үлгү БЕЙИШ ЖОЛУ
Абдушүкүр Нарматов
Бишкек-2010
үлгү
БЕЙИШ ЖОЛУ
Кыргызстан Ислам Университетинин ректору
Абдушүкүр Нарматовдун
Жума кутбалары
Бишкек 2010
үлгү
УДК 29
ББК 86.38
Б 41
Даярдаган:
КИУнун ректору Абдушүкүр Нарматов
Редактору:
Алайчы Сеитбеков
Бейиш жолу
Абдушукур Нарматовдун жума кутбалары
Б.: 2012. 140- б.
ISBN 978-5-904491-34-5
Китеп Ислам багытындагы окуу жайлардын
студенттерине, окутуучуларына жана Ислам динине
кызыккан жалпы окурмандарга арналат.
И 0403000000-10 УДК 29
ББК 86.38
ISBN 978-5-904491-34-5 © Абдушукур Нарматов
© Алайчы Сеитбеков
үлгү
Бисмиллахир-Рахманир -Рахиим
Колуңуздардагы «Бейиш жолу» китеби, эл аралык Аль-
Асхар университетинин бүтүрүүчүсү, Кыргызстанда гана
эмес араб өлкөлөрүндө да таанымал Кыргызстан Ислам
Университетинин ректору устаз Абдушукур Нарматовдун
жума кутбаларынан түзүлгөн.
Кыргызстандын мусулмандарынын проблемаларын,
замандын көйгөйлөрүнүн, элибиздин башына келген түрдүү
сыноолордун маани маңызын ачыктап жалгыз жаратканды
тапканда гана, ал сүйгөн адамдарды үлгү кылып жашоо-
турмушту курганда гана адамдын жашоосуна чыныгы тынчтык
жана бактылуулук орноорун жалындуу жарыялаган бул
кутбалар өлкөбөздөгү көптөгөн жаштарды туңгуюк тараптардан
кайтарып денебиздин кең жана айкын жолуна түшүүлөрүнө
себеп болгон.
Бул китеп жүрөгүнө азык издеп, рухунун тазалыгын максат
кылган ар бир окурманга пайдалуу эмгек болот деп ишенебиз.
Устасыбызга жаш муундарды тарбиялоо иштеринде жана
чыгармачылыгында дагы албан ийгиликтерди каалайбыз. Бул
китептин чыгуусуна колдоо көрсөткөндөргө Аллах ыраазы
болсун.
Терең урматто менен,
Кыргызстан мусулмандарынын
Азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов
үлгү
6
БЕЙИШ ЖОЛУ Түзүүчүдөн баш сөз
Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын аты менен баш-
таймын. Адам баласын жаратып, ага калем менен жазууну
үйрөткөн ааламдардын Жаратуучусу Аллах Таалага чексиз
мактоолор болсун. Жаратуучунун ар бир буйругун үммөтүнө
жеткирип, артындагыларга: «Менден бир аят уксаңар да баш-
каларга жеткиргиле» деп аманат кылган? акыркы Пайгамбар
Мухаммадга Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
2000-жылдын күз айларында, эл арасында Абдушүкүр
Нарматов деген жаңы ысым пайда болду. Аль-Азхар универ-
ситетинин бүтүрүүчүсү, ошол убактагы Ислам Институту-
на жаңыдан ректор болуп дайындалган устаздын атынын эл
арасына бат таркалуусуна, анын Жума күндөрүндө эл алдын-
да сүйлөгөн кутбалары себеп болду десем жаңылышпаймын.
Анткени, устаз кыргыз ислам дүйнөсүнө кутба кылуунун жаңы
формасын киргизди. Буга чейин ар кандай шарият китепте-
ринен окулган жеңил маселелерге кулак салып көнүп калган
эл үчүн, устаздын жандуу, толук далилдер менен айтылган
түрдүү темадагы кутбалары башкача сезим жарата алды. Ар
бир Фираун үчүн Муса болот дегендей, динге каршы мами-
ле жасап, башка дин бузарлардын азгыруусу менен Исламды
жаман аттуу кылууга аракеттенген адамдар көбөйгөн убакта,
Абдушүкүр устаз сыяктуу аалымдардын чыгуусу, Аллах тара-
бынан кыргыз эли үчүн берилген нээмат деп эсептесек болот.
Азыркы учурда устаздан илим алган жана анын кутбаларын
үлгү кылып, андан таасирленген көптөгөн жаштар, өлкөбүздүн
ар кайсы булуң-бурчунда жеткиликтүү кутбаларды айтып, эл
үчүн кызмат кылууда.
Устаздын үнүн угууга мүмкүнчүлүгү болбогондорго жана
үлгү
7
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
китеп окууну сүйүүчүлөргө белек катары, анын кээ бир кут-
баларын кагаз бетине түшүрүп, китеп кылып жазууну туура
таптык. Албетте, китеп аркылуу устаздын үнүн уккандай та-
асир бере албасыбыз белгилүү. Ошентсе да «китеп билимдин
булагы» эмеспи, бул булактан суу ичкен адамдардын аз болсо
да чаңкоосун кандыра алсак, биз максатыбызга жеткен боло-
буз. Бул китеп, ар бир мечиттин имамдарына, илим талап кы-
луучуларга, даават жолунда жүргөндөргө, ошондой эле жалпы
Ислам динине кызыккан бир туугандарыбызга пайдалуу эмгек
болот деп ишенебиз. Аллах Таала ушул китепти окуу үчүн ба-
рактай баштаган ар бир окурманга пайдалуу илим, бекем ый-
ман, Исламга кызмат кылуу үчүн кажыбас кайраттулук берсин.
Аллахка гана сыйынабыз, Андан жардам сурайбыз, Андан үмүт
кылабыз жана Ага гана тобокел кылабыз.
Алайчы Сеитбеков.
үлгү
8
БЕЙИШ ЖОЛУ Ниет жана ыклас
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса,
Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таян-
са, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,
Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сый-
ынса, ага Аллах ачууланат.
Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киригизип, Аны эстесе, ага
Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах адамзатты бир өзүнө ка-
лыс ибаадат кылуу үчүн гана жаратты. Ал, Аллах ыйык Кура-
анда, пенделерди өзүнө калыс ибаадат кылууга буйруду.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыймансыз-
дыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру менен
нурлантты. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) адамзатты бактысыздыктын чуңкурунан бактылуулуктун
туу чокусуна алып чыкты. Жалпы үммөтүнү баардык жаратыл-
гандарга сыйынуудан кайтарып, Жалгыз гана Жаратуучуга
сыйынууга чакырган улуу Пайгамбар Мухаммадга жана анын
үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
үлгү
9
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Адамдын ибаадатка жакындоосу да, ибаадаттан алысто-
осу да анын ниетине жараша болот. Ниеттин орду жүрөк. Ка-
чан гана адамдын жүрөгү жакшы ниеттерге толсо, ал жакшы
амалдарды аткарат. Ошондуктан Пайгамбарыбыз:
( Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
– «Адамдын денесинде муштумдай эт бар, эгер ал таза
болсо, баардык дене таза болот. Эгер ал бузулса, баардык дене
бузулат. Ал муштумдай эт, адамдын жүрөгү» – деп айткан. Му-
сулман адам, ар бир амалды калыс Аллах үчүн аткарууга ниет
кылуусу керек. Анткени амалдардын баары ниетке жараша
болот. Кээ бир амал кылуучулар бар, алардын жасаган амал-
дары эң сонун. Бирок, ниеттин туура эместигинен улам, алар
эч кандай пайда ала алышпайт. Кээ бир ибаадат кылуучулар
бар, ибаадаттары абдан туура. Бирок, ниеттин бузуктугунан
улам, алар эч кандай соопко жете алышпайт. Алардын жаса-
ган ибаадаттары канчалык жакшы болсо да, Аллах аларды
кабыл кылбайт. Анткени алардын ниети туура эмес. Албетте
Аллах жүрөктөгү сырларды билүүчү зат. Аллах Таала Кураанда:
«Жүрөгүңөрдөгүнү ачык айтсаңар да, жашырсаңар да, Аллах
аны билет» – деп айткан. Демек амалдар сырткы көрүнүшүндө
канчалык кооз, канчалык толук болбосун, ниет туура болмо-
юнча кабыл кылынбайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) жана анын сахабалары Меккеден Ма-
динага көчүп барган кезде, Пайгамбарыбыз ( Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) ниет жөнүндөгү эң маанилүү хадисин
айтты. Хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун)
– «Чындыгында амалдар ниетке жараша болот. Чын-
дыгында ар бир адам ниетиндегине жетет. Кимдин көчүүсү
Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анда анын көчүүсү Ал-
лах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми, кимдин көчүүсү
дүнүйө үчүн болсо, ага жетет, же аял үчүн болсо ага үйлөнөт.
Анын көчүүсү эмне үчүн болсо, ошого жетет» – деп айтты.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
үлгү
10
БЕЙИШ ЖОЛУ бул хадисти айтуусуна,
бир адамдын Меккеден Мадинага
көчүүсү себеп болгон. Бул адамга Мадиналык аял, эгер көчүп
келсең турмушка чыгам деп убада берген болчу. Ошол аялга
үйлөнүүнү ниет кылып көчкөндөгү үчүн, ал ниетине жетти
б.а. ал аялга үйлөндү. Бирок, Аллах жана Анын элчиси үчүн
болгон көчүүнүн сообунан куру калды. Ниеттин туура эмес
болуусу аны эң чоң сооптон четте калтырды. Ниет туура бол-
со, төшөгүндө жатып кайтыш болгон адам шейиттин сообун
алат. Табук согушунан кайтып келе жаткан кезде, Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Мадинада калган кээ бир адамдар бар, алар биз менен
өрөөн-талааларды басып өткөн жок. Бирок, алар биз менен
бирге. Анткени, алар зарыл себептерден улам согушка чыга
алышпай калган» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллахка болгон ыклас, бул – Аллахтын пендесине берген
өтө чоң белеги. Аллах Таала хадисул-кудусийде айтат: «Ме-
нин сырларымдан болгон бир сыр бар, аны сүйгөн пендем-
дин жүрөгүнө салып коём. Андан аны периште да ала албайт
жана шайтан да буза албайт». Демек кимдин жүрөгүндө Ал-
лахка ыклас болсо, анын ибаадаттары кабыл болот. Кимдин
жүрөгүндө Аллахка ыклас жок болсо, анын ибаадаттары ка-
был болбойт. Бир адам Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) келип:
– Оо, Аллахтын элчиси. Мен намаз окуймун, орозо кар-
маймын, зекет беремин ж.б. ибаадаттарды аткарамын. Би-
рок, аларды аткарып жаткан мезгилде адамдар көрсүн деген
ниет менен аткарамын. Мен соопко ээ боломунбу? – деп су-
рады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салавты болсун)
ага жооп берүүгө камданып калган кезде, Жибрийил периш-
те, Кахф сүрөсүнүн 110-аятын алып келди. Аятта, Аллах Таала:
«Кимде-ким Роббусуна (бактылуу абалда) жолугууну кааласа,
жакшы амалдарды жасасын жана амал кылууда Аллахка эч
кимди шерик кылбасын» – деп айткан эле. Ошондуктан Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
үлгү
11
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– «Кээ бир намаз окуучулар бар, алар Аллахтын ачуусунан
башка эч нерсени таба алышпайт. Кээ бир орозо кармоочу-
лар бар, алар чаңкап жана ачка болуудан башка эч нерсе таба
алышпайт. Кээ бир Кураан окуучулар бар, аларга Кураан кар-
гыш айтат» – деген. Мындай адамдар арабызда толтура. Миса-
лы: Ош базарда отурган көзү ачыктарды карагыла. Ар биринин
алдында Кураан турат. Алар Кураандын бир тамгасын да окуй
албайт. Кураандын ичиндеги бир аятка да амал кылышпайт.
Кураандын ичинде, Аллахтан башкага сыйынуучулар каапыр
болот, кайыпты Аллахтан башка эч ким билбейт, көзү ачык-
тык шайтандын амалы деген сыяктуу жүздөгөн аяттардын бар
экени менен алардын иши да жок. Анан, Кураанды жанына
коюп алып, окумуш болуп койсо, аларга ишенип бара беришет.
Чындыгында, аларга акылсыз адамдар гана ишенет. Жолумду
ачтырайын деп чоң кызматтагы, элдин ишенимине кирген кээ
бир адамдар барышат. Эгер алар бирөөнүн жолун ачып бакты-
луу кыла алса, биринчи кезекте өздөрүнүн жолун ачып албайт
беле?! Кышында жыйырма градус суукта калтырап-титиреп,
жүз сом табуу үчүн көчөдө турушат. Жол ачуу, бактылуу кылуу
колунан келсе, майлуу-сүттүү жумуш табып алып, үйүндө ысык
жатпайт беле?! Жок, анын колунан жалган айтып, акылсыз
байкуштарды алдагандан башка эч нерсе келбейт. Мына ошон-
дойлорго Кураан каргыш айтат.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ниет менен ыкластын туура эместиги, ибаадаттын кабыл
болбой калуусуна гана себеп болбостон, кээде адамды азапка да
дуушар кылып коюусу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Кыямат күнүндө үч түрдүү адам суракка эң биринчи алы-
нып келинет: биринчиси, бул дүйнөдө шарият илимин алып
башкаларга үйрөткөн аалым. Ага, бейиштеги ал үчүн даярда-
лып коюлган ниьмат-белектерди көрсөткөн соң, андан: сен кай-
сы амалың үчүн ушундай сыйга татыктуу болдуң – деп суралат.
Ал: мен шарият илимин үйрөнүп, Аллах үчүн аны башкаларга
үйрөткөнмүн – деп жооп берет. Ошондо ага: сен жалган айтып
үлгү
12
БЕЙИШ ЖОЛУ жатасың, шарият илимин башкаларга үйрөтүүдө, адамдар аалым
экен деп макташсын деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе
жеттиң. Чындыгында адамдар сени макташты. Эми сенин бара
турган жериң тозок – деп айтылат да, периштелер аны тозокко
алып кетишет. Экинчиси, Аллах жолунда урушка чыгып, кайтыш
болгон адам. Ага да, бейиштеги ниьмат-белектери көрсөтүлгөн
соң, андан: сен кайсы амалың үчүн мындай соопко жеттиң – деп
суралат. Ал: мен Аллах жолунда урушка чыгып, шейит болгон-
мун – деп жооп берет. Ошондо ага: сен жалган айтып жатасың.
Урушка чыккан мезгилде, адамдар баатыр экен деп макташсын
деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе жеттиң. Чындыгын-
да адамдар сени баатыр экен деп макташты. Эми сенин барчу
жериң тозок болот – деп айтылат да, периштелер аны тозокко
алып кетишет. Үчүнчүсү, баардык байлыгыны муктаж адамдар-
га тараткан адам. Ага бейиштеги ниьмат-белектери көрсөтүлгөн
соң, андан: сен кайсы амалың үчүн мындай соопко жеттиң – деп
суралат. Ал: мен Аллахтын ыраазылыгы үчүн байлыгымды баш-
каларга таратканмын – деп жооп берет. Ошондо ага: сен жалган
айттың, байлыгыңды тараткан мезгилде, адамдар мени берешен
экен деп мактасын деген ниетте болгонсуң. Сен ошол ниетиңе
жеттиң. Чындыгында, адамдар сени макташты. Эми сенин бара
турган жериң тозок – деп айтылат да, периштелер аны тозоко
алып кетишет» – деп айткан. Чындыгында, бул амалдар үчөө тең
Исламдагы эң сооптуу амалдар эле. Бирок, ниеттин туура эме-
стигинен, Аллах Таалага болгон ыкластын жоктугунан улам, бул
амалды кылуучулар соопко эмес, күнөөгө дуушар болушту.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ниеттин тууралыгы, Аллахка болгон ыкластын күчтүүлүгү
менен, эч кандай соопко ээ кылбай турган жөнөкөй ишти чоң
сооптуу ишке айландырууга болот. Же тескерисинче, туура
эмес ниет, Аллахка болгон ыкластын жоктугу менен, өтө со-
оптуу болгон амалды күнөөгө айландырып алууга болот. Пай-
гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хади-
синде:
– «Бир адам ээн талаада аябай суусап келе жатып бир
үлгү
13
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
кудукка туш келет. Анын идиши жок болгондуктан кудуктун
ичине түшүп, суу ичип чаңкоосун кандырып чыгат. Ал кудук-
тан чыккан мезгилде, кудуктун жанында чаңкагандан тилин
чыгарып турган итти көрөт. Аллах жолунда ага жардам берүү
үчүн кайра кудукка түшүп, бут кийимине суу алып чыгып ит-
тин да чаңкоосун кандырат. Ошол кылган амалы үчүн Аллах
Таала анын күнөөсүн кечирди» – деп айткан. Ошондой эле,
экинчи бир хадисинде:
– «Кимде-ким Аллах ыраазычылыгы үчүн алынуучу илим-
ди, дүнүйө максатында алса, бейиштин жытын да жыттабайт»
– деп айткан. Биринчи хадисте итти сугарып койгондугу үчүн
бейишке кирген адам жөнүндө айтылды. Чындыгында ит дин-
де жаман көрүлган жаныбарлардан болуп эсептелет. Эгерде
кийимди ит жаласа аны жуумайынча намаз окууга болбойт.
Эгер идишти жалап койсо, аны жети жолу жууп тазалоо керек.
Эгер ит кабанаак болсо, аны өлтүрүүгө уруксат берилген. Ит
бар жерге периштелер да кирбейт. Бирок, ошол итти сугарып
койгондугу үчүн Аллах Таала бул адамдын күнөөсүн кечирди.
Эмне үчүн? Себеби ал, Аллахтын ыраазылыгы үчүн итке суу
алып чыгып берди. Экинчи хадисте, Аллах ыраазылыгы үчүн
алынуучу илимди дүнүйө үчүн алган адам бейишке кирбести-
ги жөнүндө айтылды. Аллах ыраазылыгы үчүн алынуучу илим
бул шарият илими. Шарият илимин окуу өтө сооптуу амал.
Илим алуучу адамга периштелер канатын төшөп турат. Ага
баардык жаныбарлар, уясындагы кумурска, деңиз түбүндөгү
балык дагы кечирим тилеп турат. Илим издөөчүгө бейиштин
жолу жеңил болот. Бирок, ошондой илимди алган адамдын
бейиштин жытын жыттабай калуусуна эмне себеп болду?
Анын Аллах үчүн ыклас кылбагандыгы себеп болду.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Биз кээ бир учурларда адамдар менен жакшы мамиледе
болуу үчүн, аларга жагынуу максатында ар түрдүү амалдарды
жасайбыз. Бирок, адам баласынын табияты өтө кызык. Ага
канчалык көп жакшылык кылсаң да, бир эле жолу кылып кой-
гон жамандыгыңды эстей берет. Ошондуктан адамдарга жа-
үлгү
14
БЕЙИШ ЖОЛУ гуу үчүн алардын Жаратуучусу менен болгон мамилени оңдоо
керек. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
- «Ким адамдарга жаккысы келсе, Аллах үчүн амал кыл-
сын. Мына ошондо адамдар аны жакшы көрөт». Аллахка бол-
гон ыкласты жүрөгүнө жайгаштырган адам, башка адамдар-
га да, Аллах Таалага да жакын болот. Сөзүбүз куру болбосун
үчүн, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) сахабаларынан бир мисал келтирели. Азирети Умар
(Аллах андан ыраазы болсун) халифалык кылып турган за-
манда, бир түнү Али (Аллах андан ыраазы болсун) түш көрөт.
Түшүндө Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) менен бирге намаз окуп бүткөн мезгилде, эшиктен бир
аял курма салган идишин көтөрүп кирип келет. Ал курмалар-
ды Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
берет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) бир курманы өзү жеп, экинчисин Алиге (Аллах андан
ыраазы болсун) берет. Курма ушунчалык даамдуу, башка кур-
маларга окшобогон өзгөчө курма эле. Али (Аллах андан ыраа-
зы болсун) Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) кайрылып: Оо, Аллахтын элчиси, мага дагы бирди
бериңизчи деп сурайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) ага эми бермекчи болуп жатканда, намазга
азан чакырылып, Али (Аллах андан ыраазы болсун) ойгонуп
кетет. Али (Аллах андан ыраазы болсун) мечитке келип ба-
гымдат намазын окуп бүткөн мезгилде, эшиктен бир аял кур-
ма көтөрүп кирип келет. Ал курмаларды Умарга (Аллах андан
ыраазы болсун) берет. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) бир
курманы оозуна салып, экинчисин Алиге (Аллах андан ыра-
азы болсун) берет. Бул курманын даамы дал түшүндө көргөн
курманын даамы сыяктуу эле. Али (Аллах андан ыраазы бол-
сун) Умарга (Аллах андан ыраазы болсун) карап: – Оо, момун-
дардын падышасы, мага дагы бир курма бериңизчи деп су-
ранды. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ага карап:
– Эй Али, эгер Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) бергенде мен да берет элем. Пайгамбар (Ага Аллах-
үлгү
15
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
тын салам-салаваты болсун) бербеген курманы мен кантип
бермек элем – деди. Али (Аллах андан ыраазы болсун) абдан
таң калып: – Оо, момундардын падышасы, сага вахий келеби
же кайыпты билесиңби – деп сурады. Умар: (Аллах андан ыра-
азы болсун) – Мен кайыпты билбеймин. Кайыпты билүүнүн
ачкычы бир гана Аллахтын колунда. Мага вахий да келбейт.
Анткени Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) өтүүсү менен вахий токтогон. Бирок, кимдин жүрөгүндө
Аллахка болгон терең ишеним, ыклас болсо, ал Аллахтын нуру
менен карайт – деп жооп берди.
Чындыгында Аллахка ыклас кылып, ага жакындаган
адамга Аллах да жакындайт. Эгер инсан Аллахтын айтканын
Аллахка ыклас кылып аткарса, караган кезде, Аллах ага көз
болот б.а. Аллахты нараазы кылуучу нерсени ал карабайт.
Эгер ал кармаса, Аллах ага кол болот б.а. Аллахты нараазы
кылуучу нерсени кармабайт. Эгер ал баса турган болсо, Аллах
ага бут болот б.а. Аллахты нараазы кылуучу жерге баспайт.
Усман, (Аллах андан ыраазы болсун) ага Кураан үйрөнүү
үчүн келген кээ бир адамдарга карап: – Силер Кураан үйрөнүү
үчүн келесиңер, бирок көзүңөрдүн зынаасы менен келесиңер
– деп айтат эле. Сахабалардан кийинки заманда, Абу Каа-
сым аттуу алым жашап өткөн. Ал жөн гана аалым эмес, бил-
ген илимине амал кылган такыба аалым болгон. Күндөрдүн
биринде Абу Каасымга бир досу кайрылып: – Сен эмне үчүн
адамдарга динди түшүндүрүп даават кылбайсың – деп су-
райт. Ал: – Мен Аллах Тааланын үч аятынан коркуп, даават
кылбаймын деп, ал үч аятты окуп берет. Биринчиси, Бакара
сүрөсүнүн: «Силер китепти (Тооратты) окуп, адамдарды жак-
шылыкка бюруп, ал эми өзүңөдү унутуп коёсуңарбы?» – деген
аяты. Экинчиси, Саф сүрөсүнүн: «Оо, момундар, силер эмнеге
өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?» – деген аяты. Үчүнчүсү,
Худ сүрөсүнүн: «Мен силерге каршы чыгып, силерди тыйып
жаткан нерсени өзүм жасабаймын» – деген аяты. Абу Каасым
бул аяттарды окуп берип үйүнө кетет. Ошол күнү түн ичинде
анын түшүнө Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
үлгү
16
БЕЙИШ ЖОЛУ болсун) кирип: адамдарга даават кыл деп буйруйт. Эртеси Абу
Каасым даават кылуу үчүн мечитке келет. Аны көргөн досу:
– Сен, Пайгамбардын буйругун эле күтүп жүрдүң беле? – деп
кубанып тосуп алат. Ошол убакта, Абу Каасымдын мечитке
киргенин көргөн бир мажусий (отко сыйынуучу) аны сыноо
үчүн, мусулмандар сыяктуу кийинип алып мечитке келет. Ал,
адамдардын арасында Абу Каасымды адаштыруу максатында
ага кайрылып: – Пайгамбар бир хадисинде: ыймандуунун көз
карашынан сак болгула. Анткени ал Аллахтын нуру менен ка-
райт деген. Ошол хадисти мага түшүндүрүп берип койчу – деп
сурайт. Абу Каасым анын оюн дароо түшүнөт. Ал мажусийдин
жанына келип, бул хадистин маанисинде: сен мажусийсиң,
Абу Каасымды жана башка мусулмандарды сыноо үчүн келдиң
деп айтылган – дейт. Өзүнүн эмне максат менен келгендиги
билинип калганына таң калган мажусий, адамдардын орто-
суна чыгып: – Силердин диниңер чыныгы дин экенине ишен-
дим, эми мен дагы мусулман болом – деп, келме айтып динди
кабыл алат.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ар бир амалды аткарууда, мейли ал чоң амал болсун,
мейли кичине амал болсун, Аллахка болгон ыклас менен ат-
каралы. Ыклас кылбай аткарылган амалдын пайдасын эмес
зыянын гана көрөбүз.
Аллахым, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө бекем ыклас кир-
гизип, ниеттерибизди оңдогун. Бул дүйнөдө ибаадат кылып
өтүп, акыретте туура эмес ниеттин себебинен ал амалдары-
быздын сообунан куру калуудан өзүң сакта.
Аллахым, билип жана билбей жасаган күнөөлөрүбүздү
кечир. Бүгүн ушул жерде кандай чогулган болсок, Кыямат
күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу кылгын. Ассалаа-
му алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.
үлгү
17
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Ыйман келмеси
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса,
Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таян-
са, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,
Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сый-
ынса, ага Аллах ачууланат.
Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киригизип, Аны эстесе, ага
Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах адамзатка өзүнүн жалгыз
экендигин билдирген зат. Ал, Аллах инсандарды өзүнө ыйман
келтирүүгө буйруду. Ал, Аллах өзүнө ыйман келтиргендерге
түбөлүктүү бейишти убада кылды. Ал эми ыйман келтирбе-
гендерге азабы катуу тозокту даярдап койду.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыймансыз-
дыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру менен
нурлантты. Адамзатты бактысыздыктын чуңкурунан бактылу-
улуктун туу чокусуна
алып чыккан улуу Пайгамбар Мухаммад-
га жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты
болсун.
үлгү
18
БЕЙИШ ЖОЛУ Урматтуу мусулман бир тууганым!
Адам баласына өтө зарыл болгон баалуу нерселер бар.
Аларга жетүү үчүн адам баласы бүткүл өмүрүн коротот. Би-
рок, канчалаган мээнет, канчалаган эмгек менен табылган
бул нерселерди калтырып, жалгыз кетүүчү күн келет. Мына
ошол күн келип, баардык нерсени калтырып кетүүчү убакыт-
та, бизге жолдош болуп жаныбыздан бир карыш да алыстабай
бирге боло турган эң баалуу нерсе бул – ыйман. Адам бала-
сы төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, өлгөндөн, Аллахтын алдына
барып, эсеп берип Бейишке киргенге чейин аны менен бир-
ге болуп, ага бакыттын жолун көрсөтүүчү нерсе бул – ыйман.
Ыймандын даамын татып, ыйман нуру менен жашаган адам
эки дүйнөдө бактылуу, ал эми андан алыс болуп, ыймансыз-
дыктын караңгылыгында жашаган адам эки дүйнөдө бакты-
сыз болот.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ыйман бул – тил менен айтуу, жүрөк менен ишенүү
жана амал менен тастыктоо. Тилибиз менен Лаа илааhа ил-
Лаллооhу Мухаммадур-расуулуллоh, Аллахтан башка сыйы-
нууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк
беребиз. Айткан келмебизге жүрөгүбүз менен ишенебиз. Ал-
лахтын, Жалгыз жана шериги жоктугуна, Жараатуучу жана
Кудреттүүлүгүнө, Тирүү жана эч качан өлбөстүгүнө, Баардык
ааламды башкаруучу жана ибаадат кылууга татыктуу зат
экенине ишенген соң, Ага гана ибаадат кылабыз. Аллах Та-
ала канча пайгамбар жиберген болсо, алардын баары «Лаа
илааhа ил-Лаллооh» келмесин жеткиришти. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы, алгачкы пайгам-
барлык доорунда ыйман үчүн мээнет кылды. Анткени адамга
ыйман кирмейинче, ал ибаадат кыла албайт. Ыйман келмеси
эң алгачкы милдет жана эң акыркы милдет. Тагыраак айткан-
да, адам мусулман болуу үчүн ыйман келмесин айтуу керек.
Ошондой эле өлүм алдында дагы ыйман келмесин айтуу ке-
рек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир хадисте:
үлгү
19
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– «Лаа илааhа ил-Лаллооhу, бейиштин ачкычы» – деп айт-
кан. Улуу сахабалардын бири Муаз ибни Жабал (Аллах андан
ыраазы болсун) бир жолу чогулуп отурган адамдарга мындай
деди:
– Азыр силерге сүйүнүчтүү кабар айтамын. Мен, Пайгам-
барыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир сөз
уккан элем. Бирок, силерди ошого таянып албасын деп ушул
күнгө чейин айтпай жүрдүм. Эми мага өлүм жакындап калды,
эгер бул сөздү айтпастан өтүп кетсем, күнөөкөр болуп калам.
Анткени билгенин жашырып башкаларга айтпаган адам кыя-
мат күнү оттон жасалган жүгөн менен жүгөндөлөт. Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мага:
– «Кимдин өлүм алдындагы эң акыркы сөзү «Лаа илааhа
ил-Лаллооh» болсо, ал бейишке кирет» – деп айткан.
«Лаа илааhа ил-Лаллооh» келмеси менен өткөн адам кай-
сы бир күнөөлөрү үчүн азапталса да, баары бир бейишке ки-
рет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кимдин жүрөгүндө, кыпындын салмагындай ыйманы
болсо, тозоктон чыгарылып бейишке киргизилет» – деген.
Диндеги эң такыба адам деген атка конгон Хасан Ал-Басрий
бир досунан кабар алганы үйүнө келет. Досу төшөктө, өтө оор
абалда жатат. Хасан Ал-Басрий:
– Досум, азыр эмнени көрүп турасың – деп сурайт. Анда
досу:
– Өтө шашылыш келген өлүмдү көрүп турам, бирок
андан
кутулууга эч кандай айлам жок. Аябай коркунучтуу мүрзөнү
көрүп турам, бирок ал жерде мени менен бирге боло турган
жолдошум жок. Жагымдуу, кооздолгон бейишти көрүп ту-
рам, бирок ал жерге алып баруучу амалым жок. Жагымсыз,
алоолонгон тозокту көрүп турам, бирок андан сактап калуу-
чу жардамчым жок. Илинип коюлган таразаны көрүп турам,
бирок ага салмак болуучу соопторум жок. Тартылган кыл
көпүрөнү көрүп турам, бирок андан алып өтүүчү жандоо-
чум жок. Кечиримдүү, Боорукер Аллахты көрүп турам, би-
рок Анын алдына алып баруучу эч кандай далилим жок – деп
үлгү
20
БЕЙИШ ЖОЛУ жооп берет. Досу кайтыш болгондон кийин Хасан Ал-Басрий
түшүндө көрөт да: – абалың эмне болду – деп сурайт. Анда ал:
Аллах мени өз ырайымы менен Лаа илааhа ил-Лаллооh кел-
месинин урматы үчүн бейишке киргизди деп жооп берет. Бул
келме, бул дүйнөдө ак-таза жашоого, акыретте болсо бейиште
болууга жардам берет. Бул келме жети сөздөн турат. Ким ага
амал кылып жашап өтсө, ага тозоктун жети эшиги жабык бо-
лот. Бул келме жыйырма төрт тамгадан турат. Ким ага амал
кылып жашаса, анын жыйырма төрт саат ичиндеги жасаган
кылган күнөөлөрү кечирилет. Ким бул дүйнөдө ыйык келме-
ни жүрөгүнө киргизсе, өлүм алдында аны айтуу жеңил болот.
Мисирде бир ооруканада мындай окуя болот. Ооруканага авто
кырсыкка кабылган эки адамды алып келишет. Дарыгер алар-
ды карап, текшергенден кийин, алардын жашап кетүүсүнө
көзү жетпей, аларга келме айттырууга аракет кылат. Алардын
бирине «Лаа илааhа ил-Лаллооh» деп айткан сайын аны кай-
талоонун ордуна, тамеки бергиле деп кайра-кайра айтат да,
башка бир сөз айта албастан көз жумат. Экинчисине келме-
ни айтканда, ал дарыгерге карап: сен Ла илааhа ил-Лаллооh
келмесин туура эмес айтып жатасың, келмени Лааа илааhа
илла-Лооhу деп созуп айтуу керек деп ага үйрөтүп, анан жан
берет. Бул дүйнөдө жүрөк эмнеге толсо, өлүм алдында ошону
эстейт. Аллахым ар бирибизге ыйман келмеси менен өтүүнү
насип кыл.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Качан инсан кабырга коюлган кезде, ага эң биринчи
берилген суроо дагы «Рообуң ким» деп, ыйман келмеси ту-
уралуу болот. Ал эми, Кыяматта бейиштин алдына келген
кезде, бейиштин эшигине да ушул ыйман келмеси жазылып
коюлган. Лаа илааhа илла-Лооh менен жашайбыз, Лаа илааhа
илла-Лооh менен жан беребиз. Лаа илааhа илла-Лооh менен
кабырга киребиз, Лаа илааhа илла-Лооh менен Мункар-На-
кирдин суроосуна жооп беребиз. Лаа илааhа илла-Лооh менен
Махшар майданына тирилебиз, Лаа илааhа илла-Лооh менен
Аллахтын алдында сурак беребиз. Лаа илааhа илла-Лооh ме-
үлгү
21
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
нен сирот көпүрөсүнөн өтөбүз, Лаа илааhа илла-Лооh менен
бейишке киребиз. Биздин бактыбыз бир гана ушул келмеде.
Башка эч нерседе бактылуулук жок.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Өлүм периштеси эшигибизди кагып келгенге чейин, ый-
ман келмесин жүрөгүбүзгө киргизели. Өзүбүз ага амал кы-
лып, башкаларды да ага чакыралы. Өзүбүзгө каалаган бейиш-
ти, башкаларга да ыраа көрөлү.
Аллахым, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман келмесин
жайгаштаргын.
Аллахым, ар бирибизди ушул келме менен жашап, ушул
келме менен өтүүнү насип кыл.
Аллахым, баарыбыздын билип жана билбей жасаган
күнөөлөрүбөздү кечирип, улуу Бейишиңде чогуу кыл. Ассала-
аму алайкум ва рахматул-Лоhи ва баракатуху.
үлгү
22
БЕЙИШ ЖОЛУ Тообага шашыл
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
ырай-
ымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын
жарату-
учусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз,
кетирген күнөөлөрүбүздү
кечирүүсүн суранабыз.
Нафсибиздин
жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай алыс кыл
жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
баардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзат-
ты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө
кудреттүү. Ал, Аллах пенденин ката кетирүүчү экенин билет
жана кетирген катаалар үчүн кылынган тообаларды кабыл кы-
лат. Ал, Аллах Тообаларды кабыл кылуучу жана Кечиримдүү.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдарга
бул дүйнөнүн убактылуу экендигин эскертип, чыныгы жашоо-
го күнөөлөрдөн таза болуп барууга чакырган. Өз үммөтүнө үлгү
болуу үчүн, бир күндө жүздөн көбүрөөк тооба кылып, кечирим
тилеген улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө
жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун)
үлгү
23
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– «Баардык адам балдары ката кетирүүчү, ката
кетирүүчүлөрдүн эң жакшысы тооба кылуучулар» – деп айт-
кан. Келгиле ар бирибиз өзүбүздү бир карап көрөлү. Балагат
жашына жеткен күндөн бери кимибиз канча күнөө жасадык
экен? Эгер ошол күндөн берки күнөөлөрүбүздү камерага
тартып сактап коюуга мүмкүн болгондо, азыр бир нече күн
көрүүгө туура келген узун киного айланат эле. Бирок, биз
жасаган күнөөбүздү кайра унутуп калгандыгыбыздан, азыр
эч кандай күнөөсү жок адамдай болуп жүрөбүз. Эгерде биз-
дин жасаган күнөөлөрүбүздөн сасык жыт чыгып туруучу бол-
гондо, биз бир жерге чогулуп отура албай калат элек. Бирок,
биздин күнөөлөрүбүздөн жыт чыкпайт, биз таптаза адамдай
болуп жүрө беребиз. Ооба, күнөөлөрүбүз көп. Эртең, Аллах
Тааланын алдына тонналаган күнөөлөрдү көтөрүп барсак
абалыбыз эмне болот? Ошол, Аллахтын алдында ат көтөргүс
күнөөнү мойнубузга көтөрүп, жардам берчү атабыз, колдоо
көрсөтүүчү кызматыбыз, таянып алган байлыгыбыз жок, эмне
кылууну билбей калтырап-титиреп туруучу күндү элестетип
көрдүңөрбү? Ошол, ата баласынан, эне кызынан качкан, бо-
юнда барлар боюндагысын чыгарып салган, көздөр чакчай-
ып, жүрөктөр калтырап, балтырлар титиреген күндө, күнөө
баткагына белчебизден батып, Аллахтын алдында турган аба-
лыбызды бир элестетип көрөлүчү.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Убагында билбестен жасап койгон, же билип туруп,
шайтандын азгырыгы менен кылып койгон күнөөлөрдөн ку-
тулуунун жолу барбы? Албетте бар. Аллах Таала өзүнүн чек-
сиз мээримдүүлүгү менен пендесинин кылган күнөөлөрүн
кечирүү үчүн тооба эшиктерин ачып койгон. Аллах Таала чек-
сиз илимдүү зат, Ал, пенделеринин ар бир минут сайын күнөө
жасап турарын жакшы билет. Ошондуктан өз пендесине, эне-
нин баласына болгон мээриминен да ашыкча мээримдүүлүк
менен алардын кылган тообаларын кабыл кылат. Аллах Таала
пенденин түн ичинде жасаган күнөөсүн кечирүү үчүн күндүзү
күтүп турат. Ал эми күндүзү жасаган күнөөсүн кечирүү үчүн,
үлгү
24
БЕЙИШ ЖОЛУ түндөсү күтүп турат. Аллахтын кечирими чексиз. Аллах Та-
ала: «Эй менин өздөрүнө зыян кылып жаткан пенделерим.
Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула. Аллах Баардык
күнөөлөрдү кечирет» – деп айткан. Чындыгында Аллах Таала
кечиримдүү. Бирок, Аллах күнөөлөрдү кечирүүсү үчүн тооба
кылууну унутпообуз зарыл. Чын ыклас менен, баардык шарт-
тарын аткарып тооба кылсак, Аллах Таала аны кабыл кылат.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
хадисинде мындай деген:
– «Силерден мурдагы коомдо, бир адам токсон тогуз
адамды өлтүрөт. Анан, бул күнөөдөн кутулуунун кандай жолу
бар экенин билүү үчүн, илимдүү адамды издеп жөнөйт. Ага, ар
дайым кудайга сыйынып жүргөн бир адамды көрсөтүшөт. Ал,
сыйынуучудан:
– Токсон тогуз адамды өлтүргөн кишинин тообасы кабыл
болобу? – деп сурайт.
– Жок, тообасы кабыл болбойт – дейт сыйынуучу.
Ошол замат жүзүнчү кылып тигини да өлтүрөт. Кайра-
дан илимдүү адамды издей баштайт. Ага илимдүү адамды
көрсөтүшөт. Андан:
– Жүз адамды өлтүргөн адамдын тообасы кабыл болобу?
– деп сурайт.
– Ооба, Аллах менен тообанын ортосун ким тосо алмак
эле. Бирок, сен өз жериңе барбагын. Ал жерде жаман адамдар
жашайт. Сен тиги жерге баргын, бул жерде Аллахга сыйынган
адамдар жашайт – дейт илимдүү адам.
Тиги, илимдүү адам айткан жакшы адамдар жашоочу
жерге жөнөйт. Бирок, ал жерге жетпестен, жарым жолдо каза
болуп калат. Ошондо, аны азап периштеси менен рахмат пе-
риштеси талаша баштайт.
– Бул тооба кылып, Аллахга жүздөнүп бараткан – дейт
рахмат периштеси.
– Бул эч кандай жакшылык кылган эмес – дейт азап периш-
теси. Ошол мезгилде, Аллах Таала аларга адам сүрөтүндөгү
периштени жөнөтөт. Периште келип, аларга:
үлгү
25
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– Ал турган жерди ченегиле, кайсы адамдар жашаган
жерге жакын болсо, ошолордон болсун – деп өкүм чыгарат.
Жерди ченешкенде, Аллахтын каалоосу менен жакшы
адамдар жашаган жерге бир карыш жакын болуп чыгат да,
аны рахмат периштелери алып кетет».
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Эгерде, тооба шариятта көрсөтүлгөндөй аткарылса,
күнөө канчалык чоң болсо да Аллах Таала аны кечирет. Эң би-
ринчи кезекте, тооба деген эмне экенин билип алуубуз керек.
Тооба – бул, Аллахка жакпаган жаман (күнөө) ишти токтотуп,
Аллахка жаккан (сооп) ишти аткара баштоо болуп эсептелет.
Тообанын эң негизгиси – каапырлыкты таштап, ыйман-
дуулукка кайтуу. Башкача айтканда, Исламга ишенбей, дин-
сиз жашап жүргөн адам, динди таанып,чыныгы дин болгон
Ислам динин кабыл алса, эң даражасы бийик тооба ушул бо-
лот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ислам, өзүнөн мурдагы күнөөлөрдү жууп кетирет» –
деген. Андан кийинки даражадагы тооба, чоң күнөөлөргө то-
оба кылуу. Ислам дининде, жасаган ибаадаттар аркылуу ке-
чирилбей турган, тооба кылуу аркылуу гана кечириле турган
чоң күнөөлөр бар. Мына ушул күнөөлөрдү таштап, Аллахка
кайтуу, эң жакшы тооба болуп эсептелет. Андан кийинки тоо-
ба, кичине күнөөлөргө тооба кылуу. Тообанын кабыл болуусу
үчүн үч шарт бар:
1. Ошол күнөө ишти аткарууну токтотуу. Мисалы: Бир
адам арак ичип жүргөн. Анан, арак ичүү күнөө экенин билди.
Билген соң арак ичүүнү дароо токтотуусу зарыл.
2. Ошол күнөө ишти жасап жүргөнүнө өкүнүү. Мисалы:
Ошол эле арак ичип жүргөн адам, арак ичип жүргөн күндөрүнө
өкүнүүсү керек.
3. Ошол күнөө ишти кайра аткарбоого убада берип, бер-
ген убадасын аткаруусу керек. Эгерде ошол күнөө иш, Ал-
лах менен өзүнүн ортосунда гана эмес, башка бир пендеге
да тиешелүү болсо, анда бул шарттардан тышкары дагы бир
шарт кошулат. Башкача айтканда, ошол адамдан дагы кечи-
үлгү
26
БЕЙИШ ЖОЛУ рим сурап, аны ыраазы кылуу керек. Ошондой эле тооба, то-
обалар кабыл кылына турган убакта болууга тийиш. Тооба
кабыл болуучу убакыт, адамдын кекиртегине гаргара (өлүм)
келип калгыча жана кыямат башталып кеткенче болот. Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Чындыгында Аллах Таала пенденин тообасын, өлүм
кекиртегине келгенге чейин жана Кыямат башталганга чей-
ин кабыл кылат» – деген. Анан албетте, тооба Аллахтын ыра-
азычылыгы үчүн б.а. калыс Аллах үчүн болууга тийиш. Аш-
казаны ооруп аракты таштоо, милициядан коркуп уурулукту
токтотуу, акчасы жок зына кылбай калуу ж.б.у.с. тооба кылуу
болуп эсептелбейт. Тооба, бир гана Аллахты ыраазы кылып,
күнөөлөрдөн тазалануу үчүн болууга тийиш.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ислам дини Аллах Таала өзү ыраазы болгон дин. Динибиз-
де бир амалды жасоо менен бир гана пайдага жетишпейсиң.
Тескерисинче бир амалды жасоо менен бир канча пайда
табасың. Жөнөкөй бир мисал келтирейин. «Үйүнө киргенде,
Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху деп са-
лам айтып кирсе, үйдө береке болот» – деп айткан Пайгам-
барыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ошол эле
учурда, бул саламдагы үч сөз үчүн отуз соопко ээ болосуң.
Анан да, Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) сүннөтүн аткарган болосуң. Ошондой эле тооба кылууну
карап көрөлү. Тообаны өзүбүздүн кетирген күнөөлөрүбүздөн
кутулуу үчүн аткарабыз, бирок ошол себептүү Аллах Таала
бизге көптөгөн жакшылыктарды берет. Биз тооба кылуу ме-
нен Аллахтын жана Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) буйругун аткарган болобуз. Анткени,
Аллах Таала Кураанда: «Оо, ыймандуулар! Аллахка чындап то-
оба кылгыла» – деп буйруган. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы:
– «Оо адамдар! Аллахка тооба кылгыла жана андан ке-
чирим сурагыла. Аллахка ант ичип айтамын, мен бир күндө
жүздөн көбүрөөк тооба кыламын» – деп айткан. Чындыгында
үлгү
27
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
тооба кылуу менен Аллахтын жана Анын элчисинин буйругун
аткарабыз. Ал эми Аллахтын жана Анын элчисинин буйругун
аткаруу өтө сооптуу жана зарыл амал.
Тооба кылуучуларды Аллах Таала жакшы көрөт. Аллах Таала
Куранда: «Чындыгында, Аллах Таала тооба кылуучуларды жана
тазалануучуларды жакшы көрөт» – деп айткан. Аллах Таалага
жакшы көрүнүү, Аллахтын сүйүктүү пендеси болуу, мусулман
үчүн өтө баалуу нерсе. Ар бирибиздин максатыбыз, Аллахка
сүйүктүү пенде болуу эмеспи.
Ошондой эле пенде, тооба кылуу менен Аллах Тааланы
кубандырат. Бир хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун)
– «Ээн чөлдө бир адам төөсүн колунан чыгарып жиберет.
Анын суусу да, азыгы да төөсү менен бирге кетет. Тигинин
жашоодон үмүтү үзүлүп, бир дарактын көлөкөсүнө отурат.
Кокустан, ага төөсү кайра келип калат. Ал төөсүн ноктосу-
нан кармап, катуу кубангандыктан: Оо, Аллахым сен менин
кулумсуң, мен сенин кожоюнуңмун деп айтып жиберет. Чын-
дыгында ал катуу кубангандыктан адашып кетти. Ал эми пен-
десинин тообасына, Аллах Таала, тиги адамдан да көбүрөөк
кубанат» – деп айткан.
Ошондой эле тооба кылуучулар, акыретте чоң ийгиликке
жетишет. Аллах Таала: «Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка
гана тооба кылгыла. Балким (азаптан) кутулаарсыңар» – деп
айткан. Ал эми Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун)
– «Күнөөдөн тооба кылуучу, күнөөсү жок адам сыяктуу
болот» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бул жалган дүйнөдөгү күнөөлөрдөн кутулуп, чыныгы жа-
шоого таза баруу баарыбыздын тилегибиз. Андыктан, кээ бир
кичине күнөөлөрдү жоюп жок кылуучу амалдарды айта кете-
ли. Аллах Таала, кээ бир амалдардын себеби менен кичине
күнөөлөрдү кечирет. Мисалы:
Даарат алуу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-сала-
үлгү
28
БЕЙИШ ЖОЛУ ваты болсун)
– «Кимде-ким жакшылап даарат алса, анын тырмактарынын
түбүнө чейинки күнөөлөрү чыгып кетет» – деп айткан.
Беш убакыт намазды окуу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун)
– «Эшик алдында агып жаткан дарыяга бир күндө беш жолу
жуунган адамдын денесинде кир калабы»? – деп сурады сахаба-
ларынан. – Жок – деп жооп беришти алар.
– «Ошондой эле беш убакыт намаз менен Аллах Таала
пенденин күнөөсүн кетирет» – деди Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун).
Жума намазын окуу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун)
– «Жума намазын окуган адамдын өткөн жумадан берки
күнөөлөрү кечирилет, эгер чоң күнөөлөрдөн алыс болсо» – деп
айткан.
Мечитке көп баруу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким үйүнөн жакшы даарат алып, парз намазын
окуу үчүн мечитке жөнөсө, бир кадамына күнөөсү кечирилип,
бир кадамына даражасы көтөрүлөт» – деген.
Таравих намазын окуу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким, Рамазан айында ишенүү жана сооп үмүт
кылуу менен (намазга) турса, анын өткөн күнөөлөрү кечири-
лет» – деп айткан.
Кадыр кечесинде туруу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким, Кадыр кечесинде ишенүү жана сооп үмүт
кылуу менен турса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» – деп
айткан.
Ажылык амалын аткаруу. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким, ажылык амалын аткарууда бузук жана
күнөө иштерди кылбаса, үйүнө энеден жаңы төрөлгөндөй бо-
үлгү
29
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
луп кайтат» – деп айткан.
Белгилүү сөздөр менен Аллахты эстөө. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким, бир күндө жүз жолу: «Субхаанал-Лоохи ва
бихамдика» деп айтса, деңиздин көбүгүндөй көп катаалары
болсо да өчүрүлөт» – деп айткан.
Садака берүү. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун)
- «Суу отту өчүргөн сыяктуу, садака күнөөнү өчүрөт» – деп
айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мусулман адам үчүн, күнөөдөн кутулуу, күнөөдөн тазалануу
өтө кубанычтуу иш. Бүгүн биз, үйлөнсөк кандай кубанабыз. Ба-
лалуу болсок кандай кубанабыз. Ал эми чыныгы кубана турган
иш бул тооба кылып, күнөөдөн таза болуу. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) Табук согушуна аттанган кез-
де, көптөгөн мунаафыктар (эки жүздүүлөр) урушка чыкпастан
калып калышат. Анткени, бул уруш күн аябай ысып турган жана
курмалар бышып, терип алууга даяр болуп калган учурда болгон
болчу. Ошол сексенден ашуун мунаафыктардын катарында, Каьб
ибни Малик жана андан сырткары эки сахаба да урушка чыкпай
калышат. Чындыгында Каьбтын бул уруштан калып калуусуна эч
кандай себеби жок эле. Анын мине турган улоосу да, жей турган
азыгы да бар эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) жана анын сахабалары Табук согушунан кайтып келген
соң, урушка катышпай калган мунаафыктар биринин артынан
бири кирип актанып, ар кандай шылтоолорун айтышты. Каьб
жана анын эки жолдошу Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) кирип, эч кандай себеби жок эле урушка
барбай койгонун айтышты. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) алардын чын айтканын билди да, булар-
га өкүмдү Аллах Таала чыгарат деп койду. Ошол күндөн баштап
Пайгамбарыбыз алар менен сүйлөшпөй калды. Алардын сала-
мына жооп бердиби же жокпу, анысы да билинбейт эле. Ошон-
дой эле, сахабаларга да, аларга сүйлөөгө тыюу салып койду. Каьб
үлгү
30
БЕЙИШ ЖОЛУ өзүнүн жакын туугандарына салам айтса, алар да жооп бербейт
эле. Ошол убакта алардын жашоосу караңгы түнгө айланды. Алар
кемчиликтери үчүн Аллахка тооба кылып күнү-түнү жалынып-
жалбарышты. Каьб кайраттуу жаш адам болгондуктан, мечитке
жана базарларга барып жүрдү. Ар эми анын эки жолдошу үйдөн
чыга албай калышты. Алардын көз жаштарынан беттерине из
пайда болду. Алар канчалык кыйналган менен, Пайгамбарыбыз
аларга эч кандай сөз айткан жок. Ошентип арадан элүү күн өттү.
Бул элүү күн алар үчүн элүү жылдан да узун болду. Бир күнү ба-
гымдат намазынын убагында, Аллах Таала: «Согуштан калган
үчөөнүн да тообалары кабыл кылынды. Аларга кенен жер абдан
тарып кеткен болчу. Алардын жүрөктөрү кысылып кеткен эле.
Аллахтан башка эч кандай сактап калуучу жок экенин билишти.
Ошондон кийин Аллах алардын тообаларын кабыл кылды. Чын-
дыгында, Аллах Тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү» – деген
аятты түшүрдү. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) бул аятты өтө кубануу менен окуп берди. Аны уккан са-
хабалар, кубанычы коюнуна батпай, Каьбка сүйүнчүлөө үчүн ша-
шып жөнөштү. Бирөөсү чуркап жөнөдү. Бирөөсү улоосуна минип,
чаап жөнөдү. Бул учурда Каьб үйдүн сыртында турган. Алыстан
келе жаткан сахаба ага: Эй, Каьб! Сүйүнчү кабар келди. Аллах
силердин тообаңарды кабыл кылды – деп кыйкырды. Кубанычы
койнуна батпаган Каьб, үстүндөгү көйнөгүн чечип, сүйүнчүлөгөн
адамга бере коюп, мечитти көздөй чуркады. Мечитке келип, са-
лам бергенде Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) баштаган баардык сахабалар, саламына жооп бериш-
ти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны
жылмайган жылуу жүзү менен тосуп алды. Каьб, Пайгамбары-
бызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) карап:
– Оо, Аллахтын элчиси, бул сенин сөзүңбү же Аллахтын
сөзүбү – деп сурады.
– «Бул Аллахтын сөзү» – деп жооп берди Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ошондо Каьб, дароо
сеждеге жыгылып Аллахка мактоо айтты. Буга чейин кайгы-
дан көз жашы тыйылган эмес болсо, бул жолу кубанычтын көз
үлгү
31
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
жашы агып жатты. Алардын тообасынын кабыл болгонуна,
алардан да ашыкча кубанган Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун)
– «Оо, Каьб. Бул күн сен энеден төрөлгөндөн берки эң
бактылуу күн болду» – деди.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Чындыгында Каьб көп эле бактылуу убакыттарды башы-
нан өткөргөн эле. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) анын жашоосундагы эң бактылуу күн,
тообасы кабыл кылынган күн болду деп айтты. Демек, азыркы
учурда биз эң бактылуу күнүм деп эсептеп жүргөн, машина
утуп алган күнүбүз, жогорку кызматка көтөрүлгөн күнүбүз,
бизнестен жакшы киреше түшкөн күнүбүз ж.б. бактылуу
күн эмес экен. Пенденин эң бактылуу күнү, анын кетирген
күнөөлөрү кечирилип, кылган тообалары кабыл кылынган
күн экен.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Келгиле бүгүндөн баштап, ар бир күнөөбүз үчүн Аллахка то-
оба кылалы. Жөн гана тооба кылдым деп ооз менен айтып койбо-
стон, Каьб сыяктуу, анын жолдоштору сыяктуу, көз жашыбызды
көлдөтүп, чын ыкласыбыз менен тооба кылалы. Өткөн жана ке-
лечек күнөөлөрү кечирилген, күнөөдөн чыгыш менен батыштай
алыс болгон, улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) бир күндө жүз жолу, кээде андан да көп тооба кы-
лат эле. Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
сүннөтүнө, Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) шапаатына муктаж болгон үммөттөрү катары биз дагы то-
оба кылалы. Аллахтын чексиз мээрими менен ачылып коюлган
тооба эшиктери жабылып калганга чейин тооба кылууга шашы-
лалы. Аллах берген өмүр кемеси токтоп, Аллахтын алдына барып
калчу күн келгенге чейин тооба кылып калалы.
Аллахым, өзүңө алакан жайып, тизе бүктүк. Биздин ке-
тирген күнөөлөрүбүздү кечиргин.
Аллахым, өз ырайымыңдан үмүт кылып өзүңө тооба кы-
лабыз. Биздин тообаларыбызды кабыл кылгын.
үлгү
32
БЕЙИШ ЖОЛУ Аллахым, тооба эшиктериңди жапканга чейин, биздин
тообаларыбызды кабыл кылгын.
Аллахым, карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жак-
шы адеп-ахлак бергин. Бүгүн ушул жерде кандай чогулган
болсок, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу
кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху.
үлгү
33
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Сабыр түбү сары алтын
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохим. Оо, Аллахым бардык
мактоолор сенин өзүңө болсун. Сен Мээримдүүлөрдүн
мээримдүүсүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Сен бизди азап-
тоого кудуреттүүсүң, бирок бизди азабыңа алба. Сен ырайым-
дуулардын ырайымдуусусуң, бизди өз ырайымың менен кара.
Сен бизди жазалоого акылуусуң бирок ачууң менен караба.
Оо, Аллахым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, арабызда
ыймандуу адамдардын санын көбөйт, аларды азайтпа.
Оо, Аллахым, улуу Пайгамбардын сүннөтү менен жашоо-
ну насип кыл, ажал жетип бул дүйнөдөн сапар кылганда, Пай-
гамбардын үммөтү болуп кетүүнү буйругун,
Өзүңдүн алдыңда
тирилүүчү күн келгенде, Пайгамбардын айланасында тирилт-
кин.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Андан башка сыйынуу-
га татыктуу зат жок. Ким Аллахка таянса, Аллах аны ызаттуу
кылат. Ким Аллахтан башкага таянса, ал ошол таянычы менен
бирге кор болот. Ал, Аллах өтө сабырдуу, Аллахтын сабырдуу-
лугуна эч кандай чек жок. Ал, Аллах өз пенделерин да сабыр-
дуу болууга чакырган жана ыйык Кураанда өзүнүн сабырдуу-
лар менен бирге болуусу жөнүндө кабар берип: «Чындыгында
Аллах сабырдуулар менен бирге» деп айткан.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын эң акыркы элчиси жана кулу. Ал, Пайгам-
бар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сабырдуулуктун эң
жогорку чегине көтөрүлгөн. Акылсыз тентектерден таяк жеп,
бут кийимдери канга толуп турган учурда да, сабырдуулугу
менен аларга жаман сөз айтпай, Аллахым булардын күнөөсүн
кечир деп дуба кылган. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-
үлгү
34
БЕЙИШ ЖОЛУ салаваты болсун) өз үммөтүн да сабырдуу болууга чакырып,
«чындыгында сабырдуулук бул – ыйман» деп айткан. Сабырду-
улукту ыймандуулуктун белгиси деп даңаза кылган улуу Пай-
гамбарга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын
саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сабырдуулук деген эмне? Кандай иштерге биз сабыр кы-
луубуз керек? Сабырдуу адамдар кандай сыйлыктарга ээ бо-
лот?
Ыймандуу адам үч учурда сабыр кылуусу зарыл:
1. Аллахка ибаадат кылууда. Мисалы: (Эртең менен жы-
луу төшөктөн туруп, даарат алып намаз окууда. Ысык узун
күндөрдө орозо кармоодо ж.б.у.с.)
2. Аллах тыюу салган күнөө иштерден тыйылууда. Миса-
лы: (Арам, жеңил жолдор менен тамак табуудан. Аялдар ме-
нен ойноштук кылуудан ж.б.у.с.)
3. Аллахтын жазган тагдырына сабыр кылуу. Мисалы:
(Жакын адамынан ажыроодо. Ооруп калууда. Ырыскысынын
тар болуусуна ж.б.у.с.)
Мына ушул үч учурда сабыр кыла алган адам чыныгы са-
бырдуу адам болуп эсептелет. Аллах Таала Кураанда : «Оо,
ыймандуулар! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Чын-
дыгында, Аллах, сабырдуулар менен бирге. Силер Аллахтын жо-
лунда өлтүрүлгөн адамдарды «өлүктөр» деп айтпагыла. Андай
эмес, алар тирүү. Бирок, силер муну сезбейсиңер. Чындыгында,
Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктүн, жан-дененин жана
мөмө-жемиштердин каатчылыгы сыяктуу нерселер менен сы-
найбыз. Сабыр кылуучуларга (Бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды
угуз. (Аллах Таала тарабынан) бир кырсык жеткенде: «баардыгы-
быз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз»
деген адамдарга…Дал ошолорго Раббиси тарабынан мактоо,
ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр». (Бака-
ра. 153-156-аяттар).
Демек, Аллахтын ар бир сыноосуна сабырдуулук менен
жооп берген адамдарга Аллахтын ырайымы болот. Экинчи
үлгү
35
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
бир аятта Аллах Таала : «Саабырдуулардын сыйлыгын эсепсиз
кылып беремин» – деп убада кылган. Анткени сабырдуулук,
ыймандуулуктун белгиси. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Ыйман эки бөлүктөн турат: сабыр жана шүгүр» – деп
айткан. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) сахабаларынан:
– «Силер ыймандуусуңарбы? – деп сурап калат. Сахабалар
унчукпай калышканда, Умар (Аллах андан ыраазы болсун)
Пайгамбарыбызга карап:
– Ооба. Оо, Аллахтын элчиси, биз ыймандуубуз – деп
жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун)
– «Ыйманыңардын белгиси эмне» – деп сурайт. Сахабалар
кайрадан унчукпай калышканда, Умар: (Аллах андан ыраазы
болсун)
– Оо, Аллахтын элчиси. Аллахтын берген жакшылыктарына
шүгүр кылабыз, кыйынчылыктарына сабыр кыла-
быз жана тагдырына ыраазы болобуз – деп жооп берет. Ошон-
до Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Каабанын Роббусуна ант ичем, силер ыймандуусуңар
»
– дейт. Демек ыймандын толук болуусу үчүн сабырдуулук өтө
зарыл. Ыйманга байланышкан дагы бир хадисте Пайгамбары-
быз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Сабырдуулук ыймандын башы» – деп айткан. Башы жок
адамды элестете албаган сыяктуу эле, сабырдуулуксуз
ыйман-
ды элестетүүгө болбойт. Сабырдуулук, адамды бул жашоодо да
акырет жашоосунда да бактылуулукка гана алып барат. Пай-
гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
хадисинде:
– «Пенде кабырга коюлуп, андан сурак алуу үчүн периш-
телер келген кезде, ал адамдын окуп жүргөн Курааны баш
тарабынан келип колдоо сурайт. Периштелер
оң тарабына
келишсе, оң тарабынан окуган намазы колдоо сурайт. Сол та-
рабына келишсе, кармаган орозосу колдоо сурайт. Бут тара-
үлгү
36
БЕЙИШ ЖОЛУ бына келишсе, башка жакшы амалдары колдоо сурайт. Ал эми
сабырдуулугу үчүн берилген сыйлыгы кыяматка чейин бирге
болуп, пенде бейишке киргенде гана андан ажырайт» – деп
айтылган. Демек адамдын бейишке кирүүсүнө сабырдуулук-
тун себеби өтө чоң. Ошол себептен Пайгамбарыбыз: (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
– «Сабырдуулук-бул бейиштин кендеринин бири» – деп
айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бизге жашоо берип, жашоонун жолун көрсөткөн Аллах
Тааланын бир аты да Ассабуур-Сабырдуу. Чынында Аллахтын
сабырынын чеги жок. Бизге кимдир-бирөө жаман мамиле
жасаса, бир жолу, эки жолу, ашып кетсе үч жолу кечиребиз.
Бирок Аллах Таала, Ага канча күнөө кылсак да кечире берет.
Анын буйруктарын аткарбай, тескери жолдо жүргөндөргө да
жашоо, ырыскы бере берет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллахтын тагдыры менен ар бир жанга өлүм кайгысы ке-
лет. Ата-энесинен, наристе балдарынан же бир тууганынан
ажыроо албетте оор нерсе. Бирок өз жакынынан ажыраган
учурда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, сабыр кылып жана
сооп үмүт кылган адамдарды Аллах Таала эки дүйнөдө бакты-
луу кылат. Улуу сахабалардын бири Хубайбдын (Аллах андан
ыраазы болсун) кичинекей баласы ооруп калат да, атасы сапар-
дан келгенче кайтыш болуп калат. Хубайб (Аллах андан ыраа-
зы болсун) үйүнө келгенде аялы күлүп-жайнап тосуп алат. Эч
нерсе болбогондой тамагын берип сыйлайт. Андан соң экөө жа-
кындашат. Ошондон кийин гана күйөөсүнө кайрылып:
– Эгерде, бир адам кошунасынын буюмун сурап алып пай-
даланса, кийин кошунасы буюмун кайра берүүсүн өтүнгөндө,
буюмун кайтарбай ага нараазы болсо, туура болобу? – деп су-
райт. Хубайб:
– Жок. Андай кылуу туура эмес. Берүүчү, берген нерсесин
алууга акылуу – деп жооп берет. Ошондо аялы:
үлгү
37
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– Эгер ушул айтканың чын болсо анда сабыр кыл. Аллах
бизге берген перзентибизди кайра алып кетти – деп айтат.
Ушунча иш болгончо эмне айтпадың деп ачууланган Хубайб
(Аллах андан ыраазы болсун) дароо Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнөйт. Пайгамбарыбызга
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип, болгон окуя-
ны айтып берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) аялдын сабырдуулугуна ыраазы болуп
аларга дуба кылат. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) берекелүү дубасынын себеби менен Хубайб
(Аллах андан ыраазы болсун) балалуу болот. Баласынын атын
Абдуллах коёт. Кийин, Абдуллах сегиз балалуу болот. Алардын
баары Кураанды толук жаттаган хаафиз болушат. Бул, сабыр-
дуулук үчүн Аллахтын бул жашоодо берген сыйлыгы. Ал эми
акыретте сабырдуулар үчүн чексиз сыйлыктар даярдалып ко-
юлган. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун)
– «Бир адамдын наристеси кайтыш болгондо, Аллах Таа-
ла периштелерден: – Пендемдин наристесинин жанын
алып
келдиңерби – деп сурайт. Алар: – ооба – деп жооп беришет.
Пендем кандай абалда калды – дейт Аллах Таала. Ал, тагдырга
ыраазы болуп, сабыр кылып, сага мактоо айтып калды – дешет
периштелер. Ошондо Аллах Таала: Ага бейиштен үй даярдап,
ал үйдү мактоо үйү деп атап койгула – деп айтат» – деген. Дагы
бир хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
– «Балагат жашына жетпестен өтүп кеткен наристелер кы-
яматта ата-энесине шапаат суранышат. Алар: – Оо, Аллахым.
Биз башка балдардай ата-энебиздин мээримин көрбөдүк. Эми
бул жашоодо бизге мүмкүнчүлүк бер, ата-энебиз менен бей-
иште бирге бололу деп айтышат» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сабырдуулук, адамды тозокко жетелеп баруучу напсинин
каалоосунан тыйып турат. Эгер адамда сабырдуулук
болбосо
напсинин каалоосуна кул болот да, жаман күнөөлөрдү жасай
үлгү
38
БЕЙИШ ЖОЛУ берет. Ислам аалымдарынын бири:
– Эң чоң сыйынуучу бутуң (идоль) өзүңдүн напсиң – деп
айткан. Демек биз, тоого-ташка сыйынбаганыбыз менен нап-
сибизди тыя албасак, анда напсиге сыйынган болуп калабыз.
Ал эми напсиге сыйынуудан бизди сабырдуулук гана кайтара
алат. Сабырдуулук сыпаты кимге берилсе ошол эң бактылуу
адам. Ошондуктан Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун)
– «Эгер сабырдуулук адам болгондо өтө кереметтүү адам бо-
лот эле» – деп айткан. Аллахым ар бирибизге сабырдуулук сыпа-
тын бергин. Кыямат күнүндө сабырдуу
адамдардын катарында
баарыбызды бейишке киргизгин.
Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар
ме-
нен бирге кылгын. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва
баракатуху.
үлгү
39
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Пайгамбард ы сүйүү
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Аллахка муктажбыз. Ал, Аллах Пайгамбарыбызды
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн эң сүйүктүү
досу кылды. Жалпы адамзатты Пайгамбарды (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) сүйүүгө чакырып, өзүнүн ките-
би Кураанда: «Айткын, (эй Мухаммад) эгер силер Аллахты
сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт
жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах-Кечиримдүү, Боорукер» –
деп кайрылган.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыймансыз-
дыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру менен
нурланткан. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) адамзатты бактысыздыктын чуңкурунан бактылуу-
луктун туу чокусуна алып чыккан. Ал, Пайгамбар (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) өзүнү сүйүүнүн даражасын баян
кылып:
– «Мени, мал-мүлкүнөн, ата-энесинен жана өзүнөн артык
сүйө албаган адам толук мусулман боло албайт» – деп айт-
кан. Акыйкатты көрсөтүп, көзүбүздү ачкан Пайгамбарыбыз-
га, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы
жана салаваты болсун.
үлгү
40
БЕЙИШ ЖОЛУ Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сабакты баштоодон алдын өзүбүзгө бир суроо менен кай-
рылалы. Биз кимди сүйөбүз? Кимди жакшы көрүп, кимден
үлгү алабыз? Бул суроого кээ бирибиз: атамды, же энемди же
башка дагы бир адамды жакшы көрөм – деп жооп бериши-
биз мүмкүн. Бирок, бизди ыймансыздыктын сазынан тартып
чыгып, ыймандуулуктун чыйырына түшүргөн Пайгамбары-
бызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүймөйүнчө,
анын артынан ээрчимейинче
толук мусулман боло албайбыз.
Ошол үчүн Аллах Таала Кураанда Пайгамбарыбызга кай-
рылып: «Айт (оо, Мухаммад) : «Эгер силердин атаңар, бала-
чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тап-
кан мал-мүлкүңөр, жүрүшпөй калуусунан корккон соодаңар
жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын
Пайгамбарынан жана Аллахтын жолундагы жихаддан
сүйүктүүрөөк болсо, анда… Аллах (силерге) Өз ишин (аза-
бын) алып келүүсүн күтө бергиле! Аллах бузуку коомду туура
жолго баштабайт!» – деп айткан. Демек жогоруда айтылган,
биз үчүн эң жакшы көрүнгөн сегиз нерсени кийинки орунга
калтырып, Аллахты жана Анын элчисини бардык нерселерден
артыкча сүймөйүнчө толук мусулман боло албайбыз. Пайгам-
барды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүп, анын
жолу менен жүрүү үчүн биринчи кезекте аны жакшы таанып
алуубуз зарыл. Анда эмесе жакшылап көңүл буруңуз!
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) аты Мухаммад. Бул атты ага чоң атасы Абдулмуталиб
койгон. Буга чейин арабтарда мындай ат жок эле. Ошондук-
тан кээ бир адамдар таң калышып, эмне үчүн мынтип атадың
деп сурашканда, Мухаммад – бул макталуучу, баламдын аты
асман-жерде макталып жүрсүн деп жакшы ниетте ушунтип
атадым- деп жооп берген.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) атасынын аты ошол кездеги арабтар сыяктуу күндүн кулу
же таштын кулу эмес, Абдуллоh б.а. Аллахтын кулу эле. Адам-
затты бир гана Аллахка кул болууга чакыруучу Пайгамбардын
үлгү
41
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
атасынын аты мындан башкача болуусу мүмкүн эмес эле.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) энесинин аты Амина, биздин тилибиз менен айтканда
«тынчтык» эле. Келечекте тынчтыкты даңазалаган
Ислам ди-
нини таратуучу Пайгамбардын энесинин
аты мындан башка-
ча болуусу мүмкүн эмес эле.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
төрөлгөндө сежде кылып төрөлгөн. Буга эч таң калбаңыз ур-
маттуу мусулман бир тууганым. Келечекте адамдарды адамга,
ташка, тоого ж.б.нерселерге сыйынуудан
кайтарып, жалгыз
Аллахка сежде кылууга чакырган Пайгамбар мындан башка
абалда төрөлбөйт болчу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
төрөлгөндө анын атасынын бир тууганы Абу Лахабдын күңү
Сувайба аттуу аял Абу Лахабка чуркап келип:
– Сүйүнчү бериңиз, Амина эркек төрөдү – деп сүйүнчүлөйт.
Ошондо кийинчерээк Пайгамбарыбызга эң чоң душман бол-
гон Абу Лахаб кубангандыгынан күңү Сувайбаны азат кылып
жиберет. Бул окуя пенденин пендеге болгон кулчулугун токто-
туп, бир гана Аллахка кул болууга чакыруучу Пайгамбардын
төрөлгөндүгүнүн белгиси эле.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
төрөлгөндө жерден эң биринчи колуна алган аялдын аты Ши-
фаа биздин тилибиз менен айтканда «дарылоочу» эле. Келе-
чекте адамдардын жүрөгүндөгү каапырдык, мунафыктык
ооруларын ислам дарысы менен айыктыруучу Пайгамбарды
мындан башка ким колуна алмак эле.
Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты
бол-
сун) Саьад уруусунан биздин тилибизде «бактылуулук» уру-
усунан болгон Халима б.а. «жумшак», «адилеттүү» маанисин
билдирген аял эмизди. Келечекте адамдарды бактылуулуктун
жолуна өз жумшактыгы жана адилеттүүлүгү менен чакыруучу
Пайгамбарды башка ким эмизмек эле.
Пайгамбарыбыз, (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) Аллах Таала Кураанда: «Бул тынчтыктын шаары» – деп
үлгү
42
БЕЙИШ ЖОЛУ атаган Мекке шаарында, жаздын биринчи айы Робиул-Ав-
вал айында, жерге жарык нур жаңы гана чачырай баштаган
убакта төрөлдү. Келечекте адамдарга тынчтыктын дини Ис-
ламды таркатып, максатсыз, ыплас жашоодон кайтарып жаз
күндөрүндөй жаркыраган келечектүү жашоого чакырган, каа-
пырдыктын түндөй
караңгылыгынан күн нурундай жаркыра-
ган ыймандуулукка чыгарган Пайгамбар башка кайсы жерде,
кайсы убакта туулмак.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Биз, Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) канчалык деңгээлде сүйөбүз? Келгиле өзүбүздүн
Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) болгон
сүйүүбүздү текшерүү үчүн сахабалардын Пайгамбарыбызга
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) болгон сүйүүсүнө көз
чаптырып көрөлү.
Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
Мекккени таштап Мадинага кетүүгө Аллах Таала тарабынан
буйрук болгондо, аны менен Абу Бакр Сыддык (Аллах андан
ыраазы болсун) бирге жөнөйт. Алар каапырлардан качып бир
үңкүрдүн ичине киришет. Абу Бакр (Аллах андан ыраазы бол-
сун) үңкүрдүн ичинен кичинекей уяны байкап калат да андан
бир жандык чыгып Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) зыян жеткирип койбосун деп, ал уяны буту менен
басып отурат. Бир кезде уядан чаян чыга калып, Абу Бакрдын
бутун чагып алат. Ал Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) кыймылдатып албайын деп, бутунун катуу
ооруганына чыдап отура берет. Бир кезде, катуу оорудан улам
агып чыккан бир тамчы көз жаш Пайгамбарыбыздын
(Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) жүзүнө тамганда ал чоочуп
ойгонуп кетет. Абу Бакрдын Пайгамбарга (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) болгон сүйүүсүнүн күчтүүлүгүнө өзүңөр
баа бергиле. Кийин Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун)
бир чөйчөк сүт таап келет. Экөөсү тең аябай чаңкап кыйналып
турган эле. Абу Бакр сүттү Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) берет. Ушул окуя жөнүндө Абу Бакр
үлгү
43
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
(Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт:
– «Мен сүттү Пайгамбарыма (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) бердим. Ал, сүттү ар бир уурттаган сайын менин
суусунум канды. Ал, мага сүттү берген убакта
менин суусунум
канып, курсагым тоюп калган эле».
Мына, Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) болгон сүйүүнүн күчү.
Кийин Мекке ачылып, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) жана сахабалар жеңишке жеткен мез-
гилде, Абу Бакрды багып өстүргөн атасы Абу Хуфаафа Пайгам-
барга келип келме айтып динди кабыл алат. Аны көргөн Абу
Бакр көз жашын төгүп ыйлайт. Сахабалар таң калышып:
– Эй Абу Бакр сен эмнеге ыйлайсың? Атаң тозоктон ку-
тулуп, бейиштин жолуна түшүп жатса кубанбайсыңбы? – деп
сурашат. Ошондо көз жашын тыя албаган Абу Бакр:
– Мени багып-өстүргөн адам динди кабыл кылды, би-
рок Пайгамбарымды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
багып-өстүргөн Абу Толиб динди кабыл кылбай өтүп кет-
ти. Эгерде Пайгамбарымды (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) тарбия кылган Абу Толиб да ушундай динди кабыл
кылганда, Пайгамбарымдын (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) кубанычы мындан да көбүрөөк болмок. Мен Абу То-
либдин ыймансыз кеткенине ыйлап жатам – деп жооп берет.
Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) атасы-
нан да өз жанынан да алдыга койгон сахабалар, аны биз сы-
яктуу тилинин учу менен эмес, чын жүрөгү менен сүйүшкөн.
Пайгамбарыбыз, (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир жолу улуу сахабалардын бири Умар менен келе жатып
анын колунан кыса кармайт. Пайгамбардын (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) бул мамилесине ичи жылып аябай
кубанып кеткен Умар:
– «Оо, Аллахтын элчиси! Мен сени үй-бүлөөмдөн да ар-
тык жакшы көрөм» – дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
– «Оо, Умар, сен мени жаныңдан да артык жакшы көрө
үлгү
44
БЕЙИШ ЖОЛУ аласыңбы?» – деп сурайт. Умар (Аллах андан ыраазы болсун)
бир аз ойлонуп:
– «Жок. Оо Аллахтын элчиси, жанымдан артык сүйө ал-
баймын» – дейт. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) бүгүнкү
адамдар сыяктуу жалган сүйлөй албайт эле. Ал чындыкты гана
сүйлөйт эле. А биз болсо Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) сүйөбүз деп тилибиз менен айтып, бирок
анын жолу менен жүрбөйбүз. Умардын жообун уккандан кий-
ин Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) :
– «Эгер сен мени өз жаныңдан артык сүйө албасаң сен то-
лук мусулман боло албайсың» – дейт. Умар, (Аллах андан ыра-
азы болсун) Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) ажырап бир аз ойлонот да, кайра келип:
– «Аллахка ант ичем, мен сени жанымдан да артык жак-
шы көрөм» – деп айтат. Ошондо жанында турган баласы Аб-
дуллах:
– «Атаке, мен сага таң калып турам, азыр эле Пайгамбар-
ды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанымдан артык
сүйө албаймын дедиң эле. Эми жанымдан да артык сүйөм деп
жатасың, мунун себеби эмне» – деп сурады. Умар баласына
карап:
– «Ээ балам, ойлонуп көрсөм, эгер Пайгамбар (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) келип бизге динди жеткир-
бесе, ичип-жеп, каалоо кумарын кандырып жүргөн айбандар
сыяктуу жашай бермекмин. Канкор, мыкаачы Умар боюнча
өтүп кетмекмин. Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) келип, мени айбанчылык жашоодон адамча жашоого
алып чыкты. Анан да, эгер Пайгамбар келбесе, анын артынан
баргандарга гана ачылуучу бейиш эшигине жакын да бара ал-
мак эмесмин. Эң негизгиси эртең Аллахтын алдына барганда
өз жаныма караганда Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) көбүрөөк муктаж болот экенмин. Ушуларды
ойлоп туруп Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) жанымдан да артык сүйүү керек экенин билдим» – деп
жооп берет.
үлгү
45
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ыйманыбыз болбосо, динибиз болбосо биз кимбиз!?
Демек бизге динди алып келип, ыйманга чакырган Пайгам-
барды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйбөсөк ким-
ди сүйөбүз? Бизге ак менен караны, адал менен арамды, дос
менен душманды ким ажыратып үйрөттү? Албетте Пайгам-
барыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Бир ислам
аалымы :
– «Ким өзүнө дос издесе, ага Аллах жетиштүү» – дейт. Ал-
лахты бизге ким таанытты? Албетте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун).
– «Ким өзүнө душман издесе, ага напсиси жетиштүү»
– дейт. Эң чоң душманыбыз болгон напсини тыюууну ким
үйрөтттү? Албетте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун).
– «Ким өзүнө бактулуулукту издесе, ага дин жетиштүү» –
дейт. Динди бизге ким жеткирди? Албетте, Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– «Ким байлык издесе, ага каниет кылуу жетиштүү» –
дейт. Аллахтын бергенине каниет кылып, шүгүр кылууну ким
үйрөттү? Албетте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун).
– «Ким үлгү издесе ага өлүм жетиштүү» – дейт. Өлүмдү,
өлүмдөн кийинки жашоону бизге ким билдирди? Албетте,
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
сүйүүнүн деңгээли канчалык бийик болуусу керектигин
билгиң келсе төмөнкү окуяга жакшылап көңүл бур.
Бир жихадда мусулмандар урушка кирүүгө даярданып
жатышканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) аларды түп-түз сапка турууга буюруйт. Сахабалар сап-
ка тизилгенде, Сиваад ибну Хузая аттуу сахаба саптын алдына
чыгып калат. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
үлгү
46
БЕЙИШ ЖОЛУ – «Оо, Сиваад сапка түздөлүп тургун» – дейт. Бирок, бул
сахабанын курсагы бир аз чоң болгондуктан, адамдардын ал-
дына чыгып кала берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) колундагы мисвагы менен аны
курсагына түртүп коёт. Сиваад:
– Оо, Аллахтын элчиси, менин ичимди ооруттуң.
Сен адамдарга зыян берүү үчүн эмес, ырайым кылуу үчүн
жиберилгенсиң. Кел, мен сенден өчүмдү алайын – дейт. Жа-
нындагы сахабалардын ачуусу келип:
– Сен Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) өч алууну каалайсыңбы – деп кыйкырышканда, Пайгам-
барыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларды ток-
тотуп:
– «Туура айтат, мен зыян жеткирүү үчүн эмес, ырайым кы-
луу үчүн жиберилгенмин, кел өчүңдү ал» – деп ага курсагын
тосот. Сиваад болсо:
– Сен менин ачык турган денемди ооруттуң, мен да ачык
жериңди оорутайын – дейт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) кийимин ачып анын жанына бар-
ганда, ал дароо Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) курсагын өөп, ага бетин тийгизет. Андан бул эмне
кылганың деп сурашканда, ал:
– Азыр чоң урушка кирип баратабыз. Эгер ушул урушта
кайтыш болуп калсам, акыркы денем тийген нерсе Пайгам-
бардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) денеси болсун.
Балким Пайгамбардын денесине тийген менин денем тозокко
кирбей калаар – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) ага дуба кылат. Бул дубанын бе-
рекеси менен ушул урушта Сиваад шейит болот.
Мына, Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) жанынан да артык сүйгөн сахабалар өлүмгө бара жат-
канда да эстеп, анын денесине кандай жол менен болсо да кол
тийгизип калууга аракет кылышат эле.
Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) мечитке келсе, Савбаан аттуу сахаба ыйлап отурат.
үлгү
47
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– «Эмне ыйлап отурасың, оо, Савбаан» – деп сурайт Пай-
гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Кечке чейин сени көрө албай, аябай сагындым – деп
жооп берет.
– «Ошого эле ушинтип ыйласыңбы» – дейт таң калган
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Жок. Оо, Аллахтын элчиси, сенин бейиште даражаң өтө
бийик болот, акыретте биз сенден ажырап калабыз, мен ошо-
ну ойлоп ыйлап жатам – дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Адам кимди жакшы көрсө ошону менен бирге болот»
– дейт. Демек, урматтуу мусулман бир тууганым, Пайгамбар-
ды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйсөң аны менен
бирге болосуң.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) азанчысы Билал, Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) ушунчалык катуу сүйгөндүктөн Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул жашоодон
өтүп кеткенден кийин азан чакыра албай калат. Себеби азан-
дын ичинде Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) аты аталат. Билал Пайгамбардын (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) атын атаганда аны эстеп ыйлап азан
айта албай калат эле. Ошол үчүн ал Абу Бакрдан (Аллах ан-
дан ыраазы болсун) уруксат сурап, Мадинадан башка тарапка
көчүп кетет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин анын түшүнө
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ки-
рип: – «сен эмнеге мени зыярат кылбайсың, мени унутуп
калдыңбы» – дейт. Билал (Аллах андан ыраазы болсун) эртең
менен Мадинаны көздөй жөнөйт. Мадинага келип, Пайгам-
бардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабырына
зыярат кылат. Ошондо адамдар андан бир жолу азан айтып
берүүсүн өтүнүшөт. Бирок Билал (Аллах андан ыраазы бол-
сун) макул болбойт. Качан гана Пайгамбардын (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) неберелери келип суранышканда,
макул болуп намазга азан чакырат. Анын мукам үнүн угушкан
үлгү
48
БЕЙИШ ЖОЛУ Мадинанын калкы: – Билал азан айтып жатат, Пайгамбар (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) тирилип келгенби – дешип
аябай кубанышат. Билал кооз үнү менен созолонто азан айтып
жатып качан гана Ашhаду анна Мухаммадар-расуулул-Лооh
деген жерине келген кезде көз жашын төгүп ыйлап, азанды ая-
гына чыгара албай калат. Мына Пайгамбарга (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) болгон сүйүүнүн, Пайгамбарга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) болгон сагынычтын күчү.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) бир гана адамдар эле эмес, башка жаратылган нерсе-
лер да жакшы көрүшөт эле. Көптөгөн сахабалар күбө болгон
төмөнкү окуяга көңүл бур. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) адамдарга бир курма дарагынын бу-
тагына чыгып кутба айтчу эле. Кийинчерээк сахабалар Пай-
гамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минбар
жасап беришет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) ал минбарга чыгып кутба айта баштаганда, курма-
нын бутагы үн чыгарып ыйлай баштайт. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) минбардан түшүп, бутакка
акырын колун тийгизип:
– «Эй, менин бутагым, сен бул жерден жок болосуң бирок
бейиште менин жанымда турасың» – дегенде, бутак ыйын ток-
тотуп жым болуп калат. Адам эмес, жансыз курманын бутагы
Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүп,
андан ажырагысы келбей ыйлап жатса, биз Пайгамбардын
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөттөрү аны кан-
чалык деңгээлде сүйүп, канчалык деңгээлде сүннөттөрүн ат-
карып жатабыз? Пайгамбарды кантип сүйүүнү билбесең, анда
төмөнкү төрт амалды аткар.
1. Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
өмүр баянын окуп үйрөн. Себеби анын жашоосун, дин үчүн,
келечектеги үммөтү (биз) үчүн кандай күндөрдү башынан
өткөргөндүгүн билбей туруп аны сүйүү мүмкүн эмес.
2. Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
үлгү
49
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
сүннөтүн кармануу керек. Чыныгы сүйүүнүн, баш ийүүнүн
белгиси анын жолу менен жүрүү болуп эсептелет.
3. Пайгабарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) көп салават айтуу керек.
4. Эгер мүмкүнчүлүк болсо Пайгамбардын (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) жашаган шаарларына барып, анын
өмүрү өткөн жерлерди көрүп келүү керек.
Улуу сахабалардын бири катуу ооруп, өлүм төшөгүндө
жатып калат. Сахабалар ага келме айтып, анын кайталоосун
суранышканда, ал келме айтуудан алдын:
– Аттиң жаңы болгондо, аттиң бүтүн болгондо, аттиң
алыс болгондо – деп айтат да, андан соң келме айтып көз жу-
мат. Анын сөзүнө түшүнө албай калган сахабалар Пайгамба-
рыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип, бул
жөнүндө сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун)
– «Ага, бейиште даярдалып коюлган ак сарай көрсөтүлдү.
Ал эмне үчүн мындай сыйга татыктуу болгонун сураганда,
периштелер анын бир жолу жетимге эски кийимин берип
сыйлагандыгын эскертишти. Ошондо
ал, аттиң жаңы болгон-
до мындан да жакшы сыйга татыктуу болмок экенмин деп
өкүндү. Кийин ага мурункудан да жакшыраак үй көрсөтүлдү.
Бул сыйлык эмнеге берилгенин сураганда, периштелер анын
бир жолу кедей сурамчыга нанынын жарымын бөлүп берген-
дигин айтышты. Ошондо ал, аттиң эгерде бүтүн берсем мын-
дан да жакшы сыйга татыктуу болмок экенмин деп өкүндү.
Анан ага мурункулардан да сонун жайды көрсөтүштү. Ал, эмне
үчүн мындай сыйга татыктуу болгондугун сураганда, периш-
телер анын, бир жолу басалбай кыйналып
турган абышкага
жардам берип, мечитке киргизип койгондугу үчүн берилген-
дигин айтышты. Ошондо ал, аттиң эгер ошол мечит алысыра-
ак болгондо, мындан да жакшы сыйга татыктуу болмок экен-
мин деп өкүндү» – деп чечмелеп берди.
Урматтуу мусулан бир тууганым!
Бул окуяны айтып жатканымдын негизги себеби, ар
үлгү
50
БЕЙИШ ЖОЛУ бирибиз өлүм даамын татуучубуз. Өлүм кекиртекке келип,
аттиң деп өкүүнүдөн алдын Пайгамбарды (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) сүйөлү, анын көрсөткөн жолу менен
басалы. Пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
сүймөйүнчө, анын жолу менен басмайынча бейишке кирүү
мүмкүн эмес. Аллах Таала хадисул-кудусийде:
– «Өзүмдүн улуулугума ант ичип айтамын. Эй Мухаммад,
адамдар кайсы жол менен келбесин, бейиштин кайсы эшигин
тыкылдатпасын, сенин атыңды атап, сенин жолуң менен кел-
бесе бейиш эшиктерин ачпаймын» – деп айткан.
Аллах Таала ар бирибизди Пайгамбарды сүйө турган пен-
делерден кылып, анын жолу менен жүрүүнү насип кылсын.
Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар
менен бирге кылгын. Кыямат күнүндө Пайгамбарыбыздын
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) шапаатын насип кыл-
гын. Ассаламу алайкум ва рохматул-Лоhи ва барактуху.
үлгү
51
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Жакшылыкка чакырып,
жа мандыктан ка йтаруу
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
ырай-
ымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын
жарату-
учусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз,
кетирген күнөөлөрүбүздү
кечирүүсүн суранабыз. Нафсибиздин
жана амалдарыбыздын жамандыгынан
сактоосун тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай
алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип
кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах өзүнүн
таза дини Исламды биз үчүн насыят кылды. Ал, Аллах «силер
жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруучу эң жакшы
үммөт болдуңар» деп, бизди өзүнүн ыйык китебинде мактады.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар өзүнүн
жыйырма үч жылдык пайгамбарлык өмүрүн жакшылыкка ча-
кыруу жана жамандыктан кайтаруу менен өткөрдү. «Менден
бир аят уксаңар да башкаларга жеткиргиле» деп, үммөтүнү
жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууга үндөгөн
улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана
сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
үлгү
52
БЕЙИШ ЖОЛУ Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ислам дининин башка диндерге жана түзүлүштөргө ок-
шобогон көптөгөн артыкчылыктары бар. Алардын бири, ди-
нибиздеги жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайта-
руу амалы. Исламдан башка бир дагы системада эч кандай
акы албастан, башкаларга бир нерсени үйрөтүү түшүнүгү
жок. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
алгачкы пайгамбардык доорун баштаган кезде, ага алгачкы
Кураан аяттары түшүрүлө баштаган кезде, ал жалгыз мусул-
ман болчу. Аллах Таала, Пайгамбарыбызга «Эй жамынып жа-
туучу. Ордуңдан туруп, адамдарга эскерткин» деп буйруган
кезде, жубайы Хадичадан башка жанында бир да мусулман
жок эле. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) Аллахтын буйругун аткарып, адамдарды динге
чакыруусун баштады. Анын талыбаган эмгегинин натыйжа-
сында, адамдар динди кабыл ала башташты. Ал эми динди ка-
был алган ар бир адам, башкаларды жакшылыкка чакырып,
жамандыктан кайтара башташты. Жаңы гана динди кабыл
алган Абу Бакир Сыддыктын мээнети менен, Усман ибни Аф-
фан, Зубайр ибни Авваам, Абдурахман ибни Ауф, Талха ибни
Убайдуллох сыяктуу исламдагы атактуу сахабалар динди ка-
был алышты. Бул адамдарды динге киргизгени үчүн Абу Ба-
кир Сыддык бирөөдөн акы сураган жок. Тескерисинче, ал бүт
байлыгыны дин жолуна сарптады. Башкаларды жакшылыкка
чакырып жамандыктан кайтаруу мусулмандарга тиешелүү
сыпат. Аллах Таала Кураанда: «Ыймандуу эркектер жана ый-
мандуу аялдар бири-бирине дос. Алар бири-бирин жакшы-
лыкка чакырып, жамандыктан кайтарышат» – деп айткан.
Ошондой эле Исраил урпактарынан болгон каапырларды сы-
паттап: «Исраил урпактарынан каапыр болгондор Дауд жана
Марям уулу Исанын тили аркылуу каргышка калышты. Ал, ка-
апырлыктарынан жана чектен
ашкандыктарынан улам болду.
Алар бири-бирин жасаган жамандыктарынан тосушчу эмес.
Чындыгында алардын жасаган иштери кандай жаман» – деп
айткан. Бир адамдын жаман жолдо баратканын билип-көрүп
үлгү
53
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
туруп, аны кайтарбай коюу мусулмандын сыпаты эмес. Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким туура эмес ишти жасап жаткан адамды көрсө, аны
колу менен кайтарсын. Эгер колу менен кайтаруу мүмкүн бол-
босо, анда тили менен кайтарсын. Эгер тили менен кайтаруу
да мүмкүн болбосо, анда жүрөгү менен жаман көрсүн. Мына
ушул ыймандын аздыгынын белгиси» – деген. Ошондой эле
маанидеги экинчи бир хадисинде:
– «Аллах Таала жөнөткөн ар бир пайгамбардын жанын-
да жардам берүүчү жолдоштору болгон. Алар пайгамбардын
сүннөтүн кармап, анын буйругун аткарышкан. Андан кийин
алардын артынан ушундай адамдар келишет, өздөрү аткарба-
ган нерсени айтышат, өздөрү буйрулбаган нерсени аткары-
шат, кимде-ким аларга колу менен жихад кылса, ал ыймандуу
болот. Кимде-ким аларга тили менен жихад кылса, ал да ый-
мандуу болот. Мындан кийин ыймандан дандын уругундай да
калбайт» – деп айткан. Демек, башкаларды жакшылыкка ча-
кырып, жамандыктан кайтаруу ыймандуулуктун белгиси бо-
луп эсептелет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Качан мусулмандар бири-бирин жакшылыкка чакырып жа-
мандыктан кайтарууну таштап койсо, аларга Аллахтын ар кан-
дай балээлери келет. Исраил коомунда бир айылдын адамдары,
Аллах Таала тыюу салган ишти жасап коёт. Башкача айтканда,
ошол замандын шарияты боюнча, ишемби күнү деңизден балык
уулоого тыюу салынган эле. Бирок, бир нече акылсыз адамдар
чогулуп, жума күнү кечинде деңизге торлорун салып коёт да,
ишемби күнү өтүп, жекшемби болгондо торду тартып алышат.
Алар бул амалдары менен Аллах Тааланы алдамакчы болушат.
Бирок, Аллах алардын өздөрүн алдап, айыл элин маймылга ай-
ландырып коёт. Чындыгында, бул ишти бир канча адам гана
жасаган болчу, ал эми маймылга баары айланып калды. Себеби,
ошолордун туура эмес иш кылып жатканын көрүп туруп кайтар-
багандыгы үчүн, алар да азапка дуушар болду. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
үлгү
54
БЕЙИШ ЖОЛУ – «Аллахтын чегинде туруучу адамдар, кемедеги адам-
дар сыяктуу. Алардын жарымы кеменин астыңкы бөлүгүндө,
жарымы үстүнкү бөлүгүндө болушат. Астыңкы бөлүктөгүлөр
суу алуу үчүн үстүнкү бөлүккө чыгып турушчу. Анан алар: биз
үстүнкүлөрдү убара кылбастан эле, кеменин астын тешип ала-
лы дешет. Эгер аларды үстүнкүлөр өз убагында кайтарып, ток-
тотуп калышпаса, баары чогуу чөгүп кетишет» – деген. Күнөө
жасагандарды көрүп туруп унчукпай коюу, ошол күнөөнү жа-
сагандарга шерик болуу сыяктуу болот. Ошол себептен Аллах
Таала ар кандай жамандыктарга дуушар кылат. Пайгамбары-
быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен
отуруп:
– «Силерге бир күн келет. Ошол күндө мусулмандардын
аялдары бузулуп, ал эми эркектери аларга көңүл бурбай ка-
лат» – деди. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) бул сөзүнө таң калган сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, мусулмандардын башына да
ушундай күн келеби? – деп сурашты. Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Жаным анын колунда болгон затка касам ичип айта-
мын, андан да жаман күн келет» – деди. Сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, андан да жаман күн кандай бо-
лот? – деп сурашты.
– «Бир күн келет, ал күндө мусулмандар бири-бирин жакшы-
лыкка чакырбай, жамандыктан кайтарбай калат» – деди Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Оо, Аллахтын элчиси, мусулмандардын башына да
ушундай күн келеби? – деп сурашты сахабалар.
– «Жаным анын колунда болгон затка касам ичип айта-
мын, андан да жаман күн келет» – деди Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Оо, Аллахтын элчиси, андан да жаман күн кандай бо-
лот? – деп сурашты сахабалар кайрадан.
– «Бир күн келет, ошол күндө мусулмандардын көзүнө
жакшылык иштер жаман, жаман иштер жакшы көрүнүп ка-
үлгү
55
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
лат» – деп жооп берди Пайгамбарыбыз(Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун). Сахабалар кайра сурашты:
– Оо, Аллахтын элчиси, мусулмандардын башына да
ушундай күн келеби?
– «Жаным анын колунда болгон затка касам ичип айта-
мын, андан да жаман күн келет» – деди Пайгамбарыбыз
(Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Оо, Аллахтын элчиси, андан да жаман күн кандай бо-
лот? – деп сурашты сахабалар кайрадан.
– «Бир күн келет, ошол күндө мусулмандар бири-бирин
жамандыкка чакырып, жакшылыктан тосуп калышат» – деди
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Оо, Аллахтын элчиси, Мусулмандардын башына да ушун-
дай күн келеби? – деп сурашты сахабалар. Пайгамбарыбыз:
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Жаным анын колунда болгон затка касам ичип айтамын, ан-
дан да жаман күн келет» – деди да, Аллахтын: «Качан аларга ушундай
күн келгенде, ыймандуулар эмне кыларын билишпей айран-таң ка-
лышат» деген аятын окуп берди.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыр, кээ бир аталардын баласына тили өтпөй калды.
Энелер кыздарын баштай албай калды. Адашкан бир тууган-
дарын, жакын туугандарын көрүп туруп, аларды кантип туура
жолго баштаарын билбей акылы айран болгон адамдар тол-
тура. Мын ушунун баары, өз убагында жакшылыкка чакыру-
уну жана жамандыктан кайтарууну таштап койгондугубуз
үчүн болуп жатат. Ошондуктан, ар бир өзүн мусулманмын деп
эсептеген адам колунан келишинче жакшылыкка чакырып
жамандыктан кайтаруусу керек.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Жамандыктан кайтаруу жана жакшылыкка чакыруу, бул
бир гана жол менен эмес, ар кимдин мүмкүнчүлүгүнө жара-
ша болот. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруунун
жолун Аллах Таала ыйык Кураанда: «Роббуңдун жолуна даа-
нышмандык жана көркөм үгүт менен чакыр. Алар менен со-
үлгү
56
БЕЙИШ ЖОЛУ нун ыкмада талаш» – деп, ачык айтып кеткен. Данышмандык
дегенден максат, ылайыктуу орунда, ылайыктуу сөздөр менен
чакыруу. Ал эми көркөм үгүт, угуучунун абалына жараша кы-
зыктыруу же коркутуу сыяктуу ыкмаларды колдонуу. Эгерде
угуучу талашуучу болсо, аны менен далилдерди келтирип,
сылык сыпаа талашуу керек. Кээде, дал ушул даанышмандык
жана кеменгерликтин жоктугунан, адамдарга динди жаман
көрсөтүп алуубуз мүмкүн. Ислам, мажбурлоонун же коркуту-
унун дини эмес. Ислам,
жумшактыктын жана кичипейилдик-
тин дини. Белгилүү падыша Харун Рашидге бир аалым келип
катуу сөз айтып коёт. Ошондо Харун Рашид ага карап:
– Сен эмне Муса алайхис-саламдан да кыйынсыңбы, же
мен Фираун алайхилаанадан да жаманмынбы? – дейт. Антке-
ни, Аллах Таала Мусаны (Ага Аллахтын саламы болсун) Фи-
раунга жөнөткөн мезгилде: «Фираун чектен чыгып, каапыр
болду. Ага барып жумшак сөз айткыла. Балким, ал кайтып ка-
лаар» – деп айткан эле. Ошондой эле, ар бир жакшылыкка ча-
кыруучу ошол амалды өзү аткарып, ал эми жамандыктан кай-
таруучу ошол амалдан өзү алыс болуусу өтө зарыл. Аллах Таала
Кураанда: «Силер китепти окуп адамдарды жакшылыкка буй-
руп, өзүңөрдү унутуп коёсуңарбы? Акылга келбейсиңерби?»
– деген. Ошондой эле башка бир аятта: «Эй, ыймандуулар.
Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар. Аллахтын
алдында өзүңөр кылбаган нерсени айтууңар өтө жек көрүндү
иш» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Кыямат күнү бир адам ичегиси жерге чубалып, эшек те-
гирменди айланган сыяктуу айланып турат. Тозок ээлери ал
адамдан: – сен бизди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кай-
тарат элең го, эмне үчүн мындай абалга туш болдуң – деп сура-
шат. Ошондо тиги: – ооба, мен силерди жакшылыкка үндөйт элем
бирок, өзүм аткарбайт элем. Силерди жамандыктан тосот элем
бирок, өзүм жасайт элем – деп жооп берет» – деп айтылган. Ми-
сирде бир ислам аалымы жума күндөрү кутба кылчу. Анын айт-
кан кутбаларын уккан адамдар, анын айткандарына амал кыл-
үлгү
57
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
чу. Бир күнү бир кул, аалымга келип, кулду азат кылуу тууралуу
кутба кылуусун суранат. Аалым макул болот. Бирок, эки-үч жума
башка темада кутба кылат да, анан кулду азат кылуу жөнүндө
кутба кылат. Ошондо, азат кылынган кул кайра келип: -эмне
үчүн кечиктирип кутба кылдың, эгер эртерээк кутба кылганыңда
мени эртерээк азат кылышмак экен дейт. Аалым ага карап: – сен
менден талап кылган мезгилде, мен кулду азат кылуу кандай эке-
нин билбейт элем. Мен өзүм кул сатып алып, аны кайра азат кыл-
гандан кийин гана кул азат кылуу жөнүндө кутба кылдым – дейт.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Жакшылыкка чакырбай, жамандыктан кайтарбай койго-
нубуз үчүн Аллах Тааладан келүүчү азапты күтпөстөн, өз мил-
детибизди аткаралы. Ар кимибиз колубуздан келген амалы-
быз менен жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаралы.
Аллахтын алдына барган кезде болуучу сурактын катуулугу-
нан корколу.
Аллахым, бири-бирибизди жакшылыкка чакырып, жаман-
дыктан кайтаруучу пенделерден кылгын. Биздин, жакшылыкка
чакыруубуздун себеби менен башкаларды жакшылыкка башта-
гын. Биздин, жамандыктан кайтаруубуздун
себеби менен башка-
ларды жамандыктан тоскун.
Аллахым, ар бирибиздин билип-билбестен кетирген
күнөөлөрүбүздү кечир.
Аллахым, улуу бейиште баарыбыздын чогуу болуубузду
насип кылгын. Ассаламу алайкум ва рахматул-Лоохи ва бара-
катуху.
үлгү
58
БЕЙИШ ЖОЛУ Баркыңды сакта мусу лман
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Аллахка муктажбыз. Ал, Аллах адамды баардык
жаратылгандардан кадыр-барктуу кылып жаратты. Ал, Ал-
лах адамды жаратып, анын кадыр-баркын көтөрүү үчүн, пе-
риштелерди ага сежде кылдырды. Ал, Аллах адам баласынын
ызааттуулугун, кадыр-баркын даңаза кылып, ыйык Кураанда:
«Чындыгында адам баласын кереметтүү кылдык» – деп жарыя
кылган.
Көбүлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгам-
бар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүнүн ызаты
үчүн бүткүл өмүрүн сарптаган. Мусулмандардын кадыр-бар-
кын эң бийик даражага жеткирген улуу жол башчыбыз Му-
хаммад Пайгамбарга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына
Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мусулман кандай амалдарды жасаганда өз кадыр-баркын
сактай алат? Кайсы амалдарды таштап койгондо өз кадыр-
баркын жоготуп коёт? Дегеле мусулмандын кадыр-баркы кан-
дай болуусу керек?
Кайсы бир адам, Аллахтан башка кулчулук кылууга татык-
туу эч нерсе жок, Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) анын элчиси деп күбөлүк берип мусулман болгон соң ошол
үлгү
59
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
убактан тартып ал эң бийик кадыр-баркка ээ болот. Себеби, ал
ушул убактан баштап бир гана Жаратуучуга кул, жаратылган
нерселерге кул эмес. Ал ушул убактан баштап Жалгыз гана Па-
дышага ийилип кулдук кылат, Ага гана баш ийет. Ал ушул убак-
тан баштап сыйынууга татыктуу болгон Жалгыз Аллахка гана
сыйынат.
Аллах Таала чексиз кадыр-барктын ээси жана Ага сый-
ынган ыймандуулар дагы кадыр-барктуу болууга тийиш. Му-
сулман, Аллахка ийилип рүкү кылганда, чекесин жерге коюп
сежде кылганда, өз барктуулугун сезет. Ал, өзү сыяктуу бир
пендеге эмес, чыныгы сыйынууга ылайыктуу болгон Жарту-
учуга сыйынып жатат. Ошол үчүн сыйынууга чакырган азан-
да Аллооhу Акбару (Аллах улуу) деп баш аягында айтылат.
Пенде, ар бир рүкү жана сеждеде, Субхаана робиял-азиим же
субхаана роббиял-аьлаа (Бардык нерселерден улуу жана бий-
ик болгон Роббубуз эң таза зат) деп, өзүнүн кимге сыйынып
жаткандыгын билип турат. Аллахтын 99 ысым-сыпаттарынын
бири Ал-азииз (Кадыр-барктуу) жана бир аты Ал-Муьииз (Ка-
дыр-баркты көтөрүүчү) . Демек, пенденин баркы Аллахга сый-
ынуу менен көтөрүлөт. Сууга чөгүп бараткан адамдан экинчи
чөгүп бараткан адам жардам сурай албагандай эле, пенденен
пенде кадыр-барк ала албайт. Аллах Таала Кураанда: «Ким
кадыр-баркты издесе, кадыр-барк бир гана Аллахта» – деп
айткан. Бүгүн бир мансаптууга жагынсаң, эртең анын манса-
бы кетет. Бүгүн бир акчалууга жалынсаң, эртең анын акчасы
түгөнөт. Бүгүн бир күчтүүгө кошомат кылсаң, эртең андан күч
кетет. Демек, эч кандай кемчилиги жок Аллахка гана сыйы-
нып андан гана жардам сура. Аллах Таала Кураанда: «Айткын
(Оо, Мухаммад) падышалардын Падышасы Аллах. Каалагы-
нына байлыкты берет, каалаганынан алып коёт. Каалаганын
кадыр-барктуу кылат, каалаганын кор кылып коёт. Бардык
жакшылык Анын колунда, Анын бардык нерсеге күчү жетет»
– деп айткан. Экинчи бир аятта: «Менин пенделерим пенде-
лерден кадыр-барк издешеби? Кадыр-барк Аллах үчүн, Анын
Пайгамбары үчүн жана момундар үчүн. Бирок мунаафыктар
үлгү
60
БЕЙИШ ЖОЛУ аны билишпейт» – деген. Демек, урматтуу мусулман бир туу-
ганым! Бир сындырым нан үчүн өз кадырыңды түшүрбө. Жа-
рыбаган тыйын үчүн башкаларга жүгүнбө. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Тамагыңарды кадыр-барктуулук менен тапкыла. Ал-
бетте, иштер Аллахтын жазганынан эч качан ашып кетпейт» –
деген. Пенделерге канчалык жагынсаң да, канчалык кошомат
кылсаң да, Аллах бергенден ашыкча эч нерсени ала албайсың.
Ошол үчүн Аллах Таала Кураанда: “Аллах адамдарга ачып кой-
гон ырайымды эч ким кармап ала албайт. (Ошондой эле) Ал-
лах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере ал-
байт. Ал Кудуреттүү, Даанышман» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Динибизде мусулмандын кадыр-баркы кандай бийик да-
ражада турарына көңүл бур. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен отурган-
да, ага суу берип калышты. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) сууну ичкен соң, ар дайым оң тара-
бында отурган адамга берчү. Бул жолу оң тарабында жаш бала
Ибну Аббас отурган эле. Ошондой эле, бул жерде Абу Бакр сы-
яктуу улуу сахабалар да бар болчу. Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) Ибну Аббастын жаштыгына
карабастан, анын кадыр-баркын сактап, ага кайрылып:
– «Эгер уруксат берсең, сууну жашы улууларга берейин» –
деп уруксат сурады. Бирок, зирек бала дароо Пайгамбарыбызга
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) карап:
– Аллахка ант болсун, Пайгамбарымдын ( Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) кешигин эч кимге бербеймин – деп сууну
өзү алды. Мусулман мейли жаш, мейли картаң болсун анын ка-
дыр-баркы ар дайым бийик болууга тийиш. Робиьа ибну Амыр
деген сахаба Персияга элчиликке келет. Ошол убакта перстер
өздөрүн эң маданияттуубуз деп эсептешип, арабтарды мадани-
ятсыз түркөй деп ойлошот эле. Өздөрүнүн маданиятын, байлы-
гын көрсөтүп эч нерсени көрбөгөн түркөй арабтарды коркутуп
шылдыңдоо үчүн, алардын жолуна баалуу килемдерди төшөп,
үлгү
61
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
жол жээгине күйүп турган чырактарды коюп, чөөрүлөрдү бий-
летип коюшат. Робиьа ибну Амыр алардын жаман ойлорун да-
роо түшүнөт да, эч нерсени билбеген адам сыяктуу, аты менен
килемди тебелетип, найзасы менен ар кайсы жерин тешкилеп,
чырактарын сындырып бара берет. Падышанын жанына келет
да, анын тактысына атын байлап жерге түшөт. Анын сүрүнөн
коркуп кеткен падыша ордунан тура калып салам берет. Аллах-
тын алдында өз кадыр баркын билген адамдан падыша да жал-
танат.
Абу Бакрдын кызы Асма картайып калган кезинде, анын
баласыны Хажжааж деген каапыр өлтүрүп, асып коёт. Ал, му-
сулмандар өлүк үчүн мага келет деп ойлогон эле. Бирок, ара-
дан үч күн өтсө да эч ким басып барбайт. Төртүнчү күнү ал Ас-
мага келип:
- Мен сенин балаңды өлтүрдүм – деп сүйүнчүлөйт. Ошон-
до эч камырабаган Асма:
- Эч нерсе эмес. Сен болгону анын дүнүйөсүн алдың, ал
болсо сенин акыретиңди алып кетти – деп жооп берет.
Мына урматтуу мусулман бир тууганым! Аллахтын, Пай-
гамбардын, диндин кадыр-баркын билген адамдар өз кадыр-
барктарын да сактай билишкен. Ал эми мусулман кадыр-бар-
кын качан жоготот?
1. Күнөөдөн өзүн сактабай калганда.
2. Нафсисине кул болуп калганда.
3. Кураан менен хадистен алыстап кеткенде.
4. Өз мекенине, тилине кайдыгер мамиле жасап калганда.
Азыркы убакта мына ушул себептерден улам мусулмандар
кадыр-баркын жоготуп жатышат. Силерге менин көңүлүмө
аябай катуу тийген бир окуяны айтып берейин. Аэропортто
учууга даярданып турганыбызда рейс бир-эки саатка кечигип
калды. Ошол жерде турган чет өлкөлүк жарандардын ар бири-
не атайын адамдар чыгып, өз тилдери менен түшүндүрүп бе-
ришти. Бирок, бир дагы адам ошол жердеги кыргыздарга чы-
гып түшүндүргөн жок. Алар алган билетти биз деле алганбыз,
биз дагы эмне себептен кечигип жатканыбызды билгибиз
үлгү
62
БЕЙИШ ЖОЛУ келет. Тилекке каршы бизге эч ким көңүл бурган жок. Демек,
биз өз кадыр-баркыбызды өзүбүз кетирип жатабыз. Азамат
жигиттерибиз машиналарына американын желегин тагып
жүрөт. Кыздарыбыз американын желегин жолук кылып башы-
на салып алышкан. Эмне, ошончолук эле желекти салынгың
келсе, кыргыздын желеги жокпу?!
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кадыр-баркын сактай албаган адам кор болот. Кураанда
азииз-барктуулук деген сөздүн антоними зилла-кор деген сөз
эки гана жерде айтылган. Биринчиси айбандарга, экинчиси
жерге. Адамдарга мындай сөз айтылган эмес. Демек, кор бо-
луп жашоо бул мусулмандарга
тиешелүү эмес. Ошол үчүн Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Адамдардын алдында кадыр-баркы төгүлгөн мусулманга
мүмкүнчүлүгү болуп туруп жардам бербеген адамды,
Кыяматта Аллах баркын төгөт» – деп айткан.
Албетте, кадыр-баркын сактоо бул текебер болуу деген
сөз эмес. Текеберлик, бул чындыкка баш ийбөө жана адам-
дарды кемсинтүү. Кимдин жүрөгүндө кыпындай
текеберлик
болсо ал бейишке кирбейт. Кадыр-баркты сактоо, адамдарды
кемсинтпестен кичи пейил болуп, ошол эле убакта өзүнү да
башкалардын алдында кор кылбоо болуп саналат. Ошондук-
тан Кууранда, ар бир азииз-барктуу деген сөздүн артынан ро-
хиим-ырайымдуу же хакиим-даанышман деген сөз кошо ке-
лет. Демек өзүбүз кадыр-баркыбызды сактайлы, башкаларга
да ырайымдуу бололу. Аллахым ар бирибизди кадыр-баркын
сактаган адамдардан кылгын. Элибизге тынчтык, жерибизге
молчулук бергин. Күнөөлөрүбүздү кечирип ыймандуу адам-
дар менен бирге кылгын. Ассаламу алайкум ва рахматул-Ло-
охи ва баракатуху.
үлгү
63
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Бузуку лар шайтанд ын бир туу ганы
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Баардык аа-
ламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоолор болсун.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Баардык мүлк, баардык мактоолор ага гана тиешелүү, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү.
Оо, Аллахым! Жамандыктардан өзүң каалагандай сакта-
гын, албетте, сен сактоого Кудреттүүсүң. Жакшылыктарды
насип кыл, албетте сен ар бир ишти Көрүүчү жана Билүүчүсүң.
Аллахым, өзүңө сүйүктүү болгон амалдарды аткарууга
жардам бер, өзүңө жагымсыз болгон амалдарды аткаруудан
сактагын.
Аллахым, бизге адалдан ырыскы бер, берген ырыскыңды
берекелүү кыл. Арамдын көптүгүнө карабастан андан бизди
өзүң сакта. Арам, күнөө, бузукулук менен биздин арабызды
батыш менен чыгыштай алыс кыл.
Аллахым, эл арасында бузукулук кылып, адамдарды
бөлүп-жарылууга дуушар кылуучу шайтандын амалынан өзүң
коргоп, сактагын. Элди ынтымактуулукка үндөп, адамдардын
арасын бириктирүүгө, аларга туура жол көрсөтүүгө жардам
бер.
Жана күбөлүк берем Мухаммад Аллахтын эң акыркы
эл-
чиси жана кулу. Ал адамдарды бузукулуктан тыйып, ынтымак-
туулукка чакырган, адамдардагы жаман адаттарды жоготуп,
кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилген акыркы элчи.
Ал Пайгамбар өзүнүн ыйык хадисинде: «Кайсы бир пен-
де: Эй, Ырайымдуулардын Ырайымдуусу – деп үч жолу кай-
рылса, Аллах тарабынан атайын дайындалган периште: Ал-
үлгү
64
БЕЙИШ ЖОЛУ лах сага көңүл бурду, эмнени кааласаң сура деп айтат» – деп
айткан. Бүгүнкү жума кутбасынын алдында биз дагы Аллах-
ка кайрылабыз, Оо Ырайымдуулардын Ырайымдуусу, Оо,
Ырайымдуулардын
Ырайымдуусу, Оо, Ырайымдуулардын
Ырайымдуусу,
биздин элибизди бузукулардын бузукулугунан
сакта, элибизге ынтымак, биримдик бер.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Биздин башыбызга келген кыйынчылыктар күнөөлөрүбүздүн
көптүгүнүн себебинен болот. Кайсы жерде, кай-
сы элде Аллах Таала тыйуу салган күнөө иштер көбөйүп, ал
эми Аллах Таала буйруган иштер аткарылбай
калган учурда,
аларга Аллахтын азаптары биринин артынан бири түшүрүлө
берет. Аллахтын аскерлери өтө көп. Шамал Аллахтын аскери,
жамгыр Аллахтын аскери, өрт Аллахтын аскери, жер титирөө
Аллахтын аскери, ар түрдүү жугуштуу айыкпас ооруулар Ал-
лахтын аскери. Эгер Аллах кааласа өзүнүн каалаган аскери
менен жазалай берет. Аллахым бизди өз мээримиң менен
балээ-кырсыктардан сактагын. Пайгамбарыбыздын (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) колунда он жыл кызматчы
болгон Анас ибни Малик (Аллах андан ыраазы болсун) Айша
энебизге кирип:
– «Оо, момундардын энеси, Аллахтын элчисинин жер
титирөө туралуу айтканын уккансыңбы? – деп сурайт. Ошон-
до Айша энебиз:
– «Ооба, Аллахтын элчисинен бул тууралуу укканмын,
ал: «кайсы бир элде тыйуу салынган жаман күнөөлөр көбөйүп
кеткенде, Аллах Таала жерге титире деп айтат» – деген. Ал
эми, бул титирөө аларды азаптоо үчүн эмес, аларга ырахмат
кылып, эскертүү үчүн болот» – деп жооп берген. Демек, биз-
дин башыбызга келген кандайдыр бир кыйынчылыктар, биз-
ди азаптоо үчүн эмес, тескерисинче бизге ырайым кылып, эй
көрпенде көзүңдү ач, күнөөнү токтот, болбосо эртең мындан
да оор, мындан да жаман кайгыны башыңа түшүрүп коём де-
ген Аллахтын кезектеги эскертүүсү. Бул, эсиң барда этегиңди
жап деген эле сөз. Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
үлгү
65
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
салам-салаваты болсун) Меккеден Мадинага көчүп келген му-
хажирлерге кайрылып:
– «Беш түрдүү иш бар, бул иштерден Аллах Таала силер-
ди сактасын. Биринчи, кайсы элде ачык-айкын сойкулук кыла
башташса, Аллах Таала аларга ата-бабасы билбеген айыкпас
ооруларды берип коёт. Экинчи, кайсы бир элде байлар бай-
лыктын зекетин беришпей калса, Аллах Таала асмандан жам-
гыр жаадырбай коёт, эгер жаадырса айбандар үчүн гана жа-
адырат. Үчүнчү, кайсы бир эл Аллах тыйуу салган иштерден
тыйылбай жана буйруган иштерди аткарбай калышса, сырт-
тан келген душмандар аларга үстөмдүк кылып, байлыктарын
тоноп кетишет. Төртүнчү, кайсы бир эл бири-бирин тараза-
дан, ченеп-өлчөөдөн алдай башташса, аларга катуу каатчы-
лык келет жана аларды заалым падыша башкарат. Бешинчи,
кайсы бир элде илимдүүлөр Аллахтын сөзүн, Пайгамбардын
сүннөтүн сүйлөбөй калса, ал эл өз ара бири-бирине душман
болот» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) он төрт кылым илгери айткан бул хади-
си, бүгүн биздин башыбызга келген учур. Азыр СПИД сыяктуу
айыкпас ооруулардын дабасын таппай канча окмуштуулар
башын катырып отурат. Бул оорулар эмне себептен чыкты?
Сойкулуктун ачык-айкын таралуусунан чыкты. Андан кантип
сактануу керек? Сактануунун жолун кайра эле динден таба-
быз. Кураанда Аллах Таала: «Зинага жакындабагыла, анткени
ал өтө ыплас жана жаман жол» – деп эскерткен. Аятта зина
кылбагыла деген жок, зинага жакындабагыла деди. Демек зи-
нага чакыруучу иштерден алыс болуу, зинага алып баруучу ар
кандай жаман жолдордон качуу гана мындай ооруулардан ку-
тулууга алып келет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы убактагы кээ бир бузукулардын жүргүзүп жат-
кан иштери, диндеги эң чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет.
Булардын күнөөсүнүн айынан канчалаган башка адамдар
зыянга учурайт. Аллах Таала Кураанда: «Фитна (бузукулук)
адам өлтүрүүдөн катуурак (күнөө)
» деген. Адам өлтүрсө, бир
үлгү
66
БЕЙИШ ЖОЛУ адамды өлтүрөт. Ал эми эл арасында бузукулук кылуу бүтүн
бир элдин жок болуусуна алып келүүсү да мүмкүн. Ошол үчүн
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз ха-
дисинде:
– «Фитна уктап жатат, ал эми ким аны ойготсо, ага Аллах-
тын лаанаты болсун» – деп айткан. Ал эми Аллахтын лаанаты
болсун деген сөз жеңил нерсе эмес урматтуу туугандар. Аллах-
тын лаанаты тийген адам эки дүйнө бактылуу болбойт. Аллах
Таала өзү айтат:
– «Мен Аллахмын, менден башка эч кандай илах жок. Ким
менин буйругумду аткарса, мен ага ыраазы болом. Мен кимге
ыраазы болсом, ага береке эшиктерин ачып коём, Менин бере-
кем анын жетинчи урпагына чейин жетет.
Мен Аллахмын, Менден башка эч кандай илах жок. Ким
менин буйругумду аткарбаса, мен ага ачууланам. Мен кимге
ачуулансам, ага лаанат айтам, менин лаанатым анын жетин-
чи урпагына чейин жетет».
Бузукулардын күнөөсүнүн чоңдугуна жараша алардын
жазасы да чоң болот. Аларга тийген Аллахтын каргышы алар-
дын жетинчи урпагына чейин жетет. Бул дүйнөдө төрт түрдүү
адам жашайт:
Биринчи: дүйнөдө эч кандай максаты жок жашаган адам-
дар. Алар бул дүйнөгө эмне үчүн келди, эмне үчүн жашап жатат
жана бул жашоодон кийин кайра барат, деги эле бул жашоо де-
ген эмне, бул суроолор алардын оюна да келбейт. Алар жөн гана
ичет, жейт, адамдык кумарларын кандырат, башка эч бир макса-
ты жок. Мындай адамдар айбан сыяктуу. Булар тууралуу ыйык
Кураанда: «чынында
тозокту жиндер менен адамдарга толту-
рабыз. Алардын кулактары бар, бирок (акыйкатты) угушпайт,
алардын көздөрү бар, бирок (акыйкатты) көрүшпөйт, алардын
жүрөктөрү бар, бирок (акыйкатты) сезишпейт, алар айбандар
сыяктуу же андан жаманыраак…» – деп айтылган.
Экинчи: башка бирөөгө жамандык жеткирүүнү максат
кылган адамдар. Алардын максаты кандай жол менен болсо
да бирөөлөргө жамандык кылуу гана, алар бирөөгө жамандык
үлгү
67
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
кылып ошонон ырахат алат. Мындай адамдар жырткыч айбан
сыяктуу. Кээде жырткычтардан да жаманыраак болот. Антке-
ни жырткычтар башка алсыз жаныбарларга зыян жеткирүү
үчүн эмес, курсагын тойгозуп жашоосун улантуу үчүн алар-
ды кармап жейт. Ал эми адамдар болсо өзүнө эч кандай кере-
ги жок болсо да башкаларга зыянын тийгизе берет. Мындай
адамдар тууралуу Куранда: «(Оо, Мухаммад) кээ бир адамдар-
дын сөзү бул дүйнө жашоосунда сени таң калтырат. Ал өз ди-
линдеги нерсеге Аллахты күбөгө тартат. Ал-катуу талашуучу.
Ал узаган соң жер бетиндеги эгиндерди, төлдөрдү кыйратууга
аракет кылат. Аллах бузукулукту жакшы көрбөйт» – деп айт-
кан.
Үчүнчү: эл арасында бузукулук кылуучу адамдар. Алар-
дын максаты элди бөлүп-жарып, уруштуруп-талаштырып
коюп, өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонуу. Мындай адамдар
шайтан сыяктуу. Шайтандын дагы
негизги максаты адамдар-
дын арасындагы ынтымактуулукту
жоготуп, аларды Аллахты
эстөөдөн, ибадат кылуудан алагды кылуу.
Төртүнчү: эл арасында адилеттүүлүк кылуучу адамдар.
Алардын максаты Аллахтын буйругун аткарып, эл арасында
жакшы мамиле менен жашоо жана башкаларды дагы ошого ча-
кыруу. Мындай адамдар периште сыяктуу. Аллах Таала Кураан-
да: «Чындыгында, ыйман келтирип-Аллахка ишенгендер жана
жакшылык иштерди кылгандар, алар-адамдардын эң жакшы-
сы» – деп айткан. Демек, азыркы учурдагы кээ бир шайтандын
амалын жасаган, же жырткыч айбандар сыяктуу бири-бирин
тоноп, жеп жаткан адамдарды көргөндө, эч нерсе менен иши
жок айбан сыяктуу басып кетпестен, аларга Жартакандын ал-
дында жооп берүүчү күндүн болорун, ар ким өз кылган айыбы
үчүн калайыктын алдында жооп берерлигин айтып, эскертүү
ар бир мусулмандын милдети. Биздин эң чоң артыкчылыгыбыз
дал мына ушул башкаларды жакшылыкка чакырып, жаман-
дыктан кайтаруу сыпатыбыздын барлыгында турат. Мен өзүм
катышпасам болду башкалар эмне болсо ошол болсун деп кай-
дыгерлик кылуу мусулмандын сыпаты эмес. Аллах Таала биз
үлгү
68
БЕЙИШ ЖОЛУ сыяктуу караган кыбласы бир, окуган намазы бир, ээрчиген
пайгамбары бир мусулмандарды эмес, тээ китеп ээлери болгон
каапырларды да жакшылыкка чакырууга буйруган. Кураанда:
«Эй, китеп ээлери. Келгиле ортобузду (түздөп) бир келишимге
келели. Жалгыз Аллахка кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик
кылбайлы. Ошондой эле Аллахтан башканы, бири-бирибизди
кудай кылып албайлы деп айткын» – деп эскерткен. Биз өзүбүзгө
каалаган жакшылыкты башкаларга да каалаган, башкалардын
кызыкчылыгын өзүбүздүн кызыкчылыгыбыздан өйдө койгон
үммөтпүз. Ошол үчүн бизди Аллах Таала Кураанда: «Силер
адамдар
үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр, жакшылык-
ка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар» – деп мактаган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Келгиле Аллахтын кулу экендигибиз чын болсо, Пайгам-
бардын үммөтү экендигибиз чын болсо, оозубуздагы келме-
биздин бир экени чын болсо, жүрөгүбүздөгү
ыйманыбыздын
бар экени чын болсо, бир жердин нанын жеп, бир жердин
суусун ичип отуруп бири-бирибиз менен душман болбойлу.
Бузукулардын
тилине кирип, бөлүнүп-жарылып жаткан баш-
ка бир туугандарыбызга да эскертели, аларды да туура жолго
чакыралы. Эркиндигибизди, мекенибизди, балдарыбыздын
келечегин сактап калалы. Аллахым бүгүнкү улуу күндө кыл-
ган дубаларыбызды кабыл кыл, үйүңө келдик, тизе бүктүк,
алакан жайдык, ар бирибиздин билип-билбей кетирген
күнөөлөрүбүздү кечир. Элибизди бөлүнүп-жарылуудан, бузу-
ку-ушакчылардын ар кандай чагымдарынан өзүң сакта. Ада-
шып жүргөндөрдү өзүң туура жолго башта. Ва солла-лоллоху
аьлаа Мухаммад ва аьлаа аалихи ва асхаабихи ажмаьиин. Ас-
саламу алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.
үлгү
69
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Ислам тынчтыкт ын дини
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса,
Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таян-
са, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,
Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сый-
ынса, ага Аллах ачууланат.
Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киргизип, Аны эстесе,
ага
Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах динибизди Ислам, тын-
чтыктын дини деп атады. Ал, Аллах адам баласын тынч жашо-
ого буйруду.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгам-
бар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тынчтыктын дини
болгон Исламды тынчтык менен таратты. Баардык үммөтүн
тынч жашоого чакырган улуу Пайгамбар Мухаммадга жана
анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу Мусулман бир тууганым!
Азыркы мезгилде, өлкөбүздө да, шаар жана айылдарда да,
ал эмес өз үйүбүздө да, кандайдыр бир тынчсыздануу, чочулоо
менен жашап жатабыз. Эмне себептен өз үйүбүздө тынч отура
үлгү
70
БЕЙИШ ЖОЛУ албай калдык? Эмне себептен элибиз эртеңки күнүн элестете
албай калды? Аллах Тааланын ыйык китеби Кураанда: «Алар
өздөрүн өзгөртпөсө, Аллах берген тынчтыгын алып койбойт»
– деп айтылган. Биз динибизден алыстап, аны эски, илимсиз,
түркөй адамдардын ишеничи катары карап, ага кайдыгер ма-
миле жасаган сайын, биздин ортобуздагы ырыс-ынтымакты
Аллах Таала алып койду. Кураанда, Аллах Таала: «Аллах силер-
ге бейпилчиликтеги айылды мисал келтирет. Ага ар тараптан
мол ырыскы келип турчу. Акырында, Аллахтын жакшылыгы-
на каапырчылык кылышты, ошондуктан Аллах, алардын жа-
саган зулумдугу үчүн, аларга ачарчылык жана коркунуч тонун
кийизип, жапа чектирди» – деп, биз үлгү ала турган аятты айт-
кан. Тилеке каршы, азыр телевидение, газета-журнал, кайсы
жерди караба, бирөөнү өлтүрүп кеткен, бирөөнү тоноп кет-
кен, бирөөнү сабап кеткен ж.б. жаман кабарларды көрөсүң.
Бүгүнкү мезгилде, бизге суу менен аба кандай зарыл болсо,
тынчтык да ошондой зарыл болуп турган учур. Чындыгында,
тынчтык жана бейпилдик Аллах тарбынан пенделерине берил-
ген эң чоң ниьмат-белек. Анын кадырына жетип, сактап калуу
ар бир инсандын милдети. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Эгер
силерге тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылып, Аны зикир
кылгыла» – деп айткан. Аллах Таала, эгер машина утуп алсаң
шүгүр кыл деген жок, же акча таап алсаң шүгүр кыл деген жок,
же башка нерсени айткан жок. Эгер тынчтык болсо, Аллахка
шүгүр кылгыла деди. Демек, тынчтык ар бир адам үчүн өтө
зарыл жана баалуу. Ошондуктан баардык пайгамбарлардын
атасы, даанышман Ибрахим (Ага Аллахтын саламы болсун)
Аллахка жалынып: «Оо, Робим! Бул шаарды тынчтыктын шаа-
ры кылгын» – деп дуба кылган. Аллах Таала сүйүктүү пайгам-
барынын тилегин кабыл кылып, Мекке шаарын тынчтыктын
шары кылып койду. Ошол замандан азыркы күнгө чейин Мек-
ке тынчтыктын шаары болуп калды. Балким кыяматка чейин
же Аллах каалаган бир заманга чейин, ал тынчтыктын шаары
болуп тура берет. Тынчтыктын кадырын, тыечтыктын баасын
жакшы билген даанышман пайгамбардын тилеги менен Мек-
үлгү
71
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
ке шаары ушундай артыкчылыкка ээ болуп калды. Тынчтык-
тын канчалык маанилүү экендигин билдирип, Аллах Таала,
Пайгамбарыбыздын Харам мечитине кирүүсүн сүйүнчүлөгөн
аятта: «Аллах кааласа, чачыңарды алдырган жана кыскарткан
абалда тынчтык менен, эч коркпостон ыйык мечитке сөзсүз
киресиңер» – деп айткан. Албетте, бул Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) жана сахабалар үчүн өтө
сүйүнүчтүү кабар эле. Анткени мушриктер ажы амалын атка-
рууга тоскоол болуп жаткан мезгил болчу. Ажы амалын атка-
руу үчүн Харам мечитине кирүү өтө кубанычтуу эле. Бирок,
андан да өткөн кубаныч, Аллах Таала баса белгилеп айтып
жаткан тынчтык кубанычы эле. Аллах Таала, эч кимден корк-
постон, тынчтык менен кирүүнү сүйүнчүлөдү.
Аллах Таала кээ бир аяттарда, өтө маанилүү нерселер ме-
нен ант ичет. Мисалы: убакытка, заманга, күндүз жана түнгө
ж.б. манилүү нерселер менен касам ичет. Ошондой аяттардын
биринде, Аллах Таала: «Жана бул тынчтык шаарына касам» –
деп айткан. Аллах касам ичип жаткан соң, тынчтыктын кан-
дай баалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ар бир мусул-
мандын каалаганы бейишке кирүү. Бейишке кирүнүн өзү эле
чексиз бакыт. Ал эми Аллах Таала ыймандууларга: «Бейишке
тынчтык менен киргиле» – деп айтаарын Кураанда белгиле-
ген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Тынчтыктын бизге канчалык зарыл экенин, азыр жаш
балдар дагы жакшы түшүнүп калды. Кайсы жерде тынчтык
жок болсо, ошол жерде ый жана кайгы болот. Кайсы жерде
тынчтык жок болсо, ошол жерде жокчулук жана ачарчылык
болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде Аллах-
тын ар түрдүү кырсык-балээлери болот. Ислам дини ар дайым
тынчтыкты сактоого чакырат. Тынчтык, биринчи кезекте үй-
бүлөөдө болууга тийиш. Үй-бүлөөдө талаш-тартыш чыкпоосу
үчүн, динибизде ар кимдин укугу жана милдети белгиленип
коюлган. Ар бири өз укугун билип, милдетин так аткарган үй-
бүлөөдө эч качан уруш-жаңжал болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага
үлгү
72
БЕЙИШ ЖОЛУ Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
– «Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга
жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына жооп
берет. Ата үйүнө кайтаруучу жана кайтарганына жооп бе-
рет. Эне үй ичине кайтаруучу жана кайтарганына
жооп бе-
рет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп
бересиңер» – деп айткан. Ошондой эле:
– «Үйүнө кирген адам: Ассалааму алайкум, Аллахтын
тынчтыгы болсун деп салам айтып кирсе, ал үйдө береке бо-
лот» – деген.
Андан кийин, мусулман адам кошуналары менен тын-
чтыкта жашоосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун)
– «Ким, Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы
менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Ошондой эле
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
жолу сахабалары менен отуруп:
– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллах-
ка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип
айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп
сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербе-
ген адам» – деп жооп берди. Андан соң, мусулман адам жалпы
коомчулук менен тынчтыкта жашоого тийиш. Пайгамбары-
быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
– «Бир адам мечитке келгенде же базарга барганда, ко-
лунда жаанын огу болсо, аны учунан кармабасын» – деп айт-
кан. Бир мусулманга курал сунуп, аны өлтүрүү мындай турсун,
жөн эле куралды ага каратып көтөрүү күнөө болуп эсептелет.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
хадисте:
– «Мусулман экинчи бир тууганына курал кезебесин,
шайтан аны аттырып коюусу мүмкүн» – деп айткан. Ошондой
үлгү
73
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
эле маанидеги экинчи бир хадисте:
– «Кимде-ким ата-энеси бир болгон мусулман бир тууганы-
на тамашалап болсо да курал кезесе, аны алмайынча периштелер
ага лаанат айтат» – деген. Чындыгында, мусулманды курал менен
эмес жөн эле коркутууга да болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун)
– «Бир мусулманга экинчи мусулманды коркутуу арам» –
деген.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
Мекке шаарына жеңиш менен кирген кезде, душмандар катуу
коркунучка дуушар болушкан. Бирок, тынчтыкты даңазалаган
Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечээ эле
өзүнү Меккеден кууп чыгарышкан дин душмандарына алар-
дын оюна келбегендей иш жасады. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын
салам-салаваты болсун) кереметтүү Меккеге кир-
ген кезде:
– «Ким, мечит ичине кирсе аман болот. Ким, Абу Суфян-
дын үйүнө кирсе аман болот. Ким үйүн бекитип отурса аман
болот» – деп, алардын баарына тынч жашоону тартуу кылды.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Эгер биз жакшы жашоону максат кылсак, анда биринчи
кезекте тынчтыкты сактообуз керек. Анткени жашоодогу ба-
ардык жамандыктар ынтымактын жоктугунан
болот. Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, бири-
бириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерден жүз буруп кет-
пегиле. Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зыян бербейт
жана кыйынчылыкта таштап кетпейт. Такыбалык жүрөктө бо-
лот. Бир мусулманга, экинчи мусулманды кемсинтүү, жетиштүү
күнөө болот» – деп айткан. Ошондой эле бир хадисте, Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бөлүнүп-жарылуудан сактангыла, анткени ал жакшы
жашоону жок кылат» – деп айткан. Бүгүнкү күндөгү бөлүнүп-
жарылуулар, бизге зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Биз,
исламдын тынчтыкты максат кылган дин экенин эч качан
үлгү
74
БЕЙИШ ЖОЛУ эсибизден чыгарбашыбыз керек. Динибиздин аты тынчтык.
Динди бизге мыйзам кылып берген Аллах Тааланын ысымда-
рынын бири «Ассалам» тынчтык деген маанини билдирет. Ар
бирибиз үмүт кылган улуу бейиштин бир аты «даарус-салаам»
тынчтык коргону деген маанини билдирет. Биздин саламда-
шуубуз «ассалааму алайкум» сизге Аллахтын тычтыгы болсун
деген маанини билдирет. Бир күндө канча жолу жолуксак,
ошончо жолу саламдашып, бири-бирибизге тынчтык каа-
лайбыз. Ибаадаттардын эң зарылы болгон намаздын ичин-
де, тынчтык сөздөрүн айтабыз. Намазды бүткөн мезгилде, оң
жана сол тарабыбызга салам берип, тынчтык каалоо менен
бүткөрөбүз. Демек, динибиз башынан аягына чейин тынчтык-
ты даңазалаган дин экени көрүнүп турат.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Келгиле, өзүбүздүн кетирген кемчиликтерибиз себептүү,
айрылып калган бейпил жашоону кайра кайтарып алууга ара-
кет кылалы. Анткени, бир коом өзүн өзгөртмөйүнчө Аллах
Таала аны өзгөртпөйт. Ибну Кайум (Аллах агы ырайым кыл-
сын) айтат: Кайсы жерде илим жок болсо, ал жерде жамандык
болот. Кайсы жерде илим болсо, ал жерде жакшылык болот.
Демек, биз дагы илим алууну көбөйтүүбүз керек. Ошондой эле
көп-көп дубаларды кылуубуз керек. Ибрахим пайгамбардын
дубасындай дубаларды кылуу менен Аллахка жалынып-жал-
барышыбыз керек. Үчүнчүдөн, даанышмандык жана кемен-
гердик менен даават кылуу керек. Мына ушул үч жол менен
аркет кылсак, Аллах Тааланын каалоосу менен жерибизге
тынчтык, элибизге бейпилчилик келет.
Аллахым, биздин өлкөбүзгө тынчтык бергин. Ар бири-
бизге бейпил турмушта жашоону насип кылгын.
Аллахым, ар бирибиздин билип жана билбестен жасап
койгон күнөөлөрүбүздү кечир. Элибизге жакшы жашоону
насип кыл. Карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жак-
шы адеп-ахлак бергин. Бүгүн ушул жерге кандай чогулткан
болсоң, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу
кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху.
үлгү
75
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Мусу лман мусу лманга жихад кылбайт
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана боо-
рукер Аллахтын аты менен баштаймын. Баардык мактоолор
Жаратуучу Аллах Таалага болсун.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын шериги жок, Ал баар-
дык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты бир
ата, бир энеден жаратып, аларга жашоо тартибин үйрөтүп,
бир тууган болуп жашоого буйруган.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Пайгамбар Аллахтын эң акыркы элчиси жана кулу. Ал,
Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) касташкан
урууларды, касташкан душмандарды, ыйман нуру менен би-
риктирип бир тууган кылган. Мусулмандын жаны, каны, на-
мысы башкаларга арам экенин осуят кылган улуу Пайгамбар-
га, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы
жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) Меккеден Мадинага келгенде, эң биринчи бул
эки шаардын элин бири-бири менен бир тууган кылды. Ма-
диналык мусулмандар Меккеден келгендерди бир-бирден өз
үйлөрүнө алып кетишти. Алар колунда барын эч аябастан
мусулман бир туугандарына беришти. Абдурахман ибни Ауф
(Аллах андан ыраазы болсун) деген сахабаны, бир Мадина-
лык мусулман үйүнө алып келип, бар байлыгын анын алды-
на коёт да, болгон байлыгымдын жарымын алгын деп сунуш
кылат. Никесиндеги эки аялынын кимиси жакса, ошонусун
ажырашып талак кылайын, сен ага үйлөн дейт. Бирок, Абду-
рахман ибни Ауф (Аллах андан ыраазы болсун) анын эч нер-
үлгү
76
БЕЙИШ ЖОЛУ сесин албайт. Андан базарды көрсөтүп коюуну гана суранат.
Кийинчерээк Абурахман ибни Ауф (Аллах андан ыраазы бол-
сун) сахабалардын ичинен эң байы болуп калат. Ошол убакта
мусулмандар эмне үчүн бири-бирин мынчалык сыйлашкан?
Анткени алардын башын бириктирип турган келменин акый-
катын билишет эле. Лаа илааха иллал-лооху, Мухаммадур-
расуулул-лоохкелмеси, баардык мусулмандардын бир үммөт
экенин, бир Аллахтын кулу, бир Пайгамбардын үммөтү, бир
кыбланын ээси экенин даңазалап турат. Ошондуктан Пайгам-
барыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мадинага
келгенде дароо эле мечит кура койгон жок. Ал, мечитте сажда
кыла турган мусулмандардын башын бриктирди. Мадинада,
Аус жана Хазраж аттуу эки уруу жашайт эле. Булардын ара-
сында төрт жүз жылдан бери уланып келе жаткан душмандык
бар эле. Төрт жүз жыл бою булар бири-биринин канын төгүп
келишкен. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) ислам, ыйман биримидиги менен бул эки урууну бир
туугандарга айландырды. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Оо,
ыйман келтирген пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен
корккула жана мусулман абалда гана өлгүлө. Аллахтын ди-
нин бекем кармагыла, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-
бириңе душман болуп турганыңарда, жүрөктөрүңөрдүн ара-
лыгын жакындаткан, Анын жакшылыгы менен бир тууганга
айланганыңарды эстегиле. Тозоктун чуңкурунун кырында
турганыңарда, Ал силерди андан куткарды. Силердин туура
жолго түшүүңөр үчүн, Аллах өз аяттарын ушундай кылып ба-
яндайт» – деп айткан. Аллахтын дини, Пайгамбардын жолу,
төрт жүз жыл кан төгүшүп, элдешкис душман болуп калган
урууларды бир гана бул дүнүйө эмес, акыретте да бактылуу
болуучу жолго салып койгон. Алар ыймандын, исламдын баа-
луулуктарын толук жашоосуна алып келе алышкан. Ошондук-
тан алар, өз кызыкчылыгынан өзгөнүн кызыкчылыгын алдыга
коюу сыпатына жетише алышкан. Душмандар менен болгон
бир согушта, кекиртегине өлүмү жакындап калган бир адам
суу сурап кыйналып жатат. Ага бир мусулман бир тууганы суу
үлгү
77
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
көтөрүп чуркап келет. Бирок ошол убакта андан бир аз ары,
экинчи бир адам суу сурап калат. Биринчи адам өзүнө сунул-
ган сууну албастан, тигиге алып барууну суранат. Сууну ага
алып барса, үчүнчү бирөө суу сурап калат. Экинчи адам дагы
сууну ичпестен тигиге узатат. Өлүм алдындагы адамга суудан
башка эч нерсенин кереги болбой калат. Бирок ошого караба-
стан өз жанынан башканын жанын артык көргөн сахабалар,
өзүнө берилген сууну ичпестен экинчисине узаткан. Бир жолу
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) са-
хабаларына бирөөнү көрсөтүп, бул адамды бүгүн ким конок
кылат деп сурап калат. Сахабалардын бири ал адамды үйүнө
алып кетет. Бирок, анын үйүндө балдарына атала кылып берүү
үчүн сактап койгон бир чөйчөк талкандан башка эч нерсе жок
эле. Алар балдарын уктатып коюу үчүн сууну шарактатып
кайната беришет. Балдары тамактын бышуусун күтүп отуруп
уктап калышат. Андан соң жасалган тамакты коноктун алды-
на коюп, чыракты алысыраак коюп коюшат. Анткени тамак
аз болгондуктан үй ээси жалган эле тамактанымыш болуп,
аны конок көрүп калбасын деп ойлошкон. Ошентип түндү
өткөрүшөт да, эртең менен мечитке барышат. Эртең мененки
намаз бүткөндөн кийин, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) тиги экөөнө карап, силер түндө кандай
амал кылдыңар, периштелер силердин амалыңарга таң калып
жатышат дейт. Көрсө тамактын аз экенин байкаган конок да,
жалган эле тамактанымыш болуп отурган экен. Ошол окуядан
кийин, өзүнөн да башканы артык көргөн мусулмандардын бир
туугандыгын мактап-даңазалаган: «Алардын арасында өздөрү
муктаж болуп туруп, башкаларды алдына койгондор бар…» –
деген аят түшкөн. Чыныгы мусулман, бир тууганына бир жа-
мандык жеткирүү эмес, өзүнөн мурда ага жакшылык кылууга
шашылуусу керек.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Эки ыймансыз уруу же улут бири-бирине душман болуп
турган учурда, Аллахтын дини аларды бириктирген. Жөн гана
бириктирүү эмес, аларды диндеш бир тууган кылган. Алар,
үлгү
78
БЕЙИШ ЖОЛУ бир мусулманга ыза жетсе экинчисинин жүрөгү зыркырай
турган, бир денеге айланышкан. Диндеги, Исламдагы бир ту-
угандыкты даңазалап, Аллах Таала кыяматка чейин сактала
турган Кураанда: «Чындыгында ыймандуулар бир тууган» –
деп айткан. Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун)
– «Ыймандуулар, бир дубалын экинчи дубалы кармап
турган үй сыяктуу» – деген. Ислам келгенден кийин, эч кандай
уруучулукка, улутчулдукка жол берилбейт. Анткени Исламдын
негизи бир келмеде турат. Лаа илааха иллал-лооху, Мухамма-
дур-расуулул-лоохкелмесин айткан ар бир адам бир тууган.
Алар бири-бирине курал көтөрүү мындай турсун, бири-бири-
не жаман сөз айтканга акысы жок. Мусулмандын каны, жаны,
ар-намысы экинчи мусулман үчүн арам. Пайгамбарыбыз Му-
хаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Ислам тары-
хында «коштошуу ажылыгы» деп аталып калган, акыркы ажы
амалын аткарууга барганда, аны менен бирге, жүз он төрт
миң сахаба бар эле. Персялык Салман (Аллах андан ыраазы
болсун), Римдик Сухайб (Аллах андан ыраазы болсун), Эфи-
опиялык Билал (Аллах андан ыраазы болсун) жана башка ар
тараптан келген адамдардын алдында Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бүгүнкү күн кайсы күн? – деп сурады. Сахабалардын
эч
кимиси унчукпады.
– «Биз турган шаар кайсы шаар? – деп сурады Пайгам-
барыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Сахабалар
дагы эле унчугушкан жок.
– «Азыркы ай кайсы ай? – деп сурады Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрадан. Бул жолу
да, эч ким унчуккан жок. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) өз суроосуна өзү жооп кылып:
– «Бүгүнкү күн, күндөрдүн эң улусу, Аьрафат күнү. Биз
турган шаар, шаарлардын эң улусу, Мекке шаары. Азыркы ай,
айлардын эң улусу, Зул хиджа айы. Аллахка ант ичип айта-
мын, силердин каныңар, жаныңар жана абийир-намысыңар
үлгү
79
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
ушул күн сыяктуу, ушул шаар сыяктуу, ушул ай сыяктуу арам
кылынды» – деп осуят кылды. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) бул осуяты, ошол жердеги адам-
дарга гана эмес, кыяматка чейинки баардык мусулмандар
үчүн унутулгус мыйзам жана аманат. Мусулман мусулмандын
канын төкпөйт. Мусулман мусулманды өлтүрбөйт. Мусулман
мусулмандын абийирин ачпайт. Пайгамбарыбыздын (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Бир мусулман экинчи бир тууганына тамашалап ку-
рал көтөрсө, ага Аллахтын лаанаты жаайт» – деп айтылган.
Бир тууганына курал көтөрүү, анын мал-мүлкүн тартып алуу,
абийир-намысына шек келтирүү арам. Кайсы бир бузуку-
лардын, ушакчылардын бузукулук иш аракеттерине ишенип
жаман жолго барган мусулмандар, тез арада тооба кылып,
бири-бирин кечиришпесе, кыямат күнү Аллах Таала катуу
азабына алат. Биздин Жаратуучубуз бир, Бир Пайгамбардын
үммөтүбүз, бир кыбланы карап намаз окуйбуз, бир жердин на-
нын жейбиз бир дарыянын суусун ичебиз, бир аба менен дем
алып, бир өлкөдө чогуу жашайбыз. Бизге бөлүнүп-жарылууга
эч кандай себеп жок. Биздин урааныбыз бир гана келме. Бул
дүйнөдө да акыретте да бизди чогуу кыла турган динибиз бир.
Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен кетирген
күнөөлөрүбүздү кечир. Баарыбыздын жүрөгүбүзгө мусулман-
дык бир туугандык сезимин киргиз. Элибизге тынчтык, ый-
ман жана биримдик бергин. Ассаламу алайкум ва рахматул-
Лоохи ва баракатуху.
үлгү
80
БЕЙИШ ЖОЛУ Кесип ээлерине насаат
Бисмил-лааhир-рохмаанр-рохиим. Мээримдүү жана
Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Баардык аалам-
дардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоолор болсун.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Баардык мүлк, баардык мактоолор ага гана тиешелүү, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү.
Ал, Аллах бардык ааламдардын жаратуучусу, жакшы
амалдардын сыйлыгын, жаман иштердин жазасын берүүчү,
Ага ишенүү жана баш ийүү ар бирибиздин милдетибиз.
Оо, Аллахым! Жамандыктардан өзүң каалагандай сакта-
гын, албетте сен сактоого Кудреттүүсүң. Жакшылыктарды на-
сип кыл, албетте сен ар бир ишти Көрүүчү жана Билүүчүсүң.
Аллахым, өзүңө сүйүктүү болгон амалдарды аткарууга
жардам бер, өзүңө жагымсыз болгон амалдарды аткаруудан
сактагын.
Аллахым, бизге адалдан ырыскы бер, берген ырыскыңды
берекелүү кыл. Арамдын көптүгүнө карабастан андан бизди
өзүң сакта. Арам, күнөө, бузукулук менен биздин арабызды
батыш менен чыгыштай алыс кыл.
Аллахым жакшы амалдарды кылууну, жаман иштерден
алыс болууну бизге насип кыл. Адал ырыскы бер жана аны
берекелүү кыл. Өз күүнөлөрүбүздү көрүүчү адамдардан кыл.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун), Аллахтын акыркы Пайгамбары. Ал бизге бакыт-
тын жолун ачык-айкын көрсөтүп кетти. Аддамзатты ыйман-
сыздыктын сазынан тартып чыгарып, ыймандындуулуктун
нуруна бөлөдү. «Ар бириңер кайтаруучусуңар» – деп, өз ке-
сиптеринде адилеттүү болууга чакырган Пайгамбарыбыз Му-
үлгү
81
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
хаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын
саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бир аз күн илгери, улуу Рамазан айы менен коштоштук.
Бул айда ар бирибиз жакшы амалдарды жасадык.
Таравих на-
маздарын окудук, орозо кармадык. Адамдардын
оозун ачырып,
оорулууну зыярат кылдык. Таарынгандар кечиришти, урушкан-
дар жарашты. Арамдардан
алыс болуп, күнөөдөн сактандык. Ра-
мазандын көтөрүп келген китеби Кураанды окудук, ал өткөргөн
таквалык сабактарына катыштык. Чынында Аллахка ибадат
кы-
луу бир гана айга тиешелүү эмес. Аллахка ар бир айда, ар бир
күндө, ар бир саатта, ал эмес ар бир мүнөттө ибаадат кылууга
тийишпиз. Аллах Таала ыйык Кууранда:
«Чынында айлардын санагы Аллахтын алдында, асмандар
жана жерлерди жараткан күндөгү (тагдыр) Китеби боюнча он
эки айдан турат» – деп айтккан. (Тооба.36-аят). Ал эми ошол
он эки айдын эң ыйыгы Рамазан, бул айда бардык күүнөлөрдөн
алыстап, жалаң гана ибаадат менен алек болдук. Бирок, урмат-
туу мусулман
бир тууганым, рамазандан эки кадам алыс жыла
электе эле, кайра эски жолуна түшүп, сооп эшиктеринен алы-
стап, күнөө эшиктерине кире баштагандар да жок эмес.
Кечээ эле, бир катарда туруп таравих намазын окуп жат-
кан эки дыйкан, бүгүн бир карыш жер, же бир кулак суу үчүн
бири-бирин алдап жатышат. Бул адамдар Пайгамбарыбыз-
дын: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кимде-ким өзүнө тиешеси жок нерсени өз карамагы-
на алуунун кааласа, анда ал бизден эмес. Ал адам тозоктогу
баруучу ордуна даярдана берсин» – деген хадисин унутуп ко-
юштубу?!
Кечээ эле, ак дасторконду айлана отуруп, ооз ачар алдын-
да Аллахтан адал ырыскы сурап отурган соодагерлер, бүгүн
мусулман бир туугандарын таразадан алдап жатышат. Алар
Аллах Тааланын:
«Азап болсун таразадан алдоочуларга, алар башкалардан
алганда туура тартып-өлчөп алышат да, бирөөлөргө
үлгү
82
БЕЙИШ ЖОЛУ өлчөп же тартып беришкенде кемитип беришет. Алар кайра
тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен. Улуу кыямат күнүндө» –
деген сөзүн унутуп коюшканбы?!
Улуу Рамазанда өз күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим ти-
леп, өткөндөргө Кураан окутуп, балдарына жакшы сөздөрүн
насаат кылган көптөгөн кесип ээлеринин бүгүнкү абалына
көз жүгүртүп көрөлүчү.
Адамдардын ден-соолугун өз моюндарына алышкан,
ак халатчан дарыгерлердин арасында, өз кызыкчылыгын
көздөгөн, акчалууну карап, акчасызга айбандан да жаман
мамиле кылгандар бар. Алар арзыбаган акча үчүн өз кесипте-
ринин баркын гана кетирип тым болбостон, чоң күнөөкөр да
болуп жатышат. Же алар Пайгамбарыбыздын: (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун)
– «Иштерин кемтиксиз аткарган адамдарды Аллах жакшы
көрөт» – деген хадисин билишпейби?!
Келечек муунга тарбия берүүчү, илим-билимдин ээси
болгон мугалимдерди карап көрүңүз. Жыйырма-отуз окучу же
студенттин убактысына кыянат кылып, сабакка кечигип ке-
лишет. Моюнуна жүктөлгөн милдеттерин толук аткарышпай,
жеке кызыкчылыгын ойлошот. Же алар мугалимдик кесиптин
улуу кесип экенин билишпейби?! Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Мен мугалим болуп жөнөтүлгөнмүн» – деп айткан.
Ошондой эле:
– «Илимдүүлөр Пайгамбарлардын мураскорлору» – деген.
Биз, бул аз убакыттын ичинде баардык кесиптеги адамдар-
дын күнөөлөрүн айтып чыга албайбыз. Пайгамбарыбыздын:
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Адилетсиз өкүм чыгаруучу казы тозокто» – деген хади-
син эске албаган канчалаган соттор адилетсиз өкүм чыгарып
жатышат. Канчалаган адамдар өз кызматтарынан кыянаттык
менен пайдаланып, пара алып жатышат. Ал эми сүйүктүү Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Пара алуучуга да, пара берүүчүгө да лаанат болсун» –
үлгү
83
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
деп айткан эле.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кечээ эле, ыйык Рамазан айында күнөөлөрдүн баарын
таштабадың беле. А бүгүн ал күнөөлөргө кайра эмне үчүн ба-
рып жатасың? Же сен эмне, бир эле айлык мусулман белең?
Рамазанда жанына барбаган аракты, оозуңа албаган таме-
кини бүгүн эмне үчүн кайра колдонуп жатасың? Улуу айда
кашыктап чогулткан соопторуңду чөмүчтөп чачып жоготуп
алуудан коркпойсуңбу? Аллах Таала ушундай адамдарды
сүрөттөп, ыйык Кууранда:
«Силерден бирөөңөр, астынан дарыялар аккан, ичинде ар
түрдүү мөмөлөрү бар жүзүм жана курма багы болушун, жана
өзү картайып, бала-бакырасы да алсыз болгон бир мезгилде,
бак-бостонуна оттуу борон тийип, өрттөп кетишин каалайт
беле? – деп айткан.(Бакара.266-аят). Чындыгында мындай
абалга калууну эч кимибиз каалабайбыз. Аллахтын алдына эч
кандай жакшы амалы жок куру кол барууну эч кимибиз каала-
байбыз. Анан эмне үчүн баштыгыбызды күнөөлөргө толтуруп
жатабыз. Ар бирибиздин башыбызга беш түрдүү күн келет.
1. Өтүп кеткен күн. Ал күндөрдү кайра кайтарып ала ал-
байбыз. Жакшы амалдар менен өткөрсөк да, жаман амалдар
менен өткөрсөк да, баары бир ал күндөр кайра кайрылбайт.
2. Күбө болуп турган күн. Бул күндү Аллах каалаган
адам-
дарына насип кылды. Бирок, көптөгөн бир туугундарыбыз
бул күндүн чыкканын көрө албай калды. Бул күнгө ким күбө
болсо, аны текке кетирбей пайдаланып калсын. Анткени ушул
күн анын өмүрүнүн эң акыркы күнү болуп каларын эч ким
билбейт.
3. Келерки күн. Бул күндү кимдин ичээр суусу, басар жолу
түгөнө элек болсо ал көрөт. Кимдин өмүрү түгөнгөн болсо,
анда ал бул күндү көрө албайт.
4. Убада кылынган күн. Бул күн баарыбыздын Аллахтын
алдына чогулуп эсеп-кысап кылына турган күнүбүз. Бул күндө,
кимдин жакшы амалы көп болсо ал бактылуу, кимдин жаман
амалы көп болсо бактысыз болот.
үлгү
84
БЕЙИШ ЖОЛУ 5. Кыяматтын күнү. Бул күн чеги жок күн. Ыймандуулар
үчүн чеги жок бейиш, ыймансыздар үчүн чеги жок тозок болуу-
чу күн. Аллахым ар бирибиздин өткөн күндөгү күнөөлөрүбүздү
кечир, бүгүнкү күнү жакшы амалдарды жасоого жардам бер.
Аллахым эртеңки күндү көрүүнү насип кыл, убада кылынган
күндө өзүң ырайым кылып, кыяматта түбөлүктүү бейишиңе
киргиз.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кечеги күнүбүздү өткөрүп жибердик. Эми ал кыямат-
ка чейин кайра кайрылбайт. Бүгүнкү күндө жашап жатабыз.
Аны туура пайдаланып калууга аракет кылалы, анткени
эртеңки күндү көрүү же көрбөсүбүз белгисиз. Кыямат күнүндө
төбүлүктүү бейиштин босогосун аттоо үчүн, убада кылынган
күнгө азыртан баштап даярдык көрөлү.
Аллахым ар бирибизди өз кесибибизди өзүңдөн кор-
куу менен аткарууну насип кыл. Баарыбыздын кетирген
күнөөлөрүбүздү кечиргин. Кыямат күнүндө улуу бейиште ба-
арыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи
ва барактуху.
үлгү
85
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Зу лум кыяматт ын кара ңгылыгы
Бисмиллаахир-рохмаанир-рохийм. Оо, Аллахым баардык
мактоолор сенин өзүңө болсун. Сен Мээримдүүлөрдүн
мээримдүүсүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Сен бизди азап-
тоого кудуреттүүсүң, бирок бизди азабыңа алба. Сен ырайым-
дуулардын ырайымдуусусуң, бизди өз ырайымың менен кара.
Сен бизди жазалоого акылуусуң, бирок ачууң менен караба.
Оо, Аллахым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, арабызда
ый-
мандуу адамдардын санын көбөйт, аларды азайтпа.
Оо, Аллахым, улуу Пайгамбардын сүннөтү менен жашоо-
ну насип кыл, ажал жетип бул дүйнөдөн сапар кылганда, Пай-
гамбардын үммөтү болуп кетүүнү буйругун, Өзүңдүн алдыңда
тирилүүчү күн келгенде, Пайгамбардын айланасында тирилт-
кин.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Андан башка сыйынуу-
га татыктуу зат жок. Ким Аллахка таянса, Аллах аны ызаттуу
кылат. Ким Аллахтан башкага таянса, ал ошол таянычы ме-
нен бирге кор болот. Анткени Аллах зыян көрүүчүгө жардам
берет, жардам суроочуга көңүл бурат, дуба кылуучунун колун
куру кайтарбайт. Аллах Таала хадисул-кудусийде: «Жардам-
чысы жок алсыз адамга зулум кылган заалымга менин ачуум
келди, жана да зыян көргөн адамды көрүп туруп жардам бер-
бей басып кеткен адамга ачуум келди» – деп айткан. Аллахым,
биз сенден байлык же бийлик сурабайбыз, биздин сурарыбыз
мусулмандарды ызаттуу кыл, мусулмандарды заалым да маз-
лум да кыла көрбө?!
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Анын кулу жана эң акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
адамдарды зулум кылуудан тыйды жана өз хадисинде:
үлгү
86
БЕЙИШ ЖОЛУ – «Мазлумдун дубасынан сактан, аны менен Аллахтын ор-
тосунда эч кандай көшөгө жок. Анын дубасына асман эшикте-
ри ачылып, аны Аллах өзү тосуп алат да: өзүмдүн улуулугума
ант ичем, сага бир аздан кийин болсо да жардам берем деп ай-
тат» – деп осуят кылган. Зулум кылуудан сактанууга үммөтүн
чакырган улуу Пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөөсүнө жана са-
хабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүнкү сабагыбыз зулумдук жөнүндө болмокчу. Зулум
деген эмне, анын коомчулукка кандай зыяны бар, зулум кылу-
учулар кандай күнөөкөр болушат?
Бир адамга кандайдыр бир зыян көрсөтүүчү экинчи адам
«заалым», ал эми зыян көргөн адам «мазлум», ал эми ошол
көрсөтүлгөн зыяндуу иш «зулум» деп аталат.
Аллах Таала ыйык Кураанда: «Чындыгында биз адам
балдарын артыкча кылып жараттык. Аларды кургакта жана
деңиздерде жүргүздүк. Аларга эң жакшы ырыскыларды бердик
жана биз жараткандардан айырмалап (даражасын) көтөрдүк»
деп айткан. Демек, баардык жандуу-жансыздардан артыкча
жаратылган адам баласынын канын төгүү, анын абийирине
шек келтирүү, анын мал-мүлкүн тартып алуу, ага акаарат кы-
луу ж.б. баары зулумдук болуп эсептелет.
Зулум эки түрдүү болот:
Биринчи: пенденин өзүнө кылган зулуму.
Экинчи: пенденин экинчи бир пендеге кылган зулуму.
Пенденин өзүнө кылган зулуму, Аллах тыйуу салган иштерди
аткаруу жана Аллах аткаруусун буйруган иштерди аткарбоо
менен болот. Анткени ушул учурда гана
пенде өзүнө өтө чоң
зулум кылып, өзүнү эки дүйнөнүн бактысыздыгына түрткөн
болот. Мындай зулумдуктун эң чоңу Аллахка шерик кошуу бо-
луп эсептелет. Ыйык Кураанда: «Лукман өз уулуна насааат кы-
лып: Эй уулум, Аллахка шерик кылбагын, чындыгында ширк
кылуу өтө чоң заалымдык – деди» деп айтылган. Ширк кылуу,
Аллахтан башкага сыйынуу, Аллахтан башкадан жардам су-
роо, жакшылык жамандыкты Аллахтан башкадан үмүт кылуу,
үлгү
87
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Аллахтан башкадан коркуу ушунун баары зулум кылуу болуп
эсептелет. Биз ар бир намазыбызда фатиха сүрөсүн окуп, анда
«Сага гана сыйынабыз жана сенден гана жардам сурайбыз
деп» дуба кылабыз. Бирок бир күндө эң аз дегенде отуз алты
жолу бул дубаны окуганыбыз менен ага амал кылбайбыз. Сага
гана сыйынабыз, сенден гана жардам сурайбыз деп айтып,
бирок мазарларга барып, талдарга чүпүрөк байлайбыз, Мана-
стын күмбөзүнөн ден соолук сурайбыз, Сулайман тоодон бала
үмүт кылабыз. Демек биз өзүбүзгө өзүбүз эң чоң зулум кылып
жатабыз.
Аллахка шерик кошуудан кийинки экинчи чоң зулумдук
б.а. пенденин экинчи бир пендеге кылган зулумдугу, мусул-
ман адамды атайын өлтүрүү. Адам ата менен Хава энебиздин
көптөгөн балдары болгон. Алардын ичинен Кабыл деген ба-
ласы кызганычтын, көралбастыктын айынан шайтанга азгы-
рылып бир тууганы Хаабилди өлтүрүп коёт. Мына ушул адам
өлтүрүү жер бетинднги эң биринчи зулумдук болуп калган.
Кайсы бир адам экинчи мусулмандын канын төксө ал эң чоң
заалымдардын бири болот.
Андан кийинки зулум алсыз жетимдердин малын ар түрдүү
жолдор менен алып жеп алуу. Аллах Таала Ниса сүрөсүнүн
онунчу аятында: «чындыгында, жетимдин
мал-мүлкүн ади-
летсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жешет жана
тозоктун отунда азапталышат» – деп айткан. Аллах Таалага эң
жакын адам жетим болот. Ага зыян берүү, анын малын тартып
алуу, аны ыйлатуу, аны кемсинтүү чоң заалымдык. Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Эгер жерде жетим ыйласа, асманда Аллахтын аршы
титирейт. Аллах Таала: Эй Жибрийил, жетимди ким ыйлатып
жатат деп ачууланып сурайт» – деген.
Андан кийинки зулум, өзүнүн акысы жок болгон, башка
бирөөгө тиешелүү нерсени тартып алуу. Мисалы: бирөөнүн
дүкөнүн тоноп кетүү, бирөөнүн жерин басып алуу, бирөөнүн
үйүн күйгүзүү, бирөөнүн байлыгын уурдап алуу ж.б.у.с. баары
зулум болуп эсептелет.
үлгү
88
БЕЙИШ ЖОЛУ Андан кийинки зулум, бирөөдөн алган карызын кайтару-
уга мүмкүнчүлүгү болуп туруп кечиктирүү. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн хадисинде:
– «Бай адамдын мөөнөттү кечиктирүүсү зулумдук» – деп
айткан. Кээ бир адамдар бар, үйүндө акчасы жыйылып турат,
карыз ээсин күндө эртең кел деп убара кылат. Бул, ошол адамга
жасаган зулумдук болуп эсептелет. Ижарага иштетип акысын
бербей коюу, убада берип аны аткарбай коюу, аялын жана бал-
дарын жакшы карабастан тамак-аш же кийим кечеге муктаж
кылып коюу, тамекини буркурата тартып айланасындагылар-
га зыянын тийгизүү, кыскасы экинчи бир адамга материалдык
же рухий жактан зыян көрсөтүүнүн баардык түрү зулум болот.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Адамдар эмнеге бири-бирине зулум кылышат? Зулумсуз,
бири-бири менен жакшы мамиледе жашоого болбойбу? Албетте
болот. Бирок ал үчүн ар бирибиз биздин жашообуздун негизги
тартиби болгон динди туура түшүнүшүбүз керек. Кээ бирөөлөр
өз мал-дүйнөсүн көбөйтүү үчүн зулум кылышат. Кээ бирөөлөр
башкалардан артыкча жашоо үчүн зулум кылат. Кээ бирөөлөр
жөн эле өз напсисин тыя албай зулум кылат. Бирок, ушунун ба-
арынын акыркы чеги түбөлүк тозок боло турган болсо, мындай
байлыктын кимге кереги бар!? Азыр мына ушул сонун тамакты
тоё жегин, андан соң отко салам десе, кимдин тамагынан аш
өтсүн. Зулумдук менен табылган бир кесим нан да, бир тамчы
суу да эртең эле тозокко жетелеп барат. Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Зулум, бул кыяматтын караңгылыгы» – деген. Зулум
кылган адамдын кыяматтагы абалы өтө оор болот. Кабырдан
баштап тозокко чейин караңгылыктан чыкпай кылат. Аллах
Таала ыйык Кураанда: «Аллах заалымдардын иштеринен ка-
парсыз экен деп ойлобо! Чындыгында Ал алардын көздөрү
чанагынан чыга турган күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат.
Алар чанагынан чыккан көздөрү, бош калган жүрөктөрү менен
баштарын көтөрүп, алдыга карай жүткүнүшөт» – деп айткан.
Демек заалымдар бирөөнүн малын тартып алып, бирүнөн ка-
үлгү
89
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
нын төгүп коюп, эми баарынан кутулдум деп ойлобосун. Чын-
дыгында кызыктын баары эми башталат. Зулум ушунчалык
чоң жаман күнөө, аны жакшы амалдарды кылуу менен, тооба,
истигфар айтуу менен кетире да албайсың. Негизи, күнөө иш-
терди, артынан жасалган сооптуу, жакшылык иштер жууп ке-
тирет. Бирок, зулум андай эмес. Зулумдун күнөөсү намаз окуу
менен же ажылык кылуу менен эле кечирилип калбайт. Заалым
качан гана зулум кылган адамдын акысын бермейинче же ан-
дан кечирим сурап ыраазы кылмайынча, Аллах анын күнөөсүн
кечирбейт урматтуу туугандар! Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Кыяматта ар бир адамдын акысын кайтарып бересиңер.
Мүйүзсүз койго мүйүз берилип, мүйүздүү койдон өч алдыры-
лат» – деген. Демек, эч бир иш Аллахтын
алдында жашыру-
ун калбайт. Алар, бул дүйнөдө бир аз жыргаган жашоосунун
кайрымжысын эртең эле кайра алат. Кураанда: «Биз заалым-
дарга дубалдары алоолонгон оттон тозок даярдап койдук.
Андагы заалымдар жардам сураса, ээритилген коргошун сы-
яктуу ичимдик берилет. Андан ичейин дегенде беттери ээ-
рип кетет. Бул кандай жаман ичимдик» – деп айткан Аллах
Таала. Экинчи бир аятта: «Чындыгында Аллах жана анын эл-
чисине каршы согушкандардын, жер бетинде бузукулук иш-
терди жасап жүргөндөрдүн жазасы – алар өлтүрүлөт, асылат,
же колу-буттары кайчылаш кесилет, же мекенинен куулуп
чыгарылат. Бул-алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми акы-
ретте улуу азап (бар)» – деген. Канакей мына ушул аяттарды
бүгүнкү бирөөнүн дүкөнүн тоногондор, бирөөнүн жерин ба-
сып алгандар окуп, ой жүгүртүшсө. Зулум кылуучуга Аллах
бир гана кыяматта гана эмес, бул жашоодо эле азабын берип
коюуусу мүмкүн. Төмөнкү аңгемеге кулак салып угуп көр. Бир
заалым падышанын ак сарайынын жанында, багар көрөрү
жок бир кемпирдин кара алачыгы болот. Бир күнү хан шаан-
шөкөт менен ууга бара жатып кара алачыкты көрө калат да,
анын кимдики экенин сурайт. Жөкөрлөрү жалгыз кемпирдин
алачыгы экенин айтышат. Ошондо падыша ак сарайымдын
үлгү
90
БЕЙИШ ЖОЛУ көркүн бузуп жаткан алачыкты кыйратып жоготкула деп буй-
руйт. Жөкөрлөр аны бир заматта талкалап жоготушат. Бир аз-
дан соң эптеп курсагын тойгузуунун каргытында жүргөн кем-
пир келет. Келет да, алачыгынын ордунан башка эч нерсени
таппай калат. Араң баш калкалап, күн өткөргөн алачыгынан
айрылган мазлум, зыян тарткан кемпир алакан жайып, көз
жашын агызып Аллахка дуба кылат.
– Оо, Аллахым – дейт ал, – мен өз курсагымдын айынан
бул жерден алыстап кеттим эле, ал эми эч нерседен капарсыз
калбаган сен кайда кеттиң эле?! Кемпир ушунтип ыйлап от-
урганда уудан падыша келип калат да анын кетпей отурганын
көрүп:
– Эй кемпир сенин үйүңдү талкалап салбадыкпы, дагы
эмнени күтүп отурасың бул жерде – деп сурайт. Көз жашын
али тыйа элек кемпир:
– Сенин сарайыңдын да меникиндей болуп талкалануусун
күтүп отурам, анткени Пайгамбар айткан, мазлумдун дубасы
менен Аллахтын ортосунда эч кандай тосмо жок – дейт. Анын
сөзүнө анча мани бербеген падыша бастырып кетет. Арадан
көп өтпөй жер катуу силкинип титирейт да падышанын асман
тиреген ак сарайы бир заматта бир үймөк урандыга айланат.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Заалымдын дубасы, анын ким экендигине карабастан
Аллахтын алдына чейин көтөрүлөт. Аны Аллах өзү тосуп алат.
Аллах Таала хадисул-кудусийде: «Өз улуулугума ант ичем,
эй жапа чеккен адам, сага мен жардам берем» – деп айтат.
Абдуллаh ибн Салам айтат: Аллах Таала Адамды жаратканда,
ал Аллах Тааладан сен ким менен бирге болосуң деп сурайт.
Ошондо Аллах Таала, мен мазлум менен биргемин деп айткан
дейт. Аллах Таала ар дайым мазлум менен бирге. Ошол үчүн
заалымдардан алыс болуп ар дайым мазлумга жардам берүү
керек. Заалымдын жанында болуу, ага жардам берүү, аны жа-
мандыктан кайтарып койбой анын кылганына ыраазы болуу
дагы заалымдык болот. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) өз хадисинде:
үлгү
91
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
– «Ар бириңер досуңардын дининде болосуңар, ошондук-
тан ким менен дос болууну карагыла» – деп айткан. Экинчи
бир хадисинде Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун)
– «Жакшы дос менен жаман дос, миск сатуучу менен
көөрүк үйлөөчү сыяктуу. Көөрүк үйлөөчүнүн жанына барсаң,
ал сени күйгүзөт же андан көө жугат. Ал эми миск сатуучу сага
миск тартуулайт же андан мисктин жыты келет» – деген. За-
алымга жардам бербей, андан алыстап, ага тескери мамиле
кылсак алар эл арсынан жок болмок. Бирок тилекке каршы
жең ичиден аларга жардам берип, аларга жан тарткандар бар.
Биздин мусулмандык милдетибиз заалымды көрсөк токтото-
буз. Мазлумду көрсөк ага жардам беребиз. Мусулмандын сы-
паты мына ушул. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун)
– «Силердин кимиңер тыюу салынган ишти көрсөңөр,
аны колуңар менен кайтаргыла. Кол менен кайтарууга
мүмкүн болбосо, анда тил менен кайтаргыла. Эгер ага да
мүмкүн болбосо, анда аны жүрөгүңөр менен жаман көргүлө.
Мына ушул ыймандын эң аздыгынын белгиси» – деп айткан.
Келгиле жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырууну ар
бирибиз милдетибиз катары кабыл алалы. Бирөөгө зыян тий-
гизип коюудан сактаналы. Кыяматта заалымдардын катарын-
да болуп калуудан корколу. Аллах Таала Пайгамбарды же баш-
ка бирөөнү эмес, өзүнү үлгү кылып: «Мен өз напсиме зулумду
арам кылдым» – деп айткан. Демек Аллах өзүнө арам кылган
зулумдан сактаналы. Аллахым Ар бирибиздин билип-билбей
жасаган күнөөлөрүбүздү кечир. Заалымдын заалымдыгынан
алыс кыл. Бирөөгө зулум кылып коюуудан да мазлум болуп
калуудан да өзүң сакта. Асслааму алайкум ва рахматул-Лоhи
ва баракатуху.
үлгү
92
БЕЙИШ ЖОЛУ Умард ын кыялы
Бисмил-Лааhир-рохмаанир-рохийм. Мээримдүү жана
ырай-
ымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Баардык мактоолор аа-
ламдардын жаратуучусу Аллах Таалага болсун.
Аллахым сен өтө
мээримдүүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Аллахым сен биди
азаптоого кудуреттүүсүң, бирок бизди азаптаба.
Аллахым, күнөөлөрүбүздү кечир, айыптарыбызды ашке-
ре кылба. Өзүңдүн туура, ак жолуңда алып жүр, адаштырба-
гын. Ыймандуулардын санын көбөйт, азайтпагын. Арабыз-
дан ар-намыстуу азамат жигиттерди чыгаргын, алсыз эки
жүздүүлөрдү чыгарбагын.
Аллахым, улуу Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) сүннөт жолу менен жашоону насип кылгын.
Бул дүйнөдөн өткөндө Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) үммөт болуп өтүүнү насип кыл. Акыретте ти-
рилгенде улуу Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) жанында тирилүүнү насип кыл. Кыяматта Пайгам-
бардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) булагынан
суу ичүүнү насип кыл, андан суу ичкенден кийин эч качан
чаңкатпа.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Ал, Аллах өтө ыззаттуу, баардык ааламдын падышасы, Ал
эч нерсеге муктаж эмес, баардык Аалам Аллахка муктаж. Ал,
Аллах өз пенделерин да ызаттуу болууга буйруйт.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы Пайгамбары. Ал, Пай-
гамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз сахабала-
рын ар-намыстуу, кайраттуу, адилеттүү кылып ыйман тарби-
ясы менен тарбиялаган. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын
үлгү
93
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана са-
лаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы учурда, көптөгөн саясатчылар «өлкөбүз сая-
сий каатчылыкка кабылды» деп кан какшап айтып жаты-
шат. Ооба, албетте саясий каатчылык бар, бирок андан да
өкүнүчтүү, ар бир эл-жери үчүн жаны күйгөн адамды ойлонто
турган каатчылык, бул жан-дүйнө каатчылыгы. Ыйман жана
адеп-ахлак каатчылыгы каптаган учурда, экономикалык же
саясий каатчылык эч нерсеге татыбай калат. Анткени эконо-
миканы көтөрүүчү, саясатты башкаруучу адамдарда ыйман
болбосо, паракорлук, адилетсиздик, өз көмөчүнө күл тартуу
сыяктуу жаман адаттарга белчесинен батып турушса, кантип
биз оңолушубуз мүмкүн?! Жашоонун жакшыруусу бир мый-
замды жазып коюу менен болбойт. Ал мыйзамды аткаруучу
таза, ар-намыстуу азамат жигиттин кызматы менен болот.
Балдарга тарбия берүү, ар түрдүү китептерди жазуу менен
эмес, ал китептерди окутуучу адамдардын жүрөгүнүн тазалы-
гы менен болот. Биз кандай мыйзамдарды жазбайлы, кандай
усулдарды түзбөйлү, аларды аткаруучу адамдарда ыйман бол-
босо, эч кандай пайда ала албайбыз. Жашаган жерибизге көз
чаптырып көргүлөчү? Бизге эмне жетпейт? Шаркырап аккан
суулар жетишпейби, жайкалган эгин-зар талаалар жетпейби,
ак мөңгүлүү аска зоолор жокпу, кен байлыктар табылбай-
бы, чытырман токойлор азбы? Жок, бизде булардын баары
жетиштүү. Жетиштүү гана эмес ашыгы менен табылат. Анан
эмне үчүн жашообузду алдыга жылдыра албай жатабыз? Му-
нун эң негизги себеби, биз бүгүн эл-жери үчүн күйүп-бышкан,
өз кызыкчылыгынан мурда элдин кызыкчылыгын көздөгөн эр
азаматтарды таппай калдык. Аллах көрүп турат, Аллах угуп
турат деген сезим менен таза, ак иштеген азаматтар жокко
эсе болуп калды. Биз Аллахка болгон ишенимди артка калты-
рып, пендеге болгон ишенимди алдыга коюп алдык. Аллахтан
коркуунун ордуна пендеден коркуп калдык. Балдарыбызды,
Аллахка гана таяндыруучу Лаа илааhа иллал-лооhу келмеси-
үлгү
94
БЕЙИШ ЖОЛУ нин негизи менен эмес, ар кайсы элди сокур тууроо менен
тарбиялап, чыныгы жигиттик сыпаттардан алыстатып алдык.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) саха-
баларына кандай тарбия берген эле? Алар бирөөнүн акысын
алуудан отту басып алуудан корккондон да катуураак корку-
шат эле. Анткени аларда Аллах көрүп турат деген ыйман ише-
ничи бар эле. Ал эми бүгүн биз андай эр-азаматтардан куру
кол калдык. Коомдогу ыймандуулардын азайуусу, эр азамат-
тардын жоголуусу эң коркунучтуу оору. Себеби биздин эркин-
дигибизди, келечек муундарыбызды, эл-жери үчүн кан-жанын
аябаган азаматтар болбосо эч кандай алтын, эч кандай бай-
лык, эч кандай курал сактап кала албайт. Бир жолу момун-
дардын падышасы Умар (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнүн
жолдоштору менен отуруп, алардан:
– Силердин кандай кыялдарыңар бар – деп сурайт. Ошон-
до алардын бири:
– Менде өрөөн толо алтын болсо, анын баарын муктаж
болгон адамдарга таратып берсем, кандай сонун болмок-
дейт. Экинчиси да:
– Менде да өрөөн толо күмүш болсо, ошону кедей-кемба-
галдарга таратып сооп тапсам – дейт. Үчүнчүсү:
– Менде ар түрдүү курал жарактар болсо, алар менен эл-
жеримди коргосом – дейт. Кезеги келгенде Умар: (Аллах ан-
дан ыраазы болсун)
– Менин кыялым ушундай, менин жанымда Саьд ибни
Абу Ваккас, Муаз ибни Жабал, Абу Убайда ибни Жаррах сы-
яктуу эр азаматтар болсо, мен эч нерсеге муктаж эмес элем
– дейт.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Биздин дагы бүгүнкү негизги көйгөйүбүз, Умар (Ал-
лах андан ыраазы болсун) айткандай эр азаматардын азды-
гында болуп жатат. Эр жигиттик, эр азаматтык, жаш менен
өлчөнбөйт. Ошол эле Умардын (Аллах андан ыраазы
болсун)
падышалык доорунда ага бир канча адамдардан
турган элчи-
лердин тобу келет. Алардын арсында бир канча жашы улуу-
үлгү
95
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
лардын болгонуна карабастан, бир жаш жигит сөз баштайт.
Ошондо Умар: (Аллах андан ыраазы болсун) сенден улуурагы-
на сөз бербейсиңби деп айтат. Жаш жигит эч нерседен тай-
манбастан: эгер адамдарга жашына карап иш бериле турган
болгондо, падышалыкка сага караганда акылдуураак адамдар
да бар эле, бирок Аллах кимге сүйлөөчү тилди, тунук акылды
берсе, анда ал ишке акылуу болот – деп жооп берет.
Күндөрдүн биринде Умар (Аллах андан ыраазы болсун)
көчө бойлоп бара жаткан. Жол боюнда ойноп жаткан жаш
балдар аны көрөр замат туш тарапка качып кетишет. Бир гана
Абдуллаh ибни Зубайр деген бала ордунан козголуп да койбой
ойной берет. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) анын жаны-
на келип: – балдардын баары качып кетти го, сен эмне үчүн
качкан жоксуң деп сурайт. Бала кебелбестен: – эгер жол тар
болгондо жол боштуп качышым мүмкүн эле, бирок жол кенен
эле турат, эгер бир күнөө иш жасаганымда көрүнбөй калайын
деп качышым мүмкүн эле, бирок мен күнөө да жасаган эмес-
мин, мага сенден качууга эч кандай себеп жок, эмне үчүн кач-
мак элем – деп жооп берет.
Хажжаж ибни Юсуф деген заалым падыша өткөн. Анын
заалымдыгынан адамдар анын көзүнө көрүнүүдөн да кор-
кушат эле. Эл арасында «Хажжажга кирүү өлүү, андан чы-
гуу төрөлүү» деген ылакап сөз тараган эле. Бир күнү Хаж-
жаж көчөдө баратып, жол боюнан он жашар баланы кармап
алат. Андан кайда баратасың деп сурайт. Бала Кураан окууну
үйрөнүү үчүн бараткандыгын айтат. Ошондо Хажжаж билген
сүрөлүрүңдөн окуп бер деп талап кылат. Бала токтолбостон:
«Ауузу биллаhи минаш-шайтоонир-рожим. Бисмиллаhир-
рохмаанир-рохиим. Силерди
(мал-мүлкүңөр менен) сыймык-
тануу алагды кылат. (Бирок ал алагды болуу) ажал жетип,
мүрзөлөргө коюлганга чейин гана. Оо, жок, (андай эмес) жа-
кында билесиңер. Оо, жок жакында чындап билесиңер. Чын-
дыгында айкын билесиңер, албетте, сөзсүз тозокту көрөсүңөр.
Андан соң (дагы бир жолу кайталайм) аны силер ачык-айкын
көрөсүңөр. Андан соң (силерге берилген нерселерден) ошол
үлгү
96
БЕЙИШ ЖОЛУ күнү сөзсүз сураласыңар» деп Такасур сүрөсүн толук окуп бе-
рет. Кабыр, тозок тууралуу укканда коркуу сезими пайда бол-
гон Хажжаж, мага кубанычтуу аяттардан окуп бергин деп та-
лап кылат. Ошондо бала баарыбызга белгилүү Наср сүрөсүн
окуй баштайт да: «Качан Аллахтын жардамы жана жеңиши
келгенде, адамдардын топ-топ болуп динден чыгып жатканын
көрөсүң» – деп, топ-топ болуп динге кирип жатканын көрөсүң
деген аятты өзгөртүп окуп коёт. Хажжаж сен эмне үчүн аятты
туура эмес окуп жатасың деп сурайт. Ошондо бала, Абу Бакр,
Умар, Усман сыяктуу падышалардын доорунда адамдардын
топ-топ болуп динге киргенин көрүүгө болот эле. Ал эми сен
сыяктуу заалым падышалардын тушунда адамдардын топ-топ
болуп динден чыкканын гана көрүп калдык деп тайманбастан
жооп берет. Заалым падыша жаш баланын алдында катуу сы-
нат. Адатынча, дароо өлтүргүсү келет. Бирок, он жашар балага
теңелүүгө намысы жол бербейт. Ачуусуна чыдабаган падыша,
бул баланы тарбиялаган атасын таап келгиле деп буйруйт. Көп
өтпөстөн баланын атасы падышага келет. Ата ак сарай кирген
кезде заалым падыша ордунан ыргып туруп, орун бошотуп,
оозуна сөз келбей туруп калат. Ошондой акылдуу баланы тар-
биялаган атанын кайраты, анын ызаты заалым аталган пады-
шаны эсинен тандырып, эмне кыларын билбеген абалга алып
келип койду. Ата эмне жумуш менен чакырганын сураган кез-
де да, оозуна сөз келбей тура берди. Эч кандай жумушуң жок
болсо, мен кеттим деп ата ак сарайдан чыгып кетет. Ошондо
падышанын жанындагы жан-жөкөрлөрү, атаны токтотуп, сен
эмне дуба окуп келдиңби же башка сырың барбы деп сурашат.
Мен падышанын алдына кирем деп келген жокмун, болгону
Аллахтын бир пендесинин алдына барам деп келдим. Качан
гана адам Аллахтан корксо башка эч нерседен коркпойт. Ал
эми ким Аллахтан коркпосо, ал башка баардык нерседен кор-
кот деп жооп берет ата. Азыркы убакта ушул он жашар бала-
дай, чоңдун чоңдугунан, күчтүүнүн күчүнөн, амалдуунун ама-
лынан коркпой, чындыкты бетке айткан эр азаматтар азайып
калды. Адамдын курчтугу, анын чечкиндүүлүгүү анын жаса-
үлгү
97
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
ган иштери эч качан анын жашына байланыштуу болбойт.
Арабызда канчалаган аксакалдар жүрөт. Жаштарга насаат ай-
тып, аларга үлгү болуунун ордуна, сакалынан арак тамчылап,
небереси менен тең балдардан көчө талашып басып жүрүшөт.
Адамдагы асылдык анын сырткы көрүнүшү менен да болбойт.
Сырты канчалык жылтырап, дене-бою, сымбаты келишип тур-
ганы менен жүрөгүндө деми, башында акылы болбосо анын
сырткы көрүнүшүнүн кимге кереги бар. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Чындыгында Аллах Таала силердин сырткы
көрүнүшүңөргө карабайт, Ал силердин жүрөгүңөргө карайт» –
деген. Эртең менен жумушка жөнөгөн сайын күзгүнүн алдын-
да туруп алып баш-аягыбызды оңдойбуз. Эмне үчүн ? Экинчи
бир адамдардын арасында уят болуп калбоо үчүн. А эмне үчүн
ал адамдардын да жаратуучусу болгон Аллах Таала карай тур-
ган жүрөгүбүздү оңдоп-түздөбөйбүз? Бизге бүгүн сыртыбызды
эмес, ичибизди оңдой турган, келбетибизге эмес, жүрөгүбүзгө
карай турган убакыт келди. Эртең Аллах Тааланын алдына
барганда биздин кебете-кешпирибиздин эч кандай баасы
болбой калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) бир хадисинде:
– «Кыяматта өтө бир семиз адамды алып келишет, сооп-
тору жетпей калганда, таразага анын өзүн салышат, ошон-
до Аллах Тааланын алдында анын чымындын канатындай
дагы салмагы болбойт» – деп айткан. Аллах үчүн кылган
амалың болбосо, Аллахтан коркуп бирөөнүн акысын жегенден
сактанбасаң, бул дүйнөдөгү күчүңдүн да, бой келбетиңдин да
пайдасы жок. Сааьд ибни Абу Ваккас (Аллах андан ыраазы бол-
сун) азыркы Ирак жергесинде аскер башчы болуп турган учур-
да, бир жигит сандык толо олжону көтөрүп келет. Сааьд: өзүң
үчүн бир нерсе алып калдыңбы? – деп сурайт. – Эгер Аллахтан
коркпогонумда балким бир нерсени алып калуум мүмкүн эле.
Бирок мен сенден корккондугум үчүн эмес, Аллахтан корк-
кондугум үчүн олжонун эч нерсесине
тийбедим дейт. Ошондо
Сааьд ал жигиттин атын сурайт. Менин атымды билип алсаң
үлгү
98
БЕЙИШ ЖОЛУ эл арасында мактап, сообумду жок кылып коёсуң деп атын да
айтпай коёт. Ал кеткен соң артынан бир адамды жөнөтүп, ким
экенин билип кел дейт. Артынан барган адам анын өмүр бою
курсагы жарытылуу тойбогон Аамир ибни Кайс (Аллах андан
ыраазы болсун) аттуу сахаба экенин билип келет. Кийинчерэ-
эк ушул сахаба өлүм төшөгүндө жатканда көз жашын агызып
ыйлайт. Адамдар андан эмне үчүн ыйлап жатканын сурашкан-
да, ал: – мен үч нерсе үчүн ыйлап жатам: биринчи, нафил орозо
кармабай өткөргөн күндөрүм үчүн, экинчи, Аллахты эстебей
өткөргөн сааттарым үчүн, үчүнчү, толук уйку менен өткөргөн
түндөрүм үчүн өкүнүп ыйлап жатам – деп жооп берет. Мына
Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тарби-
ясын алган, бирөөнүн акысынан корккон адамдардын жашоо-
су. Алар бүгүн болсо болду, эртең эмне болсо ошо болсун деген
кайдыгер пенделер эмес эле. Ошол убактагы энелер эртең ме-
нен жолдошу үйдөн чыгып баратканда: эй менин өмүр жолдо-
шум, бизге адал жол менен тамак таап кел, арамга жакындаба,
биз ачка отурууга чыдайбыз, бирок тозоктун отуна чыдабай-
быз деп узатышат эле. Азыркы аялдар күйөөсүнө мындай наса-
ат айтуу ары турсун, тескерисинче, мейли кандай тапсаң өзүң
бил бизге куру кол келбесең болду дешет. Анткени, алар арам
менен адалдын айырмасын билбей калышты. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Арам менен азыктанып өскөн дене тозокко гана татык-
туу» – деген. Тозоктун тозок экенин билип андан сактануу үчүн,
бейиштин бейиш экенин билип, ага кызыгуу үчүн биз дин тар-
биясын берүүбүз керек. Лаа илааhа иллал-лооhу келмесинин
үстүндө тарбия көргөн адам бул дүйнөдө эч качан жигиттик на-
мысынан тайып, жаман жолго баспайт жана акырет күнүндө да
өкүнүчтө калбайт. Диндеги эң такыба адам деген атка конгон
Хасан Ал-Басрий бир досунан кабар алганы үйүнө келет. Досу
төшөктө, абалы өтө оор абалда жатат. Хасан Ал-Басрий:
– Досум, азыр эмнени көрүп турасың – деп сурайт. Анда досу:
– Өтө шашылыш келген өлүмдү көрүп турам, бирок андан
кутулууга эч кандай айлам жок. Аябай коркунучтуу мүрзөнү
үлгү
99
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
көрүп турам, бирок ал жерде мени менен бирге боло турган
жолдошум жок. Жагымдуу кооздолгон бейишти көрүп турам,
бирок ал жерге алып баруучу амалым жок. Жагымсыз алоолон-
гон тозокту көрүп турам, бирок андан сактап калуучу жардам-
чым жок. Илинип коюлган таразаны көрүп турам, бирок ага
салмак болуучу соопторум жок. Тартылган кыл көпүрөнү көрүп
турам, бирок андан алып өтүүчү жандоочум жок. Кечиримдүү,
Боорукер Аллахты көрүп турам, бирок Анын алдына алып ба-
руучу эч кандай далилим жок – деп жооп берет. Досу кайтыш
болгондон кийин Хасан Ал-Басрий түшүндө көрөт да: абалың
эмне болду деп сурайт. Анда ал: Аллах мени өз ырайымы ме-
нен Лаа илааhа иллал-лооh келмесинин урматы үчүн бейиш-
ке киргизди деп жооп берет. Бул келме бул дүйнөдө ак, таза
жашоого, акыретте болсо бейиште болууга жардам берет. Бул
келме жети сөздөн турат. Ким ага амал кылып жашап өтсө ага
тозоктун жети эшиги жабык болот. Бул келме жыйырма төрт
тамгадан турат. Ким ага амал кылып жашаса, анын жыйырма
төрт саат ичиндеги жасаган кылган күнөөлөрү кечирилет. Бул
келме балдарыбызды эр азамат, кыздарыбызды уят сыйыттуу
кылып өстүрөт. Ошол үчүн жаштарга бул келменин акыйка-
тын жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз. Анткени жаштар
биздин келечегибиз. Биз жетишпеген, биз аткара албаган
амалдарды алар аткарат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) да:
– «Жаштарга жакшы мамиле кылгыла, мен Пайгамбар
болуп келгенде, жаштар мага жардам берди, ал эми карыялар
каршы чыкты» – деп айткан.
Аллахым, биздин жаштарыбызга да ыйман, ынсап бер.
Эли-жери үчүн ак кызмат кылуучу эр-азаматтарды чыгар. Ар
бирибиздин билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечир.
Бүгүнкү күнүбүздү биз үчүн берекелүү кылып, ушул күндүн ур-
матында кылган дубаларыбызды кабыл кыл. Ассалааму алай-
кум ва рахматул-Лоохи ва баракатух.
үлгү
100
БЕЙИШ ЖОЛУ Рамазан Кураан түшүрүлгөн ай
Бисмил-лааhир-рахмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Аллах Таалага
мактоо айтабыз, андан жардам сурайбыз жана күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Ал, Аллах бир айдан экинчи айды фазилеттүү кылып жа-
раткан. Ал, Аллах улуу Рамазан айында орозо кармоону парз
кылган жана ушул айда ыйык Кураанды түшүргөн. Рамазан-
да орозо кармаган адамдарга чексиз соопторду убада кылып:
«орозо кармоочунун сообун мен гана билем, ал мен үчүн та-
мак жана суусундук ичүүдөн ошондой эле кумар каалоосунан
тыйылды» деп айткан.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) улуу Рамазан
айынан кандай тарбия алуу керектигин бизге үйрөткөн жана
бул айды туура пайдаланууга чакырган. Рамазан сабактарын
окутуучу улуу мугалим Мухаммад пайгамбарыбызга, анын
үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана са-
лаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип
келди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кы-
скача түшүнүк берели. Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санай-
быз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай
иштерден тыйылуу керек? Аллах Таала бир орунду экинчи
орундан же бир айды экинчи айдан жөндөн-жөн эле ыйык
кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын
үлгү
101
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
ыйык болуусунун себеби, бардык мусулмандардын кыбыла-
сы болгон Каьба ошол жерде. Рамазандын ыйык болуусунун
себеби, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин
ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Кураан түшүрүлгөн. Де-
мек, урматтуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Кураан
түшүрүлгөн ай. Кураан түшүрүлгөн айда Кураанда тыюу са-
лынган күнөөлөрдү таштап, аткарууга буюрулган амалдарды
аткарууга үйрөнүү керек. Шаабан айынын аягында Пайгамба-
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына
кайрылып:
– «Оо, адамдар! Силерге улуу ай жакындап келе жатат.
Аллах Таала бул айда орозо кармоону парз, түндөсү намаз
окууну нафил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил иба-
адатты аткарса парз ибаадатты аткаргандай сооп берилет. Ал
эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш
парзды аткаргандай сооп алат. Кимде-ким адамдардын оозун
ачтырып курсагын тойгузса, тозоктон жетимиш жылдык ара-
лыкта алыс болот» – деп айтканда, сахабалардын кээ бирөөсү:
– Оо, Аллахтын элчиси, баарыбыздын эле адамдардын
курсагын тойгозууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, биз эмне кылабыз
– деп сурашты.
– «Кимде-ким бир жутум суу же бир курма менен ооз ач-
тырса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» –
деп жооп берди. Мына ушул эсепсиз сооптор берилүүчү Рама-
зан айында Аллах Таала, башка айларда адал болгон үч ишти
аткаруудан тыюу салды. Тамактануудан, суусундук ичүүдөн
жана аял менен эркектин жакындашуусунан. Ар бир акылдуу
адам Аллах Тааланын адал иштерге тыюу салганын көрүп ту-
руп, Рамазан орозосунун эмне үчүн парз болгондугун түшүнө
алат. Рамазан бизди адал иштерден тыюу менен бирге, арам
иштерди толук таштоого тарбиялайт. Албетте Рамазандын
бул тарбиясын Аллахка чындап ыклас кылган, орозону эмне
үчүн кармап жаткандыгын билген адамдар гана ала алат. Ал-
лах Таала Кураанда: – «Оо, ыйман келтиргендер! Силерден му-
рунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кар-
үлгү
102
БЕЙИШ ЖОЛУ моо парз кылынды.Такыбаа болушуңар үчүн» – деп айткан.
(Бакара. 183-аят.) Ушул аятта Аллах Таала жөн гана орозонун
парз болгондугун айтпастан, өтө маанилүү болгон үч нерсени
айткан. Аяттын башында Аллах Таала ыйман келтиргендерге
кайрылып жатат. Демек орозону ыймандуулар гана кармай
алышат. Ал эми ыймандын орду кайда? Албетте ыймандын
орду жүрөктө. Аяттын уландысында, орозо кармоо парз кы-
лынды деп айтылган. Чындыгында орозо кармаган адамды
сырткы келбетинен билүүгө болбойт жана анын кандай ниет
менен кармаганын да билүү мүмкүн эмес. Демек орозонун
орду да жүрөктө экен. Аяттын акырында орозо кармоонун не-
гизги себеби такыбаа болуу экендиги айтылат. Такыбаалык
деген эмне? Такыбалык Аллахка чын ниеттен ишенип, Ал бу-
юруган ишти аткаруу жана тыюу салган иштен тыйылуу. Де-
мек такыбалуулуктун орду да жүрөктө.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Жогорудагы аяттан түшүнүктүү болгондой Рамазан
бул
жүрөктү тазалоонун айы. Жүрөктү эмнеден тазалайбыз?
Албетте жүрөктөрүбүздөн орун алып жайланышып алган
күнөөлөрдөн тазалайбыз. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Орозо кармап, бирок жалган сүйлөөдөн, кыйбат кылуу-
дан, ушак таратуудан өзүнү тыя албаган адам ачка жүргөндөн
башка эч нерсеге жете албайт» – деген. Эртеден кечке тамак-
танбай, суусундук ичпей жүрүп бирок күнөө иштерден өзүн
тыйбаса, кармаган орозодон эмне пайда? Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисинде
сахабаларына кайрылып:
– «Куру жалак калуучу адамдын ким экенин билесиңерби
»
– деп сурады. Сахабалар:
– Колунда тыйыны да, буюму да жок адам, куру жалак ка-
луучу болот – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) аларга:
– «Жок, куру жалак калуучу адам, ал менин үммөтүмдөн
бир
адам кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети
үлгү
103
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок ал бирөөнү сөгүп
койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ач-
кан, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул кылгандары
үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет,
эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул
адамга жүктөлүнөт да тозокко ташталынат» – деп түшүндүрүп
берди. Орозо кармап бирок күнөөдөн өзүнү тыя албаган адам Ал-
лахтын алдына барганда куру кол калуусу мүмкүн. Албетте бул
жеңил нерсе эмес. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) бир жолу минбарга бутун коюп жатып «аамин» деди,
экинчи тепкичке бутун койгондо дагы «аамин» деди, үчүнчү теп-
кичке бутун койгондо да «аамин» деди. Минбарга чыгып кутба-
сын аяктаган соң, сахабалар ага кайрылып:
– Оо, Аллахтын элчиси. Минбарга чыгып баратып адат-
тан тышкары үч жолу аамин деп айттың, ушуну түшүндүрүп
берчи – деп сурашты.
– «Минбарга бутумду койгон мезгилде, Жибрийил мага:
– орозо кармап бирок күнөөнү таштабаган адам бактысыз
болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим. Экинчи бутумду
койгон мезгилде, Жибрийил: – ата-энеси же ал экөөнүн бири
колунда картайганда аларды ыраазы кылып бейишке кире ал-
баган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин де-
дим. Үчүнчү тепкичке бутумду койгондо, Жибрийил: – сенин
атыңды угуп бирок салават айтпаган адам бактысыз болсун
– деп айтты. Мен ага да аамин дедим» – деп түшүндүрүп бер-
ди. Ошондуктан, урматтуу мусулман бир тууганым, келиңиз
улуу Рамазанда ашказан менен гана орозо кармабастан,
жүрөгүбүз, тилибиз, көзүбүз, кыскасы бардык мүчөлөрүбүз
менен орозо кармайлы. Орозо, бул тосуучу парда. Бул жашо-
одо күнөөдөн тосот. Акыретте тозоктон тосот. Рамазан деген
сөз араб тилинде беш тамгадан турат. Ра тамгасы- рахмат,
мим тамгасы- магфират б.а. кечирим, алиф тамгасы- амаанун
минан-наари б.а. тозоктон аман болуу, зод тамгасы- зомаанун
илал жаанати б.а. бейишке кепилдик, нун тамгасы- нуурун
фил-жаннати б.а. бейиштеги нур. Аллахым ар бирибизди өз
үлгү
104
БЕЙИШ ЖОЛУ ырайымыңа алып, күнөөлөрүбүздү кечир. Тозоктон аман кы-
лып, бейишке киргиз. Улуу Рамазан айын туура пайдаланууну
баарыбызга насип кыл.
Аллахым билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечирип,
ыймандуу адамдар менен бирге кыл. Ассаламу алайкум ва
рахматул-Лоохи ва барактуху.
үлгү
105
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Ара м та мак аш болбойт
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын
жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз.
Андан жардам
сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү
кечирүүсүн суранабыз.
Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо
тилейбиз.
Аллахым бизди арамдан чыгыш менен батыштай алыс
кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр кечиргиз.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Аллахым, Ибрахимге жана Мусага, Исага жана Мухамм-
мадга берген такыбалыкты, бизге да насип кыл.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатка
адал ырыскынын эшигин ачып койгон жана арам тамак ме-
нен тамактануучуларга катуу азапты убада кылган.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамзатты адал
тамак менен тамактанууга буйруган жана арам менен азыктанган
дененин бейишке кирбестигин эскерткен.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты жаратуучу деп ыраазы бол-
гон, Мухаммадды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
Пайгамбар деп ыраазы болгон, Исламды дин деп ыраазы бол-
гон бир туугандарыбыз үчүн өтө зарыл сабак. Мусулман адам
үлгү
106
БЕЙИШ ЖОЛУ өтө таза, анын даражасы Аллахтын алдында өтө бийик. Себе-
би мусулмандын жашоосу, анын ар бир алган демине чейин
тазалыктын үстүнө курулган. Аллахка жасалуучу ибаадаттар-
дын баары тазалык менен байланыштуу. Ошол үчүн Пайгам-
барыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
хадисинде:
– «Чындыгында Аллах Таала таза жана тазаларды гана ка-
был кылат» – деп айткан. Аллах Таала пенделери үчүн, анын
ичинде мусулмандар үчүн адал ырыскынын чексиз эшикте-
рин ачып койгон жана ар бир аял-эркекке адал тамактанууну
гана буйруйт. Биз көпчүлүк убакта арам тамак деп, чочконун
этин, өлүмтүктү же арак сыяктуу нерселерди гана эсептеши-
биз мүмкүн. Жок, арам өтө терең маселе. Азыр эле адал бо-
луп турган нерсени бир заматта арамга айландырып алуубуз
мүмкүн. Мисалы: күн сайын жеп жүргөн эле нанды, башка
бирөөдөн уурдап алсаң ал арам. Өзүңө тиешеси жок башка
бирөөнүн акысын алуу арам. Аны кандай жол менен, мейли
уурдап аласыңбы, мейли тартып аласыңбы, мейли таразадан
же башка нерседен алдап аласыңбы баары бир ал сен үчүн
арам. Ыйык келменин ээлери болгон, өзүн мусулман деп эсеп-
теген адамдардын тамакты кандай жол менен таап жатка-
нына көңүл бурбай, курсак тойсо болду деп кайдыгер жашап
жатканы, азыркы убактагы жүрөктү ооруткан өтө оор маселе.
Анткени арам тамактык бул дүйнөдө да, акыретте да, адамды
бактысыздыкка гана алып келет. Аллах Таала ыйык Кураан-
да: «Таза, адал тамактарды жегиле, шайтандын жолу менен
жүрбөгүлө, чындыгында ал силерге ачык-айкын душман…»
деп буйруган жана экинчи бир аятта: «Оо, ыйман келтирген-
дер, Биз ырыскы кылып берген адал нерселерден тамактангы-
ла. Эгер чындап эле Ага сыйынуучу болсоңор, Аллахка шүгүр
кылгыла» деп айткан. Арам менен тамактануунун ден соолук-
ка да өтө чоң зыяны бар. Аллах Таала жөндөн-жөн эле бир нер-
сеге тыюу салып, жөндөн-жөн эле бир нерсеге буйруган эмес.
Аллах тыюу салган иште биз үчүн зыян, ал эми Аллах аткаруу-
га буйруган иште биз үчүн пайдалар бар. Ал эми акыретте Ал-
үлгү
107
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
лахтын алдына барган кезде, арам тамак менен тамактанган-
дардын абалы өтө оор болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Арамдан мал-дүйнө тапкан адамдарга көз артып, кы-
зыкпагыла. Ал байлыгынын жарымын садака кылса, Аллах
аны кабыл кылбайт. Ал эми калган бөлүгү аны тозокко баш-
тап барат» – деген. Экинчи бир хадисинде:
– «Арам менен азыктанып өскөн дене тозокко гана татык-
туу» – деп айткан. Арам тамак кандай жол менен табылганы-
на карабастан, аны менен тамактанган адам кыяматта, катуу
азапка дуушар болот. Анткени ал Аллах буйруган ибадаттар-
ды аткара берет, бирок тамагы арам болгону үчүн Аллах аны
кабыл кылбайт. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун)
– «Аллахка ант ичип айтамын, ким бир жутум арам тамак
менен тамактанса, кырк күнгө чейин ибаадаты кабыл бол-
бойт» – деген. Экинчи бир хадисте:
– «Ким он дирхамга көйнөк сатып алса, он дирхамдын
бири арамдан келген болсо, ал көйнөк менен окулган намаз-
дарын Аллах Таала кабыл кылбайт» – деп айткан Пайгамба-
рыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Де-
мек ибаадаттын кабыл болуусу үчүн тамактын адал болуусу
зарыл. Сааьд ибни Абу Ваккас, (Аллах андан ыраазы болсун)
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
таекеси, бир жолу:
– «Оо, Аллахтын элчиси, мага бир дуба кылчы, менин ду-
баларым ар дайым кабыл болсун» – деп суранат Пайгамбары-
быздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ошондо Пай-
гамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ичкен-жегениң таза болсун, Аллах сенин дубаңды ка-
был кылат» – деп жооп берет. Кийинчерээк кээ бир адамдар
Сааьд ибни Абу Ваккасдан (Аллах андан ыраазы болсун), эмне
үчүн сенин кылган дубаларың кабыл болот да биздин дубалар
кабыл болбойт деп сурашканда, ал:
– Мен астымдагы тамактын кайдан келгенин, кандай жол
үлгү
108
БЕЙИШ ЖОЛУ менен табылганын, кантип даярдалганын анык билмейинче,
оозума салбаймын – деп жооп берет. Ичкен-жегени таза бол-
богон адамдын дубасы, анын ким экендигине карабастан ка-
был кылынбайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) хадисинде:
– «Чачтарын, кийимдерин чаң басып, алыс сапарда кый-
налып жүргөн адам, колун созуп Аллахка дуба кылып, эй Роб-
бум, эй Роббум деп жалбарат. Бирок анын жегени арам, ичке-
ни арам, кийгени арам, азыгы арам анан кантип анын дубасы
кабыл болсун» – деп айткан. Дубасы өтө бат кабыл боло турган
адам, ал сапардагы адам. Бирок тамагы арам болгону үчүн, Ал-
лах Таала мусапырдын да дубасын кабыл кылбайт. Ошол үчүн
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арам
тамактан сактанууга өтө көп насыятын айткан. Бир хадисте:
– «Бир адам үчүн арам тамакты жегенче, топуракты
же-
гени жакшыраак болот» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
тарбиясын көргөн
сахабалардын бири Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраа-
зы болсун) колунда кызмат кылган жаш жигит бар эле. Кээде
анын алып келген тамактарынан Абу Бакр (Аллах андан ыра-
азы болсун) да тамактанып калчу. Бирок ар дайым тамакты
кайдан таап келгенин сурап анан кийин гана жечү. Бир жолу
баланын алып келген курмаларынан бир даанасын жеп коёт
да, андан кийин аны кайдан алгандыгын сурайт. Динди кабыл
ала элек мезгилимде жалгандан көзү ачыктык кылып, бир
адамга келечегин айткан элем, ошонун акысы деп бул кур-
маларды эми алып келиптир деп жооп берет бала. Абу Бакр
(Аллах андан ыраазы болсун) сөөмөйүн оозуна салып кусууга
аракет кылат, бирок куса албайт. Кайра-кайра суу ичип акы-
ры ичиндегини кусуп чыгарат. Жанындагылар бир курмага да
ушунча кыйналасыңбы деп таң калышканда, «жаным менен
бирге чыкса да чыгарат болчумун» дейт Абу Бакр (Аллах ан-
дан ыраазы болсун). Анан Аллахка дуба кылып, оо, Аллахым,
ушул курманын аш казанымда калып калган бөлүгү болсо, ал
үчүн мени кечир деп суранат. Улуу аалымдардын бири: «оо-
үлгү
109
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
рудан сактанып, адал тамактан өзүн тыйган, ал эми тозоктон
сактануу үчүн арам тамактан өзүн тыйбаган адамдарга таң
калам – деп айткан экен. Абу Ханифа (Аллах ага ырайым кыл-
сын):
– Мен, «каапырларга даярдалган тозоктон сактангыла
»
деген аяттан аябай корком. Анткени, бул аят арам тамак ме-
нен тамактангандарга тиешелүү – деп айтчу. Сахл: (Аллах ан-
дан ыраазы болсун) арам менен тамактанган адамдын денеси
өзүнө баш ийбей калат да каалаган күнөөлөрдү жасай берет
– деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Келгиле буга чейин, тапкан тамагыбыздын кайдан келип
жатканына көңүл бурбай жүргөн болсок, бүгүндөн баштап,
тамагыбызга көңүл буралы. Келечекте биздин артыбызда ту-
кумубузду улап калуучу балдарыбызды адал тамак менен та-
мактандыралы. Аллахтын алдына барганда арам тамак себе-
бинен тококко түшүп калуудан сактаналы.
Аллахым ар бирибизди адал тамак менен тамактануучу
пенделерден кылгын. Арамдан баардыгыбызды алыс кылып,
адал ырыскыңдын эшигин ач. Баарыбыздын билип-билбестен
жасаган күнөөлөрүбөздү кечирип, төбүлүктүү бейиште чогуу
кылгын. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва барактуху.
үлгү
110
БЕЙИШ ЖОЛУ Пикир ибадат ы
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Бардык аа-
ламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоолор болсун.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги жок.
Баардык мүлк, баардык мактоолор ага гана тиешелүү, Ал бар-
дык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү.
Оо, Аллахым! Жамандыктардан өзүң каалагандай сакта-
гын, албетте сен сактоого Кудреттүүсүң. Жакшылыктарды
на-
сип кыл, албетте сен ар бир ишти Көрүүчү жана Билүүчүсүң.
Аллахым, өзүңө сүйүктүү болгон амалдарды аткарууга
жардам бер, өзүңө жагымсыз болгон амалдарды аткаруудан
сактагын.
Аллахым, акты ак көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Ка-
раны кара көрсөтүп, адашуудан алыс кыл.
Аллахым, өзүңдүн барлыгыңа, бирлигиңе ишене турган
ыймандуулардан кылгын. Жаратуучусун тааныбаган маңкурт
каапылардан кылбагын.
Аллахым, өзүңдүн сүйүктүү Пайгамбарыңдын жолу
ме-
нен жүрүүнү насип кыл. Өзүңдүн душманың, шайтандын жо-
луна түшүп калуудан сактагын.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзат-
ты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө
кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты баардык макулуктардан ша-
рапаттуу кылып жаратып, ага акыл жана тил берген.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдар-
га Аллахтын жалгыздыгын жеткирген. Өз үммөтүн Аллахтын
үлгү
111
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
аят-белгилерине ой жүгүртүүгө чакырган улуу Пайгамбары-
быз Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Ал-
лахтын салам-салаваты болсун.
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, (Ага Аллахтын са-
лам-салаваты болсун) түн ичинде өмүрлүк жары Айша эне-
бизге кайрылып:
– «Эгер сен уруксат берсең мен Жаратуучуга ибаадат кы-
лайын» – деп сурайт. Айша энебиз: сенин менин жанымда
болууң мен үчүн өтө жакшы бирок, Аллахка ибаадат кылуу-
дан сени тосо албайм – дейт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) даарат алып эки рекет намаз окуйт.
Намазын баштагандан бүткөнгө чейин, руку кылганда, сеж-
де кылганда көз жашын агызып ыйлайт. Көзүнөн аккан жаш-
ка сакалдары суу болот. Намазын бүткөндөн кийин да ыйы
токтобой көпкө отурат. Билал (Аллах андан ыраазы болсун)
таңкы намазга азан чакырып, Пайгамбарыбыздын жанына
келет да, анын ыйлап отурганын көрөт.
– Оо, Аллахтын элчиси, Аллах Таала сенин өткөн жана
келечек күнөөлөрүңдү кечирген эмес беле, эмне үчүн өзүңдү
мынча кыйнайсың – деп сурайт.
– «Ээ, Билал, ошол нээматка шүгүр кылуучу пенде бол-
боймунбу» – деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун). Андан кийин Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) Билалга (Аллах андан ыра-
азы болсун) карап:
– «Бүгүн мага бул аяттар түштү» – деп, төмөнкү аяттар-
ды окуп берди. «Асмандар менен жердин жаралуусунда жана
түн менен күндүн алмашуусунда-акыл ээлери үчүн белгилер
(бар). Алар (ыймандуулар) Аллахты турган абалда, отурган
жана жамбаштаган абалда да эстешет. Асмандардын жана
жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: Оо, Жаратуучу,
Сен буларды максатсыз эле жараткан эмессиң. Сен Аруусуң.
Бизди тозок отунан сакта. (дешет). Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
– «Аятты окуп ага ой жүгүртпөгөндөргө вайл болсун» –
үлгү
112
БЕЙИШ ЖОЛУ деп айтты. Вайл тозоктун бир чуңкуру. Аллахтын сөзүн окуп
ага ой жүгүртпөгөн адам азапка дуушар болот.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала башка макулуктардан айырмалап адам бала-
сына акыл нээматын берген. Аллах Таала Адамды
жараткан
кезде периштелер кызганышып: «Сен жер бетине
бири-бири-
нин канын төгүүчү, бузукулук кылуучуларды жаратасыңбы?
Ага караганда, биз сенин атыңды улуулап, сага мактоо жана
тасбих айтабыз» – дешет. Ошондо Аллах Таала сыймыктануу
менен: «Силер мен билген нерселерди билбейсиңер» – деп
жооп берет. Кийин Аллах Таала Адамга баардык нерсенин
атын үйрөтүп, периштелерге ушул нерселердин аттарын атап
бергилечи деп талап кылат. Периштелер: «Сени аруулайбыз.
Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Чынды-
гында, Сен Билүүчү жана Даанышмансың» – деп айтышат.
Ошондо Аллах Таала Адамга булардын аттарын атап бер дейт.
Адам алардын баарынын атын атап берет. Кийин Аллах Таа-
ла периштелерди Адамга сежде кылууга буйруйт. Периштелер
ага сежде кылышат. Бул аяттан Адамдын даражасы кандай
бийик экенин билебиз. Адам акылы менен адам. Бирок качан
ал акылын иштетпесе, Аллах жараткан айлана-чөйрөгө, жар-
тылышка акыл жүргүзбөсө анда анын айбандан айырмасы жок
болуп калат. Тилекке каршы көптөгөн адамдар Аллахтын аят-
белгилерине ой жүгүртүшпөйт. Чындыгында Аллахтын аят-
белгилерине акыл чаптырып, ой жүгүртүү эң чоң ибаадат. Умму
Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) аттуу сахаба аялдан анын
күйөөсү Абу Дарданын ибаадаты тууралу сурашат. Ошондо ал:
Абу Дарданын эң жакшы ибаадаты, Аллахтын аят-белгилерине
ой жүгүртүү эле деп жооп берет. Умар ибни Абдулазиз: ибаа-
даттардын эң жакшысы, Аллах берген нээматтарга ой жүгүртүү
– дейт. Пайгамбарыбыз да: (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун)
– «Аллахтын жаратылышына ой жүгүрткүлө» – деп буйру-
ган. Аллахтын жаратылышында өтө көптөгөн белгилер бар.
Аллах жараткан ар бир жаныбар, ар бир өсүмдүк, асман, жер,
үлгү
113
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
суу, таш мунун баарында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белги-
лер бар. Акылын иштетип, пикир кылган адам бул ааламдын
өзүнөн өзү жаратылбагандыгын дароо сезет. Ушунчалык чоң
ааламды өз нугунан чыгарбай башкарып турган Аллахтын бар
экендигине ишенет. Ал эми акылын иштетпеген адам өзүнүн
кандай жаралганын да билбейт. Аллах Тааланын жараткан
макулугунда Аллахтын чексиз Даанышман Жаратуучу экен-
дигине далилдер бар. Алыс барбастан өзүбүздүн жаралуубузга
бир көңүл буруп көрөлү. Аллах Таала Адамды жер бетиндеги
топурактан жараткан. Ошондуктан адамдардын кулк мүнөзү
топурак сыяктуу. Бирөөлөрү өтө жумшак, бирөөлөрү корс бо-
лот. Түстөрү дагы ар түрдүү, бирөөсү ак, бири сары, дагы бири
кара. Адамды топурактан жараткандыгы туралуу көптөгөн
аяттар айтылган. Фуссилат сүрөсүнүн он биринчи аятында:
«Эми алардан сура: Аларды жаратуу кыйынбы же башка жа-
раткан нерселерибиз кыйынбы? Чындыгында
аларды (адам
баласын) жабышкаак ылайдан
жаратканбыз» – деп айтылган.
Ал эми Сод сүрөсүнүнүн жетимиш биринчи аятында: «Эгең
периштелерге (мындай)
деди: Мен инсанды ылайдан жарата-
мын. Качан аны жасап бүтүп, өз рухумдан (үйлөп, жан) кир-
гизгенимде, ага сежде кылып ийилгиле» – деп айткан. Адам
деген сөз биздин тилге которгондо эң төмөн деген маанини
билдирет б.а. эң төмөн жер бетинен алынып жасалаган. Ошо-
ну менен катар эле адамга эң бийик зат Аллах Таала өз рухунан
үйлөп жан киргизген. Эгер адам баласы Аллахтын мыйзамы-
нан чыкпай туура жолдо жүрсө, анда ал өтө бийик даражалуу
болот. Эгер туура жолдон адашып, Аллахтын буйругун аткар-
бай жашаса, анда анын даражасы түшүп, төмөн болот. Жал-
пы адамзаттын атасы ушундай топурактан жаралган. Ал эми
биз кандай жаралганбыз? Ушуга ой жүгүртүп көрдүң беле?
Эгер ой жүгүртө элек болсоң, анда бирге ой жүгүртөлү. Ясин
сүрөсүнүн жетимиш жетинчи аятында: «Биз аны бир тамчы
суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү?» – деп айтылган.
Аллах Тааланын экинчи бир аятында: «Инсан өзүнүн эмне-
ден жаратылганын карап көрсөчү. Ал атылып чыгуучу суудан
үлгү
114
БЕЙИШ ЖОЛУ жаратылган. (Ал суу) бел жана көкүрөк арсынан чыгат» – деп
айтылган. Экинчи бир аятта: «Аллах силерди эң оболу топу-
рактан, анан уруктан жаратып, анан силерди жуп-жуп кылып
койду» – деп айтылат. Ошондой эле Инсан сүрөсүндө да: «Биз
адамды бир тамчы аралашма суюктуктан жараттык» – деп
айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мындан он төрт кылым мурда айтылган Аллахтын бул
сөздөрүнө ошол замандын адамдары эмес, он жетинчи
кылым-
га чейин эч кимдин акылы жеткен эмес. Баланын кандай пайда
болуусу илимпоз окмуштуулардын ортосунда талаш бойдон кала
берген. Кээ бирөөлөрү бала эненин этек кир канынан жаралат
дешсе, кээлери «гомунклус» деп аталган кичинекей адамдардын
тизилип тургандыгын айтышкан. Буулардын талашына Артур
Левенгухтун микроскопту ойлоп табуусу чекит койгон. Чынды-
гында адам баласы Кураанда айтылгандай, эне менен атадан
бөлүнүп чыккан суудан пайда болот экен. Атанын бел суусунун
бир см² тында 80 миңден 100 миңге чейин аталык уруктар болот.
Ошондо атадан бир жолу бөлүнүп чыккан бел сууда 500 млн урук
болсо, алар өлүп отуруп эненин жатын кабыгын тешип өтүүгө
келгенде болгону 500 миңи гана калат. Ошонун ичинен бирөөсү
гана энелик урук менен аралаша алат экен. Илим техниканын
өнүккөн мезгилинде араң ачылган бул ачылышты Кураан менен
сүннөт он төрт кылым мурда эле айтып койгон. Кураанда: «Эч
бир ургаачы Аллахтын билиминен тышкары жүктүү боло албайт,
(боюна бүтпөйт) аны коё да албайт (төрөй да албайт). Аллахтын
китебинде жазылган өмүр узартылбайт да, кыскартылбайт. Ал-
бетте, бул Аллахка жеңил» – деп айтылган. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Баардык эле суудан бала боло бербейт» – деп айткан.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) медик
да окмуштуу да болгон эмес, болгону Аллах Таала берген илим
менен гана сүйлөгөн. Аллахтын илими чексиз. Анын жараткан
жаратылышына акыл жүгүртүп пикир кылган адам улам жаңы
белгилерди көрө берет. Кураанда: «Кураандын толук чындык
үлгү
115
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
экени айкындалганга чейин ааламдагы жана өздөрүндөгү бел-
гилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында Эгеңдин баардык
иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи» – деп айткан
Аллах Таала. Аллахтын аят белгилерине карап, ой жүгүртүү,
ыймандын күчтүү болуусуна себеп болот. Сахл: (Аллах андан
ыраазы болсун) «Аллахтын аят-белгилерине пикир кылуу, ый-
мандын нуру» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ибаадат бир гана намаз окуу, орозо кармоо же ажылык
кылуу эмес. Аллахтын берген нээматтарын карап туруп, ага
ой жүгүртүү өтө чоң ибаадат. Анткени жөн гана сокур тууроо
менен жасалган ибаадатка караганда, акыйкатты көрүп чын
ыклас менен жасалган ибаадат жакшыраак. Ибни Каййум: (Ал-
лах аны ырайым кылсын) эки түрдүү жол бар – дейт, биринчи-
си Аллахтын бар экенине ишенүү. Бул баардык эле адамдарга
тиешелүү. Экинчиси, Аллахтын белгилерине пикир кылып, ан-
дан уялуу, коркуу, аны ыраазы кылуу менен бирге ишенүү. Чы-
ныгы ишеним мына ушул. Хасан Ал-Басрий: (Аллах андан ыра-
азы болсун) «Аллахтын аят-белгилерине бир саат ой жүгүртүү,
бир жыл нафил ибаадат кылуудан жакшыраак» – деп айткан.
Ошондой эле Суфян Ас-Саврий дагы өз сөзүндө: «Бир түндү пи-
кир кылуу менен өткөрүү, бир түндү ибаадат менен өткөрүүдөн
жакшыраак» – деген.
Аллах Таала ар бирибиздин жүрөгүбүздү ачып, Алаhтын
нээматтарына пикир кылуучу пенделерден кылсын.
Аллахым өзүңдүн берген жакшылыктарыңа пикир
кылуу-
чулардан жана алар үчүн шүгүр кылуучу пенделерден кылгын.
Аллахым баарыбыздын билип-билбестен кетирген
күүнөлөрүбүздү кечиргин. Ассалааму алайкум ва рахматул-
Лоhи ва баракатуху.
үлгү
116
БЕЙИШ ЖОЛУ Валентин чын эле ыйыкпы?
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын
жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз.
Андан жардам
сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз.
Напсибиздин жана амалдарыбыздын
жамандыгынан коргоо
тилейбиз.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Аллахым, өзүңдүн диниң менен, Пайгамбардын сүннөтү
менен өмүр кечирип, күнөө иштерден алыс болууну насип
кыл.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатка
зыяндуу болгон арам иштерден тыйган жана пайдалуу болгон
жакшы иштерге буйруган. Ал, Аллах зина кылуучуларга азап-
ты даярдап койгонун жана зинадан алыс болуучуларга бейиш-
ти даярдап койгондугун айткан.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн зинага жакындабо-
ого чакырган. Эки эрининин жана эки бутунун аралыгында-
гы мүчөлөрүн арамдан сактагандарга бейишти убада кылган
улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана
сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
үлгү
117
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) улуу сахабаларынын бири, дин илимин өтө терең
өздөштүргөн аалым Ибну Масуьд (Аллах андан ыраазы бол-
сун) бир жолу Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) келип:
– Оо, Аллахтын элчиси, күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө ай-
тып берчи – деп сурады.
– «Күнөөлөрдүн эң чоңу, өзүңдү жараткан Жаратучуңа
башка нерсени шерик кылып алууң» – деп жооп берди Пай-
гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Андан кийинчи? – деп сурады Ибну Масуьд (Аллах ан-
дан ыраазы болсун) кайрадан.
– «Багуудан коркуп, балаңды өлтүрүп коюуң – деди Пай-
гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ибну
Масуьд (Аллах андан ыраазы болсун) кайра сурады:
– Андан кийинчи оо, Аллахтын элчиси?
– «Кошунаңдын аялы менен зина кылууң» – деп жооп кай-
тарды Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун). Дагы бир хадисте:
– Башканын үйүнөн он жолу уурулук кылганга караганда,
кошунанын үйүнөн бир жолу уурулук кылуу чоң күнөө. Баш-
калар менен он жолу зина кылууга караганда, кошунанын
аялы менен бир жолу зина кылуу чоң күнөө» – деп айтылган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Жогорудагы хадистин мааниси, кошунаңдан башка ме-
нен зина кыла бер, же кошунаңдан башкадан уурдай бер деген
сөз эмес. Зина ким менен болбосун баары бир өтө чоң күнөө.
Аллахhка шерик кошуу менен, өз баласын өлтүрүү менен
бирдей болгон күнөө кантип жеңил болсун. Менин, кошуна
жөнүндөгү хадистер менен баштоомдун себеби, зина көбүнчө
кошуналардын ортосунда болот. Анткени кошуналар бири-
бирин жакшы билет. Бири-бири менен көп кездешет. Айрык-
ча азыркы мезгилде, эркек эркектик сыпатын сактабай, аял
аялдык сыпатын сактабай, бири-бири менен аралашып жүрө
беришет. Кошунасынын үйдө жок экенин билип турса да анын
үлгү
118
БЕЙИШ ЖОЛУ үйүнө кире берет. Чындыгында жат, алыстан келген адам зина
кылбайт. Зина, кошуналардын, аяштардын жана классташтар-
дын арасында көп кездешет. Анткени булар өздөрүн жакын са-
наалаш сезип, көп мамиле жасап, аралаш жүрө беришет. Ис-
лам дини таза жашоону даңазалаган дин. Исламда күнөөнүн
өзүнөн тыйбастан, ошол күнөөгө алып баруучу жолдорго ал-
дын ала тыюу салынат. Анткени кайсы бир күнөөгө алып ба-
руучу жолдордон сактана алсаң, күнөөнүн өзүнөн сактануу
жеңил болот. Ошол себептен динде, зинадан алдын, аял менен
эркектердин аралашуусуна тыюу салат. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде айтат:
– «Эгерде аял менен эркек жалгыз калса үчүнчүсү шайтан
болот». Демек, жат эркек менен жат аялдын ээн жерде жал-
гыз калуусу арам. Албетте, бул зина эмес. Бирок, зинага себеп
болуучу жол болгондуктан буга тыюу салынат. Аллах Таала
Кураанда көздү жат аялдарды кароодон сактоого буйруйт. Се-
беби баардык жаман иштер кароодон башталат. Бул айтпаса
да түшүнүктүү. Адамдын баардык мүчөлөрүнүн зинасы болот.
Алгач карайсың, бул көздүн зинасы. Анан сүйлөйсүң, бул тил-
дин зинасы. Анан кармайсың, бул колдун зинасы. Анан чыны-
гы зинага жол ачылат. Ошол себептен Аллах Таала зинанын
арам экендиги жөнүндө түшүргөн аятында: «Зинага жакында-
багыла, анткени ал эң ыплас жаман жол» – деп айткан. Аят-
тагы зинага жакындабагыла деген сөз, зина кылбагыла деген
сөз эмес. Зина кылуу эмес, ага чакыруучу жолдорго жакын
барбагыла деген буйрук айтылган. Мунун мааниси өтө терең.
Көзүңөрдү жат аялдарды кароодон тыйгыла, телевизор, газе-
та-журналдардагы жылаңач сүрөттөргө караба. Кыскасы эр-
тедир кечтир зинага себеп болуучу баардык жолдордон алыс
болууга буйруйт. Арабтардын бир жакшы икаясы бар. Алар
өтө ачуусу келгенде, жаман көргөн адамына иттин баласы деп
айтышат. Икаяда, бир ит ушул сөзгө аябай арданат. Мен деле
бир макулукмун, адамдарга караганда көбүрөк жакшылык
кылам. Кожоюнумдун буйругун эч каршылыгы жок аткарам.
Адамдар болсо, өздөрүн жараткан кожоюнунун буйругун ат-
үлгү
119
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
карбастан жүрө беришет. Анан эң жаман адамдарды иттин
баласы деп маскаралашат. Ушинтип арданган ит, токойдун
падышасы арстанга келип арызданат. Анын арызын уккан ар-
стан, ага бир сан этти берет да, бир күндөн кийин этти ошол
бойдон алып келгин дейт. Ит этти алып барып жанына коюп
коёт да, көпкө чейин ага карабай жатат. Бир убакта этти бир
карагысы келет. Мен эмне жегени жатмак белем, карагандан
эч нерсе болбойт да деп, бир карап коёт. Андан кийин дагы
карагысы келет, дагы карайт. Ошентип, бир убакта этти бир
жалап көргүсү келет. Мен жегени жатмак белем, бир жалаган-
дан эмне болмок деп бир жалап коёт. Анан дагы бир жалагысы
келет, дагы жалайт. Ошентип жалап отуруп, иттиги кармайт
да этти бир сугунуп жеп коюп, ит боюнча кала берет. Албет-
те, бул икая адам баласына тиешелүү эмес. Бирок жамандык-
ка алып баруучу себептерден сактана албасаң, жамандыктын
өзүнөн сактана албайсың.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала бизди кайсы иштен тыйса, демек ал иште биз
үчүн зыяндар бар. Аллах Таала бизди кайсы ишти аткарууга
буйруса, демек ал иште биз үчүн пайдалар бар. Зина кылуу,
коомчулукка өтө көп зыян алып келет. Эң биринчи зина кылуу
менен адамдагы ата текти билүү мүмкүн болбой калат. Динде
ар бир адам өз атасын билүүсү керек. Ар бир адам атасынын
аты менен чакырылат. Элибизде бир гана атасын эмес, жети
атасына чейин билүү шарт болгон. Жети атасын билбеген кул
деген сөз болгон эл арасында. Ал эми зина көбөйгөндө ата-
сын, тегин ажыратуу жоголот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Зинадан төрөлгөн балдар жок болсо, үммөтүм ийгилик
менен жашайт. Качан зинадан балдар төрөлө баштаса, аларга
Аллахтын азабы келет. Алардын тек-урпагы аралашып кетет»
– деген. Зина көбөйгөн жерде Аллахтын ар түрдүү азаптары да
көбөйөт. Бир хадисте:
– «Кайсы бир элде зина менен сүткордук ачык жасала баш-
таса, ал элге Аллахтын азабы келет» – деп айтылган. Ошондой
үлгү
120
БЕЙИШ ЖОЛУ эде дагы бир хадисте:
– «Кайсы бир коомдо зина көбөйсө, ал коомдо өлүм
көбөйөт» – деп айтылган. Зинанын көбөйүүсү коомчулукка ке-
лип жаткан ар түрдүү балээ кырсыктардын көбөйүүсүнө себеп
болот. Зина кылуучулар, бул дүйнөдө эле ар кандай азаптарга
туш болушат. Ал эми акыретте алар үчүн катуу азаптар бар.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жи-
брийл жана Микайл периштелер түшүнө киргендигин айтып,
бул хадисин баян кылган:
– «Биз оозу тар, түбү кенен тандыр сыяктуу жерге бардык.
Анын ичинен онтоолор жана ызы-чуу чыгып жатыптыр. Кара-
сак анда жылаңач аял-эркектер бар экен. Алардын алдына от-
тун жалыны келген кезде катуу чыңырып жатышыптыр. Жи-
брийлден, булар кимдер деп сурадым. Булар зинакор аялдар
жана зинакор эркектер деп жооп берди ал». Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисин-
де:
– «Кыяматта үч түрдүү адамга, Аллах Таала сүйлөбөйт,
карабайт, жана аларды күнөөдөн тазалабайт, алар: картайган
зина кылуучу, жалганчы падыша жана текебер кембагал» –
деп айткан. Зина кылуу мусулман адамга тиешелүү иш эмес.
Мусулмандын ыйманы өтө таза нерсе. Кимдин жүрөгүндө
ыйман болсо, ал жүрөктө башка жаман нерселердин болуусу
мүмкүн эмес. Ыйман бул нур, күнөө бул ыпластык. Нур менен
ыпластык бир жүрөктө бирге боло албайт. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Пенде зина кылган мезгилде анын ыйманы чыгат да,
булут сыяктуу анын үстүндө турат. Качан ал зинадан кайткан-
да кайра кирет» – деп. Ушул сыяктуу эле экинчи бир хадисте:
– «Зина кылуучу зина кылган убакта момун болбойт, ууру
уурулук кылган убакта момун болбойт, арак ичүүчү арак ич-
кен убакта момун болбойт» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Зина кылуу ыплас жаман иш. Аллах Таала зинага жакын-
дабагыла деп буйруду. Аллахтын буйругун аткаруу ар бирибиз-
үлгү
121
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
дин милдетибиз. Бирок динсиз коомдордун кээ бир амалдары
бизге да терс таасирин тийгизет. Жарым жылаңач жүрүүнү
кайра-кайра реклама кылуу, зинага түрткү болуучу кинолор-
ду көрсөтүү, газета-журналдарга жылаңач сүрөттөрдү тартуу
ж.б.у.с. адамдын таза ахлагын бузуп, күнөө кылууга себеп бо-
лот. Анан да менин айтайын дегеним, биздин динибизге да,
элибизге да жат болгон керексиз майрамдардын көбөйүүсү
жамандыкка гана алып барат. Мисалы, азыр жаштарыбыз
жыл сайын 14-февралда белгилеп жүргөн сүйүү майрамынын
бизге кандай тиешеси бар? Бул майрам кайдан пайда болгон
жана анын кандай мааниси бар?
Бул майрам мындан 1700 жыл мурда пайда болгон жана
анын пайда болуусу туралуу үч түрдүү маалымат бар. Бирин-
чи маалымат боюнча, бул майрам римдиктердин Юну аттуу
ургачы кудайынын элесине арналган. Бул, ургаачы кудай
алардын ишеничи боюнча аялдардын жана сүйүүнүн кудайы
деп эсептелет. Экинчи маалымат боюнча, Люсиюс аттуу ур-
гаачы кудайдын элесине багышталат. Бул кудай, ургаачы
карышкыр болуп, Румилиюс жана Римус деген эки баланы
эмизген деп айтылат. Бул күндүн сүйүү күнү деп аталып калу-
усу карышкырдын балдарды сүйүп эмизгендиги үчүн имиш.
Ал эми үчүнчү айтым боюнча, Римде Кладиюс аттуу падыша
аскерлерине үйлөнүүгө тыюу салат. Анткени аскерлер үй-
бүлөөсүнө алагды болбой, өлкөгө жакшы кызмат кылат деген
ойдо болгон. Ошондо Валентин аттуу чиркөө кызматкери,
жашыруун түрдө аскерлерди никелеп коёт. Бул иш падышага
белгилүү болуп калат да Валентинди 269-жылы, 14-февраль
күнү өлтүрөт. Ошондон кийин чиркөө, ургаачы карышкырга
арналган бул күндү ыйык валентин күнү деп эсептеп калган.
Бирок ошол эле чиркөөлөр тарабынан 1969-жылы, бул бузу-
кулукка үндөгөн жаман майрам деп аны майрамдоого тыюу
салынган. Кандай болгон жерде да бул күндүн бизге эч кандай
тиешеси жок. Бирок өкүнүчтүүсү, азыркы учурда бизде да бул
күндү майрамдап жүрүшөт. Чындыгында бизге эч кандай те-
шеси жок бул майрамдын зыяны гана тийбесе эч кандай пай-
үлгү
122
БЕЙИШ ЖОЛУ дасы тийбейт. Бул күндү майрам деп эсептеген жаштар, ушул
күнү өздөрүн эркин сезип, зинага же зинага алып баруучу
жолдорго барышат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) бир жолу:
– «Силер өзүңөрдөн алдыңкыларды ээрчийсиңер, эгер
алар баштары батпаган кескелдириктин ийнине кирсе, силер
да алардын артынан кирүүгө аракет кыласыңар
» – дейт саха-
баларына. Ошондо алар сурашат:
– Эй, Аллахтын элчиси, жөөттөр менен христиандарды
айтып жатасыңбы?
– «Ооба, алардан башка ким болмок эле» – деп жооп бер-
ген. Башка коомго тиешелүү жаман адаттарды тууроо, мак-
сатсыз ээрчүү эч качан жакшылыкка алып келбейт. Биздин
таза динибиз бар, таза менталитетибиз бар, ыймансыз коом-
дун артынан ээрчүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким, өзүнү башка коомго окшоштурса, ал ошолор ме-
нен бирге болот» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала ыймандууларда кандай сыпаттар болуусу
керек экендигин баян кылып: «Алар Аллахка башка бирөөнү
кошуп сыйынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү
жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана зина кылбагандар…» –
деп мактаган. Демек ыймандуу адам, Аллахка шерик кылба-
ган сыяктуу, адам өлтүрбөгөн сыяктуу зинага да жакын жоло-
боосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
– «Ким эки эрининин жана эки бутунун аралыгындагы
мүчөлөрүн арамдан сактаса, ага бейишти убада кыламын» –
деген. Аллах Таала баарыбызга Пайгамбарыбыз (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун) убада кылган бейишти насип
кылсын.
Аллахым баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечир. Улуу
күндө кылган ибаадат, дубаларыбызды кабыл кыл.
Аллахым, ар бирибизди зина сыяктуу арам иштерден
үлгү
123
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
өзүң сактап, туура жолуңдан адаштырба.
Аллахым, бул дүйнөдө да акыретте да жакшылыктарыңды
насип кылып, тозок отунан сакта. Ассалааму алайкум ва рах-
матул-Лоохи ва баракатуху.
үлгү
124
БЕЙИШ ЖОЛУ Максат ыбыз эмне?
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса,
Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таян-
са, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,
Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сый-
ынса, ага Аллах ачууланат.
Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киригизип, Аны эстесе, ага
Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах адамзатка өзүнүн жалгыз
экендигин билдирген зат. Ал, Аллах инсандарды өзүнө ыйман
келтирүүгө буйруду. Ал, Аллах адамдарды жана жиндерди
өзүнө ибаадат кылуу үчүн гана жаратты.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыйман-
сыздыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру
менен нурлантты. Адам баласына бул дүйнөдөгү жашоо мак-
сатын үйрөткөн улуу Пайгамбар
Мухаммадга жана анын үй-
бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун..
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы учурда кайсы жерге барбагын, кайсы газета-жур-
үлгү
125
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
налды окубагын, кайсы теле берүүнү укпагын, бир гана масе-
ле талкууланып жатат. Ал, канткенде биз оңолобуз деген ма-
селе. Чындыгында, бул ар бир адамды ойлондура турган иш.
Бирок, биз канчалык аракет кылбайлы оңолуунун негизин
тапмайынча эч качан оңоло албайбыз. Өсүмдүктүн жалбыра-
гын канчалык жууп тазалап, канчалык күн нуруна жылыткан
менен, эгер анын тамырына азык бербесе баары бир куурап
калат. Ошондой эле, биз дагы канчалык көп мыйзамдарды
чыгарбайлы, канчалык китептерди жазбайлы,
эгер биз бул
жашоодогу максатыбызды биле албасак, эч качан оңоло да
албайбыз. Ал эми жаратылуудагы максатыбызды билүү үчүн
Жаратуучуга кайрылуу керек. Аллах Таала, Хаж сүрөсүнүн
жетимиш жетинчи аятында: «Эй, ыйман келтирген пенделер!
Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (башкаларга)
жакшылык кылгыла» – деп, адам баласыны бул дүйнөгө эмне
үчүн жараткандыгын ачык айтып берген. Демек, адам баласы-
нын бул дүйнөгө жаралуусунда эки гана максат бар: биринчи-
си Аллахка ибаадат кылуу, экинчиси башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ибаадат кылуу деген сөз, намаз окуп, орозо кармоо эле
эмес, же зекет берип, ажылык кылуу эле эмес, Аллах Таала
буйруган нерселерди аткарып, тыюу салган нерселерден тый-
ылуунун баары ибаадат болот. Ошол үчүн Аллах Таала Кура-
анда: «Мен жиндерди жана инсандарды өзүмө ибаадат кылуу
үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да сурабаймын
жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чынды-
гында, Аллах – ырыскы Берүүчү жана Күч-кубаттын ээси»
– деп айткан. Ошондой эле Аллах Таала хадисул-кудусийде:
«Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун
деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп
жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам
жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө мени
менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин.
Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын»
үлгү
126
БЕЙИШ ЖОЛУ дейт. Пенденин пенде болуп жаратылуусунун негизги макса-
ты Аллахка ибаадат кылуу. Ал эми ибаадат, пенденин адеп-
ахлагын оңдоп, аны тарбия кылат. Исламда балагат жашына
жеткен күндөн баштап, ибаадат кылуу милдеттендирилет.
Анткени дал ушул жашка келген кезде балдар ар түрдүү жаман
жолдорго баса баштайт. Дал ушул өткөөл мезгилде Аллахка
ибаадат кылуу менен, балдар өз нафсисин жамандыктардан
сактап кала алат. Аллах Таала буйруган ар бир ибаадаттын өтө
чоң тарбиялык мааниси бар. Бирок, азыркы мезгилде биз иба-
адаттардын сырткы көрүнүшүнө гана маани берип, алардын
негизги максатына көңүл бурбагандыктан, ибаадаттарды жөн
эле сыйынуунун бир формасы катары түшүнүп калдык. Аллах
Таала Кураанда: «Намаз окугула! Чындыгында намаз жаман
тыюу салынган күнөөлөрдөн тосот» – деп айткан. Демек, на-
маз окуу бир гана ибаадат кылуу эмес экен. Намаз окуу менен,
адам өзүнү жаман иштерден сактоого тарбия кылат. Ошондой
эле Кураанда: «Сабыр кылуу жана намаз окуу менен кубаттан-
гыла» – деп айтылган. Намаз окуган адам, ар кандай кыйын-
чылыктарга туруштук бере ала тургандай кубаттуулукка ээ
боло алат. Ал эми орозонун парз болуусунун негизги макса-
ты да, нафсини тарбиялоого байланыштуу. Аятта: «Силерден
мурдагыларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо парз
кылынды, такыба болууңар үчүн» – деп айтылган. Такыбалык
бул-өзүнө жана башкаларга зыян берүүчү, Аллах тыюу салган
иштердин баарынан тыйылуу. Отуз күн өзүн тарбиялаган оро-
зо кармоочу, жылдын калган бөлүгүндө да өзүн жакшы алып
жүрө алат. Зекет ибаадатынын да адамдар менен болуучу ма-
милеге тийгизген чоң мааниси бар. Аллах Таала: «Алардын
малын алып садака кылгын, ошону менен алардын нафсисин
тазалап, жакшылыгын арттыр» – деген. Малынан зекет бер-
ген адам, ач көздүктөн, сараңдыктан ж.б. жаман сыпаттардан
өзүнү тазалайт. Ошондой эле ажылык ибаадатынын да тарби-
ялык мааниси чоң. Кураанда жана Пайагамбарыбыздын (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистеринде,
ажылык убагында жаман сөз сүйлөөдөн, башкаларга зыян
үлгү
127
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
берүүдөн кыскасы баардык жаман амалдардан алыс болууга
буйруган. Ошондуктан ажылык амалын аткарган адам эне-
ден жаңы төрөлгөндөй болуп келет. Башкача айтканда жаңы
төрөлгөн баланын жүрөгү кандай таза болсо, ажылык дагы
адамдын жүрөгүн ошондой тазалайт. Демек, адамдын жара-
луудагы негизги максаты ибаадат кылуу болсо, ал эми ибаа-
даттар адамды жакшы жашоого тарбия кылат. Ал эми жогор-
ку аяттагы, адамдын экинчи максаты: башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ислам дини өзүңдөн башка адамдарга жакшылык кылуу-
ну эң бийик даражадагы амал катары эсептейт. Анткени ислам
жалпы адамзаттын дини, жалпы адамзаттын ынтымактуу жа-
шоосун негиздеген дин. Ошондуктан башка адамдарга жакшы
мамиле кылууну, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) ыйман менен байланыштырып, бир хадисинде:
– «Өзүңөргө жакшы көргөн нерсени башкаларга да каа-
ламайынча, ыймандуу боло албайсыңар» – деген. Динибиз,
жалпы жашоонун жакшы болуусу үчүн жол ачкан дин. Дини-
бизде эч нерсе унутта калган эмес. Биздин жашообузга пайда-
сын тийгизүүчү амалдар ачык-айкын айтылган. Ислам динин
карманган мусулмандар, кээ бир адамдар ойлогондой жалкоо
эмес. Динибиз бизди ак эмгекти сүйүүгө буйруган. Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
- «Ким, үй-бүлөөсүн багуу үчүн адал жол менен эмгек-
тенип ырыскы тапса, эгер ашыкча болсо кошунасына берсе,
Кыямат күнү Аллах Таалага, жүзү он төрт күндүк айдай болуп
жаркырап жолугат» – деген. Экинчи бир хадисинде:
– «Бир күнөөнү намаз кетире албайт, орозо кетире албайт,
бирок кимде-ким үй-бүлөөсүн багуу үчүн эмгектенип, чарчап ук-
тап калса, ал күнөөдөн таза болуп ойгонот» – деп айткан. Ошон-
дой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир жолу мечитте отурганда бир сахаба кирип салам айтат. Ага
жооп берип, анын колун кармаган Пайгамбарыбыз: (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун)
үлгү
128
БЕЙИШ ЖОЛУ – «Аллахка мактоо болсун, бул колдорду тозоктун оту
күйгүзбөйт» – деп айткан. Көрсө ал сахабанын колу көп эмгек-
тенгендиктен чор болуп катып калган экен. Өз үй-бүлөөсү менен
жакшы жашаган мусулман, эми кошунасы менен да жакшы жа-
шоого тийиш. Динибизде кошунага жакшылык кылуу, ыйманду-
улуктун бир белгиси. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) хадисинде:
– «Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы
менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Пайгамбары-
быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахаба-
лары менен отуруп:
– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллах-
ка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип
айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп
сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербе-
ген адам» – деп жооп берди. Ошондой эле дагы бир хадисте:
– «Өзүнүн курсагы ток, кошунасы ачка отурган адамдын
ыйманы толук эмес» – деп айткан. Мусулман адам ар дайым
өзү жасаган жакшы амалды башкаларга да үйрөтүп турат.
Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким бир адамды жакшылыкка үндөсө, тигинин жаса-
ган жакшылыктарынын сообу ага да жетип турат. Ал эми жак-
шылык кылуучунун соопторудан эч нерсе кемибейт» – деген.
Ошондой эле экинчи бир хадисте:
– «Аллах Тааланын жакшы жана жаман казыналары бар.
Алардын ачкычтары адамдар. Аллах кимди жакшылыкка
ач-
кыч, жамандыкка кулпу кылса, ал адам бейишке кирсин. Ал-
лах кимди жамандыкка ачкыч, жакшылыкка кулпу кылса, ал
адам тозоко кирсин» – деп айтылган. Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам келип:
– Оо, Аллахтын элчиси. Кандай адам Аллах үчүн жакшыраак бо-
лот жана амалдардын жакшыраагы кайсы – деп сурады. Пайгамба-
үлгү
129
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага карап:
– «Аллах үчүн жакшыраак болгон адам, ал башкаларга
пайдалуу болгон адам. Ал эми, амалдардын жакшыраагы,
экинчи бир мусулманды кубандыруу» – деп жооп берди.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мусулман адам өзүмчүл болбойт. Өзүм өлбөсөм болду, баш-
калар эмне болсо ошол болсун деген жаман сыпат мусулманга
тиешелүү эмес. Башка адамдарга жардам берүү, аларды кыйын-
чылыктан чыгарып коюу, диндеги эң даражасы бийик амалдар-
дан. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бир мусулмандын муктаждыгын аткаруу үчүн аны ме-
нен бирге басуу, менин мечитимде бир ай этикафта отургандан
жакшыраак» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын мечити жөнөкөй
мечит эмес. Ал жерде окулган бир рекет намаз, башка мечитте-
ги жүз миң рекет намазга барабар. Ал эми ошол мечитте бир ай
этикафта отурууну өзүңөр ойлоп көргүлө. Демек, бир адамга жак-
шылык кылуу, бул өтө чоң сооптуу амал. Бир хадисте Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким, бир мусулмандын кажети үчүн басса, Кыямат
күнүндө, буттар тайгаланган мезгилде, Аллах анын кадамын
бекем кылат» – деп айткан. Ошондой эле:
– «Ким бир мусулмандын кайгысын кетирсе, Аллах анын
эки дүйнөдөгү кайгысын кетирет» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала жогорку аятты айткан кезде, жакшылык
кылгыла деп бир гана адамдарга тиешелүү айткан жок. Жак-
шылык кылгыла деген сөз жалпы түрдө айтылды. Демек
жакшылык кылуу бир гана адамдарга гана тиешелүү эмес,
жалпы жаратылышка тиешелүү. Ошол себептен динибизде
жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана жалпы эле айлана-
чөйрөгө аяр мамиле жасоого терең көңүл бурулган. Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кайсы бир мусулман бак тиксе же эгин эксе, андан
асмандагы канаттуулар жесе, же жердеги жаныбарлар жесе,
же адамдар тамактанса, ал үчүн садака болот» – деп айткан.
үлгү
130
БЕЙИШ ЖОЛУ Ошондой эле:
– «Эгер колуңарда көчөт болсо жана кокустан кыямат
башталып кетсе, аны тигип койгула» – деп айтылган. Ал эми
айлананы таза кармоону талап кылган Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Үч жерге даарат ушатуучуларга Аллахтын каргышы
болот: адамдар суу алуучу жерге, адамдар эс алуучу жерге
жана адамдардын жолуна» – деп айткан. Ал эми жаныбарлар-
га тиешелүү өтө көп хадистер бар. Мисалы: жаныбарларды
азаптагандарды Аллахтын азаптоосу, мышыкты камап коюп
өлтүргөн аялдын тозокко киргендиги жана итти сугарып кой-
гондугу үчүн бир адамдын бейишке киргендиги айтылган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала, мына ушул бир аятта биздин эмне үчүн жаратылга-
ныбызды жана кандай жашаганыбызда жашообуз бактылуу өтөөрүн
ачык айтып койгон. Эми биздин милдетибиз ушул аятка амал кылуу
гана. Эгерде биз ушул аятка амал кылып жашасак, биздин жашообуз
бүгүнкүдөй баш-аламан, толгон-токой машакаттар менен коштол-
бой, тескерисинче бейпилдикте жана бактылуулукта өтмөк. Дагы
бир жолу кайталап айтамын, биз качан жашоодогу максатыбызды
билмейинче эч качан оңоло албайбыз. Биздин максатыбыз «Эй, ый-
ман келтирген пенделер! Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла
жана (башкаларга) жакшылык кылгыла» – деп айтылгандай, Жарат-
канга сыйынуу жана жаратылгандарга жакшылык кылуу гана. Ан-
дан башка эч кандай максатыбыз жок.
Аллахым, ар бирибизди өз максатын биле турган пенде-
лерден кылгын. Ар бирибизди өзүңө сыйына турган, өзгөлөргө
жакшылык кыла турган адамдардан кыл. Ар бирибиздин би-
лип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир.
Аллахым, элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыя-
ларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин.
Мамлекетибизге оңолуунун жолун ачкын. Бүгүн ушул жерде
кандай чогулган болсок, Кыямат күнүндө улуу бейиште да ба-
арыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи
ва барактуху.
үлгү
131
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Азыгы жок сапарга чыкпайт
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
ырай-
ымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын
жарату-
учусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз,
кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин
жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай
алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип
кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзат-
ты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө
кудреттүү. Ал, Аллах пендени өзүнө ибаадат кылуу үчүн жа-
раткан жана биз Ага ибаадат кылууга милдеттүүбүз.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адам-
дарга бул дүнүйөнүн убактылуу экендигин
эскертип, чыныгы
жашоого азык камдоого чакырган. Өз үммөтүнө бул дүйнөдө
мусапырдай жашап өтүүнү осуят кылган улуу Пайгамбарыбыз
Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллах-
тын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты Жаратуучум деп, Исламды
диним деп, Мухаммад пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-са-
үлгү
132
БЕЙИШ ЖОЛУ лаваты болсун) Пайгамбарым деп ыраазы болгон мусулман-
дарга арналат. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп эсептеп,
бирок мусулмандык милдетин аткарбастан, жүрөгү таштай
катып калган бир туугандарыма арналат. Ошондой эле, күн
сайын бул жашоодон канчалаган адамдарды алып кетип жат-
кан өлүмдү көрүп туруп, ага даярданбаган, дүнүйөсүн кооз-
доп, акыретин эсинен чыгарып койгон, мүрзөлөрдү көрүп
туруп, өлүмдөн коркпогон адамдарга да эскертүү болот деп
ишенемин.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Эртең сапарга чыгасың. Сапарың анча деле алыс эмес.
Ашып кетсе беш же алты күн жүрөсүң. Бирок сапарың жа-
кын, андан кайтууң бат болгонуна карабастан бул сапар-
га канча күн мурда даярдана баштайсың. Алгач, кийүүчү
кийимдериңди, андан соң тамак-ашыңды жолго керектелүүчү
буюм-теримдериңди, акырында чыгым кылуучу акчаңды
даярдайсың. Ушунун баары сенин беш-алты күндүк
сапарыңдын жеңил болуусу үчүн жасалат. Сапарга азыгы жок
чыгуу, кемеси жок деңизге кирген менен барабар. Биздин бул
дүйнөдөгү жашообуз, чыныгы жашоо болгон акырет сапары-
на даярданып алуу үчүн токтой калган аялдама сыяктуу. Ким
акырет сапарына жакшы даярдык көрсө, сапары жеңил болот.
Ким сапарына даярданбаса кыйынчылыкка дуушар болуусу
анык. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) бир жолу Умар ибни Абдуллахка (Аллах андан
ыраазы болсун) карап:
– «Эй Абдуллах. Бул дүйнөдө чоочун жолоочудай болгун.
Өзүңдү мүрзөдөгүлөрдүн биримин деп эсептегин» – деп осуят
кылган. Чындыгында, бул дүйнөгө ким түркүк болуп калат?!
Эч ким. Эч ким эч качан бул дүйнөдө түбөлүк калган эмес.
Анткени, бул дүйнө акырет эшигине алып баруучу кичинекей
гана өткөөл. Бул кичинекей өткөөлгө, алыс сапарга камданып,
азык топтоп алуу үчүн гана келгенбиз. Бул мезгилде кандай
амал жасап калсаң, эртең аны көрөсүң. Жибрийил (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун) бир күнү Пайгамбарыбыздын
үлгү
133
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанына келип:
– «Эй Мухаммад, бул дүйнөдө каалаганыңдай жаша, бир
күнү баары бир өлөсүң. Каалаган амалдарыңды жаса, бир
күнү анын сообун же азабын көрөсүң. Каалаганың менен дос
болуп, жакшы көргүн, бир күнү андан ажырайсың. Ыймандуу-
нун улуулугу, анын түнкү намаздарды көп окугандыгында. Ый-
мандын кадыры, башкалардан кажаатсыз болууда» – деп осуят
кылды. Эмне үчүн хадисте өлүм тууралуу, бул дүйнөнүн кы-
скалыгы тууралуу айтылып келип, ага түнкү намазды кошуп
койду? Анткени өлүм бүтүү эмес. Өлүм жоголуу эмес. Өлүм,
бул башталуу. Өлүмдүн артында бул дүйнөдө жасаганыңа
жооп берүүчү күн турат. Демек өлүмдү эстеген адам, ага да-
ярданууну да унутпоосу керек. Түнкү намаз ибаадаттардын эң
жакшысы, акырет үчүн пайдалуу азык. Түн ичинде окулган на-
маз кабырда нур болот. Хасан Ал-Басрий (Аллах андан ыраа-
зы болсун) кара-тору адам эле. Бирок анын жүзүнөн ар дайым
нур чачырап тураар эле. Бир жолу адамдар андан эмне үчүн
жүзүндө нур жаркырап тургандыгы жөнүндө сурашканда, ал:
– Түн ичинде Аллахка жалбарып ибаадат кылам, ошол се-
бептен жүзүмө нур чыгат – деп жооп берет. Акырет үчүн азык
камдоого шашылуу акылдуу адамдын иши. Өлүм эскертүүсүз
келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-
сун) бир хадисинде:
– «Өлүмдү көбүрөөк эстегиле, ал эч кандай эскертүүсүз
келет» – деп айткан. Өлүмдү эстебеген адам, эртең жөнөөчү
сапарын унутуп койгон адам сыяктуу. Эч кандай даярдыгы
жок сапарга жөнөгөн адамды элестетип көргүн. Аны маши-
на күтүп турат же самолётко билети бар. Качан гана жөнөө
убактысы келгенде, ал өтө шашылат. Бирок, эми даярданууга
кеч болуп калды. Бул дүйнөнүн кызыгына азгырылып, акыре-
ти үчүн даярдык көрбөгөн адамга өлүм келгенде, даярданууга
кеч болуп калат. Өлүмдү бир-эки мүнөт коё тур деп күттүрүп
коё албайсың. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-
салаваты болсун) күйөө баласы Алиге (Аллах андан ыраазы
болсун) бир адам келип, бирөөдөн короо жай сатып алганды-
үлгү
134
БЕЙИШ ЖОЛУ гын, кийин аны кайрадан талашып алып албоосу үчүн, күбө
болуп, бир кагаз жазып берүүсүн өтүнөт. Али (Аллах андан
ыраазы болсун) ал адамдын дүнүйөгө аябай берилген адам
экендигин байкайт. Кагазын алат да «Бир өлүүчү адам, экин-
чи өлүүчү адамдан короо-жай сатып алды. Ал короонун төрт
тарабы бар. Анын биринчиси адам өлгөндө түгөнөт. Экинчи-
си, мүрзөгө киргенде түгөнөт. Үчүнчүсү, Аллахтын алдында
эсеп-кысап бергенде түгөнөт. Ал эми төртүнчүсү, же бейиш
же тозок менен аяктайт» деп жазып берет. Тиги адам жакшы
түшүнө албай, мен сенден күбөлүк кат жазып бер десем, сен
өлүм жөнүндө жазыпсың деп таң алат. Ошондо Али: (Аллах
андан ыраазы болсун) «дүнүйөгө көп берилбегин. Бул дүнүйө
түбөлүктүү эмес. Эртели кеч жөнөөчү сапарыңды унутпа» деп
насаат айтат. Падыша Харун Рашиддин бир вазири бар эле.
Анын милдети падышага насаат айтып, акыретти эстетип ту-
руу болчу. Бир күнү падыша вазирин чакырып, мага насаат
айткын дейт. Вазир падышага кайрылып мындай дейт: – ур-
маттуу падышам, эгер сиз катуу ооруп калсаңыз жана бул оо-
рунун дарысы бир чөйчөк суу болсо, бирок ал суунун баасы
өтө кымбат болсо, эмне кылат элеңиз? – дейт. Падыша бир
топко ойлонуп: – мен аны колумдагы мүлктүн жарымын бе-
рип болсо да сатып алмакмын – дейт. Ошондо вазири кайра-
дан: – Ал эми ошол сууну ичкенден кийин аны кайра чыгара
албай кыйналсаңыз эмне кылат элеңиз – деп сурайт. Падыша
дагы көпкө ойлонуп туруп: – дүнүйөмдүн калганын берип бол-
со да дарыланмакмын – деп жооп берет. Анда вазир: – урмат-
туу падышам, сиздин падышалык мүлкүңүз Аллахтын берген
ден-соолук нээматынын алдында эки чөйчөк суучалык кады-
ры жок болгон соң, демек өлүмдү көбүрөөк эстеп жүрүңүз –
деп насаат кылган экен.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сапарга чыгуудагы максатын билбеген адам, ал сапар-
га даярдык көрө албайт. Бул жашоодогу максатын
билбеген
адам, акыретине даярдана албайт. Бул жашоого Аллахтын сы-
ноосунан өтүү үчүн, Анын буйруктарын аткаруу үчүн келген-
үлгү
135
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
биз. Аллах Таала Кураанда: «Жиндерди жана адамдарды өзүмө
ибаадат кылуу үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да
жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чынды-
гында Аллах ырыскы берүүчү жана Ал, Күч-кубаттын ээси»
деп айткан. Ошондой эле, экинчи бир аятта: «Оо, ыйман кел-
тиргендер! Руку жана сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана
(адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким,
(тозоктон) кутулаарсыңар» деп айткан. Пенденин милдети
Аллахка руку сежде кылып сыйынуу менен бирге башкаларга
жакшы мамиле кылуу. Адамдын бул дүйнөгө жаратылуусунун
мындан башка максаты жок. Аллах Таала хадиси кудусийде:
«Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун
деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп
жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам
жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө менин
менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин.
Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын»
дейт. Демек, ибаадат кылуу жума күнү мечитке келип коюу же
айт намазын окуп коюу эмес экен. Аллахка өмүр бою, күнү-
түнү ибаадат кылуу керек. Анткени, өмүр өтө кыска жана өлүм
эскертпестен келет. Сахабалардан кийинки доордо жашаган
Мухаммад ибни Каьбий аттуу өтө бай адам болгон. Ал адам
ооруп төшөккө жатып калганда, достору келип ага келме ай-
тышып, балдары үчүн эмнени мурас кылып калтырганын сура-
шат. Алардын суроосуна: Жыйган байлыгымдын баарын акы-
ретим үчүн жөнөтүп жибердим. Ал эми балдарыма Аллахты
гана калтырдым. Эгер мен балдарыма мал-дүнүйө калтырсам,
күндөрдүн биринде ал баары бир түгөнөт. Ал эми алар такыбаа
болушса, Аллах ойго келбеген жерден ырыскы берет. Ал эми
Аллахтын казынасы эч качан түгөнбөйт – деп жооп берет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Өлүм периштеси эшигиңди кагып кирип келгенче акырет
үчүн азык камдап ал. Өлүм периштеси келген соң аны кайтара
албайсың, андан качып да кете албайсың. Болгону өкүнүч ме-
нен гана кете бересиң. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын са-
үлгү
136
БЕЙИШ ЖОЛУ лам-салаваты болсун) жакын сахабаларынын бири, эң көп хади-
сти бизге жеткирген Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун)
өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт.
Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап
жатканын сурашканда, ал: мени бул жашоодон
кетип жатканы
үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алы-
стыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп
жооп берет. Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу саха-
ба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер
жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жа-
тат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап
келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир ми-
нутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек.
Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче
бир кадам да алдыга жыла албайсың. Биринчи: Аллах берген
аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың. Экинчи: Аллах берген
күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың. Үчүнчү: мал
дүнүйөңдү кандай жол менен таптың. Төртүнчү: ошол тапкан
мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың. Бешинчи: Билген
илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп,
ага жооп берүүгө да даярдык көр. Диндеги эң такыба деген атка
конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун)
– «Эртең менен күн чыкканда адамдарга: эй адам баласы,
мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем
кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айт-
кан. Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин
акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах
Таала баарыбызга насип кылсын.
Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган
күнөөлөрүбүздү кечиргин. Улуу Жума күнүндө кылган ду-
баларыбызды кабыл кыл. Адашып туура эмес жолдо жүргөн
пенделериңди туура жолго баштагын.
Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азы-
гы жок барып калуудан сакта. Асслааму алайкум ва рахматул-
Лохи ва барактуху.
үлгү
137
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Кабыр бейиштин бакчас ы
же тозоктун чуңкуру
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
ырай-
ымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жарату-
учусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз,
кетирген күнөөлөрүбүздү
кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин
жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.
Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Аллахым, өлүм кекиртекке келген мезгилде, ыйманыбыз
менен жаныбызды алып, кабыр азабынан өзүң сакта.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал
бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты
топурактан жараткан, кайрадан топуракка айландырат жана
кыяматта кайра тирилтет. Ал, Аллах ыймандуу пенделери
үчүн кабырды бейиш бакчасына айландырат. Ал эми ыйман-
сыз каапырлар үчүн кабырды тозоктун жалынына толтурат.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн кабыр азабынан
сактанууга чакырган. Өзүн жана үммөтүн кабыр азабынан
сактагын деп Аллахка жалбарып дуба кылган улуу Пайгамба-
рыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына
Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Пайгамбарыбыз Му-
хаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кабыр, акырет орундарынын эң биринчиси. Ал же бей-
үлгү
138
БЕЙИШ ЖОЛУ иштин бакчасы, же тозоктун өрөөнү» – деген. Баардык жанду-
улар өлүм даамын татат. Ыйык Кураанда Аллах Таала: «Ар бир
жандуу өлүм даамын татуучу» – деген. Өзүнүн эң сүйүктүү пен-
деси болгон Пайгамбарыбызга кайрылып: «Чындыгында сен
дагы, алар дагы өлүүчү» – деп айткан. Өлүм, бул эч эскертүүсүз
жана кезексиз келүүчү нерсе. Мына ушул эскертүүсүз келген
өлүмдүн артында ар бирибизди кабыр күтүп турат.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кабыр, бул акырет орундарынын эң биринчиси. Кабыр-
га бирөөнү ээрчитип алып кире албайсың. Кабырга чырак же
свет коюп коё албайсың. Өмүр бою жыйган мал-мүлкүңдөн,
байлыгыңдан бир тыйынды катып кете албайсың. Болгону эки
ором кепин менен оролосуң да кетесиң. Кепиндин чөнтөгү бол-
бойт. Өлүмдүн акыйкаты да, коркунучу да, кайгысы да мына
ушунда. Жаныңдан миң сом акчаңды түшүрүп койсоң, канча
кыжалат болосуң. Аны издеп канча убара болосуң. Бирок бул
арзыбаган акча бүгүн болбосо эртең кайра табылат. Ал эми
өлүм келгенде, өмүр боюу тырмышып жүрүп тапканыңдын ба-
ары калат. Мал-дүйнө эмес, өмүрлүк жарың, сүйүктүү балаң,
сүймөнчүк кызың, баары калат. Бул өтө чоң өкүнүч. Бирок, андан
да өткөн өкүнүч, эми ошол мал-дүйнөң, үй-бүлөөң үчүн Аллах-
тын алдында жооп бересиң. Кабырдагы эң биринчи түндү эле-
стетип көргүн. Түндүн караңгылыгы, кабырдын караңгылыгы,
а сен болсо жалгызсың. Усман (Аллах андан ыраазы болсун)
кабыр жөнүндө угаар замат көз жашын агызып ыйлайт эле.
Сахабалар: эй Усман, тозок жөнүндө уксаң ыйлабайсың, бей-
иш жөнүндө уксаң ыйлабайсың, кабыр жөнүндө угаар замат
ыйлайсың мунун кандай себеби бар деп сурашканда:
– Мен эгер бейиште болсом адамдар менен бирге болом.
Эгер тозокто болсом дагы адамдар менен бирге болом. Ал эми
кабырда менин жанымда эч ким болбойт. Мен ошол үчүн ыйлай-
мын – деп жооп берет. Бүгүн биз өз ишеничибиз менен таянып-
сөйөнүп алган байлык, бийлик, күч-кубат баары бизден бөлүнөт.
Аллах Таала Кураанда: «Силер бизге жалгыз-жалгыздан, алгач
ирет жараткан сымал болуп келесиңер. Биз силерге бергендер-
үлгү
139
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
дин баарын артка калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Ал-
лахка) шерик кылып алган колдоочуңарды силер менен бирге
көрбөйбүз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана си-
лер ойлоп жүргөн нерселер силерден жок болгон» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүн, рухуң, этиң, сөөгүң, мал-мүлкүң, жасаган амалдарың
бар. Эртең ажал жетип жан берип, кабырга киргениңде, рухуң
Аллахка барат, этиңди курт жейт, сөөгүң топуракта калат, мал-
мүлкүң мураска кетет, жасаган соопторуң кылган күнөөлөрүң
менен жуулат. Кабыр акыреттин эшиги. Пенде үчүн эң бирин-
чи суроо кабырдан башталат. Жаратканың ким? Диниң кайсы?
Пайгамбарың ким? Болгону үч суроо. Үч жеңил суроо. Бирок
кимге Аллах Таала жеңил кылса ошол үчүн жеңил. Кимдин
жүрөгүнүн Аллах Таала орун алса ошол үчүн жеңил. Кимдин
жашоосу дин болсо, дин үчүн өмүрүн арнаса, ошол үчүн жеңил.
Ким Пайгамбарды сүйсө, анын сүннөтү менен жашаса, ошол
үчүн жеңил. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) уулу Ибрахимди жерге жашырып жатып:
– «Эй, Ибрахим, азыр сенден жаратуучуң ким деп сурашса,
Жаратуучум Аллах Таала деп жооп бергин. Диниң кайсы деп су-
рашса, диним Ислам деп жооп бергин. Пайгамбарың ким деп
сурашса, Пайгамбарым менин атам Мухаммад деп жооп бер-
гин» – деп көзүнөн жашы агып осуят айтат. Ошондо Пайгам-
барыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында
турган Умар (Аллах андан ыраазы болсун) буркурап ыйлап жи-
берет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Эй, Умар, сени эмне ыйлатты» – деп сураганда:
– Эгер Аллахтын эң сүйүктүү пендеси Мухаммадын уулу
Ибрахимге ушундай суроолор боло турган болсо, анда Хаттаб-
тын уулу Умардын абалы кандай болоорун элестете албай жа-
там – деп жооп берет. Карап көрүңүз урматтуу бир тууганым.
Аллахтын сүйүктүү Пайгамбарынын уулу үчүн сурак болсо, эң
улуу сахабалардын бири Умар кабыр сурагынан коркуп ыйлап
жатса, биздин абалыбыз кандай болот. Өмүрүндө бир жолу Ал-
лахты эстебегендер кантип жооп берет? Өмүрүндө бешенесин
үлгү
140
БЕЙИШ ЖОЛУ бир жолу жерге тийгизип сежде кылбагандар кантип жооп бе-
рет? Өмүрүндө бир күн орозо кармап, Аллахты ыраазы кылба-
гандар кантип жооп берет? Аллахтын берген өмүрүн арак ичүү,
зина, уурулук ж.б. күнөөлөр менен өткөрүп, Аллах, дин, Пай-
гамбар деген түшүнүгү жок байкуштар кантип жооп берет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда
качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп
кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да
бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн
Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адам-
дар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн
бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени
да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир
маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылы-
шат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең
бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп
ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың
боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кылууга
кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кысап
болот,
бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба
Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айткандай
бирөөнүн алдын-
да эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык
күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан-
дай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден
чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-ка-
тар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган
жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.
Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр
азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр
босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге
салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн
кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму
алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.
үлгү
141
Абдушүкүр Нарматовдун Жума кутбалары
Мазмуну:
Ниет жана ыклас.................................................................. 8
Ыйман келмеси..................................................................... 17
Тооба кылууга шашыл.......................................................... 22
Сабыр түбү сары алтын........................................................ 33
Пайгамбарды сүйүү.............................................................. 39
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйуу..................... 51
Баркыңды сакта мусулман................................................... 58
Бузукулар шайтандын бир тууганы..................................... 63
Ислам тынчтыктын дини..................................................... 69
Мусулман мусулманга жихад кылбайт................................ 75
Кесип ээлерине насаат......................................................... 80
Зулум кыяматтын караңгылыгы.......................................... 85
Умардын кыялы.................................................................... 92
Рамазан, Кураан түшүрүлгөн ай.......................................... 100
Арам тамак аш болбойт........................................................ 105
Пикир ибаадаты................................................................... 110
Валентин чын эле ыйыкпы?................................................. 116
Максатыбыз эмне?............................................................... 124
Азыгы жок сапарга чыкпайт................................................. 133
Кабыр, бейиштин бакчасы же тозоктун чуңкуру. .............. 137
үлгү
142
ЄКЇЛЧЇЛЇК ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН КИТЕПТЕР
үлгү
143
DVD дисктер
үлгү