараиы, ачып коигон кудугу жана көз жумганга чеиин
атаиын каиыр-садага үчүн бөлүп коигон каражаты» (Ибни Маажа, Мукаддима, 20).
Ошондои эле жакшылыктын арты жакшылык, жамандыктын арты жамандык болору
жөнүндө Паигамбарыбыз мындаи деит: «Ким жакшылыкты аркалаи турган жол ачса,
анда ал адам ушул жакшылыгынын сообун алуу менен гана чектелип калбаи, андан кииин
ошол жакшылыкты аркалаган адамдардын сообунчалык сооп да табат. Ал эми ким
жамандыкка ыктаган жол ачса, анда ал адамга өзүнүн ушул күнөөсүн көтөрүү менен
бирге ошол жамандыктын аркасынан жүргөндөрдүн күнөөлөрүнчөлүк күнөөгө батат»
(Муслим, Илим, 15).
Ыиык Куранда мусулман баласына көзү өткөн мусулман боордоштору үчүн дуба
кылып туруусу жөнүндө кыиыр сөз менен: «Алардан кииин келгендер мындаи дешет: Оо,
Жараткан! Бизди жана бизден мурун ыиманга келген боордошторубузду кечире көр...
Жүрөгүбүзгө момундарга карата кек сала көрбө... Ариине, Сен Мээримдүү, Боорукерсиң!»
(Хашр сүрөсү, 10) деп буюрулат. Бул аяттан дуба кылуу көзү өткөн мусулман
боордошторубузга паидалуу болорун баикасак болот. Ошондуктан алгачкы жылдардан
бери мусулмандар маркумдардын арбагына багыштап жакшылык иштерди жасап, дуба
кылышкан.
Эми сөз оролу көз жумган мусулман боордошторубуздун артынан кандаи
жакшылыктарды кылсак болот?
а. Маркумдун карыздарын төлөө: Маркумдун мал-мүлкү карыздарына жетсе,
карыздар ошол мал-мүлкү менен төлөнөт. Эгер анын мүлкү карызына жетпесе,
мураскорлору же жакын туугандары карызын жаап маркумду кулпенде акысынан
куткарышса болот.
б. Аткарылбаи калган аирым ибадаттарынын орундалышы: бул багытта ар
ибадаттын орундалышы ар башкача. Маркум тирүү кезинде орундаи албаи калган
ибадаттарын орундоо ибадаттын түрүнө жараша өзгөрөт. Бул учурда аирым бир ибадат
түрүнүн өзүн аткаруу мүмкүн болсо, аирымдарын аткаруу мүмкүн эмес. Маселен, көз
жумган адамдын ордуна намаз окуу же орозо кармоо менен аны окубаи калган намазынан
же кармабаи калган орозосунан куткаруу мүмкүн эмес. Асыресе, орозо ибадаты үчүн
кандаидыр бир себептүү орозо кармаи албаи калган күндөрү үчүн битир садага таратса
болот. Мына ушундаи таризде өлгөн адамды моинундагы бул озуипадан кутултса болот.
Ошондои эле тирүү кезинде мүмкүнчүлүгү боло туруп ажылык ибадатын
орундаталбаи калган адамдын ордуна ажылык ибадатын аткарса болот. Бул жаатта
карылыктын аиынан ажылыкка баралбаган атасынын ордуна ажылык озуипасын ордундаса
болобу же жокпу деген суроого Азирети Паигамбарыбыз орундаса болорун билдирген
(Тирмизи, Хаж, 86).
Зекет, кафарат сыяктуу карыздар маркумдун атынан төлөнсө, карыздан кутулган
болот.
в. Ибадаттын соопторун маркумга багыштоо: Жогоруда белгиленгендеи, Алла Таала
мусулмандарды көз жумган боордошторубузга дуба кылууга үндөит. Бул өңүттөн аят,
хадистер дубанын маркумга паидалуу экенин аигинелеит. Азирети Паигамбарыбыз маркум
үчүн берилген садагалар да ага паида алып келерин билдирген.
Маркумдун акырети үчүн жакшылык кылууда өтө кылдат болуу керек. Аитаиын
дегенибиз, элкөрсүн үчүн жасалган иштен маркумга сооп жетпеит. Асыресе, динибизде
өлгөндү атаиын белгилүү күндөрдө эскерүү, кыркы же ашы сыяктуу каадалар да жок.
Мунун ордуна маркум үчүн дуба кылуу, кедеи-кембагалдарга садага берүү, жетим балдарга
жардам берүү, Куран окуп сообун маркумга багыштоо сыяктуу иштерди аткаруу
алдаканча сооптуу.83 Маркум үчүн өкүрүп-бакырып, бетибашты тытып ыилоо туура эмес.
Жашоо Алланын адамга ыроологон жакшылыгы. Өлүм да Анын тагдыры. Мусулман
баласы дүинөнү убактылуу, ал эми акыретти түбөлүк жашоо деп билип, ошого жараша
кадам шилтеши керек.
К. КӨРҮСТӨН ЗЫЯРАТЫНА БАИЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР 84
1. Көрүстөнгө зыярат кылууга (баруу) болобу?
Тартибине, адебине жараша көрүстөнгө зыярат кылуу эркектер үчүн мустахап, аял
кишилер үчүн уруксат. Такыбаа адамдардын, ата-эненин жана жакын туугандардын
көрүстөнүнө зыярат кылуу мандуп (жакшы иш) болуп саналат.
Ислам дини жаңыдан гана телчигип келаткан жылдары, б.а. тавхид (Алла Тааланы
жалгыз деп билүү) ишеними жакшы тамыр алалбаи, бутпарастыкырасымдар күчүндө
турган кезде Азирети Паигамбарыбыз көрүстөнгө зыярат кылууга тыиуу салган болучу.
Бирок белгилүү бир убакыттын өтүшү менен буга уруксат берген. Куттуу хадистердин
биринде төмөнкүчө буюрулат: «Силердин көрүстөнгө зыярат кылууңарга тыиуу салган
элем. Эми мындан ары зыярат кыла берсеңер болот» (Муслим, Жанаиз, 106; Абу Давуд,
Жанаиз, 77; Тирмизи, Жанаиз, 7; Насаи, Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 47). Асыресе,
Азирети Паигамбарыбыз уулунун көрүстөнүнүн жанында ыилап жаткан бир аялга сабыр
кылуусун өтүнүп, ага эч кандаи тоскоол болгон эмес (Бухари, Жанаиз, 7, Ахкам, 11;
Муслим, Жанаиз, 15). Ошондои эле хадис китептердин биринде Азирети Аиша да бир
тууганы Абдуррахман бин Абу Бакирдин көрүстөнүнө зыярат кылгандыгы жөнүндө
аитылат. (Тирмизи, Жанаиз, 61)
Көрүстөн зыяратында, тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен маркумдардан
жардам тилөө, алтургаи аларга жалынып-жалбаруу, табынуу сыяктуу Ислам динибизге түк
шаикеш келбеген ырасымдар жүзөгө ашып келген. Исламдын алгачкы жылдары Азирети
Паигамбарыбыздын көрүстөнгө зыярат кылууга тыиуу салышынын бирден бир себеби дал
ушул болучу. Караңгылык доорунда көрүстөндөргө табынып, алардан жардам сурап,
буттарга (идол) сыиынуу кеңири кулач жаиган. Агезде жөөттөр да, христиандар да
өздөрүнчө ыиык деп эсептешкен адамдардын көрүстөндөрүн сыиынуучу жаига
аиландырып алышкан. Бутпарастык атактуу адамдардын аикелине сыи-урмат, таазим
этүүдөн башталып, натыижада бул сыи-урмат аларга табынууга алпарган. Дин Исламдын
максаты тавхид ишенимин жаиуу, Жалгыз Жараткан Алланы гана даңазалоо, Жалгыз
Өзүнө гана сыиынуу, Өзүнөн гана кечирим тилөө.
2. Көрүстөн зыяратынын адеби деген эмне?
Көрүстөн зыяратынын адеби төмөнкүчө:
а. Даарат. Көрүстөнгө даарат алып баруу.
б. Акырет жашоосун, түбөлүк жашоо жөнүндө оилоо, бу дүинөнүн утурумдук гана
жаи болгондугун, белгилүү убакыттан кииин өзү да мына ушул кара топуракка кирерин
унутпоо.
в. Көрүстөн зыяраты сөзсүз түрдө эле көрүстөндүн жанына чеиин барып, ага кол
тиигизип, сылоо эмес. Көрүстөндөн бираз окчун туруу дурус.
г. Мүрзөгө барганда Азирети Паигамбарыбыз (саллаллаху алеихи васаллам)
үирөткөндөи салам берүү: «Эи, момун-мусулмандар аимагынын эли! Силерге
салам (тынчтык, беипилдик) болсун! Кудаи буюрса, биз да силерге кошулабыз.
Жалгыз Алла Тааладан бизге да, силерге да кечирим тилеим!» (Муслим, Жанаиз,
104; Ибни Маажа, Жанаиз, 36).
д. Көрүстөндөгү маркумдар үчүн да, жаамы мусулмандар үчүн да Алла Таалага
алакан жаиа дуба кылуу.
ж. Көрүстөндө жаткан маркумдардын жашоосунан сабак алуу. Эгер чоңИслам
аалымы болсо, кантип Алланын жолунда жанаракет кылып илим алгандыгын, элге кандаи
жакшылыгы тиигендигин оилоп, алардан үлгү алуу.
3. Көрүстөн зыяратына барганда эмнелерге тыиуу салынат?
Бул жерде эң негизги мынабу «тавхид ишенимине шаикеш келбеген, адамды Алла
Таалага шерик кошууга алпара турган жагдаилардан оолак болуу» деген эрежени эсибизге
түиүп алуубуз керек. Буга эң биринчилерден болуп маркумдан жардам тилөө кирет. Ислам
дининде жардам жалгыз Алладан гана суралат.
Зыярат кылуу учурунда мүрзөдө намаз окууга болбоит. Мүрзөнү мечитке
аиландырбоо керек. Ошондои эле көрдүн үстүнө шам жагууга да тыиуу салынат (Муслим,
Жанаиз, 98; Абу Давуд, Салат, 24; Тирмизи, Салат, 236).
Көрдүн үстүнө отуруу да макирөө болуп саналат (Муслим, Жанаиз, 33; Тирмизи,
Жанаиз, 56).
Көрүстөндүн жанында дуба кылына турган болсо, башка учурдагыдаи эле жалгыз
Алла Таалага гана алакан жаиа дуба кылып, кечирим суроо керек. Маркумдардан бир нерсе
талап кылуу, суроо такыр туура эмес. Маселен, «атабабалардын арбагы колдосун» деп
аитуу сыңары. Бул тавхид ишенимине дал келбеит. Ошону менен бирге сырттан караган
адамдын туура эмес түшүнүп «маркумдан жардам сурап жатат» деген оидо калышына
себеп болбоо керек.
Көрүстөн зыяраты учурунда үндү бииик көтөрүп, өкүрүп-бакырып ыилабоо керек.
Азирети Паигамбарыбыздын көрүстөнүнүн темирлерине асылып алып аны өпкүлөө
такыр туура эмес.
Көрүстөндө зыяраттын тартибине дал келбеген сөздөрдү аитуудан, ошондои эле
ачууланып бои көтөргөн таризде басуудан этият болуп, адеп сактоо керек (Насаи, Жанаиз,
100; Тирмизи, Жанаиз, 46).
Мүрзөнүн ичинде жеңил же оор даарат ушатуудан оолак болуу зарыл (Насаи,
Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 46). Мүрзөнүн өсүп турган чөбүн чабуу, бакдарактарын
кыиуу макирөө болуп эсептелет. Ошону менен катар мүрзөнү тартипке келтирүү үчүн
мүрзөдөгү чөптөрдү, бак-дарактарды каңгып кургап калганда чаап-кыиса болот.
Маркумдун ыраазылыгын алып, андан жардам үмүтөтүү үчүн мал союп
курманчылык кылуу кескин түрдө арам иш болуп саналат. Анткени курманчылык бул
ибадат. Ал эми ибадат болсо Жалгыз Алла Таалага гана кылынат. Малды көрүстөнгө
алпарып, ошол жерде курманчылык кылуу Алла үчүн болсо дагы макирөөлүккө жатат.
Анткени бул аракет элди туура эмес түшүнүккө түртүп, жат жосунга аиланып кетиши
толук ыктымал.
Бүгүнкү күнү аирым жерлерде көрүстөндөрдү Каабаны таваф кылгандаи
аилангандар бар. Мындаи аракет күнөө болуп, андан сөзсүз түрдө алыс туруу кажет.
Маркумдардан, арбактардан жардам тилөө ниети менен көрүстөндөргө, бак-
дарактарга чүпүрөк баилоо адамга зыянынан башка паида алып келбеит. Көрүстөнгө,
күмбөзгө кол тиигизүүнүн эч кандаи паидасы жок. Бул туура эмес. Аирым бир көрүстөн-
күмбөздөрдүн ооруларга шыпаа алып келерине ишенүү жана ошол жердеги таш, топурак,
бак-дарактарды ыиык деп эсептөө Ислам динине эч шаикеш келбеит.
Мусулман аялзаты сыртка чыгуу учурунда шариятта көрсөтүлгөн таризде
кииинүүсү керек. Аитаиын дегенибиз, көрүстөнгө да жарым жылаңач баруудан оолак
болуп, шариятта көрсөтүлгөндөи кииинип баруу кажет. Шариятка ылаиык келбеген
таризде кииинип баруу ал жердеги маркумдардын да тынчын аларын унутпашыбыз керек.
Күнөө менен сооп бир жерде болбоит. Мусулман баласы эң ириде арам жана күнөө
иштерден оолак болушу кажет.
Көрүстөнгө зыярат кылууну диндин абдан маанилүү шарты катары кабылдабоо
керек. Ашыкча маани бербөө керек. Себеби артка кылчаиып тарыхка назар салсак, мына
ушул көрүстөн зыяраты себептүү Ислам динибизге эч коошпогон көптөгөн адаттар, жат
жосундар паида болгон.
Ошондои эле көрүстөнгө зыярат кылууну динибиздин орчундуу озуипасы катары да
көрбөө керек. Мусулман адамдын парз-важип өкүмүндөгү милдеттерин орундатпаи
калышына көрүстөнгө зыярат кылуу иши тоскоол болбошу керек.
4. Көрүстөнгө зыярат кылуунун паидалары эмнелер?
Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын көрүстөнгө
зыярат кылууга уруксат беришинин бир топ себептери бар. Ырас, көрүстөнгө зыярат
кылууда көзү тирүүлөр үчүн да, маркумдар үчүн да көптөгөн жакшылык-паидалар бар.
Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алеихи васаллам) да кезегинде Меккеге баратканда
апасы Аминанын көрүстөнүнө зыярат кылып ыилаган. Анда тегеректеп отурган кутман
сахабалары да көз жашын чуурутпаи кое алышкан эмес.
Көрүстөнгө зыярат кылуунун паидаларын төмөнкүчө тизмектөөгө болот:
а. Адамга өлүмдү, акыретти эсине түшүрүп, акырети үчүн кам көрүшүнө себеп
болот.
б. Адамды такыбаалыкка багыттаит. Баилыкка болгон ашкере сүиүүнү басаңдатат.
Мал-дүнүиөнү адал жол менен топтоп, шарият боюнча (адал жолдорго, мисалы үи-бүлөнү
багууга) сарптоого, арам иштерден оолак болууга, жакшылык иштерди көп жасоого
түртөт.
в. Алланын сүиүктүү пенделеринин көрүстөндөрүнө, өзгөчө Азирети
Паигамбарыбыздын көрүстөнүнө адепке ылаиык зыярат кылуу жанга беипилдик
тартуулаит. Азирети Паигамбарыбыздын көрүстөнүнө зыярат кылуу үчүн сапарга чыгуу
мандуп болуп саналат. Хадистердин биринде: «Ким мен көз жумган соң мага зыярат
кылып келсе, мага тирүү кезимде келгендеи болот» деп буюрулат.
г. Көрүстөнгө зыярат кылуунун иридеги максаты ал жердеги маркум үчүн, өзү үчүн
жана бүтүндөи мусулмандар үчүн да Жараткан Аллага гана алакан жая кечирим тилөө,
алардын жакшылыгын тилөө. Зыярат учурунда маркумдардын кечирилиши үчүн Аллага
дуба кылып, Куран окуп, жакшылык иштердин сообун багыштоо абзел. Дуба кылып
кечирим тилөөнүн маркумдар үчүн паидалуу болоруна мынабул аят далалат кылат: «Оо,
Жараткан! Бизди жана ыиманы менен бизден мурун көз жумгандарды кечире көр...
ыиман келтиргендерге карата жүрөгүбүзгө кыпындаи да кек (жаман ои) калтыра
көрбө...» (Хашр сүрөсү, 10).
Көрүстөнгө көчөт отургузуу өзүнчө сооп иш. Отургузулган көчөт же өсүмдүк
маркумдун азабынын жеңилдешине себеп болору жөнүндө хадистерде аитылган.
Христиандар сыяктуу көрүстөнгө «венок» алып баруу болбоит.
5. Маркумдар тирүүлөрдү угабы?
Көрүстөн зыяраты учурунда көрүстөндөгү маркумдун уккандыгы жана бе-
рилген саламды алары хадистер менен тастыкталган.
Абдуллах бин Умардын кабарлаганы боюнча, Азирети Паигамбарыбыз Бадр
казатынан кииин казатта өлгөн Кураиштын атка минерлеринин өлүктөрүнө үн салып:
«Жаратканыңар убада кылган азаптын чындык экенин эми түшүндүңөрбү?» деген эле.
Азирети Умардын: «О, Алланын Элчиси! Бул сезими жок өлүктөргө да үн катасызбы?»
деген суроосуна Паигамбарыбыз (саллаллаху алеихи васаллам): «Силердин угууңар
булардын угуусунан жогору эмес. Бирок булар жооп бере албаит» (Ахмед бин Ханбал, II,
121) деп жооп берген экен.
6. Куран окуп, сообун маркумдарга багыштоо жөнүндө аалымдардын пикири
кандаи? Жалпыга маалым болгондои, Куран окуу бул ибадаттын катарына кирет. Көрүстөн
зыяраты өлүмдү, сурак берчү күндү эске салат. Бул темага баиланыштуу «Фатва-и
Хиндиииа» китебинде: «Маркумду жерге коигондон кииин көрүстөндүн жанында отуруп
Куран окуу жана маркум үчүн дуба кылуу мустахап (жакшы иш) болуп саналат» деп
жазылат. Имам Азамдын окуучусу Имам Мухаммеддин пикиринде, көрүстөндө Куран окуу
макирөө эмес. Көпчүлүк аалымдар ушул көз карашты кабылдашат. Окулган Куран
маркумга паидалуу .85
Куран окуу чоң ибадаттардан болуп саналат. Азирети Паигамбарыбыз Курандын ар
бир тамгасы үчүн он жакшылык / сооп болгондугун аиткан. Куран жалгыз Алланын
ыраазылыгы үчүн окулса, ибадат болот. Куран окуу үчүн акча талап кылуу такыр туура
эмес көрүнүш. Анткени ибадат акча үчүн орундалбаит.86
Л. ШЕИИТТИК 87
Жараткан Алланын ак жолунда кара жанын карч уруп жүрүп көз жумган адам
шеиит деп аитылат. Шеиит адам үстүндөгү курал-жарактары алынгандан кииин
жуулбастан жаназа намазы окулуп, жерге коиулат. Согушта жаракат алып, кииин одүинө
салган адамга да шеииттик ырасымы жасалбаит.
XXIII. НАПИЛ НАМАЗДАР 88
Парз жана важип намаздардан сырткары Алланын ыраазылыгы үчүн окулган
намаздар «напил намаздар» деп аталат. Напил намаздарды негизинен Паигамбарыбыз өзү
да окуп, жалпы мусулмандарды ага үндөгөн.
Азирети Паигамбарыбыздын беш маал намаз менен кошо жана жума намазында
окуган сүннөт намаздары «раваатиб» деп аитылат. Мындан сырткаркы сүннөт намаздар
«мустахап же мандуп» намаздар делет.
Парз намаздар менен чогуу окулган сүннөттөр :89
Буга беш маал намаздын жана жума намазынын сүннөттөрү кирет. Аларды
төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү. Муну Паигамбарыбыз калтырбаи окуп,
ал жөнүндө «Багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү бүт дүинөдөн жана андагы бүт
нерседен артык» деген хадисин аиткан (Муслим, Мусафириин, 96, 97; Тирмизи, Салат,
190). Багымдат намазын убагында окуи албаи калып, күн чыккан соң каза кылуу учурунда
эки ирекет сүннөтү менен каза кылынат.
2. Бешим намазынын парзына чеиин окулган төрт ирекет сүннөт менен парздан
кииин окулган эки ирекет сүннөт. Имам Азам агымы боюнча, акыркы эки ирекет сүннөттү
төрт ирекет кылып окуу мандуп. (Тирмизи, Салаат, 199, хадис No: 425). Хадистерде муну
төрт ирекет кылып окуу жөнүндө сунуштар бар. Бешим намазынын акыркы эки ирекет
сүннөтүн төрт ирекет кылып окуу учурунда биринчи отурумда «саллибаарик» дубаларын
окуп өидө тургандан кииин «субхаанака» дубасы да окулат.
3. Асыр намазынын парзына чеиин окулчу төрт ирекет сүннөтү. Бул «гаири
муаккад» сүннөт болуп саналат. Паигамбарыбыз бул сүннөттү кээде окуп, кээде окуган
эмес. Мында да биринчи отурумда «салли-баарик» дубаларын окуп өидө тургандан кииин
«субхаанака» дубасы окулат.
4. Шам намазынын эки ирекет сүннөтү. Шам намазынан кииин эки ирекет намаз
окуу муаккад сүннөт болуп саналат. Алланын Элчиси бул сүннөттү кээде алты ирекет
кылып окуган.
5. Куптан намазынын алгачкы төрт ирекет жана акыркы эки ирекет сүннөтү.
Куптандын парзынан мурун окулган төрт ирекет намаз «гаири муаккад» сүннөт, ал эми
парзынан кииин окулган эки ирекети «муаккад» сүннөт болуп эсептелет. Куптан
намазынын алгачкы төрт ирекет сүннөтү асыр намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.
6. Жума намазынан мурун жана кииин окулган төрт ирекеттик намаздар да
«муаккад» сүннөт болуп саналат.
А. ТАРАВИХ НАМАЗЫ 90
Таравих намазы Рамазан аиында гана куптан намазынан кииин багымдат
намазынын убагы киргенге чеиин окулчу напил намаз. Ал «муаккад» сүннөт болуп,
жыиырма ирекеттен турат. Таравих намазынын 20 ирекеттен турушу Азирети Умардын
халифалык доорунда Набави мечитинде окулган таравих намазынын 20 ирекеттик
таризине таянат. Хулафа-и Рашидин (Паигамбарыбыздан кииинки алгачкы төрт
халифанын) учурунда бул намаз 20 ирекеттен окулган.
Таравих куптан намазынан кииин окулат. Куптандан мурун окулса, аны каира окуу
керек. Ал эми витир намазынан мурун да, кииин да окуса болот.
Таравих намазын жалгыз киши деле окуса болот. Ар бир экинчи ирекетте салам
берүү дурус. Ошондои эле ар бир төрт ирекетте же 10 же 20 ирекетте бир салам берип
окуса да болот.
Таравих намазында кыраатты узун окуу абзел. Ошону менен бирге жамааттын
абалына жараша аракет кылууну да эстен чыгарбоо керек. Намазды эрте бүтүрүү үчүн
ылдам окуу макирөө болуп саналат.
Бул намаз сахабалардын учурунда ар бир төртүнчү ирекеттен кииин бираз тыныгуу
болгондуктан «таравих» намазы деп аталып калган. Тыныгуу учурунда Алла Тааланы
зикир кылуу (даңазалоо) же Паигамбарыбызга салават аитуу мустахап болуп эсептелет.
Б. ТАХАЖЖУД НАМАЗЫ:
Тахажжуд намазы – бул түн жарымынан баштап багымдат намазынын убагына
чеиин окулган напил намаз. Куранда Паигамбарыбызга бул намазды окууга буирук
берилген. Ал эми мусулмандар үчүн бул намаз сүннөт. Бул намаз Алла Таала тарабынан да,
Паигамбарыбыз тарабынан да жалпы момун-мусулмандарга баима-баи сунуш кылынган.
Тахажжуд намазын ар бир эки ирекетте бир салам берип, жалпы сегиз ирекет
кылып окуу дурус.
В. ДУХА НАМАЗЫ:
Духа намазы чак түшкө чеиин окулчу намаз. Духа намазын эки ирекеттен он эки
ирекетке чеиин окуса болот. Хадистерде Азирети Паигамбарыбыз бул намазды төрт же
сегиз ирекет кылып окугандыгы аитылган.
Г. АВВАБИН НАМАЗЫ:
«Авваб» сөзү «тооба кылган, кечирим тилеген, Жаратканга баш калкалаган»
дегенди туюнтат. Бул намаз экиден алты ирекетке чеиин шам намазынан кииин окулат.
Паигамбарыбыз аввабин намазын алты ирекет кылып окууга үндөгөн.
Д. ТАХИИИАТУЛЬ-МАСЖИД НАМАЗЫ:
Тахиииатуль-масжид «мечитке салам аитуу» деген маанини туюнтат. Мечитке
киргенде окулчу эки ирекет мустахап намаз болуп эсептелет. Бул намаз макирөө учурларда
окулбаит. Мечитке келген адам дароо каисыдыр бир намазга ниет кылса, бул намазды
окушу зарыл эмес.
Ж. ДААРАТ ЖАНА ГУСУЛДАН КИИИНКИ НАМАЗ:
Даарат же гусул алган соң мүмкүнчүлүк болсо, эки ирекет намаз окуу мустахап
болуп саналат.
З. САПАР НАМАЗЫ:
Сапарга чыгаарда же сапардан каиткан кезде эки ирекет намаз окуу сүннөт болуп
эсептелет.
И. ИСТИХАРА НАМАЗЫ:
Истихара намазы каисыдыр бир ишке кадам шилтеи албаи турганда ошол иштин оң
же терс болоруна рухании кандаидыр бир ишарат алуу үчүн окулган намаз. Истихара
намазы эки ирекеттен турат. Ырас, мусулман баласы өзү чечалбаган каисыдыр бир
маанилүү ишин чечүү үчүн алгач ал иштин көзүн билген, ишенимдүү адамдар менен
кеңешүүсү абзел. Бул сүннөт иш катары каралат. Кеңештен оң маинап чыкса, истихара
намазына кажет болбоит. Ал эми оң маинап чыкпаса, истихара намазын окуу абзел.
К. ТАСБИХ (Жаратканды даңктоо) НАМАЗЫ:
Мусулман баласы тасбих намазын өмүрүндө жок дегенде бир жолу окушу абзел.
Тасбих намазын төрт ирекеттен турат. Аны жеке да, жамаат менен да окуса болот.
Л. КУСУФ НАМАЗЫ :91
Арап тилинде күндүн тутулушу «Кусуф» деп аитылат. Паигамбарыбыз күн тутулган
учурларда эки ирекет намаз окуп Жараткан Аллага дуба кылган.
Кусуф намазы азансыз, кааматсыз жамаат менен окулат. Ар бир ирекетте узун
сүрөлөрдөн окулат. Намаздын акырында имам өидө турган калыбында алакан жая
Жаратканга дуба кылат.
Бул намазды жеке окуса да болот.
М. ХУСУФ НАМАЗЫ:
Аи тутулган кезде кээ бир аалымдардын пикиринде, эки ирекет намаз окуп дуба
кылуу мустахап.
Жер титирөө, чагылган, бороон-чапкын болгон учурларда да эки ирекет намаз окуп
Аллага дуба кылуу мустахап болуп эсептелет.
Н. ЖАМГЫР ДУБАСЫ:
Кургакчылык учурларда элдин ачык асман алдында топтолуп тооба кылып Алладан
кечирим тилеп, Ага алакан жая дуба кылышы, жамгыр жаадырышын суранышы сүннөт.
Бул дубадан мурун эки ирекет намаз окуу мустахап.
О. НАПИЛ НАМАЗДАР ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ
Напил намазды баштаган соң аны акырына чыгаруу керек. Эгер акырына чыкпаи
бузулса, Имам Азам агымы боюнча, аны каза кылуу важип болот.
Напил намаздардын ар бир ирекетинде кыраат кылуу (Фатиха жана кошумча сүрө
окуу) парз. Напил намаздарда эки же төрт ирекетте бир салам берсе болот.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
ОРОЗО
I. ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ 92
Ислам дининин маанилүү негиздеринин бири – бул орозо ибадаты. Орозо – бул адам
баласы үчүн жаман адаттардан, напсинин азгырыгынан арылуунун жолу. Адамды рухии
жактан өзүн-өзү тарбиялоого үирөтөт.
Орозо адам баласынын ар кандаи күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин
көзөмөлдөөсү үчүн өтө ыңгаилуу ибадат болуп эсептелет. Адамзааданы жалкоолукка
жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна
себепкер болгон нерсе – бул шакабат, аша тоюнуу. Андыктан орозо кармоо жолу менен
адам баласы ачка жүрүүгө, шакабаттан алыс болуп напсисин көзөмөлдөөгө үирөнөт.
Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аео, жардам берүү
сезимдери күчөит. Асыресе, орозо арам иштерден оолак болууга, ыплас сөздөрдөн, ушак-
аиыңдан алыс болууга үирөтөт.
Рамазан аиында мусулман баласы орозо кармоо, Куран окуу, таравих намазын окуу
жана башка ушул сыяктуу ибадаттар менен рухании жашоосун жандандырат. Береги
жандандыруу аракети анын бир жыл бою ушул калыбынан жазбаи жүрүүсүнө шарт түзөт.
Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу менен гана
чектелбестен арам нерселерди кароодон, арам тамактан, жаман сүилөөдөн, урушуудан
жана паидасыз нерселер менен алектенүүдөн оолак болот. Ал убактысын туура
паидаланууну үирөнөт. Болбосо орозо кармаган адам жеп-ичүүнү токтоткону менен башка
жаман адаттарын таштабаса, куттуу хадисте аитылгандаи, жөн гана ач болгону болбосо ага
эч кандаи деле сооп болбоит.
Орозо – адамдын эркин күчөитөт, изги мүнөздөрүн калыптандырат жана ага
ырааттуу жашоону үирөтөт. Адамды сабырдуу болууга үирөтөт. Орозо баиларга,
бардарларга кедеи-кембагалдардын абалынан кабардар кылат. Адамдардын бири-бирин
туура түшүнүүгө, жардам көрсөтүүлөрүнө жол ачат.
Орозо ошондои эле адамдын ден-соолугу үчүн да абдан паидалуу ибадат. Азирети
Паигамбарыбыз бул багытта: «Орозо кармагыла, ден-соолугуңардычыңдагыла!» деген.
Мына ушунун баары динибиздин жалпы ибадаттары сыңары орозо ибадаты да адамдын,
коомдун дүинөлүк жана акыреттик паидалары үчүн парз кылынгандыгын аигинелеит.
Орозо ибадаты адамдын мурунку күнөөлөрүн тазалаит. Бул жөнүндө куттуу
хадисте: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) Рамазан
аиында орозо кармаган адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Савм – 6) деп
аитылат.Азирети Паигамбарыбыз (саллаллаху алеихи васаллам) Шабан аиынын акыркы
күнү (Рамазан аиына бир күн калганда) кутпа окуп кутман сахабаларына каирылып:
«О, мусулмандар! Куттуу аига кирүүнүн алдында турасыңар. Бул аида миң аидан
да артык Кадыр түнү бар. Алла Таала күндүзү орозо кармоо менен өткөрүүнү парз,
түнкүсүн таравих намазын окууну напил кылуу менен куттуу кылган аи. Бул аида ким бир
жакшылык кылса, жөн учурларда бир парзды орундаткан адам сыяктуу сооп табат. Ал
эми парзды орундаткан адам башка аиларда жетмиш парзды орундаткан адамдаи сооп
табат.
Бул аи – сабырдуулуктун аиы. Сабырдуулуктун түбү – беииш.
Бул аи – жакшылыктын, жардам берүүнүн аиы.
Бул аи – момун-мусулмандын ырыскысы көбөигөн (ырыскысына береке кирген) аи.
Ким орозо кармаган бир адамга ооз ачырса, бул күнөөлөрүнүн кечирилишине, тозоктон
кутулушуна себеп болот. Ооз ачырылган адам тапкан сооптон эч кемибестен ага да
ошончолук сооп берилет» деит. Сахабалар:
«Арабыздан кээ бирибиз орозо кармаган бир адамга да ооз ачырууга
мүмкүндүгүбүз жок...» дешет. Анда Алланын Элчиси:
«Алла Таала бул соопту орозо кармаган бир адамга бир курма же бир ууртам суу
же сүт менен ооз ачырган адамга да берет» деп жооп каитарып кутпасын улантып:
«Бул аидын башы ыраиым, ортосу кечирим, аягы тозок отунан кутулуу. Ким (бул
аида) буиругундагылардын жүгүн жеңилдетсе, Алла Таала аны кечирип, тозок азабынан
азат кылат.
Бул аида төрт нерсени көп кылгыла. Мунун экөөсү менен Эгеңерди ыраазы
кыласынар, экөөсүн баары бир кылбаи коибоисуңар. Жараткан Алланы ыраазы кыла
турган эки нерсе мынабулар: бири «Лаа илааха иллаллах» деп Жараткандын
жалгыздыгына күбөгө өтүшүңөр, экинчиси Андан кечирим тилешиңер. Ал эми баары бир
кыла турган нерсеңер Алладан беиишти сурап, тозоктон кутулууну тилешиңер.
Ким орозо кармаган бир адамды тоигузса, Алла Таала аны менин абызыман (көлмө)
даам сыздырат. Ошентип ал беиишке киргенге чеиин экинчи сууга зар болбоит» (Ибн
Хузаима, Сахих, Беирут, 1975, тхк. М.М.Азами, III, 191-192)
II. ОРОЗОНУН АНЫКТАМАСЫ 93
Орозо бул ибадат кылуу ниети менен саарлык убагынан баштап, күн батканга чеиин
жеп ичүүдөн, жыныстык катнаштан оолак болуу.
Саарлык убагы куптан намазынын убагы чыгып, багымдат намазынын убагы
кирген учур.
Багымдат намазынын убагы кириши менен орозо башталган болот. Ооз ачар күн
батып шам намазынын убагы киргендеги учур.
III. ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ
А. ПАРЗ ОРОЗО
Ислам дининде парз орозо Рамазан аиындагы отуз күндүк орозо эсептелет. Отуз
күндүк орозо Куран, сүннөт жана ижма далилдери менен тастыкталган. Рамазан аиында
кандаидыр бир себептер орозо кармабаи калган мусулман адам үчүн аны башка учурда
каира каза кылып кармашы парз. Асыресе, Рамазан аиында орозосун атаиын бузган адам
үчүн анын каффаратын орундатуу да парз өкүмүндөгү иш болуп саналат. Рамазан
аиындагы отуз күндүк орозо өзгөчө болгондуктан «муаииан парз» болуп саналат.
Рамазан орозосунан тышкары аирым бир себептерден улам мусулман баласы үчүн
белгилүү учурларда орозо кармашы парз болот. Маселен:
Жаңылыштык менен адам өлтүрүүдөн улам,
Касам (ант) бузуунун каффараты катары
Ажылыкта ихрам учурунда убагынан мурун сакал-мурутун, чачын алгандардын
жаза иретинде орозо кармоолору парз болот.
Б. ВАЖИП ОРОЗО
Назир орозосун кармоо важип болуп эсептелет. Назир – бул шарият жагынан
мусулман баласына милдеттүү эмес каисыдыр бир ибадатты (маселен, орозону) аткарууга
сөз берип өзүнө милдет кылып алуу. Назир кылуу учурунда орозо күндөрү белгиленген
болсо, (мисалы баланча аидын баланча күнү орозо кармаим деп), анда бул муаииан важип
болуп, дал ошол күндөрү орозо кармоону талап кылат.
Напил орозо кармоо учурунда ооз ачылып калса, аны кииин каира каза кылуу Имам
Азам агымы боюнча, важип болот.
В. НАПИЛ ОРОЗО
Парз жана важип орозодон тышкары Алланын ыраазылыгы үчүн кармалган орозо
напил орозо деп аталат. Азирети Паигамбарыбыз көп учурда орозо кармап, үммөтүн да
орозо кармоого үндөгөн.
Напил орозолордун эң каиырлуусу күн алыс кармалган орозо болуп саналат.
Тагыраак аитканда, бир күн кармап, бир күн кармабоо таризинде даиыма тутулган орозо.
Бул Давуд паигамбардын орозосу болуп эсептелет.
Азирети Паигамбарыбыз мусулмандарга ар бир аидын 13, 14 жана 15күндөрү орозо
кармоону сунуштаган. Ошондои эле жазма булактарда Паигамбарыбыз дүишөмбү жана
беишемби күндөрү орозо кармоого өзгөчө маани бергендиги аитылат.
Асыресе, Шаввал аиында алты күн, ажылыкка барбагандар үчүн Зулхижжа аиынын
9-күнү, Ашура күнүнөн бир күн мурун жана кииин орозо кармоо жана Ражап, Шаабан
аиларында Рамазан аиына даярдык көрүү үчүн орозо кармоо мустахап болуп саналат.
IV. ОРОЗО КАРМООГО ТЫИУУ САЛЫНГАН КҮНДӨР
Бул күндөрдүн аирымдары арам, аирымдары кандаидыр бир себептүү макирөө
болуп эсептелет.
А. ОРОЗО КАРМОО АРАМ БОЛГОН КҮНДӨР:
1. Орозо аиттын биринчи күнү жана Курман аиттын төрт күнү орозо кармоо арам.
Муну тахриман макирөө деп аиткандар да бар. Себеби бул күндөр Алла Таала тарабынан
маирам катары белгиленген. Ошондуктан бул күндөрү орозо кармоо маирамга карама-
каршы кадам шилтөө, маирамдабоо дегенди түшүндүрөт. Бул күндөрү орозо кармаи
баштаган адам орозосун бузушу керек. Кииин каира бул орозосун каза кылышы кажет
эмес.
2. Аял кишилер үчүн аиыз жана нифас учурларында орозо кармоолору арам болуп
саналат. Б. ОРОЗО КАРМОО МАКИРӨӨ БОЛГОН КҮНДӨР:
1. Ашура күнү гана орозо кармоо. Ашура күнү орозо кармаи тургандар ашура
күнүнөн бир күн мурун баштап катары менен үч күн орозо кармаит.
2. Шабан аиынын акыркы күнү аба ыраиы бузулуп күн бүркөө болсо Рамазан
аиынын кирүү ыктымалынан улам Рамазан ниети менен орозо кармоо макирөө
3. Жума күндөрү орозо кармоо танзихан макирөө. 4. Удаама-удаа бир канча күн ооз
ачпастан орозо кармоо макирөө.
V. ОРОЗОНУН УБАГЫ ЖАНА РАМАЗАН АИЫНЫН БАШТАЛЫШЫ
Орозо Рамазан аиынын кириши менен мусулмандарга парз болот. Азирети
Паигамбарыбыздын учурунда Рамазан аиынын кириши асмандагы аидын көрүнүшү менен
же күн бүркөө болсо Шаабан аиынын отузунчу күнү менен эсептелчү (Бухари, Савм, 5). Ал
эми бүгүнкү күнү Аидын жана Күндүн аиланышын алдын ала эсептөө мүмкүнчүлүктөрү
жаралды. Мына ушул эсептөөнүн негизинде мусулмандардын динии башкармалыктары
намаз убакыттарын да, Рамазан аиынын башталышын да белгилеп жарыя кылып келүүдө.
Рамазан аиы «камарии» аилардан болуп саналат. Камарии аилардын башталышы
жана бүтүшү Аидын аиланышына жараша белгиленет. Аидын аиланышына жараша
белгиленген бул аилар кээде 29, кээде 30 күнгө туура келет. Ошондуктан Рамазан аиы кээ
бир жылдары 29, кээ бир жылдары 30 күнгө туура келет. Мусулмандар Рамазан аиында
орозо кармоого милдеттүү болгондуктан бул аи 29 күн болгон жылдары 29 күн, 30 күн
болгон жылдары 30 күн орозо кармоолору керек. 29 күн болгон жылы 30 күн орозо кармоо
туура эмес. Анткени бул учурда же Рамазандан бир күн мурун, же аит маирам күнү орозо
кармалып калат. Ал эми аит күнү орозо кармоо күнөө болуп саналат.
VI. ОРОЗОНУН ПАРЗ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
1. Акыл-эси жаиында балагатка жеткен мусулман баласы үчүн орозо кармоо парз.
Маалым болгондои, эркек баланын түшүркөөсү, кыз баланын этек кирин көрүшү
балагаттын белгиси. 15 жашка чыккан улан-кыздар мындаи белгилерге тушукпаса да алар
балагатка жеткен болуп эсептелет. Ошондои эле орозонун ибадат болгондугун түшүнгөн
бала орозо кармаса, анын орозосу (сахих) толук кандуу орундалган болуп саналат.
2. Орозо кармоого күчү жеткен адамга орозо кармоо парз. Ал эми оор ооруга
чалдыккан адамга, орозо кармоого кудурети жетпеи турганчалык алсыз карыяларга орозо
кармоо парз эмес.
3. Эч бир үзүрү (себеби) жок адамга орозо кармоо парз. Маселен, Рамазан аиында
сапарга чыккандар үчүн орозо кармоо парз эмес. Сапар учурунда кармалбаи калган
орозону Рамазан аиынан кииин каза кылып кармоо керек. Асыресе, сапарга чыккан адам
орозо кармаса да болот.
4. Этек кири жана нифас учурунда аял кишинин орозо кармоосу арам өкүмүндөгү
иш болуп эсептелет. Аялдар бул күндөрү кармаи албаи калган орозолорун кииин каза
кылуулары зарыл.
VII. ОРОЗОНУН РУКУНУ 94
Рукун – каисыдыр бир ибадаттын толук болушу үчүн сөзсүз түрдө орундалышы
зарыл түркүк. Орозонун рукуну – саарлык убагынан (ооз жапкандан) баштап күн батканга
чеиин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан оолак болуу. Андыктан орозо учурунда
булардан бири жүзөгө ашса, орозо жараксыз абалга келген болот.
VIII. ОРОЗОНУН САХИХ БОЛУШУНУН (толук орундалышынын)
ШАРТТАРЫ
1. Орозо кармоого ниет кылуу: Орозо ибадат болгондуктан ибадат кылуу ниети
менен гана толук болот.
2. Аял кишинин этек кири жана нифас абалынан сырткары болушу: Бул учурларда
орозо кармоого болбоит. Орозо учурунда этек кири же нифас абалдары жараян этсе, орозо
бузулат.
3. Орозону буза турган нерселерден алыс болуу.
IX. ОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУ 95
Рамазан аиындагы орозого күн баткандан баштап эртеси күнү шашке маалына
чеиин (күн төбөгө келгенге болжол менен 50 мүнөт калганга чеиин) ниет кылса болот. Күн
так төбөдө турган чакта орозого ниет кылууга болбоит. Күн чыккандан кииин орозого ниет
кылуу үчүн саарлыктан бери орозону буза турган нерсе жүзөгө ашпашы керек. Маселен,
бул учур аралыгында жеп-ичпеген болуу зарыл.
Рамазан аиынын ар бир күнү үчүн ниет кылуу керек.
Күн бата элек кезде эртеңки күндүн орозосуна ниет кылууга болбоит. Эртеңки
күндүн орозосуна ниет кылуу үчүн күндүн батышы зарыл.
Каза, каффарат жана күнү белгиленбеи назир кылынган орозолор үчүн саарлык
убагы чыкканга чеиин ниет кылынышы керек.
Рамазан орозосун кармоо үчүн «орозо кармоого» деп ниет кылуу жетиштүү. Ниет
чын ыкластан кылынышы зарыл. Тил менен аитылышы мустахап болуп саналат.
X. ОРОЗО КАРМОО УЧУРУНДА МУСТАХАП БОЛГОН ЖАГДАИЛАР 96
Ибадаттар сырткы шар ттары менен бирге чын ыклас менен орундалышы керек.
Ислам дининин буиругу ушул. Азирети Паигамбарыбыз орозо ибадатына баиланыштуу
жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болсо да, тилин, көзүн ж.б. жамандыктан
сактабаган адамдын ач болгондон башка эч кандаи соопко жетпесин билдирген (Бухари,
Савм, 8). Ибадат ыкластуулук менен орундалат. Мусулман баласы күчүнүн жетишинче
жаман адаттардан арылууга аракет жасаит. Орозо үчүн да чын ыкластуулук абадаи зарыл.
Жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу албетте, орозо үчүн шарт. Ошону менен
бирге орозо учурунда мусулман адам жакшы иштер менен алектенип, тилин жалган
сүилөөдөн, ушак-аиыңдан алыс тутуу менен, зикир кылып Жараткан Алланы даңазалоо
менен жандүинөсүн аруулашы керек. Паигамбарыбыз мындаи деген экен: «Беш нерсе
орозонун сообун жок кылат: жалган сүилөө, гыибат (ушак-аиың кылуу), чагымчылык
кылуу (эки адамдын ортосуна от жагуу), жалгандан касам ичүү, арамга шакабат менен
кароо».
Орозо кармаган адам Куран окуп Алла Тааланы зикир кылышы керек. Рамазан
аиында күндүзү орозо кармап, түнкүсүн Азирети Паигамбарыбыздын сүннөтү болгон
Таравих намазын калтырбаи окууга аракет кылышы керек.
Ооз ачаарда аша тоюнбоо зарыл. Ооз ачарга жалаң баилар гана эмес, кедеи-
кембагалдар да чакырылышы кажет. Зекетти Рамазан аиында берүү абзел. Кедеилерге,
жетимдерге, кароосуздарга жардам берүү менен коомдук биримдикти чыңдоо зарыл.
Мындан сырткары орозо кармаган адам төмөнкү мустахап жагдаиларга да көңүл
бөлүшү абзел:
Саарлыкка туруу: Паигамбарыбыз мусулмандарга Рамазан аиында эртең менен
саарлыкка туруп тамактанууну сунуштаган. Ошону менен бирге саарлык тахажжуд
намазына турууга да көндүрөт.
Ооз ачар алдында дуба кылуу. Бул учурда окулчу дубалардын бири куттуу
хадистерде төмөнкүчө аитылат: «Оо, Жараткан Алла! Сенин ыраазылыгың үчүн орозо
кармадым. Сен берген ырыскы менен оозумду ачтым. Сага ишендим. Менин орозому
кабыл кыла көр, күнөөлөрүмү кечире көр!»
Орозо кармаган адамдарга, өзгөчө кедеилерге ооз ачыруу. Хадистердин биринде
мындаи буюрулат: «Орозо кармаган адамга ооз ачырган адам орозо кармагандын
сообунчалык сооп алат» (Тирмизи, Савм, 82).
Жунуп болгон адам багымдат намазынын убагы киргенге чеиин жуунушу мустахап
болуп эсептелет.
Паидасыз сөздөрдөн, ушак-аиыңдан алыс болуу керек. Рамазан аиынын акыркы он
күнү итикафка кирүү мустахап болуп саналат.
XI. ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАР 97
Эч бир себепсиз орозо кармабаи коиуу чоң күнөө. Рамазан аиында орозону эч бир
себепсиз же атаиын бузуу каффаратты талап кылат. Ал эми төмөнкү жагдаиларда орозо
кармабоого шариятта уруксат берилет. Бирок бул учурда кииин орозо кармабаи калган
күндөрдүн ордун толуктап кармап коиуу керек. Орозо кармабоого уруксат берилген
учурлар төмөнкүлөр:
1. Сапар: Шариятта көрсөтүлгөн аралыкка сапарга чыккан адам орозо кармаса да,
кармабаи коисо да болот. Бирок орозо кармаганы дурус.
2. Оору: орозо кармоого тоскоол боло тургандаи оорусу бар адам орозо кармабаса
болот.
3. Ден-соолугу начар карыялар орозо кармашпаса болот. Бирок ар бир күн үчүн
битир садага берүүлөрү керек.
4. Боюнда болуу же эмчекте баласы болуу. Эгер боюнда бар аял орозо кармаган
чакта өзүнө же балага зыян келе турган болсо, орозо кармабаи коисо болот. Кармабаи
калган күндөрүн кииин каза кылышы керек.
5. Согуш маиданындагы жоокерлер орозо кармашпаса болот. 6. Кысым көрсөтүлгөн
учурда ооз ачууга уруксат бар.
XII. ЭТЕК КИРИ ЖАНА НИФАС АБАЛЫНДАГЫ АЯЛ КИШИНИН
ОРОЗОСУ
Этек кири жана нифас абалындагы аял кишинин орозо кармашы жана намаз окушу
арам.
Орозо учурунда этек кири көрсө, орозосу бузулган болот. Андан кииин шам
намазына чеиин орозолорун улантуулары туура эмес. Рамазанда орозосун кармаи албаган
аял киши тазалангандан кииин орозосун каза кылат. Ал эми бул учурда окубаи калган
намаздарын каза кылуунун кажети жок.
XIII. ОРОЗОНУ БУЗУП, КАЗА КЫЛУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАИЛАР 98
1. Желбеген нерселерди жутуп алуу. Маселен, таш, шагыл, алтын, күмүш сыяктуу
нерселерди жутуп алуу.
2. Даарат алуу учурунда жаңылыштык менен суу жутуп алуу. Мындаи учурда ошол
күндүн орозосун кииин каза кылуу керек.
3. Тиштен чыккан кан түкүрүктөн ашыкча болуп, аны жуткан адамдын оозу ачылып
калат да, аны каза кылуу зарылчылыгы туулат. Эгер кан түкүрүктөн аз болуп түкүрүктүн
өңүн өзгөртпөсө, орозо бузулбаит.
4 Өзүнөн-өзү келген аз кусунду өзүнөн-өзү каира артка кетсе, орозо бузулбаит. Ал
эми өзүнөн-өзү келген кусундуну билип туруп жутса, аз да болсо, орозо бузулган болот.
Ошондои эле атаиын ооз толтура кусуу да орозону жараксыз абалга алып келет.
5. Жубаиын өбүү менен гана жунуп болгон адамдын орозосу бузулат.
6. Мурунга куюлган дары, кулакка тамызылган маи сыяктуу нерселер орозону бузат.
7. Ооздон башка жол менен денеге кирген жана денеге азык-күч берген нерсенин
баары орозону бузат. Мындаи учурда орозонун казасы талап кылынат.
8. Рамазан аиында күндүзүн саиылган укол орозону бузат. Иине менен дарынын
денеге кириши теринин сууну тартып алышы сыяктуу эмес. Андыктан оор коркунуч
болмоюнча уколду ооз ачардан кииин алуу абзел.
9. Унутуп калып жеп-ичкен соң «оозум ачылды» деген ои менен жеп-ичүү орозонун
бузулушуна жол ачат.
10. Саарлык убагы чыккандан кииин «саарлык чыга элек» деген ои менен жеп-ичүү.
11. Күн батканга чеиин күндүн батканын оилоп ооз ачуу.
12. Кандаидыр бир үзүрдөн улам тамактануу, суу ичүү же болбосо дары колдонуу.
Маселен, оор ооруга чалдыккан учурда, сапарга чыккан кезде, кысым көрсөтүлгөн учурда.
XIV. ОРОЗОНУ БУЗУП, КАФФАРАТТЫ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАИЛАР 99
Жалпыга маалым болгондои, орозонун рукуну – саарлык убагынан күндүн
батышына чеиин жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу. Демек, ким эч бир
себепсиз билип туруп жеп-ичсе, же жыныстык катнашта болсо, анда ал адамга каффаратты
аткаруу парз болот. Орозонун каффараты төмөнкүчө: атаиын бузулган бир күндүк орозо
үчүн алтымыш күн орозо кармоо, буга күчү жетпесе, алтымыш күндүк битир садага берүү,
башкача аитканда, алтымыш кедеидин бир күндүк тамак-аш муктаждыгын каржылоо. Эгер
орозону себепсиз билип туруп бузган күнү ооз ачарга чеиин оор ооруга чалдыкса, анда
каффарат эмес, каза талап кылынат.
XV. ОРОЗОНУН МАКИРӨӨЛӨРҮ
Орозо ибадатына зыян бере турган, тактап аитканда, бузулушуна жол ача турган же
сообун азаита турган нерселерден алыс болуу керек. Бул нерселерди жасоо орозону бузбаса
да, сообун азаитат же бузулушуна жол ачат. Мындаи аракеттерди жасоо дурус эмес.
1. Эч бир себепсиз бир нерсени жутпастан тек гана оозго алуу же чаиноо. Эгер
даамын татса, орозо бузулат.
2. Жубаиы менен өбүшүү.
3. Орозо кармаган адамдын ден-соолугуна зыян алып келе турган нерселер макирөө
болуп саналат. Мисалы, кан алдыруу сыяктуу.
4. Орозо учурунда даарат алуу учурунда (өзгөчө ооз-мурунга суу алууда) этиятсыз
аракет кылуу.
XVI. ОРОЗОНУН КАЗАСЫ
Рамазан аиында кармалбаи калган орозолорду рамазандан кииин каза кылуу парз
өкүмүндөгү иш болуп саналат. Эскерте кетчү жагдаи, аит күндөрү орозо кармоого болбоит.
XVII. КАФФАРАТ ОРОЗОСУ
Рамазан аиында орозону билип туруп бузуунун жазасы каффарат. Каффараттан
мынабул үч нерседен катары менен бирин аткаруу аркылуу кутулуу мүмкүн: 1. Кул азат
кылуу 2. Эки аи удама-удаа орозо кармоо, 3. Алтымыш кедеиди тоюндуруу. Бүгүнкү күнү
кул жок болгондугу үчүн катары менен экинчи же үчүнчү мерчемдеги шарттар
аткарылышы керек. Битир берүү үчүн орозо кармоого күчү жетпеген адам болушу керек.
Бирок Малики агымы боюнча, бул шарттардын каалаганы менен каффаратты аткарууга
болот.
Каффарат орозосун кармоо учурунда ортодон эс алуу болсо, каира башынан баштоо
кажет. Ошону менен бирге аял киши үчүн эгер этек киринен улам ортодо ажырым болсо,
каффарат бузулбаит. Бул учурда аял киши тазаланган күндөн баштап каффарат орозосун
улантат. Эгер тазаланган күндөн баштабаи кииинки күндөрү баштаса, каффараты бузулган
болот да, каира башынан баштоого туура келет. Ошондои эле мындан сырткары оору, сапар
сыяктуу үзүр-себептер менен каффарат орозосунда ажырым болсо, каира башынан баштоо
керек.
XVIII. ОРОЗОНУН ФИДИЯСЫ
Орозонун фидиясы кармалбаган ар бир күн үчүн бир кедеиди тоигузуу. Бул битир
садагасы менен өлчөнөт. Орозонун фидиясы аиыкпас ооруга чалдыккан адамдар же алсыз
карыялар үчүн уруксат берилет. Асыресе, ден-соолугу чың адамдардын мурунку
орозолору үчүн фидия берүүлөрү туура эмес. Тирүү кезинде кармалбаган орозонун
фидиясы ал адам көз жумган соң берилет.
XIX. ИТИКАФ 100
Итикаф – бул белгилүү мөөнөт аралыгында белгилүү эрежелердин негизинде
мечитте же мечит өкүмүндөгү жерде ибадат кылуу.
Азирети Паигамбарыбыз Мединага көчүп келгенден кииин жыл саиын Рамазан
аиынын акыркы он күнү итикафка кирчү.
Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, итикафка кирүү мустахап болсо да, Имам Азам
аалымдарынын пикиринде, муаккад сүннөт болуп саналат.
Аялдар үилөрүнүн ылаиыктуу бир жерине итикафка киришсе болот.
А. ИТИКАФТЫН ТОЛУК БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР:
1. Итикафка кирген адам мусулман, акыл-эси толук жана таза болушу керек.
Тагырак аитканда, этек кири, нифас жана жунуп абалдарынан тазаланган болушу кажет.
2. Итикаф үчүн ниет кылуу
3. Эркек адамдар жамаат менен намаз окулуп турчу мечитте иткафка кириши керек.
4. Назир кылынган (сөз берилген) итикафта орозо кармоо шарт. Напил итикафта
орозо кармоонун кажети жок.
Б. ИТИКАФТЫ БУЗГАН ЖАГДАИЛАР
1. Жыныстык катнашта болуу. Итикафка кирген адамдын жубаиы менен өбүшүүсү
же жыныстык катнашка алпарчу иштерды кылышы арам болуп эсептелет.
2. Эч бир себепсиз мечиттен сыртка чыгуу. Итикафка кирген адам муктаждыктарын
мечитке алып барышы керек. Даараткана, даарат жана гусул алуумуктаждыктары үчүн гана
сыртка чыгат. Напил итикафтарда себепсиз болсо да, мечиттен сыртка чыгуу итикафты
бузбаит.
3. Бир канча күн эс-учун жоготуу же акылынан ажыроо сыяктуу жагдаилар
итикафты бузат.
В. ИТИКАФКА КИРҮҮНҮН ТАРИЗИ
Итикафка кирүүгө сөз берген адам багымдат намазынын убагы киргенге чеиин
мечитке барып «Оо, Жараткан Алла! Сенин ыраазылыгың үчүн сөз берген итикафты
орундоого ниет кылдым» деп ниет кылып итикафын баштаит. Канча күнгө назир кылып
сөз берген болсо, ошончо күн орозо кармаит. Итикафтын акыркы күнү шам намазынан
кииин итикафтан чыгат.
Итикафка Рамазан аиынын акыркы он күнү кирүү сүннөт болуп эсептелет.
Итикафка кирген адам үчүн күчүнүн жетишинче намаз окуу, Куран окуу, Алла Тааланы
зикир кылуу, тооба кылып кечирим тилөө, жөнү жок сөздөрдөн, иштерден оолак болуу
мустахап болуп эсептелет. Итикафка кирген адам таза кииимдерин кииип, миск-атыр
себинүүсү абзел.
СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЗЕКЕТ
I ЗЕКЕТТИН МААНИЛҮҮЛҮГҮ 101
Мусулман коомчулугунун артыкчылыктарынын бирин, калетсиз, зекет ибадаты
менен баикоого болот. Аирыкча бүгүнкү күнү коомдук ынтымак ыдырап, жүздөгөн
адамдарга ылаиыкталып салынган көп кабаттуу турак жаиларда кошуналардын бири-
биринен кабарсыз жашаганы, үи-бүлө биримдигинин начарлашы, коомдук колдоо,
жардамдашуу иш-аракеттеринин унутта калганы кимди гана болбосун өкүндүрбөи
коибоит. Мына ушундаи кырдаалда зекет сыяктуу коомдук жардамдашуунун ибадат
катары орундалышы кандаи гана орундуу.
Ислам дини келген күндөн тарта коом – бул өзүнчө биримдик болгондугун,
көигөилөрдү чечүү бир гана адамга эмес, жалпыга тиешелүү болгондугун, эч кимдин
коомдук көигөилөргө каидыгер мамиледе болбошу керектигин баса белгилеп келет.
Азирети Паигамбарыбыз мусулман коомчулугунун бир дене сыяктуу болгондугун,
мүчөлөрүнөн бири ооруса, бүт дене дүркүрөп зыркыраарын билдирген. Ислам баилык
белгилүү гана адамдардын колунда болушун туура көрбөит. Хашр сүрөсүндө: «....Баилык
баилардын ортосунда гана жүгүртүлбөшү үчүн...» (Хашр сүрөсү, 7) деп буюрулат.
Зекет коомдук катмарлардын, кедеилер менен баилардын ортосунда материалдык
жана моралдык көпүрө кызматын өтөөчү ибадат. Коомдогу ажырымды бүтөп, жек көрүү,
өчөшүү, ич таруу, кызгануу сыяктуу жат сапаттарга бөгөт болот. Коомдук тынчтыкты,
беипилдикти жаратат.
Зекет ибадаты иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдардын да эл сыяктуу өмүр
сүрүшүнө өзүнчө көмөк болуп, ачарчылыктан оолактатат.
Зекет адамды элдин керегине жараган паидалуу иштерди жасоого үирөтөт.
Кедеи-кембагалдардын кедеиликтин дартынан жат иштерге барып, жаман жолго
түшүүлөрүнө тоскоол болот. Уурулук, талап-тоноочулук, соикулук сыяктуу жат
көрүнүштөрдү азаитат. Муктаждыгы орундалган адамдардын туура, ак жолго түшүп өмүр
сүрүүлөрүнө себеп болот.
Зекет адамдын сараңдык сезимин азаитып, элге жардам берүүгө үирөтөт.Элге
жардам берүүнүн ырахатынан, жаназыгынан даам сыздырат. Адамдын малмүлккө болгон
ашкере сүиүүсүн басаңдатып, өзүмчүлдүк, бои көтөрүүчүлүк, зыкымдык сыяктуу терс
сапаттарга бөгөт коиот. Адамдын жүрөгүн жумшартып боорукер, мээримдүү болууга
көндүрөт.
Зекет мал-мүлктөгү кирлерди тазалаит. Ислам дини боюнча, зекет – бул кембагал
муктаж адамдардын акысы болуп эсептелет. Аятта: «... алардын малмүлкүндө муктаж
кембагалдардын акысы бар» (Зарият сүрөсү, 19) деп буюрулат. Эгер зекет берүүгө
милдеттүү мусулман адам зекетин бербесе, мал-мүлкүнө бирөөнүн акысын (арам)
аралаштырган болот. Ошондуктан ал мал-мүлкүндөгү бирөөнүн акысын ээсине берүү
менен кирлерден тазаланышы керек. Анткени эч бир адам коомдон алыс жашоо менен
баилык топтои албаит. Иралды ал үи-бүлөсү жана туугандары андан соң коом тарабынан
түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен баилык топтоит, мал-мүлккө ээ болот. Мына
ушул мүмкүнчүлүктөрдү паидалануунун үзүрү катары баи адамдар коомдогу кедеи, жарды
адамдарга колдоо көрсөтүп жардам бериши кажет. Коомдук муктаждыктарга өз
салымдарын кошуулары керек. Куранда зекеттин адамды тазалоочу касиети жөнүндө
мындаича буюрулат: «Алардын мал-мүлкүнөн зекет ал. Себеби зекет алуу менен аларды
тазартып, жакшылыгын арттырган болосуң» (Тооба сүрөсү, 103).
Зекет да Исламдын башка буируктары сыңары, жүзөгө жеңил ашырыла турган
таризде тартипке салынган. Негизги күнүмдүк муктаждыктардан сырткары шариятта
белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ болгон адам мал-мүлкүнүн 2.5 паиызын кедеи-
кембагалдарга бериши керек. Дан-өсүмдүктөрү менен малжандыктардын зекети ортосунда
аиырма бар. Бүгүнкү күнү зекетти салыктар менен салыштырганда алдаканча төмөн
көрсөткүчтү көрсөтөт.
Зекет ошол эле учурда баилыкты багыштап, ырыскыбызды ыроологон Улуу
Жараткан Аллага шүгүрчүлүк, ыраазылык билдирүүнүн белгиси. Анын буиругуна баш
ииүүнүн, Ага кул болгондугунун аигагы. Адам баласы зекет берүү менен утурумдук мал-
дүнүиөсүн түбөлүк жыргалчылыкка аиландырат, баилыгынын бираз гана бөлүгүн берүү
аркылуу акыретте анын акыбетин ашыкчасы менен алат. Зекет адамдын акыреттик
түбөлүк бактысы үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Зекет Куранда жана сүннөттө эң көп эскерилген буируктардын бири. Зекет тууралуу
жалпы Курандын отуз аятында буирук бар. Алардын аирымдары төмөнкүлөр:
«Намаз окуп, зекет берип, акыретке ишенген момун-мусулмандар Эгеси тарабынан
Туура жолдо. Дал ошолор иигиликке жетүүчүлөр!» (Лукман сүрөсү, 4-5).
«...Азап болсун ошол шерик кошкондорго! Алар зекет беришпеит жана акыретке
да ишенишпеит!» (Фуссила сүрөсү, 6-7).
Исламдын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири дүинө таанымынын негизи материя
менен руханияттын, дүинө менен акыреттин ортосунда түзгөн тартиби, теңсалмактуулугу.
Ислам маселени тек материя менен гана карабаит, тек дүинө назары менен гана назар
салбаит, рухании назар менен, акыреттиккөз караш менен да караит. Зекет мына ушул
өңүттөн да өзгөчө мааниге ээ. Себеби зекет – бул руханият менен материянын ортосунда
түзүлгөн баиланыштын жана теңсалмактуулуктун негиздеринин бири болуп эсептелет.
II. ЗЕКЕТТИН АНЫКТАМАСЫ 102
Зекет лексикологиялык мааниде, «көбөиүү, өнүү, берекеге бөлөнүү, тазалоо» деген
түшүнүктөрдү берет.
Исламда төмөнкүчө аныкталат: «Зекет – бул, материалдык жактан белгилүү
өлчөмдө мал-мүлккө ээ болгон адам баилыгынын белгилүү өлчөмүн Ыиык Куранда
көрсөтүлгөн адамдарга берүү»
Зекет Ислам дининдеги беш түркүктүн бири. Анын шарттарына жооп берген
адамдар үчүн зекет берүү парз болуп эсептелет. Зекеттин парз ибадат болгондугу Ыиык
Куран жана Сүннөт менен тастыкталган.
Зекет берүүгө милдеттүү боло туруп, аны орундатпагандар чоң күнөө кылган
болушат. Мунун акыретте сурагы өтө оор болору, ошону менен бирге зекет бергендер
акыретте акыбетин ашыкчасы менен алары аятта аикын аитылат (Тооба сүрөсү, 34).
III. ЗЕКЕТТИН ПАРЗ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР 103
Төмөнкү шарттар зекеттин парз болушун талап кылат:
1. Мусулман, акыл-эси толук, балагатка жеткен адам болуу: Бирок Имам
Азамдан башка аалымдардын пикиринде, зекеттин парз болушу үчүн акыл-эс жана
балагатка жетүү шарт эмес. Бул пикир боюнча, балдардын жана акыл-эсинен ажыраган
адамдардын мал-мүлкүнөн алардын милдетин моюндаган адам зекет бериши керек.
2. Белгиленген (нисап) өлчөмдө мал-мүлккө ээ болуу: Шариятта зекет берүү
үчүн негизги муктаждыктардан сырткары 80 грамм алтынга же 80 граммдык алтынга тете
акча каражатына же соода мүлкүнө ээ болуу кажет. Мал-жандыктарга келсек, 40 коиго, же
отуз уига, же 5 төөгө ээ болуу керек. Ал эми дан-өсүмдүктөрдө Имам Азамдын пикири
боюнча, белгиленген өлчөм деген шарт жок. Алынган дан-эгиндин 10 же 5 паиызын үшүр
иретинде берүү керек. Нисап өлчөмүн эсептөө учурунда зекет бере турган адамдын
карыздары эске алынышы кажет. Себеби ал адамдын карыздары (бересеси) 80 грамм
алтынга тете акча каражатын кемите турган болсо, анда ага зекет берүү парз эмес.
3. Зекет үчүн бөлүнгөн мүлктүн үстүнөн бир жылдын өтүшү: Тагыраак
аитканда, белгиленген өлчөмдөгү мал-мүлккө ээ болгон соң зекеттин парз болушу үчүн
арадан бир жыл өтүшү керек. Дан эгиндеринин зекети үчүн арадан бир жылдын өтүшү
шарт эмес.
4. Зекети бериле турган мал-мүлктү колдонууга толук мүмкүнчүлүктүн
болушу: Демек, зекет берүү учурунда мал-мүлккө толук ээ болуу керек. Ошондуктан
жоголуп же уурдалып кеткен мал-мүлк үчүн зекет берүүгө болбоит.
Шариятта «аласа» маселесине баиланыштуу жагдаиларга жараша ар түрдүү
өкүмдөр бар. Ислам укукчулары аласаны мындаича үч топко бөлүшөт: «алууга толук
мүмкүндүгү бар аласа, мүмкүндүгү орточо аласа жана мүмкүндүгү төмөн аласа». Ислам
укукчулары бул багытта төмөнкүчө жыиынтыктарга келишкен:
Карызга берилген акчадан, соода же кире (аренда) үчүн берилген нерседен түшө
турган аласаларга толук ээ болуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, булардан зекет берилиши
керек. Ошону менен бирге мындаи аласалар колго тиимеиинче зекет берүүнүн кажети жок.
Колго тиигенден кииин өткөн жылдардын да зекеттери берилет.
Махр (кыздын өзүнө берилчү калың), кун сыяктуу аласалар өз ээсине
каитарылмаиын зекет берүүнүн кажети жок.
Толук ээ болбогондугу үчүн төмөнкү мүлктөрдөн зекет берүүгө болбоит:
а. Белгилүү ээси жок мүлктөр: Маселен, мамлекетке таандык мүлк, коомдун
кызматындагы мүлктөр.
б. Фондко таандык мүлктөр.
в. Арам жолдон келген мүлктөр. Мындаи мал-мүлктөр дароо өз ээлерине, алар
белгилүү эмес болсо, кедеи-кембагалдарга тапшырылышы керек.
г. Жоголгон, уурдалган жана орду белгисиз мал мүлктөрдүн зекети болбоит.
д. Белгиленген махр мүлкү аялга тапшырылмаиын аял кишинин зекет бериши кажет
эмес.
5. Зекетке берилчү мал-мүлктүн көбөиүп туруучу өзгөчөлүктө болушу:
Мунун түз жана кыиыр мааниси бар:
Түз мааниси: соодадагы мал-мүлктүн, мал-жандыктардын жана дан эгиндеринин
көбөиүшү.
Кыиыр мааниси: акча, алтын, күмүш сыяктуу мүлктөрдүн жүгүртүлүшү. Бул шартка
жооп берген беш мүлк каражаты бар. Алар төмөнкүлөр: акча (алтын, күмүш ж.б.), соода
мүлкү, мал-жандыктар, дан эгиндери, казыналар жана кен баилыктар (металлдар).
Булардан сырткаркы мүлктөрдөн зекет берилбеит. Буга негизги муктаждыктар,
маселен, үи-жаи, буюмдар, мингич-жандыктар кирет.
6. Зекетке берилчү мүлктүн карыздан тышкары болушу: Бул шарт акча, алтын
же соода мүлктөрүнүн зекетин эсептөө учурунда эске алынат. Эгер карыздар 80 грамм
алтынга тете акча каражатын кемите турган болсо, анда зекет берүү парз болбоит.
IV. ЗЕКЕТТИН ТОЛУК ОРУНДАЛЫШЫ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
1. Ниет: Зекет – бул ибадат. Андыктан зекет ибадаты үчүн да ниет кылуу шарт.
Имам Азам агымы боюнча, зекетти берүү учурунда ниет кылуу керек. Асыресе, зекетти
бөлүп-бөлүп берүү мүмкүн болгондугу үчүн аны бөлүү учурунда бир жолу ниет кылуу
жетиштүү.
2. Зекетти өз ээлерине тапшыруу (тамлик): Тагыраак аитканда, зекетти зекет ала
турган адамдын ээлигине өткөзүү керек.
Акыл-эсинен ажырагандарга, ак-караны ажыраталбаган балдардын колуна зекет
тапшырылбаит. Зекет алардын муктаждыгын моюндаган адамдарга тапшырылат.
Жол, көпүрө, мектеп, мечит сыяктуу элдин кызматына жараи турган жакшылык
иштер үчүн зекет берилбеит. Буларга зекеттен тышкаркы жакшылыктар сарпталышы
керек.
Зекет менен маркумдун карыздарын төлөөгө болбоит.
Зекет бере турган адам ата-энесине, баласына же жубаиына зекет бере албаит.
Кедеи адамда аласасы бар адам аласасын зекет ниети менен ага (б.а. кедеи адамга)
багыштаса болобу же жокпу деген темада аалымдар эки анжы пикирде. Аирым аалымдар
бул жерде «тамлик» шарты толугу менен жүзөгө ашпагандыктан кедеидеги аласаны ага
зекет катары берүүгө болбоит дешет. Ал эми экинчи жоон топ аалымдардын пикиринде,
кедеидеги аласаны зекет ниети менен ага багыштап жиберсе болот.
Зекетти Исламда көрсөтүлгөн адамдарга тапшырбаган адам зекет ибадатын
орундаткан болуп эсептелбеит. Ал адам зекетин каирадан бериши керек.
V. ЗЕКЕТКЕ БЕРИЛҮҮЧҮ МАЛ-МҮЛКТӨР
А. АКЧА, АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ 104
Бүгүнкү күнү кагаз же металл акча каражаты илгерки доорлордо колдонулган
алтын-күмүш акчанын кызматын өтөп келет. Андыктан алтын-күмүш сыяктуу эле акчанын
да зекетин берүү керек.
Акча, алтын, күмүш жана соода мүлктөрү кошулганда 80 грамм алтынга тете болсо,
зекет берүү зарыл.
Зекетке акча, алтын жана соода мүлктөрүнүн кырктан бир бөлүгү (демек, 2.5
паиызы) берилет.
Бул өлчөмдөр Азирети Мухаммад (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын
сүннөтү менен тастыкталган (Бухари, Зекет, 32, 38).
Алтын-күмүштүн зекети анын салмагын эсептөө менен берилет. Демек, 100 грамм
алтындын зекети 2.5 грамм алтынга же ушуга тете акча каражатына туура келет.
Алтын-күмүштөн кооздук үчүн жасалган буюмдардын да (мисалы, идишаяк,
аялдардын сөикө-шакектери) зекетин берүү зарыл.
Алтын-күмүштөн сырткаркы металлдардан кооздук үчүн жасалган буюмдардын
зекетин берүүнүн кажети жок. Ошону менен бирге эгер булар материалдык каражат катары
сакталып жаткан болсо, анда мындаи буюмдардын да зекетин берүүгө туура келет.
Тагыраак аитканда, зарылчылык учурда сатып акчага аилантуу үчүн сакталган мындаи
буюмдар да акча өкүмүнө киргендиктен, алардын да зекетин берүү керек.
Таза эмес алтын-күмүштөн, башкача аитканда, алтын-күмүш менен башка
металлдын аралашмасынан жасалган буюмдарда каисыл металлдын составы көбүрөөк
болсо, ошого жараша өкүм өзгөрөт. Асыресе, мындаи буюмдардын зекети акча иретинде
бериле турган болсо, анын баасын эске алуу керек.
Б. СООДА МҮЛКҮНҮН ЗЕКЕТИ
Соода максатындагы мүлк каисы түрдөн болсо да, андан зекет берүү зарыл. Буга
сатуу үчүн багылган жаныбарлар да кирет.
Соода мүлкү 80 грамм алтынга тете болгондо, анын да зекети талап кылынат. Соода
мүлкү буга жетпесе да, негизги муктаждыктарынан тышкаркы акчасы, баилыгы
кошулганда 80 грамм алтынга жетсе, зекет берүү зарыл.
Соода мүлкүнүн зекетин эсептөөдө карыздар эске алынат.
Имам Азам агымы боюнча, соода мүлкүнүн зекетин сөзсүз түрдө соодадагы мүлк
түрүнөн берүү керек деген шарт жок, акча түрүндө да берсе болот.
В. ИМАРАТ, ТУРАК-ЖАИ ЖАНА УНАА СЫЯКТУУ КИРЕГЕ (аренда)
БЕРИЛГЕН МҮЛКТӨРДҮН ЗЕКЕТИ
Жогоруда белгиленгендеи, адамдын негизги муктаждыктарынын (м: турак-жаи)
зекети болбоит.
Ал эми киреге берилген үилөрдөн түшкөн киреше шарият боюнча белгиленген
өлчөмгө жеткенде, же ошол киреше адамдын мал-мүлкүнө кошулганда 80 гр алтынга
жетсе, анын 2.5 паиызын зекетке берүү керек. Киреге коюлган унаалардан түшкөн
кирешелер да ушул таризде зекет берүүнү талап кылат.
Соода-сатыктагы жерлер, үилөр жана батирлер (квартира) да соода мүлкү сыяктуу
зекетти талап кылат. Булардын баасынан 2.5 паиызы зекет иретинде берилиши керек.
Г. АИЛЫК АКЫДАН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН ЗЕКЕТИ
Жумушчулардын аилык маянасы, дарыгердик, инженердик, куруучулук, чач
тарачтык, тигүүчүлүк сыяктуу кесип ээлеринин кирешелери негизги муктаждыктардан
тышкары белгиленген өлчөмгө жеткен күндөн тарта бир жыл өткөн соң (эгер киреше
белгиленген өлчөмдөн азаибаса) зекетин берүү кажет.
Ошондои эле аилык маяна шариятта көрсөтүлгөн өлчөмгө жетпесе да, аны негизги
муктаждыктардан тышкаркы мал-мүлккө кошкондо береги өлчөмгө (б.а. 80 гр алтынга)
жетсе, зекет берүү зарыл.
Д. ЗАВОД-ФАБРИКА ӨНДҮРҮШТӨРҮНӨН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН
ЗЕКЕТИ
Кичи же чоң өндүрүш мекемелеринин имараты, өндүрүштө колдонулган шаимандар
зекеттин эсебине кирбеит. Т.а. булардан зекет берилбеит.
Өндүрүш мекемелеринен түшкөн кирешенин жана андагы иштетиле элек
каражаттын 2.5 паиызы зекет катары берилиши керек. Мисалы, бут кииим тигүүчү
фабрикада бут кииим үчүн колдонулуучу каражаттар (м: тери), тигилген бут кииимдер
жана алардан түшкөн киреше да зекетти эсептөө учурунда эске алынышы кажет.
Ж. МАЛ-ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ 105
Каисыл жаныбардан канчасы зекет үчүн бериле тургандыгы Азирети
Паигамбарыбыздын сүннөтү менен тастыкталган.
Азирети Паигамбарыбыздын, сахабалардын учурунда кои, уи, төө жандыктарынан
зекет алынган. Эчкилер кои түрүнө, буиволдор, топоздор уи түрүнө кирет.
Мал-жандыктардын зекетин алуу үчүн алар жарым жылдан ашык, б.а. алты аидан
ашык убакыт жаиытта багылышы керек. Жарым жылдан ашык акырда (короодо) кармалган
мал-жандыктарды зекетке берүүгө болбоит. Эгер мал-жандыктар короодо сатуу үчүн
багылып, киреше алып келип жатса, алардан түшкөн киреше акча иретинде нисап
өлчөмүнө жетип бир жыл өтсө, анын 2.5 паиызы зекетке берилет.
Талаа жумуштары үчүн же мингич катары колдонулган мал-жандыктардын зекети
берилбеит.
Мал-жандыктардын зекетин эсептөө учурунда зекет бериле турган учурдагы сан
эске алынат.
Кои-эчкинин зекети 40 баштан башталат.
40-120 коидон бир жашар 1 кои,
121-200 коидон 2 кои,
200-399 коидон 3 кои,
400-500 коидон 4 кои зекетке бөлүнүп берилиши керек.
Уидун зекети 30 баштан башталат.
30-40 уидан эки жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал
40-60 уидан үч жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал
60 уилуу болгондо бир жашка толгон эки торпок берилет. Андан кииин ар 30 уи
үчүн бир торпок, ар бир 40 уи үчүн эки жашка толгон 1 бодо мал зекетке берилет.
Төөнүн зекети 5 баштан башталат.
5-9 төөдөн бир кои,
10-14 төөдөн эки кои,
15-19 төөдөн үч кои зекет катары берилиши зарыл.
Жылкынын зекети 106
Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун!) «үиүр-үиүр жылкысы бар адамдардан
зекет алса болобу же жокпу» деген суроо менен каирылган Абу Убаида бин алЖаррахка
жылкылардын зекетин алып, кедеи-кембагалдарга таркатышын буируган.
Имам Азам Абу Ханифа менен шакирти Имам Зуфардын пикиринде, тукумун алуу
жана аны белгилүү убакыттан кииин сатуу максатында эң азынан жарым жылдан ашык
убакыт жаиытта багылган жылкылардын зекети талап кылынат.
Бул эки аалымдын көз карашы боюнча, жылкылардын зекети баасынын 2.5 паиызы
өлчөмүндө берилиши керек.
Мингич катары үи-талаа жумуштары үчүн колдонулган же жарым жылдан ашык
акырда кармалган жылкылардын зекети берилбеит.
Жылкы менен соода жүргүзгөн адам жылкыларынын баасына жараша соода мүлкү
сыяктуу зекет бериши керек. Бул жерде да зекет берүү үчүн жылкылардын баасы соода
мүлкүндөгү белгиленген өлчөмгө жетиши керек.
З. ЖОГОРУДА БЕЛГИЛЕНГЕН МАЛ-ЖАНДЫКТАРДАН ТЫШКАРКЫ
ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ
Бүгүнкү күнү акча табуу жана соода кылуу үчүн багылган жандыктар соода мүлкү
сыяктуу зекетти талап кылышат. Алардын да баасы белгиленген өлчөмгө жеткенде 2.5
паиызы зекет иретинде берилиши кажет.
Тоок чарбасында тооктор эт-азык үчүн багылып сатылып жаткан болсо, чарбадагы
бардык тооктордун баасы белгиленген нисап өлчөмүнө жетсе, анын 2.5 паиызы зекет
катары берилет.
Тооктор эт-азык үчүн эмес, жумуртка үчүн гана багылып жаткан болсо,
жумурткадан түшкөн кирешеден зекет талап кылынат.
Ал эми тооктор эт-азык үчүн да, жумурткасын сатуу үчүн да багылып жаткан
болсо, эттен да, жумурткадан да түшкөн кирешелердин кошундусунан зекет берилиши
керек.
Тоок чарбасынан тышкаркы чарбалар да ушул таризде зекетти талап кылат.
Соода-сатык үчүн багылган жаныбарлардын зекети санына эмес, баасына жараша
берилет. Баасы шариятта белгиленген өлчөмгө жетсе, анын зекети 2.5 паиыз өлчөмүндө
берилет. И. КЕН БАИЛЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ 107
Имам Азам агымы боюнча, жер астынан чыгарылган кен баилыктардан катуу болуп
эритүү жолу менен алынган алтын, күмүш, темир, жез сыяктуу металлдардын бештен бири
зекетке берилиши керек. Ханбали агымы боюнча, катуу же суу түрүндө болсун, жер
алдынан чыккан кен баилыкка киргендин баарынан зекет берүү зарыл. Бүгүнкү күнү ушул
көз караш менен кадам шилтөө туура болот. Себеби Исламдыналгачкы жылдарында жер
астынан алынган кен баилыктар өтө аз болгондуктан ошол доорлордо жашаган укукчу
аалымдар тарабынан бул багытта ар түрдүү көз караштар аитылган. Асыресе : «Силер үчүн
жерден чыгарган нерселерибизден сарптагыла...» (Бакара сүрөсү, 267) деген аят укукчу
аалымдардын пикиринде, дан-эгиндердин зекетине далалат кылгандаи эле жер астынан
алынган кен баилыктардын зекетине да далалат кылат. Бул багытта Азирети Мухаммад
(саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыз: «Риказда 1/5 өлчөмүндө зекет бар»
(Бухари, Мусакат, 3, Зекет, 66) деген. «Риказ» сөзү жер астынан чыккан ар түрдүү казына,
кен баилыктын баарын ичине камтыит.
Имам Азам боюнча, кен баилыктардан бештен бири (%20) зекетке берилет.
Калган үч агым боюнча, кен баилыктардын зекети 40тан бири, б.а. 2,5 паиыз
өлчөмүндө берилет. Бирок бул жаатта Имам Азам агымындагы аалымдардын көз карашы
дагы да бекем. Анткени алар кен баилыктарды жогорудагы хадистеги белгиленген өлчөмгө
такашат. Кескин далилдер (Куран, сүннөт) менен белгиленген өлчөмдөргө караганыбызда,
адамдын өз маңдаи тери менен тапкан баилыктардан аз өлчөмдө, аз эмгек менен табияттан
даяр тапкан баилыктардан көп өлчөмдө зекет талап кылынаарын баикаибыз.
Кен баилыктардын зекети үчүн арадан бир жылдын өтүшү кажет эмес.
К. ДАН-ЭГИНДЕРДИН ЗЕКЕТИ 108
Өсүмдүктөрдүн зекети «үшүр» деп аталат.
Үшүр берүү үчүн жери бар адамдын балагатка жеткен, акыл-эси толук болушу шарт
эмес. Ислам аалымдары, өсүмдүктөн алынган түшүмдүн 10 же 5 паиызы зекет иретинде
берилиши керек деген пикирди бир ооздон кабылдашкан.
Имам Азамдын пикиринде, ар түрлүү эгиндин зекетин берүү керек.
Имам Азамдын көз карашында, бул жаатта өлчөм, тагыраак аитканда, белгилүү бир
өлчөмгө жетүү деген шарт жок. Ошондои эле кээ бир аалымдардын пикиринде, 650
килограммдан аз түшүм алган адам үшүр бербесе да болот. Алар бул пикирди, ушул
мааниде аитылган хадиске таиануу менен аитышкан.
Суу ташуу жолу менен сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн 5 паиызы (1/20)
үшүр катары берилиши керек. Ал эми жамгыр же арык аркылуу сугарылган жерлерден
алынган түшүмдүн 10 паиызы (1/10) зекетке берилет.
Бүгүнкү күнү сугаруудан тышкары жерге жерсемирткич берүү, унаага кеткен маи,
жумушчулардын акысы сыяктуу маселелерден улам аирым аалымдар ушундаи жол менен
өстүрүлгөн эгинден түшкөн түшүмдүн 5 паиызы үшүр катары берилиши керек дешет.
Ошондои эле мөмө-жемиштердин зекети мөмө-жемиш толук жыиналгандан кииин,
дан-эгиндердин зекети (үшүрү) түшүмү алынган чакта берилет.
Жерден түшүм алынган саиын үшүр берилиши керек. Жер ээси акыл-эсинен
ажыраган же жаш бала болсо дагы анын талаасында өстүрүлгөн түшүмдүн зекети берилет.
Муну анын муктаждыктарын моюндаган адам берет.
Жер ээси жерин киреге (арендага) берсе, Имам Азамдын пикиринде, зекетти
(үшүрдү) жер ээси, Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин пикиринде, жерди киреге
алган адам бериши керек. Бул маселени жер ээси менен киреге алган адамдын ортосунда
түзүлгөн келишим боюнча да чечсе болот. Эмнеси болгон күндө да, өндүрүлгөн түшүмдүн
үшүрү берилиши керек.
Жер ээси менен жер иштеткен адам өндүрүлгөн түшүмдү жарым-жарымынан
бөлүшүүгө макулдашкан болсо, эки тарап тең өзүнө түшкөн үлүштүн зекетин бериши
зарыл.
Л. БАЛДЫН ЗЕКЕТИ
Имам Азам агымы боюнча, балчелектен алынган балдын 10 паиызы зекет катары
берилет. Бул пикир дан-эгиндердин үшүрүнө салыштырылган. Бал менен соода кылган
адамдар соода мүлкүнүн зекети сыяктуу нисап өлчөмүнүн 2.5 паиызын зекет иретинде
беришет.
VI. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН УЧУРУ
Алтын, күмүш, акча, соода мүлкү жана мал-жандыктардын зекети жылына бир жолу
берилет. Бул жыл камарии (аи) жылы (355 күн) боюнча эсептелет.
Мөмө-жемиштин зекети толук жыиналгандан кииин, дан-эгиндердин зекети
(үшүрү) түшүм алынган учурда берилет.
Имам Азам агымы боюнча, зекет берүү убагы келгенге чеиин да зекет берсе болот.
VII. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН ТАРИЗИ
Зекетке берилчү мүлктөрдүн зекетин ошол мүлктүн өзүнөн да, акчалаи да берсе
болот. Бул жерде негизги максат кедеи-кембагалдардын муктаждыктарын камсыз кылуу.
Шариятта белгиленген өлчөмгө жеткен мүлктүн зекетин алдын-ала, убагы келгенге
(80 граммдык алтын өлчөмүндөгү мүлккө ээ болгон күндөн тартып 355 күн өткөнгө) чеиин
берсе болот.
Зекет бере турган адам бир кедеиди үиүнө жашатуу аркылуу зекетин бере албаит.
Ошону менен бирге үидүн киресин төлөө учурунда ага акчалаи жардам берүү менен
зекетин бериши мүмкүн.
Зекетти зекет ала турган сегиз топко тең, же аирымдарына же бирөөсүнө гана
(маселен, кедеилерге гана) берсе да болот. Мусулман эместерге зекет берилбеит. Аларга
каиыр-садага берсе болот.
VIII. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН АДЕП-ТАРТИБИ
Мусулман адам зекетин Алланын ыраазылыгы үчүн өз каалоосу менен чын
көңүлдөн ибадат кылуу ниети менен бериши керек. Анткени мусулман адам орундатып
жаткан бул ибадаттын акыбетин акыретте ашыкчасы менен ала тургандыгын билет.
Зекет таза жана адал мүлктөн берилет. Акча иретинде эмес, ошол мүлктүн өзүнөн
бериле турган болсо, жакшысына, эң азынан орточосуна көңүл буруу кажет. Аятта
нарксыз, сапатсыз нерселердин жана адамдын алгысы келбеген нерселердин зекетке
берилбеши керектиги буиурулган. (Бакара сүрөсү, 267).
Зекет алган адам өзүн ыңгаисыз сезе турган болсо, зекетти жашыруун түрдө берүү
абзел.
Зекет берүү учурунда сөзсүз түрдө мунун зекет болгонун аитуу кажет эмес.
Зекетти өз учурунан кечиктирбеи берүү керек. Адамдардын муктаждыктары өз
учурунда камсыздалышын эстен чыгарбоо зарыл.
Зекет берүү жакын туугандардан башталышы керек. Эгер муктаж болсо биринчи
кыз жана эркек бир тууганга, андан кииин калган кедеи туугандарга жана башка кембагал
адамдарга берилиши керек.
Адеп-ахлагынан, ыибаалуулугунан улам муктаж болгондугун билгизбеи жүргөн
такыбаа адамдар изделиши керек. Мындаи кембагал такыбаа адамдарга да зекет берүү
зарыл.
Зекетти зекет берүүгө милдеттүү адам өз колу менен да, өзү ишенип тапшырган
адам да берсе болот.
IX. ЗЕКЕТ КИМДЕРГЕ БЕРИЛЕТ? 109
Зекет бериле турган адамдар Тооба сүрөсүнүн 60-аятында белгиленген. Аятта
көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөр:
1. Кедеилер: Имам Азамдын пикиринде, кедеи адам деп кандаидыр биркирешеси
болсо да, негизги муктаждыктарын камсыздаи албаган жана нисап (80 гр. алтын)
өлчөмүндөгү мүлккө ээ болбогон адам эсептелет.
2. Карып-мискиндер: Мискин эч бир мал-мүлкү жок адам дегенди түшүндүрөт.
Кедеилер менен мискиндердин ортосунда эч кандаи аиырма жок дегендер болгондои эле,
мискиндер кедеилерден да жарды дегендер да бар.
Имам Азам агымы боюнча, кедеи-мискиндерге шариятта белгиленген өлчөмчөлүк
(80 гр. алтын) зекет берсе болот. Калган агымдар боюнча, канча муктаж болсо, ошончо
өлчөмдө берилет.
Имам Азам агымы боюнча, нисап өлчөмүндөгү мүлккө ээ адамга зекет берилбеит.
Иштөөгө кудуреттүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп, иштебеи жүргөн
адамга зекет берилбеит.
Иштесе да, кедеи жана муктаж адамдарга зекет берилет.
3. Зекет топтоого милдеттүү адамдар: Азирети Паигамбарыбыздын учурунда да,
кииинки учурларда да дан-эгиндердин, мал-жандыктардын зекетин Ислам мамлекети
тарабынан даиындалган адамдар топтошкон. Алардын акысы топтолгон зекеттен берилген.
4. Мукаллафа-и кулууб (көңүлүн Исламга жылытуу зарылчылыгы
болгондор): Аятта аитылган төртүнчү топ Исламга болгон көз карашын, көңүлүн түздөө
үчүн зекет берүүгө боло турган адамдар. Аирым өрнөктөрү төмөнкүлөр:
Исламды кабыл алганда башка адамдарга да үлгү жана үгүт боло турган белгилүү
адамдар.
Исламга жаңы кирген адамдардын мусулманчылыкта туруктуу болуулары.
5. Кулдар: Исламдын алгачкы жылдары коомчулукта «кулчулук» кеңири кулач
жаиган болучу. Ошондуктан дин Ислам кулчулуктун жоиулушу багытында олуттуу
кадамдарды таштаган. Мына ошол кадамдардын бири катары зекеттен кулдардын
азаттыкка чыгышы үчүн белгилүү өлчөмдүн бөлүнүшүн көрсөтө алабыз. Ал эми бүгүнкү
күнү «кулчулук» жоиулгандыктан зекет башка муктаж адамдарга берилет.
6. Карызы бар адамдар: Имам Азам аалымдарынын көз карашында, буга карызы
бар жана карызын төлөгөндөн кииин негизги муктаждыктарына жете турганчалык мал-
мүлкү калбаган адамдар кирет.
Карызы бар адамга карызынчалык өлчөмдө зекет берилет. Зекетти алган карызы бар
адам карызын башка жолдор менен төлөсө, зекет каитарылып алынат.
Карызы бар адамдарга зекет берүүнүн аирым бир шарттары бар:
Ал адам Карызга арак, кумар жана зина сыяктуу арам жолдор менен батпаган
болушу керек.
Карызды төлөө учуру келген болушу керек.
Карыз адам акысынан болушу зарыл. Тагыраак аитканда, зекет жана каффарат
карызы бар адамга зекет берилбеит. Кээ бир Ислам укукчулары буларга да зекет берсе
болот дешкен.
7. Алла жолунда: Аяттагы «фии сабиилиллах» сөзү «Алла жолунда» дегенди
туюнтат. Зекет мүлкүнөн Алла жолунда жихад кылгысы келсе да, материалдык
мүмкүнчүлүгү жок адамдарга да берилет.
8. Жолдо калган адам: Имам Азам аалымдарынын пикиринде, буга жашаган
жеринен алыс жакка сапарга чыгып, үиүнө каитууга акчасы калбаи калган адамдар кирет.
Мындаи адамдар баи болсо да, акчасы жанында жок болгондугу үчүн бул учурда муктаж
абалда деп саналат.
X. ЗЕКЕТ КИМДЕРГЕ БЕРИЛБЕИТ? 110
1. Баилар: Имам Азам агымы боюнча, негизги муктаждыктарынан сырткары нисап
өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдарга зекет берилбеит.
2. Өз ата-энеси, жубаиы жана балдары: Мусулман баи адам өз ата-энесине,
балдарына, неберелерине жана жубаиына зекет бере албаит. Бул зекет түшүнүгүнө карама-
каршы келет. Анткени алардын муктаждыктары ал адамдын моинундагы милдет болуп
саналат. Ансыз да зекет алардын муктаждыктары каржылангандан кииин берилет. Имам
Азамдын пикиринде баи аял күиөөсү кедеи болсо да, ага зекет бере албаит. Ал эми Имам
Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин көз карашы боюнча, баи аял кедеи күиөөсүнө зекет
берсе болот.
3. Мусулман эмес адамдар: Жаамы аалымдардын бүтүмүндө, мусулман эместерге
зекеттен үлүш бөлүнбөит. Мусулман өлкөлөрүндө жашаган башка диндин өкүлдөрүнө
напил каиыр-садагалар берилет.
4. Азирети Мухаммед (саллаллаху алеихи васаллам) Паигамбарыбыздын
туугандары: Паигамбарыбыздын туугандарына зекет берилбеи тургандыгы куттуу
хадистер менен тастыкталган.
XI. БИТИР (фытыр) САДАГА 111
Битир садага – бул орозо аит маирамына күбө болгон жана негизги
муктаждыктарынан тышкары нисап өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдардын өздөрү
үчүн да, карамагындагылар (балдары жана карамагындагы акыл-эсинен ажыраган
адамдар) үчүн да бериши важип болгон садага.
Битир садаганы нисап өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдар өздөрү үчүн да,
балдары жана неберелери жетим болсо алар үчүн да бериши керек. Булардан тышкаркы
адамдар үчүн битир садагасын берүү милдеттүү болбосо да, (берүүгө) уруксат бар.
Белгилүү бир үзүр-себептен улам орозо кармаи албаи калган адам да битир
садагасын берүүгө милдеттүү.
Битир садага орозо аиттын биринчи күнү багымдат намазынын убагы кириши
менен важип болот.
Битир садаганы Рамазан аиынын башынан баштап бере берсе да болот.
Битир садага өз учурунда берилбесе да, жоопкерчилик, милдеттүүлүк түшпөит.
Имам Азам агымы боюнча, битир садага акча иретинде берилиши абзел.
Битир садага ибадат болгондугу үчүн ниет кылуу менен берилиши зарыл. Битир
катары бериле турган мүлктү бөлүү учурунда да, битирди берүү учурунда да ниет кылса
болот.
Битир садага зекет берилген адамдарга берилет.
А. БИТИР САДАГА БЕРҮҮ КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
Битир садага берүүгө милдеттүү болуу үчүн төмөнкү шарттар зарыл:
Мусулман болуу
Негизги муктаждыктардан тышкары 80 грамм алтынга тете мал-мүлккө ээ болуу.
Эгер балагатка жете элек бала же акыл-эсинен ажыраган адам белгиленген өлчөмдө
мал мүлккө ээ болсо, алардын атынан да битир садага берилиши керек.
Битир берүүгө мал-мүлкү жеткен адам өзүнүн карамагындагы баласы, акыл-эсинен
ажыраган адамдардын да битирин берүүгө милдеттүү. Имам Азам агымы боюнча,
аялынын битир садагасын берүү зарыл эмес болсо да, үибүлөдө аял-эркектин ортосунда
мал-мүлк ажырымы болбосо, бардык мүлктү эркек башкарса, аялы үчүн да битир бериши
керек.
Б. ӨЛЧӨМҮ
Хадистерде битир садага кургатылган курмадан, арпадан же меиизден 3 кг.,
буудаидан 1.5 кг. өлчөмүндө берилиши керектиги билдирилген. Бул ошол күндүн
шарттарында адамдардын жашоо даражасына жараша белгиленген өлчөм. Бүгүнкү күнү
ушул таризде эсептеп берүү менен бирге, битир садагасын бере турган адамдын өз үи-
бүлөсүнөн бир адамдын орточо бир күндүк тамакашынын эсебин эсептеп, ошол өлчөмдө
битир садага бериши дурус.
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
АЖЫЛЫК
Ажылык – бул, Кааба жана анын аиланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү
жерлерге белгиленген учурда барып усул-эрежелерине ылаиык зарыл ибадаттарды
орундатуу. Ажылык учурунда орундалган ажылыкка таандык ибадаттар «манаасик» деп
аталат.
Ажылык ибадаты күчү жеткен мусулмандарга парз болуп саналат. Анын парз
болушу Куран, сүннөт жана ижма далилдери менен тастыкталган. Куранда төмөнкүчө
буюрулат: «Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ыраазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу
милдети жүктөлдү» (Аали Имран сүрөсү, 97).
Мүмкүнчүлүгү бар адамдын өмүрүндө бир жолу ажылык ибадатын орундатышы
парз. Имам Азам жана Имам Абу Юсуфтун пикиринде, ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгүнө
ээ болгон жылы ажылык ибадатын орундоо парз. Аны кииинкиге калтырган адам күнөөкөр
болуп саналат.
Ажылык ибадаты өзгөчө мааниге ээ. Азирети Паигамбарыбыз (саллаллаху алеихи
васаллам): «Алланын алдында кабылданган ажылыктын акыбети беииш!» (Муслим, Хаж,
37) деп буюрган.
Ажылык мусулман үчүн жер бетиндеги эң ыиык жердин зыяраты. Ар башка раса-
улуттагы, жана ар башка аимактан келген адамдардын жалгыз Жараткан Алланын алдында
бирдеи деңгээлде, бирдеи кииим менен кыяматтагы махшар маиданындагыдаи, бир жерге
чогулгандагы ибадаты. Куттуу хадистерде да белгиленгендеи 112, темирдин даты кандаи
кетсе, ажылык ибадаты да адамды күнөөлөрүнөн ошондои тазалаит.
Ажылык ар жылы мусулмандарды бир жерге топтоит. Биримдикти, ынтымак-
ырашкерликти бекемдеит. Мусулмандардын бири-бири менен таанышып, баиланыш-алака
куруулары үчүн эң ииги мүмкүнчүлүк.
I. АЖЫЛЫК КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
1-Ажылык акыл-эси жаиында,
2Балагатка жеткен,
3Ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү бар ар бир мусулман баласы үчүн парз. Аалымдар
«ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү» дегенди ажылыкка барууга каржылык жактан камсыз
болуу деп түшүнүү абзел дешет.
Мына ушул шарттарга жооп берген адам ажылык ибадатын орундатууга милдеттүү
болот.113
II. АЖЫЛЫК ИБАДАТЫН ОРУНДОО ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга кошумча ажылык ибадатын орундоонун дагы бир
канча шарты бар. Ушул шарттарга жооп бербеген адам ажылыкка баралбаса, күнөөкөр
болуп эсептелбеит. Ажылыкка баруу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
1. Денсоолуктун чың болушу: ден-соолугу начар, ажылык ибадатын орундоого
күчү жетпеген адамга ажылык парз эмес. Маселен, буга сокур, ашкере алсыз адамдар,
ажылык ибадатын орундатууга күчү жетпеген карыя адамдар кирет. Мындаи адамдар
ордуна өкүл жиберип-жибербеши жаатында аалымдардын ортосунда эки ача пикир бар.
Абу Ханифа Имам Азам менен Имам Малик мындаи адамдарга ден-соолугу болбогондугу
үчүн ордуна бирөөнү өкүл катары жиберүүнүн кажети жок дешсе, Имам Азамдын
окуучулары Абу Юсуф менен Имам Мухаммед ал адам ордуна бирөөнү өкүл катары
ажылыкка жибериши керек, дешет.
2. Жол коопсуздугу: жол коопсуздугу болбогон адамга ажылыкка баруу парз эмес.
3. Тоскоолдук: түрмөдө болуу же чет өлкөгө чыгуу укугунун берилбеши сыяктуу
тоскоолдуктар ажылыкка барбаи калуу үчүн себеп боло алат.
4.Аялдар үчүн буларга кошумча дагы бир шарт бар: жанында күиөөсү же өзүнө нике
түшпөи турган адамдын (бир тууган агаиниси ж.б) болушу.
1. Ошондои эле күиөөсү менен ажырашкан соң же күиөөсү көз жумгандан кииинки
белгиленген мөөнөттү (идда) күтүп жаткан (ажылыкка барууга акчасы бар) аял киши үчүн
ажылык ибадатын орундатуу парз болбоит.
III. АЖЫЛЫКТЫН ПАРЗДАРЫ
Имам Азам агымы боюнча, ажылыктын үч парзы бар:114
А. Ихрамга кирүү,
Б. Каабаны таваф кылуу (зыярат тавафы)
В. Арафатта вакфа (туруу).
Бул жерде ихрамга кирүү ажылыктын толук болушунун шарты, ал эми вакфа жана
Каабаны таваф кылуу ажылыктын рукундары болуп эсептелет.
Береги парздарды белгиленген жерлерде, белгилүү учурларда орундоо кажет.
А. ИХРАМГА КИРҮҮ 115
Ихрам – бул, ажылык жана умра кылууга ниет кылган адам үчүн жөн учурларда
мубах болгон (күнөө эмес) аирым бир кыимыл-аракеттерге тыиуу салынышы.
1. Ихрамга кирүү жерлери:
Мекке шаарынын тургундарынан тышкары ажылык же умра үчүн келген
адамдардын ихрамга кирүү жерлери «микат» деп аитылат. Бул жерлерден ихрамсыз өтүүгө
болбоит. Болбосо каирадан микатка каитып ихрамга кирүү керек. Эгер микатка каитпаи
туруп ихрамга кирсе, курманчылык чалуу зарылчылыгы туулат. Ошону менен бирге бул
жерлерге жете электе да ихрамга кирсе болот.
Кааба жана аны курчап турган мечит «Масжидул-Харам» деп аитылат.
Ошондои эле Мекке шаарынын белгиленген «Харам аимагы» бар. Харам аимагы
менен микат жерлеринин ортосу «хилл» аимагы деп аталат
Харам аимагында жашаган адамдар «меккии» делип, алар ажылык ибадатын
орундоо үчүн үилөрүнөн же харам аимагынын каисыдыр бир жеринен ихрамга киришет.
Бул аимакта жашагандар умра кылуу үчүн «хилл» аимагына чыгуулары зарыл.
Сырттан келгендер биринчи умра же ажылыгынан кииин экинчи жолу умра үчүн
каирадан ихрамга киргиси келсе, «хилл» аимагына чыгышы керек.
Сырттан келгендер алгач умра кылып, андан кииин ажылык үчүн харам аимагында
ихрамга кирет.
Хилл аимагында жашагандар дагы ушул аимактан ихрамга киришет.
Ажылык жана умра үчүн сырттан келгендер келген жагына жараша «микат»
чектеринен «хилл» аимагына өтпөи ихрамга кирүүлөрү керек. Микаттан ихрамсыз өтүп
кетпөөлөрү кажет. Микат жерлери төмөнкүчө; Зулхулаифа, Затуль-ырк, Карнул-маназил,
Яламлам. Сырттан келгендер ушул жерлерден ихрамга киришет.
2. Ихрамдын рукундары:
Ирамга ниет кылып, талбия аитуу менен кирүү керек. Бул жерде эскерте кетчү
жагдаи, ниет кылбаи, же ниет кылса да, талбия аитпаи же талбия аитса да, ниет кылбаи
ихрамга кирүү жараксыз болуп саналат.
а. Ниет: Ниет Жалгыз Жараткан Аллага гана ибадат кылуу үчүн Кааба жана анын
аиланасындагы ыиык жерлерди зыярат кылууга коюлат. Ошондои эле ниетти же ажылык
үчүн, же умра үчүн коиуу керек.
б. Талбия аитуу: Ихрамга баштоо учурунда талбия аитуу кажет. Талбия төмөнкүчө
аитылат: «Лаббаик, Аллахумма лаббаик. Лаббаика лаа шариика лака лаббаик. Иннал хамда
ванниимата лака вал-мулк, лаа шариика лак». Ихрамга кирүү учурунда муну бир жолу
аитуу парз болуп саналат. Ал эми каиталап туруу сүннөт. Шаитанга таш ыргыта
баштаганда талбия аитуу токтоит.
3. Ихрамдын важиптери:
а. Микатка, б.а. ихрамга кирүү жерлеринен ихрамсыз өтпөө. Эгер ким микаттан
ихрамсыз өтүп, ажылык же умранын парздарынан бирин аткара баштаса, анын жазасы бар.
Ал эми ажылык же умра ибадатын баштаганга чеиин каира артка каитып, микаттан
ихрамга кирсе жазанын кажети жок.
б. Тыиуу салынган нерселерден этият болуу. Ихрамга кирген адам үчүн аирым бир
тыиуу салынган иштер бар. Мына ушул иштерден оолак болуу ихрамдын важиптерине
кирет. Эгер ихрамга кирген адам бул иштердин бирин жасаса, жаза зарылчылыгы туулат.
4. Ихрамдын сүннөттөрү:
а. Ихрамга киргенге чеиин тырмактарды алуу, колтук жана төмөнкү кылдарды алуу
б. Жуунуп-тазалануу үчүн гусул алуу. в. Ниет кылганга чеиин атыр (миск) себинүү.
г. Эркек адамдын «изар» жана «рида» деген эки кездемеге оронушу
д. Макирөө убагы болбосо, эки ирекет намаз окуу. ж. Ихрам учурунда мүмкүндүк
болгон саиын талбия аитуу. з. Ихрамга ажылык үчүн ажылык аилары башталгандан кииин
кирүү.
5. Ихрам учурунда тыиуу салынган жагдаилар
Ихрамга кирген адам үчүн тыиуу салынган өзүнчө жагдаилар бар. Булардын бир
бөлүгү денеге, экинчи бөлүгү кииимге, үчүнчүсү кыимыл-аракетке, төртүнчүсү харам
аимагына баиланыштуу.
а. Денеге баиланышкан жагдаилар:
Чач, сакал-мурут алуу. Денеден бир кыл алуу же жулуу Тырмак алуу.
Жасануу максаты менен сакал-мурутка маи сүрүү, чачка гел сүрүү, аял кишинин
лак, памада колдонушу. Денеге жана ихрам кииимине атыр (миск) себүү, парфюм
кошулган жыты бар самын колдонуу.
б. Кииимге баиланышкан жагдаилар:
Аял кишилер ихрам учурунда шариятта көрсөтүлгөн кадимки кииимдерин кииишет.
Бул учурда аял кишилер жүзүн жабууга болбоит.
Эркек адамдардын тигилген кииим кииүүлөрү болбоит.
Эркектер башын, жүзүн жабууга, топу, селде кииүүгө болбоит.
Эркек адамдар мээлеи, баипак жана томукту жаап турган бут кииим кииүүгө да
болбоит.
в. Кыимыл-аракетке баиланышкан жагдаилар:
Жыныстык катнашта болуу
Өбүшүү, делебени козгои турган иш кылуу.
Делебени козгоиб турган сөздөрдү сүиб лөө
Аңчылык: Ихрам учурунда харам аимагында болсо да, болбосо да эти желип-
желбеген ар түрдүү жаныбарларга аңчылык кылуу, же аңчыга жол көрсөтүү, жардам
берүү.
Күнөө иштер: Шариятта күнөө деп эсептелген иштерди жасоого тыиуу салынат.
Жидал: бирөө менен талашып-тартышуу, урушуу.
г. Харам аимагына баиланышкан жагдаилар:
Харам аимагында аңчылык кылууга, өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө, жулууга тыиуу
салынат. Бул ихрамга кирген адамга да, кирбеген адамга да таандык өкүм.
6. Ихрамга кирген адам үчүн тыиуу салынбаган аирым жагдаилар:
Жуунуу, парфюм кошулбаган жытсыз самын колдонуу Тишти тиш пастасы менен
жуу Тиш жулдуруу, кан алдыруу, укол алуу Сынып калган тырмакты алуу, ден-соолукка
зыяндуу кылды алуу Ихрам кездемелерин алмаштыруу, жуу
Билерик, шакек, кол саат тагынуу Кур тагынуу, ииинге сумка асынуу Тигиши бар
кииимди киибестен ииинге өткөрүү Кол чатыр (зонт) колдонуу Бети-башты жаппоо шарты
менен одеяло сыяктуу нерселерди колдонуу
Б. АРАФАТТА ТУРУУ (вакфа)
Жогоруда белгиленгендеи, ажылык парздарынын экөөсү рукун. Алар Арафатта
вакфа жана Каабаны таваф кылуу. Ажылык ибадаты буларсыз болбоит.
«Вакфа» сөзү белгилүү убакыт аралыгында туруу, күтүү дегенди туюнтат.
Ажылыктын рукуну болгон вакфа Арафат аимагында орундалат. Бул аимак
Меккенин түштүк-чыгышында жаигашкан. Мекке тарабындагы чеги Урана чөлкөмү болуп
саналат. Урана Арафат аимагына кирбеит. Демек, бул аимакта «вакфа» рукуну орундалбаит.
Вакфанын убагы зулхижжа аиынын 9 (тогузу) күнү бешим намазынын убагы
киргенден баштап, эртеси аиттын биринчи күнү багымдат намазынын кирүү убагына
чеиин уланат. Мына ушул учур аралыгында Арафат аимагында бир саам болсо да турган
адам «вакфа»ны орундаткан болот.
Имам Азам агымы боюнча, арапа күнү күндүзү вакфага турган адам эч бир себепсиз
күн батканга чеиин бул жерден чыкпашы керек. Себепсиз чыккан адам күн батканга чеиин
каира каитып келиши зарыл. Болбосо, анын жазасы талап кылынат.
Белгиленген учур аралыгында вакфаны орундата албаган адамдын ажылыгы
жараксыз болуп саналат. Мындаи учурда кииинки жылы каира ажылык ибадатын
орундоого туура келет.
В. КААБАНЫ ТАВАФ КЫЛУУ (Зыярат тавафы) 116
Таваф – бул, хажаруль-асвад (караташ) турган бурчтан баштап Каабаны жети жолу
аилануу. Мына ушул жети жолу аилануунун ар бири «шавт» делет.
Зыярат тавафы Арафаттагы вакфадан кииин аткарылчу алгачкы таваф болуп
саналат. Каисы ниет менен болсо да, Арафат вакфасынан кииин аткарылган таваф зыярат
тавафынын ордуна өтөт.
Зыярат тавафы – парз өкүмүндөгү амал. Орундалбаса ажылык жараксыз болуп
калат. Ошону менен бирге мунун өзгөчө учуру бар. Арафатта турган (вакфа кылган) адам
зыярат тавафын аткара албастан көз жумса, көз жумаар алдында ажылыгын бирөөгө
тапшырса, милдетин алган адам анын атынан уи же төө курмандыкка чалса, ажылыгы
толукталган болот.
1. Зыярат тавафынын толук орундалышы үчүн зарыл шарттар
а. Өз учурунда орундалышы:
Ажылыктагы парз болгон тавафтын убагы Имам Азамдын пикиринде, аиттын
алгачкы күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта аиттын үчүнчү күнү күн
батканга чеиин уланат. Кииинкиге калтырылса жаза иретинде бир кои курманчылык кылуу
керек. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, зыярат тавафын аиттын
алгачкы үч күнү орундоо сүннөт болуп, убагынан кечеңдетилсе, эч нерсенин кереги жок.
Ошону менен бирге бул тавафты аиттын биринчи күнү орундоо дурус.
б. Ниет: Ибадаттар ниет менен толук болгондугу үчүн Каабаны аилануунун
алдында таваф кылууга ниет коиуу керек.
в. Тавафты Масжид-и Харамдын ичинде аткаруу.
г. Имам Азам агымы боюнча, Каабаны эң азынан төрт жолу аилануу шарт. Калган
үч «шавт» (аилануу) орундалбаса, ар бири үчүн өз-өзүнчө жаза зарылчылыгы туулат.
Ханафи (Имам Азам) аалымдарынын пикиринде, тавафтын алгачкы 4 шавты парз, калган
үчү важип болуп саналат.
2. Тавафтын важиптери:
а. Даараттуу болуу: Таваф учурунда даарат бузулса, даарат алып келип калган
шавттар толукталышы керек.
б. Авраттын жабык болушу: Таваф учурунда аврат жерлер жабык болушу кажет.
Аврат деп эсептелген жерлердин төрттөн бири же андан ашыкча жери ачылса, жаза талап
кылынат.
в. Каабаны сол ииинге келген калыпта таваф кылуу г. Тавафты хажарул-асваддын
тушунан баштоо д. Тавафты «хатим» делген жердин сыртынан аткаруу ж. Каабаны жети
жолу аилануу
з. Алты саны аман-соо адамдар үчүн тавафты басып аткаруу. Карылык, оору
сыяктуу себептерден улам кол унаа (коляска) колдонулса болот.
и. Тавафтан кииин эки ирекет намаз окуу.
3. Тавафтын сүннөттөрү:
Нажасаттан тазалануу: денеде, кииимде ыпластык болбошу керек.
Тавафты баштап жатканда жана ар бир аиланууда «хажарул-асвад»ка салам берүү.
Хажарул-асвадка салам берүүнүн таризи төмөнкүчө: Мүмкүн болсо «Бисмиллахи Аллаху
Акбар!» деп «хажаруласвадды» өбүү. Мүмкүнчүлүк болбосо, алыстан колду хажарул-асвад
тарапка жаңсап «Аллаху Акбар!» деп салам берүү.
Тавафты баштоо үчүн «хажарул-асвадка» «рукунул-иамани» тарабынан келүү
Артынан сааи аткарыла турган тавафтарда эркектер үчүн алгачкы үч шавтта
«рамал» тактап аитканда, кыска кадамдер менен ылдам, боикөтөргөнсүп басуу.
«Рамал» аткарылган тавафтарда эркектер оң ииинин ачык таштап, кездемени сол
ииинине өткөзгөн калыбында болуу (Изтибаа).
Тавафты эс албаи орундатуу.
Эркектердин мүмкүн болушунча Каабага жакын аилануулары. Аял кишилердин
агылган кымкуут (көп) элден алыс болуулары.
4. Таваф кылуунун таризи:
Алгач таваф кылууга ниет кылынат. Бул таваф зыярат тавафы же напил таваф
болушу мүмкүн. Мүмкүн болсо «рукунул-иамани» тарабынан Хажарул-асваддын тушуна
келип, такбир жана тахлил аитып хажарул-асвадка салам берүү менен (жогоруда салам
берүүнүн таризи жөнүндө маалымат берилди) таваф башталат. Аилануу учурунда да
«рукунул иамани» жана «хажарул-асвадка» салам берилет. Мына ушул таризде жети жолу
Каабаны аиланган соң таваф орундалган болот. Тавафтан кииин мүмкүн болсо «макамы
Ибрахим»дин аркасына, ал жерде орун жок болсо, ылаиыктуу бир жерге туруп таваф
намазы окулат. Таваф намазын окубаи туруп удаама-удаа таваф кылуу макирөө болуп
саналат. Таваф намазын Макамы Ибрахимдин аркасына туруп окуу мустахап.117
5. Тавафтын түрлөрү:
Кудум тавафы: Меккеге четтен келген адамдардын саламдашуу (учурашуу) тавафы.
Саламдашуу тавафы сүннөт болуп эсептелет.
Зыярат тавафы: Бул ажылыктын парзы.
Вадаа (коштошуу) тавафы: Меккелик эмес ажылардын Меккеден каитаар алдында
аткарган тавафы. Бул таваф важип өкүмүндө болуп, Мекке менен коштошуу үчүн
орундалат.
Тахиииатул-масжид тавафы: Каабага келген саиын орундалган таваф. Бул мустахап
болуп саналат. Эгер парз намаз окулуп жатса, жамаатка кошулуу керек. Бул Каабага салам
берүүнүн ордуна өтөт.
-Татавву/напил таваф: Парз жана важип тавафтардан сырткары орундалган таваф.
Назир тавафы: Таваф кылууга убада берген адам убадасын аткарышы кажет. Назир
тавафын орундатуу важип болуп эсептелет.
IV. АЖЫЛЫКТЫН ТОЛУК БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Жогоруда белгиленгендеи, ажылыктын рукуну – бул Арафатта туруу жана зыярат
тавафы.Ошону менен бирге ажылыктын сахих (толук) болушу үчүн төмөнкүчө төрт шарт
бар:
1. Мусулман болуу, 2. Ихрамга кирүү, 3. Ажылык ибадатын белгиленген учурда
орундоо, 4. Ажылык ибадатын белгиленген жерлерде аткаруу.
А. МУСУЛМАН БОЛУУ: мусулман эмес адамдын ажылык ибадатын аткарышы
менен ажылык орундалбаит.
Б. БЕЛГИЛЕНГЕН УБАКЫТ: ажылыкта аткарылчу ибадаттарды белгиленген
учурларында аткаруу кажет. Маселен, Арафатта зулхижжа аиынын тогузунчу күнү чак
түштөн кииин туруу сыяктуу.
В. БЕЛГИЛЕНГЕН ЖЕРЛЕР: Ажылыкта орундалчу ибадаттардын толук
жарактуу болушу үчүн белгиленген жерлерде аткарылышы зарыл. Тавафты Каабанын
аиланасында аткаруу сыңары.
Г. ИХРАМГА КИРҮҮ.
V АЖЫЛЫКТЫН ВАЖИПТЕРИ
Ажылыктын важиптери төмөнкүлөр: Сааи, Муздалифада вакфа (туруу), шаитанга
таш ыргытуу, чач алдыруу, Вадаа (коштошуу) тавафы.118
А. СААИ 119
Сааи – бул Сафа жана Марва дөңсөлөрүнүн ортосунда барып келүү. Сафадан
Марвага төрт жолу, Марвадан Сафага үч жолу баруу. Сааи Сафа дөңсөсүнөн башталып,
Марва дөңсөсүнөн бүтөт. Эки дөңсөнүн ортосу болжол менен 350 метр аралыкты түзөт.
Имам Азам агымы боюнча, сааи важип, калган үч агым боюнча, парз/ ажылыктын
рукуну болуп саналат.
Ажылыкта да, умрада да сааи бир жолудан орундалат. Анткени сааидын напили
болбоит.
1. Сааидын сахих (толук) болушунун шарттары:
Сааиды ихрамга киргенден кииин орундоо. Сааиды ихрамдан чыккандан кииин да
орундаса болот.
Сааиды ажылык аиларында орундоо.
Сааиды тавафтан кииин аткаруу.
Сааида эң аз төрт жолу баруу. Калган үчөөнү аткарбаса, жаза талап кылынат.
Сааиды Сафа дөңсөсүнөн баштоо. Марвадан башталса, алгачкы баруу жараксыз
болуп эсептелет.
2. Сааидын важиптери:
Сааиды беитап (оору), кары жана маиып эмес адамдардын жөө аткарышы. Сафадан
Марвага төрт жолу, Марвадан Сафага үч жолу баруу.
3. Сааиыдын сүннөттөрү:
Тавафтан кииб ин таваф намазын окуп бүтөөр замат сааиб ды баштоо.
Сааиды аткарууга чеиин «хажарул-асвадка» салам берүү.
Даарат менен орундоо
Нажасаттан оолак болуу, башкача аитканда, ыпластыктын денеде да, кииимде да
болбошу
Сааиды тыным албастан орундатуу.
Эркек адамдардын жашыл түстөгү устундар ортосунда бои көтөргөн таризде ылдам
басуулары
Сааи учурунда такбир, тахлил, зикир аитуу. Ниет кылуу Ажылыкта сааиды зыярат
тавафынан (парз болгон тавафтан) кииин аткаруу Умрада сааиды умра тавафынан кииин
ихрамдан чыкканга чеиин аткаруу.
Б. МУЗДАЛИФАДА ТУРУУ
Муздалифа – Арафат менен Минанын ортосунда, харам аимагында жаигашкан жер.
Ажылар үчүн арапа күнү түнү бою ушул жерде болуу – сүннөт, ал эми вакфа кылуу
(белгилүү мөөнөт аралыгында туруу) – важип.
Арапа күнү Муздалифада түнөп, багымдат намазынан кииин тасбих, тахлил, зикир
жана дуба менен алек болуу керек. Жерге жарык түшкөн соң күн чыкканга чеиин ал
жерден Минага бет алуу – сүннөт.
1. Муздалифа вакфасынын толук болушу үчүн зарыл шарттар:
Ажылык үчүн ихрамга кирүү Арафатта туруу Муздалифа аимагынын ичинде болуу
Убагында аткаруу. Муздалифа вакфасынын убагы Имам Азам агымы боюнча,
аиттын биринчи күнү жерге жарык түшө баштаган учурдан баштап күн чыкканга чеиин
уланат. Башкача аитканда, аиттын биринчи күнкү багымдат намазынын убагы. Ушул учур
аралыгында Муздалифада белгилүү мөөнөт туруу жетиштүү.
2. Муздалифада шам жана куптан намаздарын бирге окуу
Ажылар Арафатта турган соң Муздалифада шам жана куптан намаздарын куптан
намазынын убагында бириктирип окушат.
Шам жана куптан намаздарын Муздалифада бириктирип окуу Имам Азам агымы
боюнча, важип болуп саналат.
Шам жана куптан намаздары бир азан, бир каамат менен окулат. Ортолорундагы
сүннөт намаздары окулбаит. Куптандан соң акыркы эки ирекет сүннөт жана витир
намаздары гана окулат.
Куптан намазынын (убагы) чыгышына али убакыт көп болсо, бул намаздар жолдон
окулбаит. Эгер жолдон окуп, куптан намазынын убагы чыкканга чеиин Муздалифага
жетишсе, Имам Азамдын пикиринде, бул намаздарды (шам жана куптан намаздарын)
каирадан окуу керек.
В. ШАИТАНДЫ ТАШ БАРАҢГА АЛУУ 120
Ажылыктын важиптеринен бири – шаитанды таш бараңга алуу. Таш бараңга алуу –
бул, аит күндөрү Мина делген жердеги кичи, орто жана Акаба жамраларына ажылардын
белгилүү санда таш ыргытуулары. Таш ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп
аитылат.Аиттын биринчи күнү: Акаба жамрасына гана жети таш ыргытылат. Муну аиттын
биринчи күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта эртеси күнү ошол убакка чеиин
орундатса болот. Алгачкы күнү күндүн ар каисы учурунда таш ыргытууга уруксат болсо
да, кечкисин таш ыргытуу макирөө болуп саналат.
Аиттын экинчи күнү: Кичи жамрадан баштап, кезеги менен үч жамрага жетиден
таш ыргытылат.
Аиттын үчүнчү күнү: бул күнү да кичи жамрадан баштап кезеги менен үч жамрага
жетиден таш ыргытылат. Аиттын экинчи жана үчүнчү күндөрү таш чак түштөн кииин (б.а.
бешим намазынын убагы киргенден кииин) ыргытылат. Ага чеиин ыргытылса, ал жараксыз
болуп эсептелет.
Аиттын төртүнчү күнү: Бул күнү багымдат намазынын убагы киргенге чеиин
Мина аимагынан чыгып кеткендер үчүн таш ыргытуулары кажет эмес. Ал эми Минада
болгондор аталган жамраларга дагы жетиден таш ыргытышат. Имам Азамдын пикиринде,
аиттын төртүнчү күнү таш ыргытуу убагы багымдат намазынын убагы киргенден
башталат. Бирок күн чыкканга чеиин ыргытуу макирөө. Аиттын төртүнчү күнү күндүн
батышы менен таш ыргытуу убагы да аяктаган болот.
Ошентип, аиттын төрт күнү тең таш ыргыткандар 70, ал эми үч күнү ыргыткандар
49 таш ыргыткан болушат.
1. Шаитанга таш ыргытуунун сахих болушу үчүн зарыл шарттар
Ташты «жамра» делген таш ыргытылчу жерлерге ыргытуу керек. Ташты ыргытпаи
таштоо, бут менен же бир курал (мисалы, рагатка) менен ыргытуу жараксыз болуп
эсептелет.
Ыргытылган нерсе, Имам Азам агымы боюнча, таш же баткактын кургак топтому
болушу керек. Жыгач, металл сыяктуу нерселер менен бул ырасым орундалбаит.
Таштарды бир-бирден ыргытуу керек. Баарысын бир ыргыткан адам бир таш
ыргыткан болот.
Ташты жамранын ичине ыргытуу керек.
Таш ыргытылган жерге жетиши керек.
Күчү жеткендер ташты өздөрү ыргытышы керек. Ал эми беитап (ооруган) адамдар
өкүлдөрүнө ыргыттырса болот. Өидө туруп намаз окуи албагандар даөкүлдөрүнө
ыргыттыра алат. Аиттын төртүнчү күнү ташты ыргыта алгандар (өз ордуларына) өкүл
даиындаи алышпаит. Өкүл болгон адамдар алгач өз таштарын, андан соң өкүлдүгүн алган
адамдардын таштарын ыргытышы керек.
2. Шаитанга таш ыргытуунун сүннөттөрү:
Жети ташты удаама-удаа ыргытуу
Ар бир ташты ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп аитуу
Ташты 3-5 метр аралыкта туруп ыргытуу.
Жамраларга кезеги менен таш ыргытуу,
Ыргытылган таштын (болжол менен) бир даана буурчактаи болушу
Кичи жана орто жамрага таш ыргыткан соң дуба кылуу.
Акаба жамрасына таш ыргытуу учурунда Меккени солго, Минаны оң тарапка алуу.
3. Таш ыргытуудагы макирөөлөр
Жамрада топтолгон таштардан алып ыргытуу Чоң таш ыргытуу Ыплас (нажасат)
таш ыргытуу Бир жамрага бир күндө жетиден ашыкча таш ыргытуу. Ташты жамраларга
кезеги менен эмес, каалаганынан баштап ыргытуу.
4. Таш ыргытуунун таризи
Таш ыргытылчу жерге барганга чеиин Муздалифадан же жолдон ылаиыктуу
таштарды топтоп алуу керек. Шаитанга таш ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар,
рагман лиш-шаитоони ва хизбих» деп аиылат. Ыргытылган таш жамрага жетпеи калса, же
алыс кетсе, каирадан ыргытуу зарыл.
5. Ташты өз убагында ыргытуу
Ташты өз убагында ыргытуу – важип. Эгер өз убагында ыргытылбаса, аиттын
төртүнчү күнү күн батканга чеиин каза иретинде ыргытууга болот.
Имам Азамдын пикиринде, таш өз убагында ыргытылбаса, анүчүн жаза талап
кылынат. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин көз карашында, мындаи учурда
жазанын кереги жок.
Г. ШҮГҮР КУРМАНЧЫЛЫГЫ
Таматту же Кыран ажылыгын аткаргандар ихрамдан чыкканга чеиин шүгүр
курманчылыгы үчүн мал соиуулары – важип болуп саналат. Ажылыкта союлган шүгүр
курманчылыгы да, жаза курманчылыгы да жалпысынан «хадии курманчылыгы» деп аталат.
Бул курмандыктар да жөн учурдагы курмандыктардын шарттарын талап кылат. Кои
жана эчки түрүндөгү мал арап тилинде «дам», уи жана төө түрүндөгүлөр «бадана» деп
аитылат. Хадии курманчылыгы тууралуу төмөндө маалымат берилмекчи.
Курманчылык кылууга мүмкүнчүлүгү жоктор Меккеде үч күн, үиүнө келгенден
кииин жети күн орозо кармашы керек.
Д. ЧАЧ АЛДЫРУУ 121
-Аиттын биринчи күнү алгач Акаба жамрасына таш ыргытылган соң
курманчылыкка мал союлат. Андан кииин чач алынат. Мына ушул кезекти бузбоо – важип.
Чачты аиттын алгачкы үч күнүнүн биринде алдырса да болот.
Умра кылган адам сааиды орундаткан соң чач алдырышы керек.
Чач алдыруу менен ихрамдан чыккан болот. Бул учурда жыныстык катнаштан
сырткары ихрамдагы тыиуу салынган өзгөчө жагдаилар аяктаит. Имам Азам агымы
боюнча, зыярат тавафы орундалган соң жыныстык катнашка уруксат берилет.
Имам Азам агымы боюнча, баштын төрттөн бириндеги чачты алуу – важип. Эгер
баштын төрттөн биринде гана чач болсо, баары алынышы кажет.
Чачты толук алдыруу – сүннөт.
Аял кишилер чачынын төрттөн биринин учунан кыскартышат. Аялдар үчүн чачын
түбүнөн алдыруу макирөө болуп эсептелет.
Ажылык учурунда аиттын биринчи күнү багымдат убагынын кириши менен чач
алдыруунун убагы башталып, аиттын үчүнчү күнү күн батканга чеиин уланат. Мына ушул
учур аралыгында чач алдыруу – важип. Бул Абу Ханифанын (Имам Азам) пикири. Имам
Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, аиттын алгачкы үч күнү чач алдыруу
сүннөт.
Имам Азамдын көз карашында, ихрамдан чыгуу үчүн чачты харам аимагында
алдыруу важип. Харам аимагынан башка жерде чач алдыруу өзүнчө жаза талап кылат.
Чач алдыруу убагы келген адам ихрамдан чыкканга чеиин өзүнүкүн өзү да,
бирөөнүкүн да алса болот. Асыресе, чач алдырбастан ихрамдан чыгууга болбогондуктан
ихрамдагы тыиуулар чач алдырганга чеиин улана берет.
Ж. КОШТОШУУ ТАВАФЫ
Сырттан келген ажылардын Меккеден каитаар алдында аткаруулары зарыл эң
акыркы таваф «коштошуу тавафы» деп аталат.
Коштошуу тавафы сырттан келген ажылар үчүн важип болуп саналат. Эскертке
кетчү жагдаи, бул учурда этек кири жана нифас абалындагы аял кишилер үчүн важип эмес.
Коштошуу тавафы зыярат тавафынан кииин орундалат.
Коштошуу тавафын аткарбаи туруп Меккеден чыгып кеткен адам али «микат»
аимагынан чыга элек болсо, артка каитып коштошуу тавафын орундашы кажет (важип). Ал
эми микат аимагынан да чыгып кеткен болсо, жаза талап кылынат. Ошондои эле микаттан
чыккан соң умра ибадатын аткаруу үчүн каира артка каиткан адам коштошуу тавафы
орундатса, жаза талап кылынбаит.
Парз болгон тавафтан соң орундалган таваф коштошуу тавафтын ордуна өтөт.
Тагыраак аитканда, парз тавафтан кииин аткарылган таваф коштошуу тавафы деп
эсептелет.
VI АЖЫЛЫКТЫН СҮННӨТТӨРҮ 122
Ажылыкта парз-важиптерден сырткары орундалган ибадаттар ажылыктын
сүннөттөрү болуп эсептелет. Сүннөттөрү менен кошо аткарылган ажылык сооптуу да,
берекелүү да болот. Ажылыкта орундалган ибадаттарга баиланыштуу да, өзүнчө да
сүннөттөр бар.
А. КУДУМ ТАВАФЫ
Кудум тавафы – Меккеге келүү тавафы. Ифрад жана Кыран ажылыгын аткара
турган адамдын
Меккеге келээр замат кудум тавафын орундашы сүннөт. Бул тавафтан кииин сааи
аткарыла турган болсо тавафта «рамал» жана «изтиба» да кылынат.
Харам жана хилл аимактарында жашагандар үчүн, ошондои эле таматту ажылыгын
аткара тургандар, ажылыкка келгенде Меккеге барбаи туруп Арафатта вакфа кылгандар
жана этек кири же нифас абалдарынан улам Арафат вакфасынан мурун таваф кылалбаган
аялдар үчүн бул тавафты аткаруунун кажети жок.
Б. КУТПАЛАР
Ажылыкта сүннөт иретинде үч кутпа окулат:
Биринчиси, Зулхижжа аиынын 7-күнү Харам-ы Шарифте (Каабада) бешим
намазына чеиин,
Экинчиси, Арапа күнү Намира мечитинде бешим жана асыр намаздарын
бириктирип окуур алдында,
Үчүнчү кутпа, аиттын экинчи күнү бешим намазынан мурун Хаиф мечитинде
окулат.
В. МУЗДАЛИФАДА ТҮН КЕЧИРҮҮ
Зулхижжанын 8-күнү (арапа күнүнөн мурунку күн) «таврия» күнү деп аитылат.
Таврия күнү күн чыккан соң Меккеден Минага баруу, ал күнү бешим намазынан баштап
эртеси багымдат намазына чеиин ошол жерде болуп беш маал намазды Мина аимагында
окуу сүннөт.
Г. МАИРАМ (АИТ) КҮНДӨРҮ МИНАДА БОЛУУ
Зулхижжа аиынын 10-11-12-күндөрү Минада болуу, ал жерде түн кечирүү Имам
Азам агымы боюнча, сүннөт.
Д. МУХАССАБДА ЭС АЛУУ
Бул жер бүгүнкү күнү Мекке шаарынын ичине кирип калгандыгы үчүн бул сүннөт
орундалбаи келет. Асыресе, Минадан Меккеге каитуу жолунда жаигашкан «Мухассаб»
делген жерде бираз эс алуу Имам азам агымында сүннөт болуп эсептелет.
VII. АЖЫЛЫКТЫН АДЕП-ТАРТИБИ
Ажылыкка адал киреше менен баруу
Чын ыкластан Жаратканга алакан жая дуба кылып күнөөлөрүнүн кечирилишин
тилеп тооба кылуу.
Ажылыкка жолго чыкканга чеиин тааныш-билиштер менен адалдашуу, карыздарды
төлөө.
Көрсөтмөлүүлүктөн (эл көрсүндөн) оолак болуу, жалгыз Алланын гана
ыраазылыгын көздөө, Алланы эстен чыгарбоо.
Ажылык учурунда паидасыз иштерден алыс болуу, ибадат-жакшылык иштер менен
алек болуу.
Ажылык сапарында жана ажылык учурунда урушуудан, жаңжалдан, талашып-
тартышуудан оолак болуу.
VIII. АЖЫЛЫК ИБАДАТЫН ОРУНДООНУН ТАРИЗИ 123
Ажылык сапарына чыкканга чеиин чач-сакалды кыскартып, тырмактарды алып,
кырынып-тазаланып жуунуу керек. Ихрамга чеиин дене тазалыгы үчүн мүмкүн болсо
гусул, болбосо даарат алуу зарыл.
Бул жерде Таматту ажылыгы124 жөнүндө маалымат берүү менен бирге Кыран жана
Ифрад ажылыктарынын аиырмачылыктарына да ишарат кылабыз. Таматту ажылыгын
аткаргандар алгач умра кылып, ихрамдан чыгып, андан соң убагы келгенде каира ажылык
үчүн ихрамга киришет.
Микат жерлеринде же микатка чеиин ихрамга кирүү жерлеринде ихрамга кирген
адам умра үчүн ниет кылып, талбия аитат. Талбия төмөнкүчө аитылат: «Лаббаик,
Аллахумма лаббаик. Лаббаика лаа шариика лака лаббаик. Иннал хамда ван-ниимата лака
валмулк, лаа шариик лак». Андан соң эгер макирөө убак болбосо, эки ирекет намаз окуит.
(Негизинен Түркиядан же Түркия аркылуу барган ажылар алгач Мединага барышкандыгы
үчүн ошол жерден Меккеге жолго чыгуу учурунда ихрамга киришет). Ниет кылып талбия
аитуу менен ихрамдын тыиуу эрежелери башталган болот. Бул учурда эркектер тигиши бар
кииим, баш кииим, баипак, бут кииим да киие алышпаит. Аял кишилер бетин жаба
алышпаит. Аялдар да, эркектер да чач-тырмагын, денесинен бир да кыл алышпаит.
Делебени козгоочу сөз-аракеттерден алыс болушу кажет. Жан-жаныбарларга,
өсүмдүктөргө зыян бербеши керек.
Каабага барганда «Аллаху акбар! Лаа илааха иллаллаху валлаху акбар! Аллаху
акбару ва лиллахил-хамд» деген соң, ар бир адам өз тилегин Жалгыз Аллага гана алакан
жаиа дуба кылат. Бул учурда парз намаз баштала элек болсо, дароо тавафты орундоо керек.
Бул умра тавафы. Мында эркек адамдар оң ииинин ачык таштап тавафтын алгачкы үч
аилануусунда бои көрсөткөн таризде жүрүшөт. Каабаны жети жолу аиланган соң таваф
намазы окулуп, дуба кылынат. Тавафты баштоо учурунда жана ар бир аиланууда «хажарул-
асвад»ка салам берилет.
Мындан кииин умра сааиы орундалат. (Ифрад ажылыгын аткарган адам бул учурда
кааласа ажылык сааиын орундатат)
Сааидан кииин чачын алдырат. Муну менен ихрамдан чыгып, умра ибадаты аяктаит.
Андан соң ажылык үчүн каирадан ихрамга киргенге чеиин Меккеде ихрамсыз
жүрүүгө болот. Мына ушул учур аралыгында ихрамдын тыиуулары жараксыз болуп
эсептелет.
Убагы келгенде ажылык үчүн ихрамга кирүү керек.
Зулхижжа аиынын 8-күнү (таврия күнү) багымдат намазынан тарта Минага баруу
сүннөт.
Ажылыкка барган адам Арапа күнү күн чыккандан кииин Арафатка бет алат. Бул
жерде бешим жана асыр намаздарын бешим намазынын убагында бириктирип окуит.
Күн баткан соң Муздалифага жол тартат. Муздалифада шам жана куптан
намаздарын куптан намазынын убагында бириктирип окуит.
Маирам түнү (аиттан мурунку түн) Муздалифада түнөп шаитанды таш бараңга алуу
үчүн таш топтоит.
Багымдат намазы Муздалифада окулган соң Муздалифа вакфасын орундатат. Жерге
жарык түшүп, күн чыкканга чеиин Минага бет алат.
Минадан Акаба жамрасына таш ыргытат. Акаба жамрасына таш ыргытканга чеиин
талбия аитылгандыктан, мындан кииин талбия аитылбаит.
Андан кииин Харам аимагында курмандык чалат.
Курмандык чалган соң чач алдыруу менен ихрамдан чыгат. Ошентип жыныстык
катнаштан сырткаркы ихрамдагы тыиуу салынган жагдаилар аяктаит. Аял киши чачын
түбүнөн эмес, учунан гана алдырат.
Ушул эле күнү Меккеге барып, парз болгон Зыярат тавафын орундатат. Зыярат
тавафынын убагы аиттын алгачкы күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта
аиттын үчүнчү күнү күн батканга чеиин уланат.
Буга чеиин ажылык үчүн сааи аткарылбаса, дароо аткарылышы керек.
Аиттын 2-3-күндөрү чак түштөн кииин кезеги менен кичи, орто жана Акаба
жамраларына таш ыргытылат. Бул эки күнү тең чак түшкө чеиин таш ыргытылбаит.
Жамрага таш ыргытып бүткөн адам аиттын төртүнчү күнү багымдат намазынын
убагы киргенге чеиин Минадан чыгып кетиши абзел. Ал эми багымдат намазынын убагы
кирген кезде Минада болгон адам 4-күнү дагы шаитанга таш ыргытышы керек. Имам
Азамдын пикиринде, бул күнү ташты чак түшкө чеиин деле ыргытса болот.
Акырында сырттан келген ажылар коштошуу тавафын орундатышат.
IX. АЖЫЛЫКТЫН ТҮРЛӨРҮ
Ажылыкка барган адам ажылык аиларында тек ажылык ибадатын гана орундатса
да, ажылык менен бирге умра ибадатын орундатса да болот. Ажылык жана умра
ибадаттарын бир ихрамга кирүү менен да, өз-өзүнчө ихрамга кирүү жолу менен да
аткарууга мүмкүн. Бул өңүттөн ажылыктын үч түрү бар:
А. ИФРАД АЖЫЛЫГЫ: Ажылык аиларында тек ажылык ибадаты гана
орундалган ажылык ифрад ажылыгы деп аталат. Микат аимагында жашагандар ифрад
ажылыгын гана орундата алышат. Өзгөчө абалдагы аял киши этек кири бүткөнгө чеиин
Арафатка чыгуу зарылчылыгына туш боло турган болсо, ихрамга кирүү учурунда ифрад
ажылыгына ниет кылышы абзел.
Б. КЫРАН АЖЫЛЫГЫ: Ажылык жана умра ибадаттарын бир жолу ихрамга
кирүү менен орундалган ажылык. Кыран ажылыгында ихрамга кирген адам алгач умра
ибадатын аткарып болгон соң, ихрамдан чыкпаи туруп ажылык ибадатын орундатат.
Демек, Кыран ажылыгы узун убакыт бою ихрамда болууну талап кылат. Микат
жерлеринде жашагандар, ажылык аиларына чеиин Меккеге барып ажылык күндөрүн
күткөндөр Кыран ажылыгын аткара алышпаит. Болбосо, жаза иретинде өзүнчө мал соиуу
зарылчылыгы туулат. Кыран ажылыгын Микат тургундарынан тышкары ажылыкка келген
адамдар аткарышат.
В. ТАМАТТУ АЖЫЛЫГЫ: Ажылык аиларында умра жана ажылык ибадаттары
үчүн өз-өзүнчө ихрамга кирүү жолу менен орундалган ажылык «таматту ажылыгы» деп
аталат. Мында ихрамга кирип умра ибадатын аткарган соң ихрамдан чыгуу керек. Андан
кииин учуру келгенде ажылык үчүн каирадан ихрамга кирип ажылык ибадатын орундоо
зарыл. Ошентип бул учурда Кыран ажылыгы сыңары узун убакыт аралыгында ихрамда
болуунун шарттары талап кылынбаган болот. Көпчүлүк ажылар Таматту ажылыгын
тандашат. Себеби умра да, ажылык да өз-өзүнчө ихрамга кирүү менен оңои орундалат.
Микат аимагында жашагандар, ажылык аиларына чеиин Меккеге барып ажылык күндөрүн
күткөндөр Таматту ажылыгын аткара алышпаит. Аткара турган болушса, жаза иретинде
өзүнчө мал соиууга туура келет. Таматту ажылыгын Микат аимагынан башка жерлерден
келген адамдар аткарышат.
Имам Азам агымы боюнча, артыкчылыгы жагынан ажылык түрлөрүнүн тизмеси
төмөнкүчө: Кыран ажылыгы, Таматту ажылыгы, Ифрад ажылыгы.
X. АЖЫЛЫККА ӨКҮЛ ДАИЫНДОО 125
Ажылык сапарына чыдаи албаганчалык даражада картаң адамдардын, аиыгып кетүү
ыктымалы жокко эсе адамдардын же ажылыкка барбаи көз жумгандардын ордуна ажылык
ибадатын орундоого уруксат бар. Бул ажылык «бедел ажылыгы» деп аталат. Парз болгон
ажылыктын өкүл даиындоо жолу менен орундалышы үчүн төмөнкү шарттар кажет:
1. Ажылык үчүн бирөөнү ордуна өкүл даиындаи турган адамга ажылык ибадаты
парз болушу кажет.
2. Ажылыкка өкүл даиындаи турган адам ажылык ибадатын орундаи албаи турган
абалда болушу керек.
3. Өкүл катары бара турган адам мусулман, акыл-эси жаиында жана балагатка
жеткен адам болушу зарыл. Бул жерде өкүл адамдын мындан мурда ажылыкка барып-
барбашы анын өкүл болушуна тоскоолдук боло албаит.
4. Өкүл адамдын чыгашасы ажылыкка жиберип жаткан адам тарабынан
каржыланышы кажет.
5. Өкүл адам ажылык учурунда ажылык ибадатына залалын тиигизе турган, аны
жараксыз кыла турган иш-аракеттерден оолак болушу керек.
6. Ажылыктын түрүн өкүл эмес, ажылыкка жиберген адам өзү тандашы керек.
XI. УМРА ИБАДАТЫ 126
Умра жылдын каисы бир мезгилинде ихрамга кирип Каабаны таваф кылуу, Сафа
жана Марва дөңсөлөрүнүн ортосунда ылдам басуудан соң чач алдырып, ихрамдан чыгуу
менен орундалган ибадат.
Имам Азам агымы боюнча, умранын эки парзы бар: Ихрамга кирүү жана Каабаны
аилануу. Мусулман баласы үчүн өмүрүндө бир жолу умра кылуу сүннөт болуп эсептелет.
Ылдам басуу, жуунуп-тарануу (чач, сакал-мурутту алуу) умранын важиптери.
Береги парз-важиптер ажылык ибадатындагы таризде орундалат. Ислам дининде умра
ибадатын орундоо үчүн атаиын белгилүү убакыт көрсөтүлгөн эмес. Аны жылдын ар каисы
мезгилинде аткарса болот. Ошону менен катар арапа күнүнөн баштап курман аит
маирамынын төртүнчү күнү күн батканга чеиин умра кылуу тахриман макирөө иш катары
каралат. Себеби бул күндөр ажылык ибадаты белгиленген күндөр болуп эсептелет.
А. УМРАНЫН ОРУНДАЛЫШЫ
Сырттан келгендер микат жерлеринин чегинде, Меккеликтер болсо харам
аимагынан «хилл» аимагына чыгып умра үчүн ихрамга кирип, ниет кылышат. Каабага
барганга чеиин талбия аитылат. Умрада талбия таваф башталганга чеиин гана аитылат.
Тавафтын алгачкы үч аиланышында «рамал» (бои көтөргөн таризде басуу) кылынат.
Тавафтан кииин эки ирекет намаз окулат. Андан соң сааи аткарылат. Сааидан кииин чач
алдырып, ихрамдан чыгуу менен умра ибадаты орундалган болот.
XII. АЖЫЛЫК ЖАНА УМРА КУРМАНДЫКТАРЫ (хадии)
Ажылык жана умра ибадаттары учурунда союлган курмандык мал-жандыктары
жалпысынан «хадии» курмандыгы деп аталат. Хадии курмандыгы төмөнкүчө түрлөргө
бөлүнөт:
А. ШҮГҮР КУРМАНДЫГЫ: Бул Таматту же Кыран ажылыгын аткаргандар үчүн
важип болгон курмандык. Шүгүр курмандыгы чач алдырганга чеиин аиттын алгачкы үч
күн аралыгында харам аимагында чалынат. Шүгүр курмандыгын Харам аимагынын Мина
деген жеринде чалуу абзел.
Б. НАПИЛ КУРМАНДЫГЫ: Ажылык жана умра ибадаттарында Алланын
ыраазылыгы үчүн напил (өз ыктыяры менен кошумча) катары курмандыкка союлган мал.
В. ЖАЗА КУРМАНДЫГЫ: Ажылык же умранын важиптеринен бирин таштап
кетүү, өз убагында орундата албаи калуу же ихрамда тыиуу салынган жагдаилардан кээ
бирин жасоо учурунда ж